АЙДООЧУ МАИЧИНИН ОГУНАН КАЗА ТАПТЫ

№659 19-июнь-25-июнь, 2015-ж


11-июнь түнү Чүй облусуна караштуу Беловодск айыл аймагынан Жол кайгуул кызматынын кызматкери 23 жаштагы жигитти атып салды. «Адамды ит аткандай атып салат деген эмне тамтык? «Карга карганын көзүн чукубайт» кылып ишти жаап салбай, укук коргоо органдары акыйкат чечим чыгарышын күтөбүз» дейт маркумдун туугандары.

«КАЛЫСТЫК БОЛБОСО ӨЗҮМ ӨЛТҮРӨМ»
Маркум Тилек Шабаев жерге берилген. Уулунан айрылып буурчактап аккан көз жашын тыя албаган атаны кайдигер карап туруу мүмкүн эмес. Маркумга куран түшүргөн соң, атасы Шурубек Шабаев «балама ушинтип алакан жайып куран окуп калам деп үч уктасам түшүмө кирген эмес» деп окуя тууралуу айтып берди.
– Уулум Тилек 1992-жылы туулган. Апасынын каза болгонуна жыл да айлана элек. "Апамдын ашын бергенден кийин үйлөнсөмбү?" деп жүргөн эле. Тилек Москва райондук мамлекеттик каттоо кызматында иштечү.
11-июнь күнү эртең менен жумушка кеткен. Мен аны дайыма эртең менен "жумушка бар" деп ойготчумун. Кечиккенине кабатыр деле болгон жокмун. Анткени ал жумуштары бүтпөй калса кечке чейин калып иштей берчү. Түн кирип калганда улуу балама кесиптештери телефон чалып, "иниң автокырсыкка кабылды" дешиптир. Ызы-чуу түшүп ооруканага бардык. Балам өзүнө келет деген үмүтүм эң акыркы болуп өчтү. Жандандыруу бөлүмүнүн врачтары аны сактай албай калышканын угузушту.
Күбөлөрдүн айтымында, уулум өзүнүн Ниссан Альмера үлгүсүндөгү унаасына кесиптештерин салып, жумуштан кийин эс алууга барышыптыр. Кечки саат 21:30дар чамасында аларды үйлөрүнө жеткирүүгө бара жаткан экен. Ошол маалда Жол кайгуул кызматкерлери кызматтык эмес, жеке менчик унаасы менен кууп келип, уулумду токтотууга аракет жасашыптыр. Айласы жок токтогон уулумду алардын бири эч кандай эскертүү бербей эле атып салыптыр. Айдоочу отурган тараптан, оң жактан келип аткан экен, ок Тилектин колун тешип өтүп, боор, ашказанын жойлоп барып кабыргага такалып калыптыр. Ушул алган жаракатынын айынан ичине кан толуп, кан басымы түшүп, эсине келбей каза болду. Тилекти аткан Вахиджан Салимбаев деген МАИ кызматкери тергөөдө берген көрсөтмөсүндө «Унаанын айдоочусу тосконубузга жана жол чырактын кызыл жарыгы күйгөнүнө карабай жогорку ылдамдыкта айдап өттү. Биз артынан кубалап айдасак, ылдамдыгын ого бетер жогорулата берди. Айдоочуну токтотуу үчүн биринчи асманга ок аттым. «Токто, атам!» деп эскерттим. Шабаевдин көрсөткөн каршылыгынан жыгылып бара жатып тапанчамдан дагы бир ок атылып кетти» деп көрсөтмө бериптир. Ушул кантип болсун? Ишти дагы «карга карганын көзүн чукубайт» дегендей, эптеп-септеп чампалап жаап салбасын деп Асыл-Баш айылынын эли, туугандары, кесиптештери баары биригип прокуратуранын алдына чогулдук. Мага баламды аткан Салимбаевди көрсөтүштү. «Баламды эмнеге аттың, айтчы?!» десем, «Кечирип коюңуз, байкабастыктан кырсык болуп атып алдым» деди. Ушинтип эле кызмат абалынан пайдаланып, адамды итче көрбөй ата берген болчу беле?
Демократиялуу өлкөдө эч качан бейчеки адам өмүрү кыйылбашы керек болчу. Баламдын өлүмү мени мындай ишенимден тайдырды. Эгер менин баламды аткан кызматкерди жеңил жаза менен бошотуп жиберсе, анын өмүрүн өзүм кыюудан кайра тартпайм!

«ТИЛЕК ИЧИМДИК ИЧКЕН ЭМЕС»
Окуя болгон убакта маркумдун жанында чогуу болгон кесиптештеринин бири КЕРИМ АКМАТОВ окуяны төмөнкүчө сүрөттөп берди.
– Тилек мага инимдей эле болуп калган. Ал улуулардын айтканын эки кылчу эмес. Ошол күнү Тилектен башка дагы 3 кесиптешим болуп тамактанып, ичимдик ичкенибиз да чындык. Бирок Тилек унаа башкарып жүргөндүктөн ичкен эмес. Кечинде ал баарыбызды жеткирип коёюн деген. Бир маалда ал «күзгүдөн карасам бизди жанатан бери эле бир унаа аңдып келе жаткандай болуп жатат» деп калды. Ылдамдыгын жогорулатты, бирок тигил унаа артыбыздан калган жок. «Качайынбы, эмне кылайын?» деп бизден сураганынан биз да эмне кылышыбызды билбей, «токтобой эле кой» дедик. Кандай унаа, ичинде кимдер бар, балким, карасанатайлык менен бизди бир нерсе кылып, унаабызды тартып алалы деген немелерби деп оюбузга ар нерсе келди, корктук. Бир маалда катарлаш келип калган унаанын ичинде МАИнин формасын кийген киши бар экенин көрдүк. Ошондо гана бизди кубалап келе жаткан унаада МАИ кызматкерлери бар экенин билип, Тилек унаасын токтотту. Бирок көз ачып жумгуча ичинен бирөө түшүп келип Тилек отурган жактын терезесинен аны атып таштады. Сынган айнектин майда бөлүкчөлөрү бизге чачырап кетти. Тилек тырмалап жатып эшикти ачып, жерге кулап түштү.
Баарыбыз дендароо болуп эле туруп калдык, унаадагы кыздар кыйкырып ыйлай башташты. 15-20 мүнөт аралыгында МАИ кызматкерлери өздөрүнүн унаасына Тилекти салып, ооруканага алып кетишти. «Тез жардам» чакырабыз дегенибизге алар көнгөн жок. Жарым сааттан ашык убакыттан кийин алардын кызматтык унаасы келип, бизди прокуратурага алып жөнөштү. Менчик унаалары менен эмнеге антип кубалашат? Эгер патрулдагы унаа болсо, биз деле Тилекке качпа демекпиз да.

«ЖОЛ КАЙГУУЛ КЫЗМАТКЕРИ 2 АЙГА КАМАККА АЛЫНДЫ»
Учурда Тилек Шабаевди атып өлтүргөн Москва РИИБинин Жол кайгуул кызматынын кызматкери 2 айга камакка алынган. Бул тууралуу ИИМдин Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматынын инспектору ТИЛЕК ОТОРОВ билдирди:
– Бул ишти Чүй облусунун Москва райондук прокуратурасы иликтеп жатат. Тийиштүү экспертизалар дайындалган. Маркум Шабаев кызыл жарыктан өтүп кеткенби же ичимдик ичкенби мунун баары тергөө иштеринин жыйынтыгында билинет. Ал эми биздин кызматкерге келсек, анын айтымында, Тилек Шабаев салонуна ичимдик ичкен адамдарды салып алып, Жол кайгуул кызматкерлеринин тосконуна токтобой, башкаларга коркунуч жараткан жогорку ылдамдыкта айдап бара жаткан.
Ооба, орган кызматкерлеринин укук жана милдеттеринде көрсөтүлгөн алгач асманга ок атуу же унааны токтотуу аракетинде дөңгөлөккө атуу сыяктуу ыкмалар Жол кайгуул кызматкери тарабынан аткарылган эмес. Анын үстүнөн прокуратура тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 305-беренеси (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) боюнча кылмыш иши козголуп, ал камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жол кайгуул кызматкери тергөө абагына 2 айга камакка алынды.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



Айдоочу МАИ кызматкеринин огунан каза болду

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Эрмек Райымбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(88)
23.06.2015. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гаи озу ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-06-23 11:38:34
SUPER.KG видео
23.06.2015. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ХХХ гаилер ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-06-23 11:38:48
23.06.2015. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул жерде балада куно жок менчик машина мн кууган гайиде куно аркасынан бейтаныш машина андып келе жатса баары еле качмакта корконунанда кандай машина кууп келтат деп, окунучтуу жаткан жери жайлуу болсун атасына сабыр берсин кудайым гаи кызматкери жазасын алсын.
23.06.2015. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайсы мыйзам бар экен машинанын ичине ичимдик ичкен кишини салбасын деген анда тойго барабы кайда барып эс алган адамдарды ичимдик ичтинер биз силерди салбайбыз деш керекго ээ камасын жазасын алсын булар мамлекетти коргобой эле кордоп атышатго молтурогон баласын жоготкон адамга терен кайгыруу менен конул айтам жаткан жери жайлуу болсун.
23.06.2015. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aikosh1991, интервьюнун кайсы жеринде айтылып турат мас адамдарды салган үчүн кууган деп?
23.06.2015. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dina– Бул ишти Чүй облусунун Москва райондук прокуратурасы иликтеп жатат. Тийиштүү экспертизалар дайындалган. Маркум Шабаев кызыл жарыктан өтүп кеткенби же ичимдик ичкенби мунун баары тергөө иштеринин жыйынтыгында билинет. Ал эми биздин кызматкерге келсек, анын айтымында, Тилек Шабаев салонуна ичимдик ичкен адамдарды салып алып, Жол кайгуул кызматкерлеринин тосконуна токтобой, башкаларга коркунуч жараткан жогорку ылдамдыкта айдап бара жаткан. 

23.06.2015. 04:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Sayragul сен ойлонуп жаздынбы,жарандык унаада кууду деп жатпайбы. Каршылык корсоткон кундо да мушташ, ур хотя бы. Сразу эле куралын кармабай. ХХХХ ХХХ ХХХ ХХХ Жанындагылары да оздорунон кеткен косяктарды да жашырышат дечи конечно.
Модератор admin_media түзөттү 2015-06-23 11:49:46
23.06.2015. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Gulzinak,
Улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга жол берилбейт! Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат! 20 күн банга!
Модератор admin_media түзөттү 2015-06-23 11:51:37
23.06.2015. 05:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дегеле ушул МАИ кызматкерлеринин колунан жакшылык келбейт. Акыйкаттык болуп камалсын. Жазасын алсын канчалаган адамдар ушул жол чекесиндеги апааттарынан жабыркап келишуудо. Тилектин атасына сабыр, Тилектин жайы жаннаттан болсун!
23.06.2015. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
guzel_, zamir_kgz,
Провокацияга жол берилбейт! Эскертүү!
23.06.2015. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул маичини коп жылга камаш керек .
23.06.2015. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
МАИчи камалсын.Ата энесине сабыр берсин.
23.06.2015. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кызыл жарыктан отуп кетип жол эрежесин бузгандар канча анда аларды деле атып сала бериш керекпи тем более кызматтык эмес машинасы менен кубалап барып.... бул созсуз турдо тийиштуу денгээлде жазасын алыш керек. Байкуш жапжаш бала болбогон бир гаи соройдун кесепетинен жер алдында жатат. Уй булосуно жакындарына сабырдуулук тилейбиз
23.06.2015. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эхх окунучтуу...
Медиа-портал
23.06.2015. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карама каршы комментарийлерди калтыруудан мурда келгиле озубузду "жаштыка мас болгон журогундо от жанып турган баланын ордуна жана элдин кызматын кылам деп жургон кечке иштеп нервин короткон ГАИшниктин ордуна койупкойолук (p.s Гаи кызматчыларын пара алууга уйроткон озубуз эмеспи?)
Медиа-портал
23.06.2015. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мыйзамды бузгандарды атуу керек деп айткан адамдар да жок эмес! Бирок бул окуяда бир гана тарапты айыптаган катага турат деп эсептейм жана эки жакты тен жактабайм!
Медиа-портал
24.06.2015. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
dj_Mirzabek_kg,100%гаишник куноолу, озунун ишин так аткарса эч кандай кырсык болмок эмес токтогон жокпу асманга ат донголоко ат кишини атпай, мас абалында болсо да атканга укугу жок, ошол баланын ордунда сенин бир тууганын болгондо башкача суйлосон керек эле
23.06.2015. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жаннаттан болсун!
23.06.2015. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jaka1978;жаткан жерин жайлуу болсун
24.06.2015. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озу Кыргызстандын маичилери абдан тартиби жок.Мен Кыргызстанда жургондо правасы жок шаар айланып журсом маи токтотту .Салондо москвадан алып барган бир блок сигарет бар эле.Эки почка берип койсом документ сураган да жок.Мен корктум эле машинаны алып коёт деп.
24.06.2015. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эшектин этин жешти Бир дун болдук башка элге
Эми минтип ит айткандай эле атып салганы дагы Бир дун кылды го теги Бизде кандай Заман болуп баратат Сокулукта да трассада эмес кочолордо эле бекинип туруп алышканын коп кором гаилердин президенттибиз да конулу болоттур Бул окуядан сон
24.06.2015. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jatkan jeri jailuu bolsun.4ynynda tuugandar mai4ilerdin kursagy a4kanda jolsun boiuna.uuga 4ygat kursagy toigonda adamdardy tonogongo otot karapaiym eldi
24.06.2015. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyinait.
24.06.2015. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар мафия болуп алышканго бир эки жылга камаа анае коёберетда колдорунан эчтеке келбейт деп корком.
24.06.2015. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал эч нерседен түшүнүгү жок,чабан болуп жүргөн жеринен эле МАИ кызматкери болуп алган неме окшойт.Кинодон милицияларды көрүп алып эле ошондой болсо керек деди да.Андай сабатсыз дагы канча МАИ бар экенин бир кудай билет.
24.06.2015. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менттер ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-06-24 17:35:15
24.06.2015. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
soccer_boy95,
Эскертүү! Провокацияга жол берилбейт!
Медиа-портал
25.06.2015. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неге анда кундо кызыл жарыкты коруп да койбогон атка минерлерди атпайт, келип келип Карапайым Эл дагы эле жабыр тарткан. Эхх ошо чондорду карап алгылачы баштап, закон жооок Кр де элди какшатып жатасынар, убалы урсун..
26.06.2015. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жакта МАИчинин куноосу 100% билинип жатат озунун кызматык укугу менен пайдаланып жаш баланы иттей эле атып салып жатпайбы кантип эле капыстан эле атып алсын. Эми ушуга туура чечим чыгарып Куноолулор оз жазасын 100% пайыз алыш керек. Негизи акыркы убакта МАИчилер абдан кооп кеткен. Бул чындык муну моюнга алыш керек...
27.06.2015. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш маркумдун жаткан жери жайлуу болсун омииин!

Ал эми МАИ кыхматкерлерине келсек аларга мамлекет тарабынан эркиндик бериле баштаганынан бери чоноюп келе жаткан курсактары эки эсе чонойо баштады десек жанылпайм!

Ошондой эле быйыл Россияда иштегендердин стройкасы журбой эле ГАИде иштегендердин стройкасы катуу журуп жатат. Себеби жеке машина же аялынын машинасы эмес жон гана велосипед минип алып деле тосуп жатышпайбы эптеп бир шылоону айтып таягын которуп!
27.06.2015. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анан да мамлекет ГАИде иштегендерге эркиндик берээрден алдын жолдорун жакшылап ондоп койсо болмок. ГАИлер ар шылтоону айтып чогулткан акчалынан жок 10% мамлекеттин казнасына берип турушканда жолдор толук турдо ондолоор эле
27.06.2015. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ГАИ кызматкерин турмодогулор оздору бир сонун тартипке келтиришип коюшат!
Медиа-портал
04.07.2015. 08:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыркы убактарда маичилер копту чектен чыгып баратышат.булар жол кызмат кери эмес жол рекеттери болуп кетти.
04.07.2015. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки жак тен куноолуу.
25.09.2015. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыскасын айтканда пара коорчулук та
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: