Табылды Эгембердиев: «СӨӨГҮМДҮ ТООЛОРГО ЖАКЫНЫРААК КЫЛЫП КОЙГУЛА»

№655 22-май-28-май, 2015-ж


16-май күнү айыкпас дарттан улам келбес сапарга узады. Анын ээлеген орду бүгүн бош калып, дагы бир жакшы адамды арабыздан жоготконубузду жакындары жана санаалаштары эле эмес, калдайган кыргыз журту сезип турду. Улуттук суусундугубуз жарманын даамын жайылтып бергенине, ата мурастарын аздектегенине, байлыгына манчыркабай жалпыга бирдей жөнөкөй мамиле кылганына, бийлик көксөбөй эл арасында карс-карс күлүп жүргөнүнө, кыргызды даӊазалай берчү сөзмөрдүгүнө бардыгыбыз ыраазы болуп, аны жакындан тааныбай туруп эле жакын тутуп жүрүптүрбүз. Табылды Бердигулович эмес, Табылды агай, Табыке, Табыш деп атап алган экенбиз...

КОЙ КАЙТАРГАНДАН ТАЖАП, БИЛИМГЕ УМТУЛГАН
19-май күнү Бишкектин чет жакасындагы Көк-Жар айылындагы «Супара» этно-комплексинде калыӊ журт Табылды агай менен коштошуп турду. Бийлик төбөлдөрү, адабий чыйырдагы санаалаштары, достору жана аны жөн гана жакшы көргөн карапайым адамдар чогулуп эскеришти.
Табылды Эгембердиев 1951-жылы Нарын облусунун Жумгал районунда туулган. Биздин гезитке берген буга чейинки маектеринин биринде ал: «Мен жетим өстүм. Байкаганым, жетим балдар бардык шарты белен теӊтуштарына караганда тыӊ келишип, көп ийгиликтерге жетишишет. Балалыгым Суусамырда кой кайтармай, тезек термей менен өттү. Кой кайтаргандан ушунчалык тажап, андан биротоло кутулгум келчү. Ошол үчүн оюнга, башкага алаксыбай, жаш кезимден билимге умтулгам»,- деп айтканы бар.
1972-жылы Фрунзе политехникалык институтун аяктап, инженер курулушчу кесибине ээ болгон Табылды агайда көпчүлүк агымга кошулуп жүрө берүү деген болгон эмес. Ал дайыма изденүүнүн үстүндө жүрчү. Эмгек жолун окутуучулуктан баштап, кийин маянанын аздыгынан куруучу-прораб болуп эмгектенген Табылды агай ал күндөрү тууралуу: «Ошол жылдары өмүрүмдө оор сыноолор башталды. Ошондо билдим, жашоодо таза маянасы менен гана өкмөттү карап отурган адам бааланбасын»,- деп эскерген эле.

ИШЕНИМДЕН КУРАЛГАН «ШОРО»
1990-жылы Табылды Эгембердиев Кыргызстан демократиялык кыймылынын уюштуруу конференциясында анын башкармалыгынын мүчөсү болуп шайланып, коомдук-саясий турмушка активдүү аралашкан.
1992-жылы Табылды Эгембердиев иниси Жумадил Эгембердиев менен айтылуу «Шоро» компаниясын негиздеген. Анын жаралып калышы тууралуу «КДКнын идеология боюнча катчысы болуп иштеп жүргөн учурум... Жыргаган айлыгыбыз деле жок. Бир күнү бизнес тууралуу сөз боло калганда «мен максым жасап сатам» десем, демократ досторум шылдыӊдап күлүп калышты, «ушуну менен кантип өнүкмөк элеӊ» дешип. Алар менин чаначтан максым куюп көчөдө отурганымды элестетип жатышты окшойт. Ал эле эмес, айылдагы туугандарым да менин максым сатып калганымдан уялып, анча-мынча учурларда сөзгө сынып жүрүшкөнүн кийин уктум. Алардан айырмаланып, иним экөөбүз максымдын келечегине толук ишенчүбүз» деп эскерип өткөн.
Интернет айдыӊында да «Шоро үчүн рахмат!» деген эскерүү акциясы уюштурулуп, жаш-кары, айылдык, шаардык дебей жалпысы агайга болгон сый-урматын, анын элесин унутпай турушкандыктарын билдирип жатышат.

«ЖЕТИШПЕЙ КАЛАМ ГО ДЕП ШАШЫП ЖАШАП ЖАТАМ»
Чынында, Табылды агай жоктон бар кыла алды. Ал жылдарда жеке ишкерлер эле эмес, мамлекет да араӊ тай-тай басып келе жаткан учуру эмес беле. Бирок ошондо да бир эсе тобокелчиликке салып, бир эсе өзүнө ишенүү менен алдыга кадам таштаган Табылды Эгембердиев, ал учур жөнүндө «Апамдын 4 кой, 2 эчкисин сатып, үйдөн эле максым жасоону чечтим. Алгач 2 казан максым жасап, базарга жөнөттүк. Балдар түшкө жетпей эле келип калышты. «Ой, эмне болду?» десем, «баарын сатып бүттүк» дешет. Эртеси күнү 4 казан максым даярдадык, ошентип уланып кетти» деп кеп салып берген.
Табылды агайдын жакын санаалаштарынын бири, жеке ишкер жана коомдук ишмер Аскар Салымбеков коштошуу зыйнатында «Табыке эс алганды билчү эмес» деп анын ашыкча мээнеткечтигин айтып өттү. «Бир эс алсаӊ боло» десек, «пенсияга чыкканда же «тиякка» барганда эс алабыз» деп каткыра сүйлөп, жанын тындырчу эмес» деп эскерди. Буга катар ал Табылды агайдын «Супара» этно-комплексин кантип курганына да азын-оолак токтоло кетти. «Мына ушул жерге кичинекей бир чатыр тигип алып, күн-түн дебей иштеп «Супараны» курган. Кийин бир жылга жетпеген аралыкта алпурушуп жүрүп, өзү кошо баткак кечип «Супара-Чуӊкурчакты» бүтүрүп койду. Ал элге жакын, табигатка жакын философияны көрсөтүп кетти. Кээде тамашалап «мен өлсөм «Ала-Арча» көрүстөнүнөн орун талашып ызы-чуу болбой, сөөгүмдү тоого жакыныраак кылып койгула деп айтчу»,- деген Аскар Салымбеков анын бир башкача жупунулугун белгилеп өттү. Табылды Эгембердиевдин сөөгү Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күӊгөй айылындагы көрүстөнгө коюлду.
Чуӊкурчак жайлоосундагы экинчи «Супара» этно-комплексин салдырып жаткан учурда Табылды агай «Спутник» сайтына маек берген. Анда Табылды агай: «Иш кылгандан артык нерсе барбы?! Бир гана арман бар, карып баратам! План көп, бирок жетишпей калам го деп шашып жашап жатам»,- деп алда бир нерсени сезгендей сөз айткан экен.

ДОСТОРДУН КОШТОШУУСУ
Табылды Эгембердиев жакын санаалаш досу, Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевди өзгөчө жакшы көрчү. Шайлообек агай досу Табыке салган «Супарада» аны менен коштошуп турду.
– Сен акылдуу болчусуӊ. Сергек болчусуӊ. Жаш баладай таза, ошол эле учурда татаал да болчусуӊ. Кирем дегендин баарына жүрөгүӊдүн эшигин ача берчү эмессиӊ. Жалган, жасалма жашагандарды, эки жүздүү адамдарды, кыргызга жакшылык кылбаган жан бактыларды жиниӊдей жек көрчүсүӊ... Такыр эле эс албай жашаган жан элеӊ. Сенин башыӊда ой-максат дегендер толтура болчу. Ошонун баарын жасайм дечүсүӊ. Сен мурутуӊ муз болуп, таманыӊ сыз болуп Чуӊкурчактын жазын жаздап, кышын кыштап жүрүп, айыкпас дартка чалдыктыӊ. Сенин колуӊ тийген жансыз таштарга жан кирип, сүйлөп турчу, сенин колуӊ тийгендин баары гүлдөп турчу... Артыӊда кулунунан ажырап, буркурап боздоп турган энеӊ калды. Энеге баласынан ажырагандан өткөн кайгы-муӊ болбос. Артыӊда боздоп-ыйлап асыл жарыӊ Жаӊылыӊ калды. Атасынан ажыраган балдарыӊ калды. Уялашыӊ Жумадил калды. Туугандарыӊ, жакын санаалаш калдайган калкыӊ калды. Сен эч качан унутулбайсыӊ. Сен атыӊды өлбөй, өчпөй турган асыл адамдардын, атыӊды өмүр бою сактай турган асыл адамдардын катарына калтырып кетип баратасыӊ. Сен эми түбөлүк эскерүүгө айланасыӊ!

Кыргыздын чыгаан уулу, «Шоро» компаниясынын негиздөөчүсү ТАБЫЛДЫ ЭГЕМБЕРДИЕВ БЕРДИГУЛОВИЧТИН кайтыш болгондугуна байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтабыз.
«Супер-Инфо» гезитинин жамааты

Жубайы Жаӊылсынзат Турганбаева менен.

Табылды агайдын күлгүндөй курагы.

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg

Сүрөттөр «Шоро» ишканасынын басма сөз кызматынан алынды.



"Шоронун" негиздөөчүсү Табылды Эгембердиевдин сөөгү жерге берилди

Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(36)
Медиа-портал
19.05.2015. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу топурагы торкоо болсун.
SUPER.KG видео
19.05.2015. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз учун куйуп, бышкан инсан эле. Табылды агайдай оригинал адам кайра табылбайт. Табылса да анын жараткан ийгиликтерин жараталбайт. Алтын ага, коркпой жатыныз. Карангы жериниз жарык болсун.
SUPER.KG видео
19.05.2015. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахым мээримине ал билип билбец кылган куноолорун кечир
SUPER.KG видео
19.05.2015. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайыныз жанаттан болсун!
SUPER.KG видео
19.05.2015. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым Бейишинен насип эткен болсун
SUPER.KG видео
20.05.2015. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах билип билбей кылган куноолорун кечирген болсун.(
SUPER.KG видео
20.05.2015. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарыбыздын бараар жерибиз ушул жер(((.Адамдар унутчаак экенбиз да.
SUPER.KG видео
20.05.2015. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы адам эле.Аллахым Фирдаус бейишин насип кылсын.Оомийн
SUPER.KG видео
20.05.2015. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайыныз жаннаттан болсун!!
SUPER.KG видео
20.05.2015. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колдо бар алтындын баркы жок болуп, Эми коз отуп Кётен сон артынан ал мындай эле, тигиндей эле деп калабыз. Ошол козу барда барктабайт белек... Пендекенбизда. Арты кайырлуу болсун. Уулдары кыздары калтырып кеткен ишин аркалап улан сын.Аллах ыраазы болсун!
SUPER.KG видео
21.05.2015. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жериниз жайлуу болсун
SUPER.KG видео
22.05.2015. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым кабыр азабынан сактасын?
Билгендер болсо айтып койсонуздар,шоро жаны чыга баштаганда аны ойлоп таап элге алып чыккан киши каза болуптур ал кишиге шоро жасоону апасы уйроткон экен деген кеп тарады эле го.

SUPER.KG видео
22.05.2015. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун!!!Билип билбей кылган куноолорун алла таалам озу кечирсин.ООМИИН!!!!!!!!
SUPER.KG видео
22.05.2015. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АЛЛА таалам чыныгы дуйнонун шоросун сунсун сизге эми.
Медиа-портал
22.05.2015. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаны жайлуу болсун.
25.05.2015. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун.Алаах Таалам билип билбей кылган куноолору болсо кечирсин, жаннат насип этсин! Оомиин!
25.05.2015. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jatkan jeruniz jailuu bolsun...
25.05.2015. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайыныз жаннатан болсун
25.05.2015. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Табылды агай мен сыймыктанган кыргыздын накта инсаны болчу. Аллах аз омур бериптир бирок сиз татыктуу жашадыныз артынызда бут кыргыз эли сыймыктанчу Шоро калды. Жаткан жериниз жайлуу болсун!
26.05.2015. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шорого рахмат. Эл эмгектен эскерсин
26.05.2015. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jatkan jeru jailuu bolsun
26.05.2015. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун!
27.05.2015. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аганын соогу агарып, башы которулуп, жанаттан орун алсын,Биздин кыргыз элибиздин арасында, кыргыздын кыргыз экендигин , жана кыргыздардын очпос ар кандай таланттары коп экенин корсотуп , сездирип турган пенделердин саны кобойсо кандай жакшы болмок.
27.05.2015. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жайы жаннаттан болсун!Эч кимге окшобогон онору озгочо адам болчу!Артында кыргыз эли учун пайдалуу из калтырып кетти!
29.05.2015. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болуп карангы гору жарык болсун. Элге чоон жардамын тийгизген жакшы адам катары тааныйбыз. Чоон рахмат чанкаганда чарчоонуу баса турган улуттук суусундугунузга.
29.05.2015. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кош Табылды ага.!!Жаныныз бейиште болсун!!
29.05.2015. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олумдун кадырын оксугон жан билет дегендей менда бул дуйнодо коп жакын адамдарымды жоготтум ошондуктанбы Табылды агабыз бул дуйнодон келбес сапарга узап жатканын коруп ыйладым .Кыргыз болгондон кийин баарыбыз бир тууган эмеспизби дагы бир жакшы ишмер агабыздан айрылдык жаткан жери жайлуу болсун .Пенде болгондон кийин куноосуз адам болбос билип билбей кылган куноолорун аллахым кечирсин оомийин
30.05.2015. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун.Артында калган жакындарына Кудай кайрат берсин.Анын иши улантылса экен. Кайсы жерге коюлду, түшүнбөй калдым.
31.05.2015. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу, топурагы торкоо болсун.
31.05.2015. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бейиши болсун.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: