«НЕБЕРЕМДИ ӨЛТҮРҮП, АСЫП КОЮШКАН»

№654 15-май-21-май, 2015-ж


«...Баарынан да аскер жетекчилигинин «ата-энеси ажырашкан балдардын тагдыры акыры баары бир ушундай бүтмөк» деген сөзү менин каӊырыгымды түтөтүп, сиздерге кайрылуума аргасыз кылды. Неберемди аскер кызматын өтөп жүргөн жеринен белгисиз бирөөлөр асып кетишип, азыркыга чейин күнөөлүүлөр табылбай жатат». 18 жашында көз жумган катардагы жоокер Кубаныч Ногойбаевдин чоӊ энеси Замира Ногойбаева бирде ыйлап, бирде ачууланып жалгыз медерин жоктоп отурду.

«БИР КҮН МУРУН ПАСПОРТУН СУРАП ЧАЛГАН»
– Уул-келиним неберем Кубаныч 1-класска барганда ажырашып кетишкен. Неберем өзү каалап апасын ээрчибестен биздин колдо чоӊойду. Ал мектепти аяктаган соӊ «аскер кызматын өтөйм» деп калды. Анан бат эле аскер комиссариатына барып, кызмат өтөөгө тизмеге жазылып келиптир. Ошентип 2014-жылдын 25-октябрында Бишкектен Оштогу 2024-аскер бөлүгүнүн «Төө-Моюн» чек ара тозотуна кызматын өтөөгө кетти. Жаӊы жылдын алдында байланышып, «1000 сом бериӊиздер, акча керек болуп жатат» деп калды. 10-январда да телефон чалып, «апа, паспортумду салып жибергиле, бул жактан биометрикалык маалыматтарды тапшыргыла деп жатат» деди. Себеби ал аскерге туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен эле кеткен болчу. Эртеси күнү, 11-январда паспортун салып жиберели деп жатсак аскер бөлүгүнөн эртеӊ мененки саат 8:30да телефон чалып, «балаӊар күзөттү таштап кетип дайынсыз болууда, таппай жатабыз» дешти. Кандайча?! Кечинде эле мага паспортту салып жибериӊиз деди эле го деп ызы-чуу түшүп калдык. Саат 15:00гө жакын так дарегибизди сурап дагы чалышты.

«ЧҮРПӨМДҮН КАЙТЫШ БОЛГОНУН УГУЗУШТУ»
– Көп өтпөй Свердлов райондук аскер комиссариатынан, домкомдон кишилер келип неберемдин кайтыш болгонун угузушту. Муунуп калыптыр, экспертизадан өткөрүүгө уруксат бергиле дешти. Макул деп кол коюп бердик. Баламды эртеси күнү, 12-январда саат 10дордо Оштон алып келишти. Оштон эксперттер текшерип, «асынганга чейин денесине эч кандай оор залал келтирилген эмес» деген бүтүм чыгарышыптыр. Бул чечимге макул эместигибизди билдирип, көз карандысыз эксперттерди жалдадык.
Неберемдин сөөгүн алып келгенден кийин аскер бөлүктөгүлөр «түштөрдө, 11лерде чоочун бир үйдүн дааратканасынан таптык», «талаадагы бир бакта асылып турган жеринен таптык» деп ар кайсыны айтып жатышты. Атасы Ошко барып ошол жактагы күбөлөрдөн сураса, талаанын четиндеги бакта тизеси бүгүлүп, желкесинен асылып турган жеринен 11-январь күнү эртеӊ мененки саат 8 жарымда көрүшүп, чек ара тозотуна билдиришкенин айтышыптыр.

«ЭКСПЕРТТЕР ЭКИ БӨЛӨК ЖЫЙЫНТЫК ЧЫГАРЫП БЕРИШТИ»
– Ошентип Бишкектеги көз карандысыз эксперттердин жыйынтыгы чыкты. Алар асылганга чейин эки саат мурун башына туюк нерсе менен сокку урулганын аныкташты. Баланын кокосунда эч кандай жиптин изи жок. Буту жерге тийип, бүгүлүп турган экен. Ал эми моюну артка кетип, башы чалкалап, асынган жиби желкеси аркылуу өткөндүктөн ошол желкесине жип матырылып калыптыр.
Бул окуядан кийин аскер гарнизону өздөрүн акташ үчүнбү билбейм, неберемдин бир кыз менен сүйлөшүп жүрүп, ошол кызынын айынан асынып алгандыгын айтып чыгышты. Бул версия дагы чындыкка дал келбей койгондонбу, кайра «баланын ата-энеси ажырашып кетиптир, ошого капа болуп асынып калды» дешти. Айтор, түрдүү версияларды айтып чалынышты.
21-февралда бул окуя боюнча эч кандай кылмыш иши козголбогондугун, Кубанычтын өлүмүнө эч ким себепкер эмес жана шектүүлөр да жок экенин айтып, аскер прокуратурасынан кат жөнөтүштү. Кантип кылмыштын курамы жок? Кечээ эле биометрикалык каттоодон өтөм деп паспортун сурап жаткан балага жарым күндө эле эмне болуп кетти деп акыйкаттык издей баштадык. Окуя массалык маалымат каражаттары аркылуу элге тарады. Атүгүл Бакыт Жылтыров аттуу чек ара кызматынын жетекчилеринин бири маалымат жыйын өткөрүп жатканда неберем тууралуу «Ал баланын ата-энеси ажырашып кеткен экен. Ошого арданып муунуп алыптыр. Ата-энеси ажырашкан балдардын тагдыры акыры жүрүп ушинтип аяктамак» деп жатпайбы. Мындан улам гарнизон кызматкерлерине аябай ачуум келди.

«ЧЕЧИМГЕ МАКУЛ ЭМЕСПИЗ!»
– Акыры Бакыт Жылтыровдун биздин үй-бүлөгө шек келтирип, ушундай келжирек сөздөрүн айткандыгы үчүн, экспертиза сабалгандыгын жашырып, өзү муунган деп чыгарып бергендигин, аскер прокуратурасы окуяда кылмыштын курамы жок деп ишти жаап салгандыгы үчүн Бишкектеги аскер прокуратурасына жана башкы прокуратурага арыз жаздык. Жообун күтүп жатабыз.
Кылмыш ишин жашыруу үчүн неберемдин өлүмүнө себепкерлер ар түрдүү аракеттерди жасагандыгын байкоого болот. Чөнтөгүнөн эскирген кагазга башка эле бирөөнүн кол жазмасы менен жазылган сүйүү тууралуу ырларды, Кыргыз Республикасынын Гимнин жана маки таптык деп беришти.

«АРЫЗДЫ ЭКИНЧИ ИРЕТ КАРАП ЖАТАБЫЗ»
Ош гарнизонунун аскер прокурору Өмүрбек Эрматов окуя тууралуу буларды билдирди:
– Биз бул арызды экинчи ирет карап жаткан чагыбыз. 2015-жылдын 11-январында №2024-аскер бөлүгүнүн «Төө-Моюн» чек ара тозотунун аскер кызматкери, катардагы жоокер Кубаныч Ногойбаев асынып алды деген маалымат келип түшкөн. Биздин ыкчам топ окуя болгон жерге барып, чек ара тозотунан 3 чакырым алыстыкта жайгашкан талаада асылып турганын көрүшкөн. Маркумду чечип, тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзгөн соӊ күбөлөрдүн катышуусу менен тинтүү жүргүзүп, сөөктү жакындарынын уруксаты менен Ош шаардык соттук-медициналык экспертизасына текшерүүгө бердик. Алар жоокердин бирөөлөр тарабынан эмес, өзүн-өзү асып алгандыктан каза тапкан деген жыйынтык чыгарышкан. Кубаныч Ногойбаев менен бирге кызмат өтөгөн бир нече катардагы аскерлердин түшүнүк каттарынын жана соттук-экспертизанын жыйынтыгынын негизинде окуяда кылмыштын курамы жок деп таптык.
Кылмыш ишин козгоодон баш тартылгандыгы тууралуу жакындарына да кайрылуу жөнөткөнбүз. «Күбөлөр сөөктү саат 8де көргөн, саат 11де араӊ бизге чалды» деген туугандарынын нааразычылыктарын төмөнкүчө түшүндүрсө болот. 10-январь түнү катардагы жоокер Ногойбаев күзөт нөөмөтүндө турган. 11-январь күнү таӊкы саат 7де анын күзөт ордунда жок экенин байкашкан. Өз алдынча издеп таппай коюшкан соӊ ата-энесин окуя тууралуу кабардар кылалы деп Бишкекке байланышышкан. Ал учурда Ногойбаевдин асынып турганын талаада иштеп жүргөн айыл тургундары байкап, тозоттун зардалдарынын телефон номерлерин таап, кабар бергиче убакыт өтүп кеткен. 11:00 чамасында биздин кызматкерлер окуя болгон жерге жетип, тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүп, ата-энесине чалып, сөөктү алып баруу үчүн дарегин тактап жатышты. Анын үстүнө суук кабарды жакындарына угузуу оӊой эмес, бул үчүн жергиликтүү аскер комиссариатынан кызматкерлерге байланышып, анан алар угузушту. Азыр окуя боюнча иликтөөлөр жүрүп жатат. Ага убакыт керек.
Аскерде кызмат өтөө учурунда мындай окуялардын канчасы болуп жатат дейсиз? Жогорудагыдай окуялар Кыргызстанда аскер кызматын өтөө өтө кооптуу деген ойду күчөтүүдө. Бир куту чылым, бир насыбай үчүн улуу чакырыктагы аскерлер кичүүлөрүн тепкилеп, кордук көрсөтүп, түрдүү ыкмалар менен кыйнап келишери көпчүлүккө дайын. Айтор, чек араны бекемдеп, өлкөнүн тынчтыгы үчүн даяр болчу аскерлерибиз кызматка барып эр жүрөктүккө үйрөнбөй эле, кыйноого салган ур-токмоктон коркуп жатып, тескерисинче, жүрөктүн мизин кайтарып келишеби деп кооптоносуӊ.

Көз карандысыз эксперттер маркум каза тапканга чейин токмоктолгондугун аныкташкан.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



"Аскерден неберемди өлтүрүп, сөөгүн салып жиберишти"

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(56)
18.05.2015. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эээх. Кудайым озу куч кубат берсин. Армия деген созду уккум да келбей калды. Кундо адам олтуруп жаткандай сезилет. Айтылбай калганы канча дагы бар бит кудай билет
18.05.2015. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ыйманы саламат болсун! Кудай пенделеринин бир жерин жакшы корот экен ажалын менден корбой бир биринен корот деп. Ичээр суу,корор кун тугонсо сандыкка жатсак да олобуз. Уй булоосуно сабыр берсин! Ажал айтып келбейт экен, боору бутун жаны эсен эч ким жок сабыр кылалы, жаш бала экен билип билбей кетирген куунолорун аллах кечирсин!
18.05.2015. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жайы жаннатта болсун,аябай жаш экен жакындарына сабырдуулукту тилейбиз,менин инимди дагы бар армияга апанын атанын жашоонун кадырын билесин десек эч эле конбойт,ал жакта уруп сабап олтуруп атат деп, эми дайыма мындай кабарларды окуп барбай эле койсун деп отурам.
18.05.2015. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жайы жанната болсун,эх жашоо армия киши олтургуч болуп калдыго.Озлору эле бир нерсе кылган баланы ,ата-энеси ажырашканын шылтоо кылып коюптурда ,а бирок 1000сомду эмнеге сурады экен,бироолор акча сураганго
18.05.2015. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ош гарнизонунун аскер прокурору О Эрматов таалада иштеп жургон айыл тургундары корду дептир.эмне 11-январда чилденин кунундо адамдар таалада иштеп жургонбу бул маалматка м.н ишенбей турам ошондо оздору куноолу болуп атышат ар кайсыны бир суйлошуп Оштун экспертерин да сатып алышканда мындай кылып чыгарып бересин деп буларды бир кудай жазаласын.
21.05.2015. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
orozova, туура айтасын Оштун экспертерине ишенуу кыйын.
19.05.2015. 04:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
карга карганын козун чукубайт
19.05.2015. 05:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ха....январьда талаада тан заардан иштеген айыл тургундары азаматко,
19.05.2015. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ыйманы саламат болсун! Киши колду болгон болсо кан койбербейт акыры ал адамдыда кудай жазалайт.
19.05.2015. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sema04 Туура айтасын, олум деген эч нерсе болбой калды бактыбызга окмот дагы кебелбей койду. оздорунун балдарына деле бербесин кудайым бирок,эми кочодогуну таппай калышса калп эле айла жок а эми бул баланы беш муноотто эмес ким экенин билип эле турушат да айтса начальниктер выговор алышат должностьттон айрылат аларга баланын олуму ата эненин коз жашы эчтеке эмес жумуш акча зарыл да.
19.05.2015. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кан кое бербейт да баарибир, олтургон киши деле оной жашоо откорбосо керек...
19.05.2015. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нерв жука, маркумга карата айтпадым. бардык аскерде оз жанын кыйып кичинекей кыйноого чыдабай ажал тапкандарды айтып жатам. аскерде аталарыбыз ССРдин ар кайсы олкосундо тил билбей деле отоп мындан оор шартта кызмат отоп келишкен. аскердик тартип ант деген бар. Жигиттик намыс деген болот. Бир аз чыда олбойсун но олгонго озун шашылып озуно озун кол салып жатпайсынбы! Намыстуу бол, эл жер учун бек тур, 5 жылдаган согуш алаамытнда кийими биттеп кетсе да чоп жесе да озуно кол салбай душманга туруштук
19.05.2015. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Душманга туруштук берип келишкен ата-бабалар! Ага караганда кийимиин таза, курсагын ток, жатар жерин бар уйрон тартипти, тазалыкты эл жерди суйушту. Анан бир аз кыйналса эле жанын кыйып ата-эне, жакындарды азапка салып куйутто калтырасынар! Азамат дешет жигиттерди. эркек дешет эрктуу болгула!
19.05.2015. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arstan1996,
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек! Эскертүү!
19.05.2015. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы комускодо калбаганына супер инфого рахмат!
SUPER.KG видео
19.05.2015. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин иним Ошто кызмат өтөгөн,бир куну королу деп барсак,эки бети кыпкызыл,алдыңкы эрини ортосунан жырылып журот экен.эмне болду десек чуркап баратып жыгылып зым жырып кетти деп койгон. кийин билдик корсо деттер лезвия м.н кесип,бетин сулгу м.н суруп койушуптур.
19.05.2015. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кайтар дунуйо ким кимди ызылдатса озу ызылдайт ойлонуп иш кылалы адам баласы!
19.05.2015. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр женил болуп калды служба биз служба кылган учурда 2003-2005 жылдары ужас ошолмалда болчу. Дембилдер гержовой отук менен баштан ары чапканда мээн тескери айланып калчу. Азыр берса
20.05.2015. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жумушунан бошотулду дейби, эмне деген кеп бул (((Жазаны ким алат, аларды да убада менен бошотсо керек, сен чыгып тур башка болумго которуп коем деП. Армия десе балдарын, ата -энелердин журогу чыгат, армияга барбаса ким коргойт, кантип олкобуз онолот... Ошондуктан да онолбойбуз, ушундай кесепеттердин айынан, тартип, чындык жок. Озундон башкага ишенбей турган заман болуп калды
20.05.2015. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Perijan,армия да өлкону коргогонду уйротпой калды го кантип зөөкур адам болуш керек ошого тарбиялап калышты .
20.05.2015. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аскер кызматын отоодо бир Гана ал жердегилердин куноосу эмес,кызмат отоп жургон аскерлердин озундо да куноо бар го.Эмне дедовщина деп эле озунон кичилерди олтургончо кордой бергени акмакчылык го.Эмне алар сага душманбы,же атан-апандын очун алып аткандай кордой бергенден кимге пайда.Кыргыздар бири бирибизди тукум курут кылабыз го,мындай кылыктарыбыз токтобосо.Оо биздин колго кичине бийлик тийсе адамдык сапаттан чыгып кетебиз го...Бийликтегилерибиз баш болуп...


20.05.2015. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тоо-Моюн чек ара тозоту Араван р-нунда жайлашкан.Озбекстан м-н чектешет.Атамбаев м-н Жолдубаева тез ара ичинде куноолурду жоопко тартышы керек.Жыл сайын аскерлерибиз ич ара чатактан олуп жтышат ал эми кунокорлор куносуз калып жатышат.Эгерде бул энебиз пусть говорятка кайрылса Атамбаевтин,Жолдубаеванын абройлору тушуп кетет.
20.05.2015. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АЛЛАХЫМ сизге жардам берет.
20.05.2015. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай окуяларды коруп олтуруп АРМиЯнын кереги деле жок болуп калды окшойт деп ойлойсун .ал жакта канди адамды уруп согуп анан асын акырында комп койгондон башканы уйротпой калыштыго
20.05.2015. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
кантип адамды ТУУРА АСКАНДЫ да жакшылап уйротуп койушпаптыр мунусунда окшошпой калыптыр баланын бутужерде турат ко анан ошондой абалда кантип олду деп тан каласын .ошон ушун эми балдарды тутура асканды да уйротуп койсонор озунор кийин кыйналбайсынар зоокурлор
20.05.2015. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ГУлмира Борулбаева дегени кыргызча суйлой албай калыпппы .ххх же чачын сарыга бойосо эле кыргызча суйлогонду унутуп калат бекен
21.05.2015. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындайларды коруп ким армияга жиберет балдарын?!Жакында эле иним барам деп тополон кылганынан коптоп урушуп жибербей койдук.
Байкуш чон энесине эле кыйын болуптур,эрезеге жеткирип эми кызматын короор маалда...(((
21.05.2015. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эненин коз жашын коруп журогум ушунчалык эзилди башка соз жок
22.05.2015. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр онуккон заманда жашап жатабызго. Баарында эле телефон бар. Суротко тартып алса керек ошол эксперттер. Корсот ошол суротторду деп талап кылыш керек эле. Моюнунан асылганбы же желкесиненби анык корунмок
23.05.2015. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
закондун иштевегени бул жерде экспертизасыле эки башка чыкканы ойду болот
24.05.2015. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
карга карганын козун чукубайт болбой ким кылганын таап козун чукуп койсо адилет болмок, эми ошол кылмыш кылган адам эмес аны жашыргандарга да кудай жазасын берсин!
Медиа-портал
26.05.2015. 04:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baikush balanyn arty kairyluu bolsun! Ata-enesin ayabai ayap kettim.:((( Dosum da armiyaga ketkende ayabai sarsanaa bolduk ele, aman-esen kaityp kelse eken dep. Al dagy Oshko ketken. Jakynda ele keldi.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: