«БИЗ ЖАКШЫ ОКУСАК, КЫРГЫЗСТАН БАТ ЭЛЕ ОӉОЛОТ»

№655 22-май-28-май, 2015-ж


12 жаштагы Руслан Съездбеков акылы тетик, сөзгө уста, мектептин алдыңкы окуучусу катары өнөрлүү бала экен. Ал 9 жашында шахмат боюнча өлкөдө биринчиликти багындырып, учурда эл аралык мелдештерде атаандаштарын артка таштап келет. Берген суроолорума ойлонуп жооп берип, маегибиз кызыктуу өттү.

- Салам, Руслан! Канча жаштасың, кайда окуйсуң?
- Саламатсызбы?! 12 жаштамын. Учурда №5-Улуттук компьютердик гимназияда 6-класстын математика багытында окуйм. Шахмат боюнча Кыргызстандагы эң жаш спорттун чеберимин. Чебердикке татыганда 9 жашта элем. Шахматтан сырткары искусствого кызыгам, дзюдо менен машыгам, каратэ боюнча да жашыл курдун ээсимин. Музыкалык аспаптарда ойнойм, көп тил үйрөнүүгө аракет жасап жатам.
- Убактың аябай тар окшойт. Бир күнүңдү кандай бөлүштүрөсүң? Үйгө жардам бергенге жетишесиңби?
- Чынын айтсам, үйгө жардам бергенге убактым тартыш. Шейшемби жана бейшемби күндөрү эртең менен туруп, музыкадан сабак алууга барам. Ал жактан комуз, фортепиано сыяктуу аспаптарда ойноого үйрөндүм. Хорго катышам. Андан соң спорттун дзюдо түрү боюнча уюшулган ийримге барып, ал жактан сабак алам. Аңгыча гимназияда сабак башталат. Ошентип кечинде үйгө келем. Үйдө 6 бир тууганбыз. Апам баарыбызга кам көрүп, үй жумуштарын кылууга да жетишет. Таштанды төккөнүм эле болбосо... Анан компьютерде көп отурам. Шахматтын түрдүү жолдорун үйрөтчү программалар бар. Машыктыруучум үйрөткөн ыкмаларды кайталап, үйдөн да машыгам.
- Кыргызстандагы эң кичинекей спорттун чебери экенсиң. Эң алгачкы ийгилигиң тууралуу айтып берчи.
- Атам шахматты 7 жашымда үйрөттү. Ошондон баштап чакан мелдештерге катыша баштадым. Биринчи мелдеште бир кыйын ойногон баладан утулуп, 3-орунду алып калдым. Кийин балдар арасында Кыргызстандын биринчилигин аныктоочу мелдешке катышып, баягы утулуп калган бала менен 9-оюнда кезигишип калдым. Көпкө созулган оюндан соң аны утуп, 9 жашымда спорттун чебери болдум.
- Шахматта кандай ыкмаларды эске аласың?
- Алдын ала бир нече жүрүштү эсептеп алыш үчүн көпкө чейин ойлонууга туура келет. Логика күчтүү болуш керек. Математиканы жакшы билиш зарыл го дейм. Ушул себептен да гимназиянын математика багытын тандап алгам.
- Бардык эле адамдар кыялданат да. Сенин кандай кыялдарың бар, келечекте ким болгуң келет?
- Шахмат боюнча мелдештерге катышып, бир нече өлкөлөргө чыгып келдим. Ал жактагы өнүккөн мамлекеттерди, шаарларды көрүп биздин Кыргызстан дагы бир учурларда ушундай өнүккөн мамлекетке айланат деп кыялданам. Ал үчүн биздей болгон балдар жакшы окуп, татыктуу билим алышы керек. Кошуна мамлекеттерди кууп жетип, алардан ашып өтүшүбүз керек. Мен келечекте каржы министри болсом деп кыялданам. Мамлекетке салым кошуш үчүн сөзсүз эле президент болуш керек эмес да. Эгер мен каржы министри болсом каражатты туура бөлүштүрүүгө, мугалим, врач, спортчуларга, жардамга муктаж адамдарга акчаны туура жана жеткиликтүү бөлүштүрмөкмүн. Башка өлкөлөргө чыкканда биздей шахматчыларын ар бир мамлекет абдан жакшы каржылап, бардык муктаждыктарын чечип беришет. А биз болсо өз каражатыбыз менен барып, анан колдоо жок эптеп кайтып келебиз. Спортчуларды колдоо - менин эң алгачкы кыялым. Мисалы жакында Сочи шаарына барып келдик. Ал шаардын мындан 5-6 жыл мурунку эле көрүнүшү менен азыркысын салыштырсаң тааныбайсың. «Дөңсөө шаар» деп коюшат экен. Эми ошол дөңсөө шаар спорт комплекстери, стадиондор, түрдүү спорттук оюндар өтүүчү жайларга толуптур.
- Чет өлкөгө көп чыгат экенсиң, кээде ошол жактарда калып окуп, жашап калууну пландабайсыңбы?
- Окуп келсе жакшы. Анткени мен башка өлкөгө мелдешке убактылуу чыкканда эле Кыргызстанды сагынып кетем. Окуп, билим алышым мүмкүн, биротоло калбайм. Мага биздин Кыргызстан эле жагат. Ата-энем, бир туугандарым, досторумдун бардыгы бул жакта, анан жылуу сыяктуу сезилет.

Руслан менен көпкө баарлаштым, анын таттуу кыялдары орундалчу болсо, Кыргызстан өнүккөн мамлекеттин катарын тез эле толуктачудай. Уулун ээрчитип келген атасы Създбек мырза дагы «баламан көптү үмүттөнөм, колдоо көрсөткөнүңүздөргө рахмат! Бул да болсо стимул болот, алгачкылардан болуп кол сунуп жатасыздар» деген оюн айтып, ыраазы болуп өттү.

"Шахмат боюнча өлкөдө биринчиликти багындырып, чемпион болдум".

"Агам, иним, карындашым баарыбыз теӊ шахматтан ийгиликтерди жаратып келебиз. Бири-бирибиз менен ойноп машыгабыз".

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



Жаш шахматчы Руслан: "Келечекте каржы министри болом"

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(19)
Медиа-портал
22.05.2015. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын иничек кен келечек кыргыздын намысын коргогн чыгаан уулдардан бол ийгилик.
SUPER.KG видео
23.05.2015. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Русланчик ийгилик сага жана да ден соолук каалайм сендей балдар кр - да коп болушун каалайм и мен да кичинекей кезимде уйронгом шахматты
SUPER.KG видео
24.05.2015. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын ийгилик атагы чыккан шахматист бол
Медиа-портал
24.05.2015. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баракелде тилегине жет.
Медиа-портал
24.05.2015. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет?Финансы министри болом деген тилегине жет!Ар бир суроого маанилуу,чон кишидей жооп бергени тан калтырды.Азаматсын
25.05.2015. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец! кыялдарын орундалсын!
25.05.2015. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат!!!Ушунчалык толкундандым. Уй булодогу таалим тарбия деген ушулда. Баарынар коп коп ийгиликтерге жетишип дуйнону багындырып журо беришсин. Тарбия берип жаткан ата энесине мин алкыш!!!
25.05.2015. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат ниетине жет
SUPER.KG видео
26.05.2015. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец
26.05.2015. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кээ бир балдарга ата энеси мындай шарт тузбойт А бул балага атасы бардык шартты тузгон экен музыкалык курска спортко жеке менчик мектепке барса Анан кээ бир шарты бар балдар окубайт Ушундай бироого бар дуйно бироого зар дуйно бироого кар дуйно
28.05.2015. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Erniet,эн туура,сага кошулам.
Ата-энесине ыраазымын. Келечеги кен бала. Тилеги оорундалсын. Ата-энесине, бир туугандарына, озуно чын ден соолук, узун омур, бакыт каалайм.
26.05.2015. 03:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай бактылуу уйбулоо. Коз тийбесин. Ооба Кыргызстандын келечеги мына силердин колунарда, биздин балдарыбызда. Татыктуу тарбия берген ата энесине алкыш.
26.05.2015. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын! Кудайым тилегинди берсин!
26.05.2015. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат. Тилегинден сенин. Жаштын тилегин берет дейт. Буйруса Кыргызстан онолот!
28.05.2015. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иий айланайын,абдан жакшы бала экенсиң,өмүрлүү бол!Сенин акылың жеткен нерселерге, кээде чоң эле кыз же жигиттердин акылы жетпейт деп ойлойм.Кулактарына наушникти тыгып алып, башкалар менен да, айланасындагы жашоо менен да иши жоктор көбөйүп бараткандай.Анан сөгүнүп,түкүрүнүп жүргөндөрдү көрүп,"ушулар биздин келечегибизби" деп кейип кетесиң.Бирок Русландын маегинен, и-и жакшы жаштар да бар турбайбы деп сүйүнүп калдым.
28.05.2015. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай жакшы кабарлар кундон кунго кобойо берсин.
29.05.2015. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ата–энесине рахмат!))) ушундай мыкты баланы тарбиялап, остуруп, бут условияны тузуп берип атканына! Молодец!))
31.05.2015. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай аракетчил балдардын кыргыз элинде кобойо беруусундо ата-эненин салымы чон! Ошондуктан балдарыбызга жакшы тарбия берип, бардык жактан колдоо корсотолу. Балдар биздин келечегибиз!
02.06.2015. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы тарбия берип, мыкты шарттарды тузгон ата-энесине - азаматсыздар демекчимин. Балдарга салган инвестицияныздар созсуз кайтат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: