3 ЖАРЫМ ЖАШТАГЫ КЫЗДЫ АТАСЫНЫН БӨТӨЛКӨЛӨШҮ ЗОРДУКТАГАН

№650 17-апрель-23-апрель, 2015-ж


Акыркы учурда жаш өспүрүмдөрдү зордуктагандар күн санап өсүп, коомчулукта «педофилдерге оор жаза керек» деген пикирлер байма-бай айтылып келет. Бирок мындай кылмышкерлерге оор жаза киргизүү боюнча мыйзам иштелип чыкканча дагы канча наристенин көз жашы агат, белгисиз...

НАРИСТЕЛЕРГЕ
(Бердибек Жамгырчиев)

Жаӊы гана түшкөндөй азыр айдан
Наристелер дүйнөсү бажырайган.
Жарыктыкта силердин күлкүӊөр жок,
Бул өмүрдүн гүлдөмөк жазы кайдан.

Жандуу, жансыз баарысы суктанышкан,
Наристелер бир сонун жыттанышкан.
Алаксытып адамды көр дүйнөдөн,
Жүздөрүнөн сабалап куштар учкан.

Карайлаган турмушка жарык берер,
Кардай аппак, канаттуу наристелер.
Ушул бойдон калтырбай мезгил дагы,
Утурумдук дүйнөгө алып келер.

Бириӊерди зөөкүрлөр кучактады,
Бириӊерди кескилеп бычактады.
Төбөсүнө көтөрүп жүрчү кезде,
Төбөӊөрдү бир канча бут аттады.

Бириӊерге жармашып арам акча,
Соодалашты күнүмдүк кара башка.
Ата-эненин мээрими алыс калып,
Мээрим көрчү жериӊер бала бакча…

Бала бакча, аргасыз бала бакча,
Силердеги биз сезбес жара башка.
Маӊдайыӊар мээримге толсо эгер,
Макулсуӊар ал жакты карабаска.

Бириӊердин күнүӊөр батып жатат,
Бириӊерди доктурдан сатып жатат.
Силер жүрчү жапжарык нур жолдорду,
Мына ушундай наадандар басып жатат.

Келээр менен жарыкка сабалдыӊар,
Кейиш баскан дүйнөгө камалдыӊар.
Урматы жок заманга шашып келип,
Наристелер, не пайда таба алдыӊар?..

Күндү көрүп чындык жок, жалганы бар,
Силердин да түтөйттүр арманыӊар.
Өкүнтөт да, өкүнтөт ызааты жок,
Ушул күндө төрөлүп калганыӊар…

Кечиргиле, наристе периштелер!!!

ҮРӨЙ УЧУРГАН КЫЛМЫШ
13-апрель күнү адам үрөйүн учурган дагы бир оор кылмыш катталып, дагы бир наристенин тагдырына балта чабылды. Бул күнү болжол менен түнкү саат 22:00 чамасында Бишкек шаарынын тургундары батыш автобекет тарапта, тагыраак айтканда, Түлөбердиев жана Көкчөтау көчөлөрүнүн кесилишинде кичинекей кыздын ыйлап жүргөнүн көрүшүп, милиция кызматкерлерине билдиришкен. Айтылган дарекке барган ыкчам иликтөө кызматкерлери ал наристеде зордукталуунун белгилери болгондуктан «Тез жардам» кызматын чакырышат. Наристенин өздүгү, ата-энеси такталып, андан соӊ соттук-медициналык экспертизанын кызматкерлери текшеришип, жабырлануучу кыз Бишкек шаарындагы балдар ооруканасына жеткирилген.

«КЫЗЫМДЫ ЗОРДУКТААРЫН КАЙДАН БИЛДИМ?»
Биз жабырлануучу кыздын атасына жолукканыбызда ал төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Атым Мирлан. Өзүм Таластан болом. Бул үйдө батирде жашап жатканыма бир ай болду. Убактылуу эч жерде иштебейм, жубайым ашпозчу болуп иштейт. Кызымды зордуктаган Рома менен былтыр «Ош базарынын» айланасындагы батирлердин биринде жашап жүргөндө таанышып калгам. Мындан бир жума мурун дүкөндөн ага жолугуп калдым. «Ушул жерде жашайсызбы?» деп сураганынан, «ооба» деп үйдү көрсөткөм. Ал 13-апрель күнү саат 18:00 чамасында үйгө келип, жубайым үчөөбүз арак ичтик. Ромада акча бар экен, кечки саат 20:00 чамасында «Ош базарына» барып сары жүрмө, эт сатып келип тамак жасап ичели деп сыртка чыктык. Келинчегим да биз менен кошо бармакчы болуп 2, 7 жаштардагы уулдарымды жана 3 жарым жаштагы кызымды үйгө таштап, сыртынан бекитип койдук. Тез эле келебиз деп ойлогонбуз. Жолдо бара жатып Рома бирөөлөр менен мушташа кетти. Милиция кызматкерлери келип ажыратып, алаксып калышканда Рома качып кетиптир. Таппай калдык. Жарым сааттан кийин үйгө келсек, ал эшикти тээп, кулпуну талкалап кирип улуу баламды коркутуп, «атаӊ менен апаӊды милициялар кармап алды. Алар кызымды алып кел деп жатышат» деп кызымды жетелеп чыгып кеткен экен. Ошону менен кызыбызды издей баштадык. Түндө кызым «Баят» базары жакта токойдун жанында ыйлап жүргөндө бирөөлөр көрүп, милиция кызматкерлерине кабарлашыптыр. Дарыгерлер кызымды зордуктап салганын аныкташты. Бүгүн кызыма операция жасалды. Дагы эки операция жасоо керек дешти.
Рома менен ичкеним үчүн өзүм күнөөлүүмүн, бирок анын кызымды зордуктаарын кайдан билиптирмин? Өзүнүн деле 2 жаштагы баласы бар экенин кечээ айтып, жакшынакай эле отурганбыз. 14-апрелде милиция кызматкерлери аны кармашканын айтышты. Социалдык кызматкерлер келишип 2 уулумду «кызыӊар айыкканда беребиз» деп алып кетишти. Эми ошол бойдон алып коюшабы деп кооптонуп жатам. Мен балдарымды көзөмөлсүз калтырып же уруп сабачу эмесмин. Мына бул балдарга кошулуп эшиктин алдында жакшынакай эле ойноп жүрүшчү.
Каарманым сөзүнүн ушул жерине келгенде эшиктин алдында ойноп жаткан балдарды жаӊсап көрсөтүп, көзүнө жаш алды. Аӊгыча бизди карап турган коӊшу аялдардын бири ага «балдарыӊды кароосуз таштап кетсеӊ ушундай болот. Сен өзүӊ күнөөлүүсүӊ!» деп кыйкырды. Каарманыбыз башын жерге сала үн катпады. Анан коӊшуларынан бул үй-бүлө тууралуу сураганыбызда, атын атагысы келбеген коӊшусу «Булар жакында эле көчүп келишти. Балдары ушул жерде ойноп жүргөнүн көрүп калчубуз. Буга чейин ичип же ызы-чуу чыгарганын көргөн эмесмин» деди.

«КЫЗ ЖОЛГО ЧЕЙИН АРАӉ ЖӨРМӨЛӨП ЧЫККАН»
Кызга алгачкы жардам көрсөткөнү барышкан «Тез жардам» кызматкерлери «кишилер өтчү жолго чейин наристе өзү араӊ жөрмөлөп чыкканын, аны таап алган кишилер милиция кызматкерлерине айтышыптыр» деп жакасын карманып келишкен. Ал эми кыздын абалын көргөн укук коргоо кызматкерлеринин ошол замат эмес, арадан 6 саатка чукул убакыт өткөндө гана «Тез жардам» кызматкерлерин чакырган жоругу кишини таӊдандырат. «Тез жардам» кызматынын башкы дарыгеринин ыкчам иштер боюнча орун басары Бактыгүл Касымбекова төмөнкүлөргө токтолду:
– 14-апрель күнү түнкү саат 3:45тер чамасында бизге милиция кызматкерлери телефон чалышып, «Бир кичинекей кызды зордуктап салышыптыр» деп чакырышты. Биз ал жакка кызматкерлерибизди жибергенбиз. Кыздын абалы аябай оор дешти. Биринчи жардам көрсөткөн дарыгерлердин айтымында, наристенин бетинде көк ала тактар болгон жана ичегилери айрылып, жамбаш тарабына кан уюп калыптыр. Мурун мындай жаш балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөндөр жокко эсе эле. 3-4 жылда бир жолу мындай окуя катталчу, азыр болсо ай сайын эле болуп жатат. Бул биз билгендер эле. Ал эми биз билбей калган, ата-энелери дароо ооруканага же милицияга алып кеткен окуялар көп да.

«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ КҮНӨӨСҮН МОЮНУНА АЛДЫ»
Кылмышка шектүү делген Рома Бишкек шаарынын четиндеги жаӊы конуштардын биринен кармалган. Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы буларды билдирди:
– Кылмышка шектүү делинип Ысык-Көл облусунун 31 жаштагы тургуну кармалды. Ал «мас болуп калып бул ишке бардым» деп айтып, кылмышын толугу менен моюнуна алган. Ал СИЗОго киргизилип, анын үстүнөн кылмыш иши козголду. Ал эми жабырлануучу кыздын зордукталганын экспертиза аныктады.

«ЖАШ БАЛДАРДЫ ЗОРДУКТАП ЖАНА ӨЛТҮРГӨНДӨР ҮЧҮН ӨЛҮМ ЖАЗАСЫ КЕРЕК ЭКЕН»
Буга чейин өлүм жазасын киргизүүгө каршы болуп келген эл өкүлү Дастан Бекешев жогорудагы окуядан кийин төмөнкүдөй оюн айтып чыкты.
«Акыркы убактарда коомчулукта ар кандай семинарларда жана тегерек столдордо, көчөдө жана ашканада, массалык маалымат каражаттарында үнүн болушунча кыйкырып же күбүрөп-шыбырап Конституцияны өзгөртүү боюнча талкуулашууда. Коомчулукту буга кызыктыруу үчүн депутаттардын кол тийбестигин жоюу сыяктуу популярдуу сунуштар айтылып, ал эми кээ бир тиешелүү кызматтагылардын жоопкерчилигин күчөтүү боюнча өзгөрүүлөргө көңүл бурдурбоого аракет кылышууда.
Карапайым калк Баш мыйзамды өзгөртүү тууралуу "жагымдуу" сунуштарды кубануу менен кабыл алды. Бирок азырынча ал мыйзам сунушун баштан-аяк окуп чыккандар аз. Кандай болбосун ар бир популярдуу сунуштардын артында саясий максат болот. Келгиле, саясатты мындай таштап, Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын азайтууга же күчөтүүгө байланышпаган маселелерди сунуш кылалы.
Кечээ кезектеги наристени зордуктаган окуя жалпы коомчулукту дүрбөлөңгө салды. Бул сапар 4 жаштагы кыз (ред.: кай бир маалымат булактарында жабырлануучу кыздын жашы туура эмес берилген) зордукталды. Ооба, бул жерде ичкилик ичип, балдарын кароосуз калтырган ата-энеде күнөө бар, бирок бул зордукчуну актабайт. Төбө чачты тик тургузган бул окуядан соң калк арасында эң оор жаза катары өлүм жазасы киргизилиши керек экендиги кайрадан айтыла баштады.
Ачык айтсам, мен буга дейре өлүм жазасына төмөнкү себептерден улам каршы болуп келгем:

  • Укук коргоо жана сот тармагындагы коррупция орду толгус катачылыктарга алып келиши мүмкүн.
  • Биздин оперативдүү кызматкерлердин жана тергөөчүлөрдүн кылмышка шектүүлөрдү кылмышты моюнга алдыруу ыкмалары орто кылымдагы инквизициядан (мыкаачылык менен кыйноо, ырайымсыз катаалдык) айырмасы жок.
  • Менин оюмча, өлүм жазасы – бул бир катар адам аты өчкүрлөр үчүн өмүр бою түрмөдө кыйналып жатканга караганда гумандуу жаза.

Мен бул темада көпкө ойлонуп, коомчулукта болуп жаткан үрөй учурган окуялардан улам акыры бизге өлүм жазасына уруксат берүү керек деген чечимге келдим. Бирок өлүм жазасы жаш балдарды зордуктап жана өлтүргөндөр үчүн гана колдонулушу керек.
Соттук ката кетүүдөн качуу үчүн сөзсүз түрдө өлүм жазасы өкүм чыккандан кийин 5 жылдан соӊ гана ишке ашырылышы керек. Бул жылдар ичинде жалаа менен соттолгон жаранды актай турган далилдер табылып калышы мүмкүн. Эгер аны актай турган далилдер табылбаса, наристелерди өлтүргөн же зордуктагандар өлүм жазасына тартылса туура.
Баш мыйзамга ушул сыяктуу саясатка тиешеси жок түзөтүүлөрдү киргизсек, калк колдойт деп ишенем. Эгер саясатчылар Баш мыйзамды өзгөртпөө боюнча мораторийди күтпөстөн ага өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум жарыялай турганга негиз тапкан болсо, келгиле анда биринчи кезекте ушул түзөтүүнү киргизели да, калган саясатка тиешелүү сунуштарды 2020-жылга чейин калтыра туралы
».

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Үч жарым жашар кызды атасынын бөтөлкөлөшү зордуктаган

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(143)
22.04.2015. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш кыз ата энесинде ой жок окшойт энесине аял башы менен эркектерге кошулуп ичимдик ичкенди ким коюптуп акылы жок аял экен тообо.
SUPER.KG видео
22.04.2015. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өлүм жазасын киргизүү керек!!!
Ким колдойт???
22.04.2015. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арак эч качан жакшылык алып келбейт! Мындай зоокурлорду таш баранга алуу же олум жазасын киргизсе ото жакшы болмок. Балким ошондо ангилер азаяр эле. Аллахым баарыбызга ыйман-ынсап берсин..
Медиа-портал
22.04.2015. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эне ичпей балдарын карап олтурса болмок, ошо ичкичтерди ээрчип албай тундо
22.04.2015. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арак ичпей балее ич,тамагына таш такалгырлар.Сволоч ушул ишке кантип барды?Ойлогондон коркосун адам мындайды.Адамдык сапаттарды унутуп,адам деген катардан чыгып калган неме соз таба албадым эмне атаарга да.АЛЛАХым журогубуздон ыйманыбызды алыстата корбо.Олтурсон да аз андайларды.
22.04.2015. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
олум жазасы аздык кылат буларга тируулой иттерге салып бериш керек мындайларды, болбоду дегенде чон аянтка алып чыгып элге салып бериш керек. атасынын баш жазуусу кызынын тагдырын талкалаптыр да
22.04.2015. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда быйыл жаман кобойду ушундайлар кулагыбыз уксада козубуз корбосун. Башкысын эстен чыгарбаш керек бул оруу эмес КЫЛМЫШ жазасын алыш керек
22.04.2015. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олум жазасын киргизиш керек....ал учун атайын комиссия тузуп, ошолор изилдеп,чындап зордуктаган болсо, ХХХ ХХХ
И комиссияны орустардан коюш керек...кыкендер тууганчыл болуп кетебиз а то..
Модератор admin_media түзөттү 2015-04-23 11:13:37
23.04.2015. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ILYAS181296,
Провокация жаратуучу билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат!
22.04.2015. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олум жазасы керек срочно. Бирок бул мыйзам иштелип кучуно киргиче дагы канча уул кыздарыбыз кордолоор экен...
22.04.2015. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олумдон башка жол жок,мындай мыкаачыларга.Атасына деле,тууганына деле ишенбей калдык го не деген заман болуп баратат.
22.04.2015. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай сайын эле кичинекей балдарды кыздарды зордуктады деп окуп атабыз, мындай нерсе кучоп баратат, ХХХ ХХХ ошол кичинекей наристеледи кордогондор олум жазасын алыш керек андай акмактарга эчжерде орун жок.
Модератор admin_media түзөттү 2015-04-23 11:03:10
23.04.2015. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eliza-2014 - эскертүү!
Провокация жаратуучу билдирүүлөрдү калтыруудан алыс болуңуз!
SUPER.KG видео
22.04.2015. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коментарийлерди окуп чыгып абдан ыраазы болдум,азаматсынар superдин колдонуучлары,Мына ыймандын жоктугу.Мунун баарына арак куноолу,шайтан азгырды да мына *акыр замандын* келгени ушундай кантип жашоо болсун,ушундай окуяларды укканда жашооно нааразы болосун.мындай акмактарды "ОЛУМ"жазасына тартыш керек эч суроосу жок.баарибир кабыр азабынан суралат.
23.04.2015. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ТуХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-04-23 11:12:48
23.04.2015. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sharipa-asia,
Провокация жаратуучу билдирүүлөрдү калтыруудан алыс болуңуз! Эскертүү!
23.04.2015. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сот адилетик чечим сыгарса турмого баргандан кийин озун зордуктаса экен жаш баллада эмне Куно атамы менен апасы да кунолуу балдарын бар туруп айланганы арак ичесинби ич аракты уйбулону камыз кылып эч нерсеге зарыктырбай кылып алып анан ич аракты эркек болсон
23.04.2015. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул акмактарга эки дуйнодо да орун жок.Булар адам санын кобойткон Айбандар.Аллахым озу жазанарды берсин.ООМИЙН.
23.04.2015. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла таала да ушуга окшогондоро бала берет озу. Кайран гана балдар ушундай адамдардын артынан азап чегип журушот.
23.04.2015. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи ушундай корунушту рекламалабай еле сразу олум жазасына тартып анан газета журналдарга маалымдаса жакшы болмок. Жеке оюм
23.04.2015. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ да эч кимге оор болбойт ал эми палач олтурсо палачка оор болот го мен адам олтурдум деп кыйналат
Модератор admin_media түзөттү 2015-04-23 17:36:05
23.04.2015. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
qursy - эскертүү!
Провокацияга жол жок!
23.04.2015. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээээ кудайым ай эмне деген шумдук,мындай адамдарды тируулой комуп салыш керек айбандар
24.04.2015. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
олтуруп салыш керек буга окшогон айбандарды
24.04.2015. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул акылсыздык,ал эми адам айбандан акылы менен айырмаланып турат
24.04.2015. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kg_mir.96,Oshol aibandan jaralgan adam kaira aibanga ailanyp baratkany baikalyp jatpaiby koomchulukta,jaw baldardy zorduktagandarga gana emes baardyk zordukchularga olum jazasyn kirgizuu kerek ertereek.Antpese toktogondun orduna kuchop baratat
25.04.2015. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам кейпин кийген макулуктарга олум.Апасына мин наалат,уу ичкир.
Модератор admin_portal түзөттү 2015-04-25 10:38:34
25.04.2015. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Myndai oku9larga sebep bolup atkan alkagolduk i4imdikter,1chi kezekte owolordu satuuga tyiu salyw kerek,anan buga okwogon aibandardy olum jazasyn 4ygaryp eldin aldynda asyp koiuw kerek,Indianyn ele uwul u4un uruwup jatywatgo,akyry baldar bizdin kele4egibizgo.
25.04.2015. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тубунон кесип салыш керек .же олум жазасын киргиш керек урматтуу атка минерлер козунорду ачкыла баладар зордукталып ур токмок боло берсе бизин келече муун кандай болот акыретте кобуроок силер жооп бересинер
26.04.2015. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бардык жамандыктын башаты - арак! Арактын айынан наристелер таттуу балалыгынын даамын сезе албай жатышат. Байкуш наристе...
26.04.2015. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аял кишиге куйоосу менен тен-талашып ише уруштуруп арак ичкен кандай гана акмак аял ищо анын ботолколошу чоочун эркек менен арак ичкенге ким коюптур отурбайбы уйундо балдарын карап. Азыркы учурда ботолколошу эмес бир тууганына да ишенбей турган заман болуп калган. Кыз зордуктады деп камака тушкон эркектердин кийген тонун тескери кылып салат дешетго. Камакта олум жазасы менен тушсон анча эле эмес а кыз зорлуктоо менен тушсон тозоктун куну ошол дешетго а бул жонундо дагы ким билет
26.04.2015. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр отто эле кобойуп баратат кыргызстанда олум жазасын киргизсе болмок
Медиа-портал
28.04.2015. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
цыц-цыц-цыц
Медиа-портал
01.05.2015. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уроды,скотины как могут так.Как избавиться от этих педофилов.Лучший способ их надо подбросить где звери-львы,где необитаемый остров,в которых нет обратной пути.Вот тогда они почувствуют цену жизни и раскаятся над своими поступками перед смертью.
Медиа-портал
05.05.2015. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай адамдарды ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-05-06 12:52:54
Медиа-портал
06.05.2015. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emnurim,
Провокация жаратуучу билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат!
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: