КЫЗ МЕНЕН ЖИГИТТИН ӨЛҮМҮНӨ ЭМНЕ СЕБЕП БОЛДУ?

№651 24-апрель-30-апрель, 2015-ж


Үстүбүздөгү жылдын 13-апрель күнү борбор калаабыздын 12-кичи районундагы көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринен муунтулуп өлтүрүлгөн кыз жана канга чыланып, бирок жаны чыга элек жигит табылган. Жигит ооруканага жеткирилгени менен, анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

«КОКОСУ БЕРИ ЧЫГЫП КАЛЫПТЫР»
Жүрөк үшүн алган окуя тууралуу Бишкек шаардык «Тез жардам» борборуна маалымат түшкөн. «Тез жардам» кызматынын башкы дарыгеринин ыкчам иштер боюнча орун басары Бактыгүл Касымбекова окуя тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:
– 13-апрель күнү саат 16:30дар чамасында бизге «33 жаштагы агам Дайыр Абылаев өз өмүрүнө кол салыптыр» деп анын иниси телефон чалып билдирди. Биздин кызматкерлер айтылган дарек боюнча барганда, ал жерде болжол менен 25-30 жаштардагы кыздын өлүгү да бар болгон. Анын жанында бир жигит бычактан алган жарааттарынан улам кансырап, өзүнөн аккан канга чыланып жаткан болот. Биринчи жардам көрсөткөнү барган дарыгерлердин айтымында, жаракат алган жигит бычак менен өзүн ичке сайып, колун кескилеген. Мындан тышкары алкымын да кесип, кан тамырлары көрүнүп, атүгүл кокосу бери көздөй чыгып калыптыр. Бирок ал ошол убакта тирүү экен. Кан басымы төмөн болгондуктан биздин кызматкерлер өздөрү ооруканага жеткире албагандыктан жандандыруу бригадасын чакырышып, алар баргыча алгачкы медициналык жардамдарды көрсөтүшкөн. Жандандыруу бригадасы барып, жабырлануучуну Бишкек шаарындагы №4-ооруканага жеткиришкен. Кийин угушубузча, ал жигит ооруканадан каза болуптур.

«ӨЛГӨН ЖИГИТТИН БАТИРГЕ КӨЧҮП КЕЛГЕНИНЕ 1 ЖУМА БОЛГОН»
Андан соӊ биз кандуу окуя катталган үйгө барып, окуяга күбө болгон Сейитмурат Орозмаматовго жолуктук
– Ошол күнү болжол менен саат 16:00 чамасында жумуштан келип үйдө отурсам, бир жигит келип «Сиз домком турбайсызбы, агамдын ушул үйдөгү батирлердин биринде жашап жатканына бир жума болгон. Батирин ижарага берген кожоюнунун телефон номерин билесизби?» деп сурады. Эмне болгонун сурасам, ал «телефонума агам «суицид болуп, өзүмдү өзүм асып алдым» деп СМС жазыптыр. Ошондуктан шашып келдим. Эшигин ача албай жатабыз, эгер үйдүн кожоюну келип эшигин ачып берсе, биз үйгө кирет элек» дегенинен «журналдан карап берейин» дегиче ал кайра үйдөн жүгүрүп чыгып кетти. Бир аз өтпөй эле милиция кызматкерлери келип «Биз эшикти ачтык, сиз домком экенсиз, бизге күбө болуп бериӊиз» дегенинен макул деп алар менен бардым. Батирдин эшиги ачык, ичинде эл толтура экен. «Тез жардам» дарыгерлери, куткаруучулар, милиция кызматкерлери жүрүптүр. «Эшиги бекем эле, кантип ачтыӊар?» десем, үй 2-кабатта да, иниси «Мен балкон аркылуу кирип, ичинен милиция кызматкерлерине ачып бердим. Ачкыч ичинде сайылуу турган экен» деди. Үйдүн залында бир жигит канга боёлуп, аны менен дарыгерлер алпурушуп жатышыптыр. Жигиттин үстүндөгү кийген футболкасы кызыл жаян кан, кекиртегин даки (марля) менен жаап коюшуптур. Бир аз дем алганы билинип турган. Милиция кызматкерлери «Кызды өлтүрүп алган соӊ коркуп кетип өз жанын кыюу максатында өзүнүн колкосун кескен да, андан эч нерсе болбогон соӊ ичине да бычак урган» деген божомолдорун айтышты. Андан кийин 25 жаштардагы кыз төшөктүн үстүндө кийимчен жатканын көрдүм. Жанында жаздык турат, «тирүү окшойт» десем, милиция кызматкерлери «жаны чыгып кетиптир» дешти. Текшеришип, «денесинде көк ала же ийненин тактары жок, сыягы, бул жаздык менен тумчуктуруп өлтүргөн окшойт» деп болжоп жатышкан. Ваннанын ичи да канга чыланган, милиция кызматкерлери бычакты ошол жактан табышты. Кыздын туугандары табылган жок, аны өлүкканага, жигитти болсо ооруканага алып кетишти. Аны жандандыруу бөлүмүнөн 2 күндөн соӊ каза болуптур деп уктум. Алар кеткен соӊ кошуналарын чогултуп «кыйкырык, ызы-чуу болгонун уктуӊарбы?» деп сурасам, баары эч нерсе угушпаганын айтышты.

«АГАМ ЖАКЫНДА ҮЙЛӨНМӨК»
Ал эми маркумдун иниси Русланга телефон аркылуу байланышканыбызда, ал бизге буларды айтты:
– Агам Дайырдын Орусиядан келгенине аз эле убакыт болгон. Жакында үйлөнөм деп жүргөн, бирок үйлөнөм деген кызын биз менен тааныштырган эмес эле. Каза болгон кызды мен тааныбайм. Күтүлбөгөн жерден мындай каргашалуу окуя болуп кетти. Агамдын психикасы жайында болчу, эмне себептен бул кадамга барганы бизге да түшүнүксүз. Ал өзүн өзү өлтүрдүбү же ага бирөө кол салдыбы, азырынча айта албайм. Эми экспертизанын жыйынтыгы чыкканда билинет. Соттук-медициналык экспертизанын кызматкерлери текшерип кетишти. Башка маалымат айта албайм.
Бул кандуу окуя кызганычтан же ичимдиктен келип чыктыбы? Окуя чындап эле суицидби же башка кишилер да кол салышы мүмкүнбү? Ушул сыяктуу суроолорубузга жооп алуу үчүн 21-апрелде Бишкек ШИИББинин маалымат кызматына кайрылсак, кызматкерлери бизди таӊ калтырып, мындай маалымат катталбаганын айтышты. Ал эми Бишкек шаардык өлүкканасынан маркум кыз 18 жашта экендиги жана анын сөөгүн туугандары алып кеткендиги тууралуу билдиришти.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



"Жигит кызды өлтүрүп, андан соң өз жанын кыйганбы?"

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(42)
27.04.2015. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сүйүүнүн керемети.
27.04.2015. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
аябай табышмактуу олум экен себеби аныкталган сон кабар берерсинер жаш эле кыз экен эч жери эч нерсе болбой эле неге олтурду экен анан озун мыкаачылык менен олтургону да тан калыштуу кантседа уй булосуно сабыр тилейм! Жаткан жери жайлуу болсун! Чон себеп болуш керек бирок экоо тен каза болсо Кудайдан башка ким билмек эми.
27.04.2015. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым озун сактаа ...
Ортодо дагы бироо болгонго .
27.04.2015. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироолор кол салды дейин десен ачкычы ичиндекен дептирго иниси демек кызыд олтуруп алып анан озунун жанын кыйганго
27.04.2015. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Shaa-82, тиги иниси балкондон киргендей, үчүнчү адам да балкондон чыгып кетиши мүмкүн да, шек жаралбашы үчүүн. Болоор иш болуптур эми, жайы жаннаттан болсун. Жаштарга ыйман берсин жараткан.
27.04.2015. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Астафурлах тооба!
27.04.2015. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Инисине смс жазганы кызык экен,'суицид болуп озумду озум асып алдым'-деп.озун озу асып алып кантип смс жазды экен?ал жерде бычак менен кескиленип жатса.. кызды ал олтуруп алганына деле далил жок, башка эле адамдардардын иши го.
27.04.2015. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээ кандай заман болуп жатат,тооба, бала кызды олтуруп анан озуно кол салган го кызганыч болсо керек.жайы жаннаттан болсун туугандарына сабыр тилейбиз.
27.04.2015. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо кылдым!
27.04.2015. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин оюма сразу иниси кунокордой сезилип атат анткени ал 1чи тез дардамга анан домкомго аны кутпой эле жугуруп кетсе анан айтыптыр 2 кабаттан кирип мен ачтым деп тиги кызы го анан агасы журуп алса кызганычтан 2ну тен олтуруп анан олумуш болуп аткан жокпу дагы так маалымат кутобуз
28.04.2015. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыз жонундо жаман инфо алган же кыз турмушка чыгууга тосколдук болгон кандайдыр .Суйуу кунолу.
менимче
28.04.2015. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сейит агай бул жакта эмне кылып журот десе.домком тура.эми лекцияда кечке айтат муну
28.04.2015. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым сактасын. Баарыбызга ыйман бере кор, шашпасак баарыбыз кетебиз бул дуйнодон.
28.04.2015. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уройун учатго тообо
28.04.2015. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир болсо жигит кызга тийишкилеп зордуктоого аракет кылгандырда же кыз 18 жаштарда бала 32 жаштарда деп атпайбы мумкун жигитке каршы чыгып атса жигит антип-мынтип коркута салам деп атыппы муунтуп алгандырда.А иниси тууралу бир нерсе дей албайм. баарын кудай коруп турат эгер иниси олтургон болсо аны да кудай жон койбойт. Тируу жан ээсин олтургонго куранда ото чон куноо жазылары айтылган .Эми не дейбиз экоонун да куноолорун аллах озу кечирсин, туугандарына сабыр - канаат берсин кудай
28.04.2015. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыз бир нерсе кылганго дейм. бала жон эле коркутам деп, кызды кокузунан олтуруп алып, анан бала коркуп кетип оз жанын кыйганго дейм!
28.04.2015. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба дейли туугандар
28.04.2015. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо жаратканым ар пендеге сабыр бер.кандай болуп баратабыз пенделер.
28.04.2015. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакындарына сабыр тилейм.
29.04.2015. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо кийин жыйынтыгы чыкса, ушул окуя тууралу маалымат берип койгулачы. кутобуз. Озун мынчалык олтуруу мумкун эмес, тем мыкаачылык менен.
29.04.2015. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
өзүн өзү ушундай кыйнап өлтүрүү үчүн өтө эле чооң марттык керек, 100% ишенүү жок.
29.04.2015. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунун кокосун кантип кесет я кекиртеги чыгып калгыча, башка бироо бар го...
02.05.2015. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Россиядан жаны келсе акчасы бардыр кызды олтурот анан баланы олтуруп чыгып кетти. Озун озу олтугон киши кокосун кесип озун ичке сайып анан колун кескилеген жок озун озу олтургон киши венасын кесип же ичине сайынып же асынып уу ичип олот. Бироо олтугон анан телефонунан смс жазып койгон уйуно. Учунчу адам бар бул жерде ошол олтургон.
02.05.2015. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда 3 Адам бар экендигине ишенем, иинисиненда кумон санап жатамын, бирок алар бир тууганго ээ?
02.05.2015. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тиги олтургон, анан бул олтургон деп ар кимден шек санап, куноого батпайлы, замандаштар?! Андан коро, баарыбызга Жаратканыбыз сабырдуулукту берсин деп тиленели.
02.05.2015. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакындары сабырдуу болсун.
03.05.2015. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vannada emnege kan bar...?Bala zalda jatsa...
03.05.2015. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардык нерсе жаратканга гана маалым,отуп кеткен кыз менен баланын уй булоосуно сабырдуулук берсин.Менин оюм да 3-адам бар го деп ойлойм.А мумкун ошол 3-адам олтуруп,бычак менен сайгылап,ваннага кирип кол солун жууп ,бычакты ваннага таштап кеткент го,бул божомол.Кудай кубоо баарына.
03.05.2015. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо,жаны санына эмне себеп болуптур,маалымат бере кетесиздерби?
04.05.2015. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде баардыгы жазылгандай болгон эмес... Коп сырлар бар болуш керек...
04.05.2015. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кокосу колу кесилген.ичине сайылган адам кантип ваннадан залга барып калган сойлоп барган изи бар бекен
25.12.2015. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым Бейиштен орун берсин ата-энесине сабыр тилейм
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: