«КОРОБКА ЧОГУЛТУП, АПАМА ЖАРДАМ БЕРГЕНИМЕ СЫЙМЫКТАНАМ»

№654 15-май-21-май, 2015-ж


1-Июнь – Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнү. «Супер-Инфо» гезити ушул күнү гана жеткинчектерди эстеп, алар тууралуу макала даярдабастан, балдар маселесин дайым көтөрүп келет. Кыргызстандагы балдар кандай билим алышат, кантип ийгиликтерге жетишет, кандай күндөрдү башынан кечиришет, дегеле эмне менен алек болушат? Калктын ар түрдүү катмарынан жаш каармандарды таап, алардын жашоо-турмушу менен сиздерди тааныштырабыз.

«КҮНҮГӨ 200-300 СОМДОЙ ТАБАМ»
Күн шооласы эбак эле тоо артына жашынып, айлананы караӊгылык каптай баштаган маалда «Ош базарынын» жанынан өтүп баратып, жол боюнда коробка чогултуп жаткан балага көзүм токтоду. Маектешүүгө ашыгып жанына басып бардым. Өзүн Кылымбек Чыӊгыз уулу деп тааныштырган каарманым турмушу жана жумушу тууралуу буларды айтып берди:
-13 жаштамын. Ош облусунун Түз-Бел деген айылында төрөлгөм. Азыр Бишкек шаарындагы Ак-Босого жаӊы конушунда жашайбыз. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын ортончусумун. 2-класска чейин айылда окугам, азыр Бишкектеги №81-мектепте 6-класста окуйм. Атам курулуш иштеринде иштейт, апам болсо базарда соода кылат жана базардын ичин шыпырат. Айлыгы 6 миӊ сом. Күнүгө сабактан чыккандан кийин апама жардам бергени агам жана иним болуп базарга келебиз. Күндүз таштанды көп болсо 1 сааттай, караӊгыда базар жабылган соӊ дагы 1-2 сааттай базардын ичин тазалаш керек. Апам шыпырат, а биз коробка чогултуп, аны кагаз алган жайларга 1 килограммын 3 сомдон өткөрөбүз. Эгер таштанды көп болсо, 200-300 сомдой таап апама берем. Ал болсо үйгө тамак-аш алат. Кээде бизге кийим алып берет.
Бул жакта сабактан кийин иштеп жүргөнүмө 4 жылдай болду. Апам кыйналбасын деп ага жардам берип, ак эмгек менен акча тапкандан классташтарымдан уялбайм, тескерисинче, сыймыктанам. 2-3 жолу бул жерде бир туугандарым менен коробка чогултуп жүрсөк, милиция кызматкерлери келип «Бул жакта эмне кылып жүрөсүӊөр, ата-энеӊер кайда?» деп участокко алып кетишкен. Анан атам келип бизди чыгарып кеткен.

«СҮЙГӨНҮМӨ ЭМГЕКЧИЛ БОЛСОМ ЖАГАМ»
-Келечекте Атай Өмүрзаковдой бийчи, анан сүрөтчү болгум келет. Атай Өмүрзаковдун бийлегенин телевизордон көрүп, өз алдымча туурап үйрөнүп алгам, роботтой болуп бийлеп берейинби? (ред. каарманым сөзүнүн ушул жерине келгенде мага «Атайчасынан» бийлеп да берди) Кээде үйдө отуруп зериккенде сүрөт тартам. Айылда окуп жүргөндө мектептен сүрөт тартуудан жана окуудан алган Ардак грамота, дипломдорум бар эле, алар айылда калды. Азыр деле кагазга, таш бетине сүрөт тартып мектепке алып барсам мугалимдерим мактап, кээ бирлерин «мектептин архивине коёбуз» деп алып калышат.
Мындан тышкары футболго кызыгам. Бир жолу акция жүрүп мен 2 топ, бөбөгүм 1 топ утуп алганбыз. Бош убактым болгондо ал топторду алып чыгып коӊшу балдар менен көчөдө футбол ойнойбуз. Бир классташ кызымды жакшы көрөм. Анын жакшы окуганы, тыкан жүргөнү жагат. Эгер эмгекчил болсом, ал да мени жактырат деп ойлойм.

«ЭГЕР МЕН ПРЕЗИДЕНТ БОЛСОМ...»
-Мурда президент болгум келчү. Эгер президент болсом көчөлөрдү оӊдоп, кедейлерге жардам берип, үйү жокторго үй салып бермекмин. Шаардын тазалыгын сактоого кам көрүп, таштанды ташыган машиналарды көбөйтүп, көчөгө таштанды калтырбайт болчумун. Жаман жолго баргандарды, уурулук кылган балдарды кармап, тарбияламакмын. Мындан тышкары чоӊ кишилер кичинекей балдарды уурдаганын, ата-энелер балдарын көчөгө таштап кетишкенин азайтышса Кыргызстан оӊолмок. Мен өзүмдүн ата-энеме ыраазычылыгымды билдиргим келет. Көп бир тууган болсок да бизди таштабай багып-чоӊойтуп, окутуп жатышат. Мугалимдериме да ыраазымын. Айылдан келгенде анча окуй алчу эмес элем, азыр ударникке жетейин деп калдым. Көбүнчө музыка, сүрөт жана орус тили сабактарына кызыгам.
Коробка тапшыруудан кечигип калбасын дедиби же бул жакта «конкуренция» күчпү, айтор, каарманым мени менен маектешип көпкө туруп калганынан апасы ары жактан «тезирээк бул жактарды тазалай салалы» деп чакырып калды. Аз өтпөй базардын ар кайсы тарабынан коробка көтөргөн 20га чукул чоӊ кишилер, аялдар чыгышып, күн батыш тарапка жөнөштү. Арасында аларды ээрчиген жаш балдар жүрөт. Бешиктен бели чыкпай жатып мындай оор жумушка байланган балакайларды карап бир чети бооруӊ ооруса, бир чети ата-энесинин колуна кол, бутуна бут болуп жардам берип жүргөндөрүнө ичиӊ жылыйт.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



"Кээде чогулткан коробкаларым суу болуп, өтпөй калат"

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  12 
Комментарийлер(56)
20.05.2015. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
cалам супер инфо инденезияда кармалган жибек деген кыз эмне болду караштырып корбойсуздорбу
Медиа-портал
20.05.2015. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаааным, сен бой жеткенде баардык тилектерин орундалсын. Аллахым озуно бир туугандарына узун омур тартууласын. Таза тилектерин Кудайдын кулагына жетсин. ((((((((Мунун баары убактылуу... Сенин да кочондо майрам болчу кун келет...
Медиа-портал
20.05.2015. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
акылдуу бала экен депутаттар айтпаган нерсени айтып атат. аллахым ойюна жеткирсин.
Медиа-портал
20.05.2015. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийи байкушум. Мен уй-булодо кандай кырдаал, абал болбосун, балдардын иштоосуна каршымын. Балалык ойноп кулууго берилген. Жашоо кээде акыйкатсыз, бироо баарын берет, ал эми бироо кыйналып жашайт((((
SUPER.KG видео
20.05.2015. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай ыйлагым келди кичине болсо да акылын айтып арак жок кылмакмын деп, арак ичкендер конулун калтыргандай.
SUPER.KG видео
20.05.2015. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Келечегин кен болсун.Ылайым Аллахым тилегине жеткизсин.Кыргызстандын керегине жараган жигиттерден болуп чоной.
Медиа-портал
20.05.2015. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
биздин депутаттар да мынчалык денгеелде суйлой алышпаса керек . бир жакка барышса 2 саат бироо жазып койгон кагаздарын онтолоп окуп беришет кагаздан башын албай.бул бала кичинекей болсо да аябай жакшы интервью бериптир .азаматсын
Медиа-портал
20.05.2015. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат. Кыйынчылык коргон баладан келечекте мыкты инсан чыгат, ата энесине эркелеп оскондорго караганда. Бирок, билим жагына да конул буруш керек.
Медиа-портал
20.05.2015. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тел номеринди жазып койсон мен сенин коробкаларынды сатып алам Мага уйдун устуно кооп кробка керек.
Медиа-портал
21.05.2015. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ото окунучтуу минтип балалык кези иш м-н отуп жатканына.бактылуу болуп ойлогон ойлоруна жетсен экенсин кудайым озу колдосун.Артында отурган гилтейген эркектер деп да айталбайм манкурттар ойноп отурат.
Медиа-портал
21.05.2015. 03:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
албетте БАШЧЫЛАРЫБЫЗ кунолуу элди эч качан ойлобойт оздорунун курсагын ойлойт.бизге Путинге окшогон президент к-к.
Медиа-портал
21.05.2015. 03:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Келечегин кен болсун ылайым!
21.05.2015. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Келечеги кен бала! Кудайым тилегенинди берсин, ооруба иничегибиз!
Медиа-портал
21.05.2015. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ден соолугун чын илимдуу билимдуу бала бол тилеген тилегине жет.
Медиа-портал
21.05.2015. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kozgo jash aldym go korup
...Azamatsyn bar bol!
Медиа-портал
21.05.2015. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
өз эмгеги менен тапканы жакшы. өмуру узун,ден-соолугу чын,алдыга койгон ой-максаттары ишке ашсын!!!
Медиа-портал
21.05.2015. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ийгилик...сендей балдар кобойсун
21.05.2015. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иничек омурун узун болсун
SUPER.KG видео
21.05.2015. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым эки эки дуйно бакытты насип эткен болсун! Ыйлаттын! Ойносо оюнга тойбой турган кезин экен!
21.05.2015. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Okup jatyp Kyrgyzstanda bir ele emes dalai kyiynchylyk korup osup jatkan baldar esime keldi . Kyrgyzstanym onugup bizdin zeenduu kulundarybyzdyn maksatyn orundatsa degen gana oi kelet. Balaga raxmat , anyn akylduulugu meni tandantty!
22.05.2015. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иий садагасы аман бол, келечегин кен болсун ылайым.
Медиа-портал
22.05.2015. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллах тилегини берсин.
22.05.2015. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карачы кичинекей баланын оюнун тазалыгын, ылайым тилегин орундалсын, билимдуу озун ойлогондой бийликке келип, тилегинди орундат садагасы.
Медиа-портал
23.05.2015. 04:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдан акылдуу бала экен.Ата энеси жакшы тарбия бериптир. Кайра-кайра ууруларды жок кылуунун айласын ойлоп жүрөт.Ак эмгек менен акча таап жүргөнүнө ушунчалык кубандым.Азаматсың!Жакшы окуп жакшы ийгиликтерге жетишиңди каалаймын!
24.05.2015. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын иним. Аллах тилегинди созсуз берет. Мен дагы 90 жылдары сен жургон ош базарда атам рааматылык менен тачки туртчумун. Аллага шугур азыр чон жерде жоопкерчиликтуу жумушта эмгектенем. 4 баланын бактылуу атасымын.
24.05.2015. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец Максат, ушундай нерсени алып чыкканын жакшы.
Медиа-портал
24.05.2015. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кен келечек тилегини кудай берсин.
Медиа-портал
25.05.2015. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тилегин орундалсын ылайым!
Медиа-портал
28.05.2015. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неге кээ бир комменттердин тушунда "Супер-Инфо" деп жазылып туат?))
Медиа-портал
28.05.2015. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dina, ал макалага жазылган комментарий, ошол эле "Супер-Инфонун" макалалар жагына кирсеңиз, видеонун комментарийлери "Медиа-портал" деп турат.
Медиа-портал
28.05.2015. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эльвира Караева, айии сонун фокускен, рахмат.
Медиа-портал
29.05.2015. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым ниетине жеткирсин аябай акылдуу бала экен азаматсын
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: