АЙЫЛДАШЫН МУУЗДАП, КӨМҮП ТАШТАГАН

№661 3-июль-9-июль, 2015-ж


Үстүбүздөгү жылдын 27-июнь күнү Аламүдүн РИИБинин кызматкерлерине Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Аламүдүн айылындагы үйлөрдүн биринде адам өлтүрүү болгондугу боюнча маалымат түшкөн. Иликтөө жүргүзүлүп, жыйынтыгында аталган даректеги үй ээсинин 20 жаштагы небереси кармалып, ал кылмышын моюнуна алган.

«АЧУУГА АЛДЫРДЫМ»
Кылмышка шектүү ВЛАДИСЛАВ КОТЕЛЕВСКИЙ тергөө учурунда мындай көрсөтмө берген:
– 25-июндан 26-июнга караган түнү жумуштан келсем үйдө Михаил бар экен. Мен өз бөлмөмө кирип жатып алгам. Бир убакта оозгу бөлмөдөн ызы-чуу чыгып, эмне болгонун билүү үчүн сыртка чыксам чоң энем менен Михаил урушуп жатышыптыр. Ал биздин айылдашыбыз, чоң энем менен тааныш болчу. Мен чоң энеме болушуп, Михаил менен уруша кеттим. Андан ары өзүмдү кармана албай, ачуум менен ашкана бычагын алып аны мууздап салдым. Ал өлгөндөн кийин кылмышты жашыруу үчүн өлүктү үйүбүздүн короосуна көмүп таштагам.

«МАРКУМДУ КӨМГӨН ЖЕРДИ БИЛДИРБЕЙ, ҮСТҮНӨН СУГАРЫП КОЮПТУР»
Аламүдүн айылынын аймактык тескөөчүсү АЙБЕК РЫСТАЕВ буларга токтолду:
– 27-июнь күнү бизге Аламүдүн айылындагы Набережная көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде ызы-чуу болуп жаткандыгын, барып текшерип көрүүбүздү өтүнгөн телефон чалуу Владиславдын коңшулары тарабынан келип түштү. Биз айтылган дарекке барганыбызда үйдүн кожейкеси Людмила Котелевская аттуу карыган кемпир эч кандай ызы-чуу болбогондугун, небереси жумушуна кеткендигин билдирди. Бирок коңшулары кемпирдин 1995-жылы төрөлгөн небереси Владислав Котелевский шек жаратып, үйүнө көчө аркылуу эмес, бакчасы аркылуу кирип-чыгып жүргөндүгүн айтышты. Ошол эле күнү биз Владислав Котелевскийди Сокулук районундагы Раздольный айылына качып кеткен жеринен кармап келип, суракка алганыбызда дароо эле киши өлтүрүп көмүп салганын моюнуна алды. Ал 2 күн мурун мас абалында чоң апасынын таанышы Михаил аттуу жаран менен уруша кетип, аны өлтүргөнүн, андан соң кылмыш изин жашыруу максатында короосуна көмүп салгандыгын айтып, маркум көмүлгөн жерди бизге көрсөтүп берди. Көмүлгөн жерди адамдар байкабасын деп үстүнөн сугарып коюптур. Ал көрсөткөн жерди казып, бир жарым метр тереңдиктен кишинин өлүгүн таптык. Маркумдун өздүгү такталып, ал 1982-жылы Аламүдүн айылында туулган Михаил Стешенко болуп чыкты. Маркум Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жашап, кийин кайрадан өзү төрөлгөн Аламүдүн айылына кайтып келип, ар кимдин колунда жалданып иштеп жүрчү экен. Кылмышка шектүүнүн чоң энеси менен тааныш болгондуктан кээде алардын үйүнө келип малдарын кароого, жер иштетүүгө жардам берип жүргөнүн көрүшкөнүн кошуналары айтышты. Кылмышка шектүүнүн ата-энеси каза таап, чоң энеси менен турчу экен. Бойдок, мурда соттолгон эмес.

«ТЕРГӨӨ ИШТЕРИ УЛАНУУДА»
Бул кылмыш тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматкери НУРГҮЛ НУСУПОВА төмөнкүлөргө токтолду:
– Бул факты боюнча кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1995-жылы туулган Владислав Котелевский аттуу жаран кармалган. Ал күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, Бишкек шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми маркумдун денеси өлүкканага жөнөтүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Натыйжада анын денесинде бир топ жаракаттар табылып, моюнуна бычак сайылгандыгы аныкталган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



20 жаштагы жигит айылдашын мууздап, андан соң көмүп салган

Автор: Гүлжамал Калыкова
Оператор: Эрмек Райымбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(10)
06.07.2015. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Okugan jokmun temasyn korup ele. Atuga ketsin!!!
06.07.2015. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмнегедир ушул Аламудун районунда ушундай окуялар коп болот, же мага ошондой сезилеби
08.07.2015. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ulanamirbekov, мен дагы коп окуйм...чуй аламудун деп
07.07.2015. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам эмес айбангоооо
07.07.2015. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
RASTAMAN,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикир же сунуштарды info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазып жөнөтсөңүз болот.
07.07.2015. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Толук окубадым.Тажадым мындай окуяларды окугандан.Гезит жаны чыкан сайын буга окшогон окуялар жазылат.
09.07.2015. 07:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adam olturuu,zorduktoo,arak-sharaptar baari orustardan juktu bizge:((
09.07.2015. 07:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Antkeni Alamudundo bashka ayildarga karaganda orustar kop
11.07.2015. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жаш эле бала экен байкуш озун колго ала албай калганго
11.07.2015. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен козелдорго ишенбейм!
Андай иш колунда бар же кооп кеткен кишинин колунан келет,колунда жоктордун андай катту кылмышка барбайт 100%
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: