ПАРА АЛГАН МУГАЛИМ ИШТЕН ЧЕТТЕТИЛИП ГАНА ТИМ БОЛОБУ?

№657 5-июнь-11-июнь, 2015-ж


Кандай гана кесип тандабасын жакшы окуп, татыктуу билим алган адам өз ишин мыкты билген, дасыккан адис болуп чыгары талашсыз. Тилекке каршы, өлкөбүздүн жогорку окуу жайларынын көбүндө пара берүү жана пара талап кылуу күч алган. Ошондуктан акча менен окуусун бүтүрүп, дипломго ээ болгондордун саны да арбын. Ошол биз ишенген адистер адам укугун коргоп, оорулууга операция жасап дарылап, билим берип, эл башкарып, маданият тармагын тейлеп жатышат. Алар канчалык деӊгээлде калкты канааттандырууда? Биз бул жолу окуу жайлардагы акча менен бүткөн сессия тууралуу кеп кылмакчыбыз.

«МУГАЛИМИБИЗ 8000 СОМ МЕНЕН КАРМАЛДЫ»
Бишкек шаарындагы Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин кыргыз-кытай тили факультетинин 2 студентине жолуктук. Алардын айтымында, 26-май күнү университеттеги англис тили кафедрасынын жетекчиси, М.А. аттуу мугалим 8000 сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Анын пара талап кылганын укук коргоо кызматкерлерине кабарлап, аны ашкерелөөгө белсенген аталган окуу жайдын 4-курсунун студенти Айжамал Качкинбаева төмөнкүлөрдү айтып берди: – Бул факт! Ал мугалим студенттерден биринчи жолу акча алып жаткан жок. Ооба, бардык эле окуу жайда мугалимдердин көпчүлүгү пара алат. Буга студенттер өздөрү да күнөөлүү. Бирок М.А. кызмат абалынан аша чаап пайдаланып, акылга сыйбаган ставкаларды коюп, буга чейинки муунду деле зыркыратып келгени чындык. Биз бул мугалимдин колуна түшө электе эле жогорку курстун студенттери «А. силерге көргүлүктү көрсөтөт» дегендерин угуп таӊ калчубуз. Айткандай эле көкөйгө көк талкандай тийди. Тайпабыз менен сүйлөшүп, былтыр дагы эки жолу аны карматалы дегенбиз. Бирок арабыздан бирөөлөр ага жеткирип койгон окшойт. Сессия баштала электе эле колуӊардан эч нерсе келбейт деген мааниде тайпадагы баш көтөргөндөрдү опузалап кирген. Мунусунда бул тууралуу эки гана студент сүйлөштүк да, ишке ашырууга аракет жасадык.
26-май күнү Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматына арыз жазып, жаныбыздагы болгон акчаны чогултуп, өзү койгон ставка – 8000 сомго толуктадык. Купюраларга белги койдуруп, окууга жөнөдүм. М.А. эч качан өз колу менен түз акча алган эмес. Анын сабактарын ортодогу өзү шайлап койгон ортомчу студенттер бүтүрүшөт. Кыскасы, М.Анын «иштерин» бүтүрчү ортомчу студентке акчаны бердим. Бирок укук коргоо кызматкерлери аны аӊдып жүргөнүн байкап калып, мага окуу жайдын ашканасынан жолугуп, «А. бир гана сенин акчаӊды алуудан баш тартып жатат, өзүӊ бүтүр» деп акчаны берип кетип калды. Кудай жалгап, ашканада дагы бир ортомчусу тамактанып отуруптур. Ал кызга барып акчаны карматып, киргизип жибердим. Көп өтпөй укук коргоо кызматкерлери мугалимди өз иш бөлмөсүнөн белги коюлган акчалар менен кармашты. Жалпы сумма 11 000 сом экен. Ал эми 3000 сом дагы бир студент кыздын баа койдуруу үчүн берген акчасы экени кийин аныкталды.

«АЛ ДАГЫ ДЕЛЕ ОКУУ ЖАЙДА ИШТЕП ЖАТАТ»
«Акча берген жокмун. Тырышып окусам дагы араӊ «4» коюп берди. А. өзү келип сабак өтчү эмес, анын ордуна кафедранын лаборанты кирчү» деген экинчи студент Жылдыз Турдумаматова аталган мугалимге чара көрүлөт деген ишеничте.
– Башында тайпабыздагы бардык студенттер сабактан калбай келчүбүз. Андан кийин 18 гана студент келип окуп калдык. Анткени башкалары "окууга келсек да, келбесек да акча менен бүтүрөбүз" деп калышты. Башында англис тили сабагын А. эмес, кафедранын лаборанты өтүп жүрдү. А. сессия жакындаганда эле пайда болуп калды. Студенттерге өтө начар мамиле кылат. Эгер өз таламыӊды талаша албасаӊ же жөн эле ага жакпай калсаӊ, башыӊдан ылдый карап туруп баа койбой басып кетет. Ал акча талап кылуу үчүн программада жок оор темаларды берип салат же жөн гана жактырбаганын билгизип баа койбой коёт. Айла жок, студенттер акча ала чуркашат. Ставкалары да укмуш кымбат.
Мен акча бербей эле баа алдым. Ал мага «сенин тайманбаган мүнөзүӊдү баалап «4» коюп берейин, болбосо «3» алмаксыӊ» деп жатып коюп берди. Ал эми Айжамал дагы деле баа ала элек.
Эми мугалимдин үстүнөн кылмыш иши козголду. Бирок ал окуу жайда дагы деле иштеп жүрөт. Эмне, ага чара көрүлбөйбү? Калган студенттер эми кантип баа алышат деп
таӊ калып жатам. Аталган мугалим буга чейин дагы Эл аралык университеттин студенттеринен пара алып кармалып, куулган экен. Анан кандайча БГУга келип иштеп калганы белгисиз.

«ИШ СОТКО ӨТӨ ЭЛЕК»
Бул боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын маалымат кызматынын кызматкери Шакир Мусаровго байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– 26-майда биздин кызматкерлер М.Аны пара алып жаткан жеринен колго түшүрүшкөн. Анын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 225-беренеси (кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу) менен кылмыш ишин козгогон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Болжол менен 1 айдын ичинде кылмыш боюнча тергөө иштери аяктап, сотко өткөрүлөт. Анын күнөөлүү же күнөөлүү эмес экенин сот чечет. Соттун чечиминен кийин гана окуу жайдын жетекчилигине тиешелүү маалыматтар берилип, мыйзамдын негизинде чара көрүлөт.

«КОМИССИЯ ТЕКШЕРИП ЖАТАТ»
К.Карасаев атындагы БГУнун юрист-консультанты Нурлан Махмутов окуя боюнча буларга токтолду:
– Бизге укук коргоо кызматкерлери тарабынан дагы, арыз берүүчү студенттерден дагы арыз же маалымат кат түрүндө келип түшө элек. Бирок аталган окуяны иликтөөгө алуу үчүн окуу жайдан курамында юрист, профсоюз мүчөсү жана башка кызматкерлерди камтыган атайын комиссия түзүлүп, иш алып барып жатат. М.А. ээлеген кызматынан убактылуу четтетилген. Комиссия укук коргоо кызматкерлеринин чыгарган чечимине карап жана студенттерден келип түшкөн арыздын негизинде жыйынтык чыгармакчы. Ал эми М.Анын ордуна экзамендик сынактарды башка мугалим кабыл алат. Аны окуу бөлүмү дайындайт.
Юристтердин берген маалыматына караганда, азыр ЖОЖдордун мугалимдери мамлекеттик кызматкерлердин катарына кирбей калган. Ошондуктан аларга пара алуу беренеси менен кылмыш ишин козгоо мүмкүн эмес. Тактап айтканда, ЖОЖдордун мугалимдери пара алган жагдайга 225-берене гана ылайыктуу экен. Эгер мындай иштер ортодо "сынбай" айыпталуучу күнөөлүү деп табылса, ал административдик жазага же 120дан 180 саатка чейин гана коомдук иштерге жазаланат.

«Супердин» сурак бурчу
Пара бербей сессияны бүтүрүүгө болобу?
Айбек Жыргалбеков, КУУнун студенти:
– Негедир ЖОЖдордо сессия десе эле көпчүлүктүн оюна эӊ биринчи пара берүү келет. Пара берүү же алуу ар кимдин өз жоопкерчилигинен жана абийиринен көз каранды. «Келининде да, керкисинде да бар» дегендей, буга мугалим да, студент да күнөөлүү. Аны моюнга алыш керек.

Айканыш Ибрагимова, КУУнун студенти:
– Албетте, болот. Жакшы окусаӊ, эч ким сенден акча талап кылбайт. Бирок бардык эле сессия ийгиликтүү бүтө бербейт. Анткени жыл сайын сабактын өзгөрүшүнө жараша мугалимдер алмашат да. Кээде айрым мугалимдер жакпай калсаӊ деле кыр көрсөтүп, акча талап кылган учурлар болот...

Нургазы Аматов, КОСУнун студенти:
– Мен сырттан окуу бөлүмүндө окуйм. Университет жетекчилери пара менен күрөшөбүз дешет, бирок окуу жайдын ичинде эмне болуп жатканын билишпейби же көз жумушабы, айтор, пара берүү көндүм нерсе. Студент менен мугалим кайсы предметти канча сом менен бүтүрсө болорун жашырбай, ачык эле сүйлөшүп алышат.

Эрлан Турдалиев, КУУнун студенти:
– Азыр окуу жайларда мугалимдердин акча алуусу абдан күч алып, тамырын кенен жайган десек болот. Буга студенттер өздөрү түрткү болушат. Мисалы, мен математика сыяктуу так илимдерди үйрөткөн сабактардан оӊой эле баа алам. Бирок маселе жараткан сабактарга акча берүүгө туура келет.

Улукбек Торгоев, ЫМУнун студенти:
– Албетте, болот. Студент акча беришти же бербей коюшту өзү тандап алат. Сабактарга кирбесе, лекцияда отурбаса, кайсы тема өтүлүп жатканын билбесе, сессия учурунда жоопту асмандан алып бере албайт да. Бирок менин окуу жайымда билсеӊ да акча талап кылган мугалимди көргөн эмесмин.

Гулиза Төлөнбай кызы, БГУнун студенти:
– Өз күчү менен бүтүргөнү да, пара бергендери да бар. Ооба, мугалимдердин студенттердин окуган аракетин баалабай, китептерин таӊуулагандары кездешет. Ошондой эле студент окуп келмейинче баа койбой, акча албаган адилеттүүлөрү да бар.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



Студенттер окутуучусун пара менен карматышты

Автор: Динара Абдыкадырова
Оператор: Мелис Маматкулов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(45)
Медиа-портал
06.06.2015. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акчаны сабак билбеген, сабакка барбагандар гана берет! Суйлогондорунон эле билинип турат, канчадан бери китеп ачпагандары... Окуган студентке мугалим созсуз баа коюп берет. Мен мисалы бир сом бербей окуу жайды бутком. Окууга келбеген "двоечниктер" ушул кыздардай муноздо, журум-турумда болушчу!!!Эжейинерге кудук казыптырсынар, ошол кудукка озунор тушуп калбасанар экен!
SUPER.KG видео
07.06.2015. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эгер студент сабакты калтырбай ,берген тапшырмасын убагында жасаса мугалим созсуз коёт бааны.
Медиа-портал
07.06.2015. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul kiz ozu aytip atkandai, sabakti 3ko bilse anda korkpoi ele ekzamenge kirip,alchu 3 alip basa berbeit bele deim da. Tigi mugalim bawka prinsipke turup ozu tapwirgan studenterge 3 koiso, buga dele koimok da tyyrabi
Медиа-портал
07.06.2015. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
En kiziktyysy KGUSTAnin airym mugalimderi uwundai nerselerden korkup, akchani yiloruno alip keldirip atiwat,mintip oturuwsa emki jildan bawtap srazu ele bankovskiy chetuna kotorturuwat go.
Медиа-портал
07.06.2015. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Men okup jurgondo dagi anglis tilinen bergen ejeim abdan tili zaar, uruwchaak ele, gruppada 30 student elek, 30tun 2si kana sabagin kaltirbai barchubuz, (en kizigi al ejei bizdi uruwchu da bawkalar kaida jurot depchi)birok ayaginda tigi 28student takir baa koiboi artinan churkatti, a bizge avtomat 4 koup bergen
Медиа-портал
07.06.2015. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Куноонун баары студенттерде, жакшынакай болуп сабактарын калтырбай катышса эле койуп берет.
Билбесен деле.
SUPER.KG видео
07.06.2015. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
барбай журуп алып акырында ушинткен студентерчи. Мээсинде балееда жок. Ушул жерден пайдаланып менда айтып алайын мен 2006-жылы окууну бутуп И. Арабаев атындагы университетин астындагы МТМИнин журналистика факультетине тапшыргам. 1-2курста этика эстетика деген сабактан Бакыт Мааткеримов деген деген агай оккутчу. Жооп берчук сабакты калтырчу эмесбиз ошентсе деле ар семинарда 200сомдон топтойт элек. Ал убактан мен сабактан кийин кечке иштеп 70сом табат элем кафеде ийдиш жууп. Агай уйунуз буткондур)
SUPER.KG видео
07.06.2015. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Агайга аябай наразы болгом жайкы семинар жакындап калган терезе ачык анан эшике чыгып келеин деп суранып баратып эшикти ачып жапсам сквазняк болуп эшик тарс деп жабылып кетти ошону эшикти катту жаптын деп менден 350сом алган мен мектепти жакшы аяктаганга атам анда 70теги киши эле акча берип окуйт дегенди тушунчу эмес выходнойдо талаада иштегем пыяз сортогом иий акча берем деп нелер болгом. Уй куруп атат экен деп группалашым айткан. Менин коз жашыма курган уйунуз куттуу болсун.
SUPER.KG видео
07.06.2015. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Англис тилин жон коюп, кыргызчаны тыныраак суйлошсо кана.. эки созунун бири "Эме" же "эметип" калганы орусча . Жэ орусчасы тын эмес... Келечекти туптой турган биз, жаштар, студеттер. Кантип ушундай акыбалыбыз м.н келечекти туздой алабыз. Ээээх Жараткан Аллахым! Эне тилибизди элиме,улутума аманчылыкта сактап бер!!!
SUPER.KG видео
07.06.2015. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин тан калганым,взятка мн кармалып жаткан кишини корбой эле,бул кыздын суйлогонуно эле тийишип калдынар, ар бир адам ар кандай суйлойт. Бул жактагы проблема менимче,"мугалимдин акча мн кармалганы" ушундай "взяточниктерден" кандай муун тарбияланып чыгаарын билесинерби?!ушинтип коррупция мн курошпосок анан кантебиз? башыбызга ушундай иш тушсо,арызданабыз жашообузга"иий акча мн гана бутуп калыптыр иштин баары, KG калыстык жок"деп,ошондо гана бармак тиштейбиз!коррупцияга жол жок,жоготуш керек!!!
Медиа-портал
07.06.2015. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кунаажын көзүн кыспаса,бука жибин үзбөйт дегенге бир аз үндөшүп кетиптир. Студент сунуштап,сабакты билбей турса кантип албайт? Кыздар сабатсыз,акылсыз экенинер дааны билинип калган эмеспи??Мугалим ырас кылыптыр!!Окубаса алам деп чыксын!Сунуштап кармап берген силерге да кылмыш козголот,себеби силер да убагында бергенсинер.Паракордукка жол ачуу беренеси менен жаза аласынар!
Медиа-портал
07.06.2015. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эки аларкалар окугулада анан барибир койбойт деп сабака барбайт элек дебестен.
Медиа-портал
07.06.2015. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мугалимдеда студенттеда куноо бар.
SUPER.KG видео
07.06.2015. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура, студенттерде деле кун0о бар. Бирок окутуучу бардык жактан студенттерден ойдо болушу керек. Биз тайпада 40студентпиз сабакка жок эле дегенде калбай барабыз. Жакында 2-3мугалим такыр ээ-жаа бербей,кемсинтип эке жатып калышты бара-бара чыныгы жуздору ачыла баштады. Корсо, бир0осунун кандидатурасын жактаганга акчасы жетпей жатса, экинчиси кредит т0км0к экен, учунчусунун аялынын туулган куну экен машина алып бергенге акчасы аздык кылып атыптыр (кашайып КТРДен аялын куттукт0од0н берип озунч0 эл
SUPER.KG видео
07.06.2015. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эле р0мантик). Кээ бир акча албаган мугалимдерди аябай сыйлап, сабагынан калбай,уялып окуйбуз. Кээде окугум келбей кеткенде мугалимдеримен уялганым учун гана окуп барам. Мугалимдер арзанга сатылбай, пара бергендерди кагып, 1-2оону очисленияга кетирип к0йсо окубагандар да окуйт
Медиа-портал
08.06.2015. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дайыма ушундай англис тилден берген мугалимдер копчулугуну пара алат
08.06.2015. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озун артынан кубалап окусан коймокда акча берем убакытты коротпой дептирсин сени кошо жоопко тартса болмок менда окугам окусан сабакка келсен соонун эле коюп берет
Медиа-портал
08.06.2015. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chyndygynda universitetter oto ele korrupciyalashyp ketken. Albette arasynda jok emes adalga jakyn mugalimder. Birok, kopchulugu akcha alyshat. Kee bir mugalimder akcha bergenge majbur kylashat. Kyskasy kanday kelechek bolooru oygo salat
08.06.2015. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кекиртек кекиртек далай жерге секиртет. Бизде да алчу, заставить этип китеп сатышчу, бирок
08.06.2015. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы сабакка дайым келген студенттерге коюп берет. Бирок сабакта ашыкча тапшырма бергени да чын. Кээ бир мугалимдер кандидат наукмун деп эле ставкасын которуп алат. Биздин Вуздар чирип буткон. Сапатсыз билим. Акча, Акча жана да акча!
Медиа-портал
08.06.2015. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уят мен да ойлопмун оз кучу менен тапшырам десе акча требывайтеткенго деп .
10.06.2015. 08:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч нерсени билбей анан акча берет да.Бекер акчаны ким албасын.Мен деле алам,сен да аласың,баарыбыз алабыз.Бир мугалимдин кармалганы ал деңиздин бир тамчысы эле.
10.06.2015. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пара алган паракор эмес, пара берген паракор.
10.06.2015. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baardigibiz ten korrupsiyaga belchebizden batip ketkenibiz,bul korunuwko kadimki ele kunumduk iwtei koz karawta bolgonubuz abdan okundurot,baardiginizdar kizdardi katuu talkuuga aliptirsizdar,Zhyldyz Turdumamatovani jakindan taaniymin,Kirgizstandin kelechegi uwundaylardin kolunda bolso depsizder,egerde azyrki jawtardin baardi Zhyldyz onduu bilimduu,taimanbas,kalis bolgondo chininda onukmokpuz,ozuno iwengen,ozgoruuloedu kaalagan gana studentter bul kadamga bara alat bilip koyunuzdar
10.06.2015. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bilim beruu sistemasin tup tamirinan ozgortuu kk,ozum Manas Universitetinin studentimin, Kirgizstanda bizdin Universitettei bolgondo baardik okuu jaylar chindap onukmokpuz,bawka Jogorku Okuu Jaylar Manas Universitetinen ulgu alsa bolot
11.06.2015. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А. бугун 2500 алып келбесенер, эртеси куну 3500 алып келесинер деп студенттерди ыйлатчу.
Модератор Гүлжан Асанкожоева түзөттү 2019-05-21 13:12:12
11.06.2015. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар кандай кишилер болот да, беш кол тен эмес деп бекер айтылган эмес. Ар кандай студенттер. ар кандай мугалимдер болот. Эч качан бир ситуация экинчи ситуацияга окшош болбойт. Акча албаган дагы мугалимдер бар, вымогательством заниматсеткен дагы мугалимдер бар.
13.06.2015. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пара алып анан адамдарды олтуруп салган доктурлар деле иштеп жатканда мугалим не болуп калыптыр, иштей берсин!
Медиа-портал
20.06.2015. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин оюмча бул мугалим чектен чыгып кеткен.Мен да ушул университетти, кыздар окуган факультетти бутургом.Студеннттерде да куноо бар, анткени англис тили экинчи тил катары окугандыктан, копчулугубуз жеткиликтуу денгээлде билбейбиз. Мугалим чектен ашкан талап койгондуктан, копчулугу акча мн жабышат. Аны студенттер гана эмес универ.тин мугалимдери да жакшы билишет.
Медиа-портал
20.06.2015. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабак калтырбай, окуган студенттерге албетте коюп берген мугалимдер бар, аябай жакшы билбесе да аракети учун деп,бирок, бул мугалимди алардын катарына кошпойсун. Кыздар азаматсынар, анткени, ага деканат, ректораттагылардын да алы келбей калган. Ар бир студент мындай кадамга бара албайт.
Медиа-портал
20.06.2015. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен акча бербей эле окуп келгем, бирок бутоор жылы стажировкада болуп, сабагына катышкан эмесмин.Бутоордо келип киргенимде, абдан коп тапшырма берген. Айтып кеткендей англис тилин экинчи тил болгондуктан, терендетип окубагандыктан, кыска убакыттын ичинде,ал тапшырмаларды бере алмак эмесмин. Айлажок,диплом алыш учун акча берууго туура келген. Ошондо ар бир студенттин озунчо "ставкасы"бар болчу. 1500 башталган, бир группада 30 студент болсо,эсептей бергиле...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: