«АКЧАГА, АТАК-ДАӉККА ТҮКҮРДҮМ, АТА-ЭНЕМДИ КАЙТАРЫП АЛГЫМ КЕЛЕТ»

№656 29-май-4-июнь, 2015-ж


1-Июнь – Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнү. «Супер-Инфо» гезити ушул күнү гана жеткинчектерди эстеп, алар тууралуу макала даярдабастан, балдар маселесин дайыма көтөрүп келет. Кыргызстандагы балдар кандай билим алышат, кантип ийгиликтерге жетишишет, кандай күндөрдү башынан кечиришет, дегеле алар эмне менен алек болушат? Калктын ар түрдүү катмарынан жаш каармандарды таап, алардын жашоо-турмушу менен сиздерди тааныштырабыз.
Санжар Мирбек уулу – биздин кезектеги жаш каарманыбыз. Тоголок Молдо атындагы жатак мектебинин 7-классында окуган Санжардын чоӊ кишидей ой жүгүрткөнүн, жүрөккө жеткен ырларын угуп, каарманымдын келечеги кеӊ болсун деп тилек кылып отурдум.

«АПАМ ЖАКШЫ ОКУ ДЕЧҮ»
– Бостери айылынан болом. Көлдүк болгонум үчүнбү Ысык-Көлдү аябай жакшы көрөм. Дем алыш күндөрү сабактан бошогондо ал жакка байкемдерге барып турам. Бостериде байкем менен иштеген күндөрүм эсимде. Ал жакта жашаганымда экөөбүз тойлордо сүрөт чыгарып акча тапчубуз. Негизи мен кичине чагымдан эле иштеп баштадым. Иштеген, акча тапкан мага жакчу. Көлдө сезон башталганда унаа токтотуучу жайда иштедим, кол чатыр саттым. Мектепке керектүү буюмдардын баарын өзүм сатып алчумун. Апам да мени менен сыймыктанарын айтып, бирок ал көбүрөөк жакшы окушумду талап кылар эле. Атам мен кичинекей кезимде эле өтүп кеткен. Анан... Апам жүрөк оорусунан кайтыш болуп калды. Апам жок эч нерсеге көӊүлүм чаппай, окугум да келбей калган. Кийин «Бишкектеги Тоголок Молдо атындагы жатак мектебинде аябай жакшы окутат экен» дегенди угуп калып, бул жакка келүүнү чечкем. Адегенде көнө албай жүрдүм, бирок бул жактагы балдар, агай-эжекелер, директорубуз Рустам агай мага аябай чоӊ жардам беришти. Азыр баары жакшы. Дем алыш күндөрү айылга барып келгенче мектебимди сагынып кетем.

«КУДАЙ МҮМКҮНЧҮЛҮК БЕРСЕ...»
– Эгер мага Кудай «Каалаган нерсеӊди жасаганга мүмкүнчүлүк берем» десе, мен убакытты артка кайтармакмын. Мурда математиканы жакшы окубай коюп, апамды капа кылып алгам. Азыр «5ке» окуп жатам. Убакытты кайтарып, жакшы окуп, мыкты баалар менен апамды кубантмакмын. Апамды сагынып ыр жазгам. Бирок ал орус тилинде:

«Хочу сказать, как дела?
А с отцом? Как он?
Он соскучился по вам?
А по нам?
Да, мы тоже скучаем по вам обоим...
Мама, я наплевал на деньги,
Наплевал на славу, наплевал на всё.
Теперь моя мечта не это
А хотел бы вернуть вас, вас с отцом».

Апам дайыма түшүмө кирип турат. Анын бардык тилектерин аткарсам дейм. Бостериде орус класста окуп жүрүп, тилим орусчага көнүп калган экен. Бул мектепке келгенден бери мекенчил сезимдерим ойгонду. Кыргызча сүйлөөгө аракет кылып, эне тилимде ырларды жаза баштадым. Ал ырларды азырынча эч кимге окута элекмин. Гитара черткенди былтыр бир байкеден үйрөнүп алдым. Бир жолу сонун кылып чертип бергенде, мен да гитара менен ырдагым келди. Өзүм сөзүн жазып, тиги байке обон чыгарып берди. Ыр сүйүү жөнүндө (ред. Санжар гитарасы менен ал ырды аткарып да берди).

«КЫРГЫЗСТАНДЫ СҮЙӨЛҮ»
– Мурда ырчы болгум келчү. Азыр ал каалоом жоголду. Келечекте пластикалык хирург же онколог болом. Чет өлкөдө мыкты окуу жайда билим алып келүүнү максат кылдым. Ал үчүн жакшы окууга аракет кылып жатам. Пластикалык хирург болсом адамдардын кемчиликтерин жашырып, сулуулап коём, аларга көп жардам берем дечүмүн. Бирок сулуулугун бузуп алышыӊ да мүмкүн экен. Андыктан онколог болсомбу дедим. Рак менен ооруган балдарга жардам бермекмин. Бул дартка каршы дары ойлоп тапканга аракет кылат элем. Чет жерде иштеп, тажрыйба топтоп келсем, Кыргызстанга көбүрөөк салым кошо алам. Келечекте балдар үйлөрүнө да жардам берүүнү каалайм.
Мен баарына Кыргызстанды жакшы көрөлү деп айткым келет. Митинг, коррупция дегендер болбосо эле мекенибиз өнүгөт. Негизи биздин Кыргызстанда баары жакшы го деп ойлойм. Ошого шүгүр кылышыбыз керек.

"Таэквондо менен машыгам. Жакында эле жашыл курдун ээси болдум. Буюрса, сөзсүз кара курга жетем деп турам".

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg



Санжар, окуучу: "Апама куран окуйм деп ойлогон эмесмин"

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Мелис Маматкулов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(38)
SUPER.KG видео
30.05.2015. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
омурунор узун,келечегинер кенен уул-кыздардан болгула...
SUPER.KG видео
30.05.2015. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Неге тагдыр, неге? Жок дегенде апасынан ажыратпай койсон болмок" деп ичимден озумду-озум жемелеп жаттым. Ыйлап да алдым го. Келечек силердики, жакшы окуп, максатына жет Санжар!
Медиа-портал
30.05.2015. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бар болгула бактылуу болгула келечегинер кен болсун тилегинерге жеткиле.
SUPER.KG видео
30.05.2015. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Иий садагалар десе, тилегиңерге жетип бактылуу болгула! Ой жүгүртүүлөрү терең, акылы тунук балдар экен. Жазган ырларынын да мааниси терең экен, азаматсыңар. Алдыга койгон максаттарыңар орундалсын!
Медиа-портал
30.05.2015. 05:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
buiursa baary jakw bolot In WAA ALLAH!!!!!!
SUPER.KG видео
30.05.2015. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхх журокту эздинер балапандар.омурлуу болгула садагалар.
Медиа-портал
30.05.2015. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо жараткан алла бир кем дуйно бироого кор бироого зар ата-эне жаш балдардын ата-эне мээримине зарыгып турганын коруп оксуп-оксуп ыйладым.Садага кетейин балапандар бактылуу болгула жараткан силерден жакшылыгын айябастыр келечекте ойлогон ой максатынарга жеткилечи.Супер инфо силерге абдан чон ырахмат ыраазымын ушундай балдар уйуно барып убакыт болуп балдардын ой-тилегин болушуп турганынарга
SUPER.KG видео
31.05.2015. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ылайым ойлогон ой максаттарына жеткин. Кана эми баардык балдар сендей ой жугуртсо. Буулугуп ыйлап ыйлап алдым. Омурунор узун, ден соолугунар чын болсун!
Медиа-портал
31.05.2015. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ыйладым(((кандай терен маанидеги создор)
SUPER.KG видео
31.05.2015. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да атин кылам апама эч нерсе кылалбай калганыма эч ким билбейт экен да ким кайсы маалда отуп кетерин. Менин апам да сезбей калган олгонун давления деген оору бастырып журуп алып кетет экен да. Эх! апа жаткан жериниз жайлуу болуп,жаныныз жаннатта болсун. Бейиштин торунон орун алын апа! Биз дайыма сизди ойлобуз уул кыздарыныздын сый урматын корбой кеткениниз биз учун окунучтуу
SUPER.KG видео
01.06.2015. 03:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамалактар десе! Тилеген тилегинерге жеткиле! Бирок мен бир нерсеге тушунбодум бир туугандары бар туруп интерната жашандарына...
SUPER.KG видео
01.06.2015. 03:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Интерната жашагандарына тушунбодум! Ушу кичинекей курсакты кантип тойгуза алышпайт ...
01.06.2015. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыгарган ырларын укканда ыйладым. Бактылуу турмуш, кең келечек каалайм! Эч качан сынбагыла!
01.06.2015. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
(((((Ата энени көзү барда сыйлайлы!
Тилегиңерди Кудай кабыл кылсын!!!
Медиа-портал
01.06.2015. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаратканым тилектерин кабыл алсын, буюруса баары жакшы болсо экен ушул балдардыкы
01.06.2015. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чоң ийгилектерди багындырган жигит болот, буйруса. Акылы жетик жигит экен. Көз тийбесин
01.06.2015. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ыйлаттынарго
01.06.2015. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тиленине жет окууларына ийгилик каалайм жашоодо эч нерседен кем болбо.
01.06.2015. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаным ии жаным суйлогонунон ушулардын. Бактылуу болушсун. Тилеген тилектерине жетишсин. Азаматтар.
01.06.2015. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кээ бир туугандарыныкында жашаганга караганда бул интернат алда канча ойдо. Журокту эзди...
Кыргыздар, баарынарды аябай жакшы к0ром!!!
01.06.2015. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
журогум
01.06.2015. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
келечегин кен болсун!орундуу суйлойт экен.
02.06.2015. 04:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх, журогум ( Периштелер десе, тилегинерди берсин Аллахым.
Медиа-портал
02.06.2015. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ыйладыыым(...
02.06.2015. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Супер инфо, Р. Абдыкадыровдун ырын кыяк менен катыра ырдаган жигит ушул эмесби ? Ал да Бостерилик деп уктум эле Бул эмес болсо томонку мен айткан бала боюнча маалымат алууга мумкунбу? Рахмат.
20.06.2015. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sesh_elya, кыяк менен ырдаган бала башка, бирок, ал дагы Бостерилик. Биздин Бостери таланттарга бай айыл.
SUPER.KG видео
04.06.2015. 08:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айий десе бар болгула
04.06.2015. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым тилегинерди берсин! Аябай ыйладымго(((
04.06.2015. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул да болсо Алланын сыноосу,айтышат эмеспи Айдын 15куну карангы,15куну жарык болот деп.Сен тарапкада кун тиет буйруса.Жолундан адашпа,коз тийбесин.
SUPER.KG видео
10.06.2015. 07:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Eliza810 Мен Санжардын агасымын. Биздин Санжардын курсагын тойгузганга кудуретибиз жетет. Апам каза болгондон кийин сапаттуу билим алсын деп турк лицейине да откоролу дегенбиз. Ал лицейге откон. Контрагын токконго деле бутундой туугандар болуп даяр элек. Кудай жалгап бул мектепти сунуш кылышты, бобогум отту ал жакка. Биз дагы, иним дагы окунбойт, ал мектепке отконуно. Инимдин каалоосу менен болду.Болгону апам жок дегенде болсо дейбиз. Санжарым, биз сага ишенебиз! Аман бол, жакшы оку! Эмир Элдар
Медиа-портал
14.10.2015. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bir kem duino dep koiot go, oksup oksup yilap aldym, baldardyn akylduu ekeni korunup turat, Kerbendik bala jonundo informasiya berip koisonor jakshy bolot ele, oz enesi bolo albasam da, jardam bergim kelip atat
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: