КҮЙӨӨСҮН ӨЛТҮРҮП КӨМҮП КОЙГОН АЯЛДЫН КЫЛМЫШЫ 13 ЖЫЛДАН КИЙИН АЧЫЛДЫ

№648 3-апрель-9-апрель, 2015-ж


Өткөн аптада Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодское айылында оор кылмыштын бети ачылды. Тагыраак айтканда, мындан 13 жыл мурун өз күйөөсүн өлтүрүп, анын денесин үйүнүн короосундагы чуӊкурга көмүп салган айым кармалды.

«КҮЙӨӨМДҮ ӨЛТҮРБӨСӨМ АЛ МЕНИ ТИРҮҮ КОЙМОК ЭМЕС»
Биз Москва РИИБинин кызматкерлерине сурак берип жаткан кылмышка шектүү Татьяна Кулигинага жолугуп, окуя тууралуу өз оозунан уктук:
– 1962-жылы Алматы шаарында төрөлгөм, Казакстандын жараны болом. Биринчи күйөөм менен ажырашып кеткем, андан 2 кызым бар. Экинчи күйөөм Олег менен Кыргызстанга көчүп келгенде таанышып, экөөбүз баш кошкон соӊ Беловодское айылында жашап калдык. Олег менден 4 жаш кичүү эле. Экөөбүз 6 жылга чукул чогуу жашап, 2 балалуу болдук. 4 балам, күйөөм жана бир тууган иним болуп чогуу жашачубуз. Күйөөм ар кимдин кара жумуштарын жасап берип акча тапчу.
2002-жылдын 9-ноябрь күнү ал адаттагыдай үйгө мас абалда келип, «үйдөгү түтүктөрдү сатам» деп уруш чыгарды. Балдар эшикте ойноп жүрүшкөн эле. «Сатпайсыӊ» деп каршы болсом мени сабап кирди. Бир кезде ызама чыдабай, күчүмдү жыйнадым да, жакын жерде турган ашкана бычагын ала калып күйөөмдү көкүрөк тушка сайып жибердим. Кыйкырган үндөрдү уккан иним чуркап келди. Ал учурда мен эмне болуп кеткенине түшүнө албай башымды мыкчып отургам. Иним жерде канжалап жаткан Олегди сүйрөп эшикке алып чыкты да, мени сыртымдан бекитип койду. Андан аркысы эмне болгонун билбейм. Арадан бир сааттай убакыт өткөн соӊ иним, балдарым чогуу үйгө киришти. Инимден «Олег кайда?» деп сурасам, «сенин ишиӊ болбосун, экинчи аны сураба!» деп кагып салды. Инимдин жини чукул, анын үстүнө талмасы да бар эле. Андан коркуп кийин бул тууралуу ооз ачкан жокмун. Ал 2003-жылы жүрөк оорудан улам каза болуп калды. Анан күйөөмдөн аласасы бар адамдар келип үйдү тартып алып, оӊдоп-түзөп башкаларга сатып жиберишти. Бизди болсо көчөгө кууп чыгарышты. Коӊшубуздун үйүндө убактылуу баш калкалап жүрдүк.
Бул жакта мага каралаша турган туугандарым жок. Колумдан келген жумуштарды жасап балдарымды бактым. Күйөөмдү чуӊкурга ким көмгөнүн билбейм, мен көмгөн эмесмин. Мен аны өлтүрбөгөндө ал мени эбак эле өлтүрмөк. Анын токмогунан улам башымдын эки жери жарылган, бетимде, оозумда тырыктарым бар. Ажырашайын
десем, «сен менден эч жакка кетпейсиӊ!» деп коркутчу.

«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ «КҮЙӨӨМ ЖОГОЛДУ» ДЕП ЖАЛГАН АРЫЗ ЖАЗГАН»
Бул кылмышты тергеп жаткан Москва РИИБинин тергөөчүсү Нурзада Раззакова буларга токтолду:
– Киши өлтүрүү болгондугу тууралуу маалымат алган биздин кызматкерлер тарабынан шектүү катары Беловодское айылындагы Совет көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жашоочусу Татьяна Кулигина аттуу айым кармалган. Анын көрсөтмөсү менен ошол эле көчөдөгү алардын мурунку үйүнөн кишинин сөөгү казылып алынып, соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү. Тергөөдө белгилүү болгондой, Татьяна Кулигина мындан 13 жыл мурун күйөөсүн өлтүрүптүр. Үйдүн короосунда тереӊдиги 2 метр болгон унаа оӊдогон чуӊкур бар экен, сөөктү ошол жерге таштап, үстүнө топурак төгүп коюшкан. Сөөк чыккан үйдү азыркы кожоюну 10 жыл мурда сатып алган экен. Үйдүн мурунку кожоюндары тууралуу анын кабары жок болгон. Күйөөсүн өлтүргөн соӊ кылмышка шектүү Татьяна Москва РИИБине кайрылып, күйөөсү дайынсыз жоголгону тууралуу арыз таштаптыр. Ошол боюнча маркум издөөдө жүргөн.
Учурда кылмышка шектүү күнөөсүн моюнуна алып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Анын үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Ал эми кылмышка катыштыгы бар болушу мүмкүн болгон Татьянанын иниси бир топ жыл мурун каза болуп калгандыгы анык. Кылмышка шектүүнүн өспүрүм курактагы 2 баласы бар, алар азыр биринчи күйөөсүнөн төрөгөн кыздарынын колунда.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Күйөөсүн өлтүрүп көмүп салган аялдын кылмышы 13 жылдан кийин ачылды

Автор: Наргиза Бекжанова
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(21)
SUPER.KG видео
03.04.2015. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Байкуш аялга боорум ооруп кетти,анткени мындай зоокурлордон кантип кутулушуну билбейсин,милициясы бошотоп жиберсе,болуша турган тууган уругун жок болсо,кетип калайын десен кайда барасын аал озунун уйун болуп атса...Кудайым жазасын женил кылсын.
SUPER.KG видео
04.04.2015. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Алыпбаруучу кыз мынча шашылып Суйлойт.
SUPER.KG видео
04.04.2015. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылмыш кырк жылдан кийин да билинет деп ушуну айт.
Медиа-портал
04.04.2015. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ал аялды бошотуш керек,ансыз деле журокто калган так уктатпаса керек.Айласы жок коргонуу учун кокустан сайып алды,мынча жылдан кийин соттоп эмне кылышат эми,жашай берсин да нормально.Бандиттер деле журушот кочодо соттолбой.
Медиа-портал
06.04.2015. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alnaz,оваа туура айтасыз
06.04.2015. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай озу сактасын ушундай окуялардан
06.04.2015. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Он уч жылда соогу эле калса керек?
06.04.2015. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азыр бул аял нени суйлосо да бир озу гана билет, может алдап жаткандыр, ким билет? куболордун баары олуп бутуптур. Уйду озуно тартып алыш учун куйоосун олтуруп, анан кийинчерек иниси коркута бергенинен инисин да олтуруп койгондур может? кыскасы адам олтургон адамды жалеть не стоит. кылмышкер биздин арабызда журбош керек.
06.04.2015. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бошотуш керек, озун коргодуда.
06.04.2015. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ledi89, туура айтасыз . Анын устуно балдары да бар экен . Жок дегенде аларды каар заманга таштабай бойго жеткирсин ....
SUPER.KG видео
06.04.2015. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алкаштын барынан жогу да.ал өлбөсө бул байкушту өлтүрмөк.
06.04.2015. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ото кыйын маселе
06.04.2015. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жамаш иш болуптур. Ошон учун айттылганда кыныр иш кырк жылда билинет деп
06.04.2015. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаман болуптур
06.04.2015. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Болор иш болуп,боегу каныптыр...13 жылдан берки озунун алып жургонун тескеп,башка кылмыш кылбаган болсо, жон коюш керек.Олгон олуп соогу сопот болуптур ансыз деле.
07.04.2015. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бечара аял
08.04.2015. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kızıksınar go :)) anda baari ele jaman korgon adamin olturup anan bekitip koyup juro berbeybi
09.04.2015. 08:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура кылыптыр ичкен Адам уй булосун все равно койбойт.Менин атам апамды 20 жыл уруп токмоктоп келген Азыр ажырашканына 3жыл болсо да андан жашынып журот себеби коргон жеринде урат
Медиа-портал
10.04.2015. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен эмес, байкем мага болушам деп кокусунан олтуруп алган деп койбоптур да. Алкаш эрдин эмне кереги бар?
11.04.2015. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Запкы жеп, чыдамы тугонуп, жасаган да, болбосо бул бечара аялды эбак эле жок кылмак, озу балдарын бакпай алары тентип эмне болмок. Мен бул аялга женилдик берилсе экен дейт элем.
12.04.2015. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш аялдын ыйын карагыла. Эмнеге муну 97-берене боюнча жазага тартылышы мумкун деп атат. Бул аял озун коргош учун кокусунан бычак сайып калатпайбы. анын куйоосун аялдын Бир тууганы тезинен ооруканага алып барса болмок комуп салбай.Эми бул аялдын балдары эмне болот болду экен...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: