5 ЖАШАР КЫЗДЫ ЗОРДУКТАДЫ ДЕГЕН ЖАЛААБЫ?

№651 24-апрель-30-апрель, 2015-ж


Мындан бир нече күн мурун борбор калаабыздын Келечек жаӊы конушунун 37 жаштагы тургуну кошунасынын 5 жаштагы кызын зордуктады деп шектелип кармалган эле. Ал эми экспертизанын жыйынтыгы наристе кыздан эч кандай зордуктоонун же кандайдыр бир күч колдонуунун белгилерин тапкан эмес.

«КЫЗЫН ЖАМАН ИШКЕ КОЛДОНУП ЖАТКАН ЭНЕГЕ ТҮШҮНБӨДҮМ»
«Агам жалаа менен кармалып, абакта отурат», - деп бул кылмышка шектелип кармалган Нурбек Мамбеталиевдин иниси Чынарбек редакциябызга кайрылды.
– Агамды 21-март күнү наристе кызды зордуктадыӊ деп милиция кызматкерлери кармашкан. Соттук-медициналык экспертиза ал кыз зордукталбаганын аныктаптыр. Анын жыйынтыгы 30-мартта эле чыккан, бирок агамды дагы деле коё бербей жатышат.
Агам коӊшу жашаган Марапат аттуу аял менен чырдаша кетиптир. Ошондо ал аял агама «карап тур, мен сени каматам» деген экен. Агамдын үстүнөн арыз жазган Санавар деген аял Марапаттын үйүндө батирде жашайт. Кожойкесинин кызыкчылыгы үчүн Санавар 5 жаштагы кызын кантип жаман ишке колдонуп жатканына түшүнбөй жатам. 22-март күнү агам «Марапат эже жаш кызды зордуктадыӊ. 3 күндүн ичинде 15 миӊ сом алып келбесеӊ, үстүӊдөн арыз жазам деди» деп менин үйүмө келди. «Чын эле зордуктадыӊ беле?» десем «жок» деди. «Эгер кылмыш кылсаӊ, жазаӊды ал. Зордуктабаган болсоӊ эмнеден коркосуӊ? Милиция кызматкерлери деле текшерип, аныгын билип туруп анан камайт да. Ал аял кама десе эле камай бермек беле» деп үйүнө узаткам. 23-мартта түнкү саат 22:30дар чамасында милиция кызматкерлери келип, агамды кармап кетишиптир.

«ЭКСПЕРТИЗА ТАЗА ЧЫКСА ДА АРЫЗЫМДЫ АЛБАЙМ»
Биз да кантип эле наристе кызын энеси ушундай жолдорго пайдалансын деп жабырлануучунун апасы Санавардын үйүнө барып, ага жолугуп жооп алдык:
– 21-март күнү күндүзгү саат 12, 13төр чамасында кызым эшикте ойноп жүргөн. Жарым сааттан кийин үйгө башкача болуп келди. Карасам колдору, чурайы кан экен. Каткыра күлүп, кайра ыйлап жатты. Эмне болду десем бизге кошуна жашаган Нурбек деген кишинин үйүн көрсөтүп, зордуктап койгонун айтты. Шок болуп кожойкем Марапат эжени чакырып келдим. Ал Нурбекке барып «Бетиӊ жок экен, Кудайдан коркпойсуӊбу? Ата-энеси билбейт, мен кыздын өзүнөн сурап билип алдым» десе, башын кармап, «эже, эч ким билбесин» деп акча сунуштаптыр. Ошондон кийин эле эшиги жабык болуп, ичинен кулпулап отуруп алышты. 23-мартта түнү көчүп кетерин билип милиция чакырдык. Мен ага таба кылбайм, ак болсо акталып чыга берсин. Анын менин кызыма кылган мамилесин кечирбейм. Экспертизадан кызым таза болуп чыкты. Гинекологго текшерттирдим. Алар да «кызга эч нерсе болгон эмес. Чурайынын четиндеги кан тамырлар жарылып кетсе керек, ошол үчүн канагандыр» дешти. Азыр психологдор текшерип жатышат.

«ОКУЯНЫ УГУП ТАӉ КАЛЫП ЖАТАБЫЗ»
Санавар айым батирде жашаган үйдүн ээси Марапат аттуу аялга жолуга албадык, балдары «апабыз жок, бул окуя боюнча апабыз эле билет» дешти.
«Ош базарындагы» жайма базарда Нурбек мырзанын жанында соода кылган Гуля айым төмөнкүлөрдү айтып берди.
– 21-март күнү Нурбек менен келинчеги эртеден кечке эле жаныбызда соода кылышкан. Бизге майрамдын урматына деп сүмөлөк ооз тийгизишти. Мен аларга нан-боорсок ооз тийгизгем. Окуяны угуп алып таӊ калып жатабыз. Антип доомат койбош керек да. Тергөөчүгө барып көргөн, билгендерибизди айтып коёлу деп ушул жерде бирге соода кылгандар сүйлөшүп жатканбыз.

«ПСИХОЛОГДОРДУН ЖЫЙЫНТЫГЫН КҮТҮҮДӨБҮЗ»
Бул ишти Свердлов РИИБинин тергөөчүсү Каныбек Сулайманов карап жатыптыр. Ал буларга токтолду:
– Айыпталуучу Нурбек Мамбеталиевдин үстүнөн зордуктоо беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Соттук-медициналык экспертиза кызда эч кандай зордуктоонун белгилери жок экенин аныктап чыкты. Эми психологдордун кыздын психикасына карата чыгарган жыйынтыгын күтөбүз. Ошого жараша бир жыйынтык чыгарабыз. Айыпталуучу окуя болгон убакта жумушта болгон деген күбөлөр бар деп анын жакындары айтышууда. Аларды жактоочу тергөөгө алып келем деген, бирок келише элек.
Эгер зордукталбаган болсо, секелек кызынын атын булгап, мындай жаман иштерге колдонуп жана бейкүнөө адамга жалаа жаап, абакка отургузуп, анын тагдыры менен ойноого кандай адамдардын жүрөгү чыдайт? Бул окуянын аягы эмне менен бүтөөрүнө биз да көз салып турмакчыбыз.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg



5 жаштагы кыздын зордукталбаганы экспертизада аныкталды

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(30)
SUPER.KG видео
24.04.2015. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында эле,эмне учун кызынын акыбалын коруп дароо эл тез жардам чакырбады апасы?Чындап эле акчага кызыгып кеткен го апасы!
Медиа-портал
25.04.2015. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кызга туздөн түз зордуктоо болгон эмес, бирок башка ыкмаларды колдонгон. Анын баарын кыз психолог м-н маектешүүсүндө айтып, сүрөт аркылуу көрсөттү.Бул оор теманы чагылдыргандан алыс болсок. Кыз м-н апасы мындан ары да жашаш керек да. Эч кимдин акысы жок, жаш баланы чечинтип алып билгенин кылганга! Өөп коюу да кылмышка жатат.Эмне үчүн өз маалында кайрылган эмес? Себеби-айыпталуучу уйүнө келбей койгон качып.Айланайын журналисттер,аябай сураныч,мындай теманы козгобой- иликтебей эле койсонор?
Медиа-портал
25.04.2015. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kadam, эмнеге иликтебеши керек??? Вот именно козгоп, иликтеп аягына чыгыш керек! Эгер чын эле зордуктаган болсо, ал зоокур жазасын алыш керек!!! А эгерде зордуктабаган болсо, акталып чыгыш керек, жалган жалаа мн ал адам да турмодо отурбасын! Ар кандай адамдар бар, кээ бири акча табуу учун ойго келбес иштерди кылышат.
Медиа-портал
26.04.2015. 06:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kadam, Туппа туура айтасын
Медиа-портал
28.04.2015. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kadam,
Pochemu, pust kajdyi otvetit za svoiu vinovnost'? Nado doiti do istiny. Predstav'te svoih blizkih v meste vinovnogo? Hoteli by chtoby istina ostalas' ne raskrytym?
Медиа-портал
25.04.2015. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
зордукталбаса кудай сактаптыр, аман болсун байкуш кыз... бирок чечинтип бирдеке кылды да, бул да баары бир педофелизмге жатат... ал киши бир куну башка наристени зордуктайт... омур бою камакта отурушу керек мындай акмактар!
SUPER.KG видео
25.04.2015. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мурда кыргыз элинде мындай жоорук жок эле.Жакынкы кундордо кобойуп баратат.Журогунду ойкогон суроо угуп билип туруп эмне учун ушул нерсени токтотууга болбойт.Кыргызстанда кантип жашайбыз.
Медиа-портал
26.04.2015. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кичине кызды чечинтип коргудой эч нерсеси деле жок. Жон гана эркелетип жакшы коруп койгондур.Кээ бирлери сразу жаман ойду айта салышат чыракка май тамызып.Эн башкысы кыз таза экен,кудай жалгап. органда дагы эптеп камап акча алыш керек да.
Медиа-портал
28.04.2015. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alnaz,кандай акысы бар чечинтип эркелеткенге ХХХ.ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-04-29 10:36:37
Медиа-портал
29.04.2015. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
magira,
Кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
Медиа-портал
26.04.2015. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул эмне деген шумдук болуп жатат озу,адамдары деле жашаган уйлору деле танкаларлык экен
SUPER.KG видео
26.04.2015. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Alnaz, эч нерсе болбогондой жооп жазыпсын. Ал психикалык жактан жабыркады, аны менен ким эсептешет. Андай педофилдерге жазаны кучотуп кою керек.
SUPER.KG видео
26.04.2015. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче кыздын апасы жалган жалаа жаап жатат. Эгер кызынын мучосу канап келсе ак экспертиза чыкмак беле? Жок дегенде тырык же кок ала, зордуктаган адамдын каны экспертизада чыкмак.
27.04.2015. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аялдар, аялдар соз жок ...
27.04.2015. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр баарынан коркуш керек
27.04.2015. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба кызык адамдарго,кимисине ишеништи деле билбейсин.
27.04.2015. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жон эле чечинтип коюптур деп камырабай айтасынар го, товааа. Кантип эле апасы 5 жаштагы кызын колдонсун башка адамга жалаа жабып... шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт.Зордукталбаса дагы педофилдин кылганын кылып шылдындаганга эч акысы жок!Албетте ким моюнуна алсын ооба ушинттим еп, озун акташ учун ар кимден кубо алып кайра.
28.04.2015. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
апасы туура эмес кылыптыр экспертиза таза чыкса кызды уят кылбай арызын кайра алып салбайбы кызык кандай апа экен ал
28.04.2015. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
менимче жалган жалаа
02.05.2015. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tutuzver,ооюа,жалгандыгы даана эле билинип турбайбы,Жанагы Марапат деген аялда экен кептин баары.Кантип Кудайдан коркпой жалаа жаап атат. Эгер ал окуя чын болсо, эч ким билбей калат белет, өзүнүн балдары да билбейт турбайбы.Тиги кыздын апасы Марапатка көз каранды болсо керек, мүмкүн Марапат кызын коркутуп, ушуну ойлоп тапты
28.04.2015. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздын апасы акчага муктаж адамго эмне кылаарын билбей ушуну ойлоп таптыда жок дегенде кызындын тагдырын ойлобойсунбу ХХХ.
Модератор admin_media түзөттү 2015-04-28 16:50:34
28.04.2015. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ota.88,
Кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
28.04.2015. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми ушу жаш кыздарды зордуктады деген дагы бизнес боло баштаган го
28.04.2015. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жалган жалаадай эле сезилди,келинчеги бар экенго.
30.04.2015. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалаа элего ...таба эмес тобоо не эле болуп баратабыз шумдугуң кургур
Медиа-портал
30.04.2015. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
magira оозуна карап суйло,сага окшогондор табалайт,мен калыс созумду айттым,корбогондон кийин бироону табалап куноолош кудайга жакпайт,эртен ал адамдын ордунда сен болуп калышын мумкун кур жалаа менен балким.Тилим бар деп эле заар болбо,кесири тийип калат.
01.05.2015. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5жаштагы кыз кантип эле зордоп койду деп айтмак эле...жалган 100% ,ещё бирде кулуп бирде ыйлап дейт.Акмак
21.05.2015. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
саламатсынарбы супер инфо.менинда жээнимди жалган жалаа менен камап коюушту.ал жашы да чон эле аял экен.жээним ал аялды омуру коргон эмес.эми кимге кайрылышты билбей калдык.кенеш бергилечи
Медиа-портал
01.06.2015. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай иштерди иликтоо телеге беру бул туура эмес ал кыз апасы анын бир туугандарыда эртени куну жашаш керек мектепке барып окуш керек эмнеге бул тараптарды эске албайсыздар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: