«ДРЫЩ» ЖОГОЛДУ, КӨРДҮҢӨРБҮ?

№662 10-июль-16-июль, 2015-ж


Жол-кайгуул кызматкерлерине карата карапайым калктын нааразычылыгы күч экени жашыруун эмес. «Жол жээгиндеги бактарга жашынганды жакшы көргөн ала таякчандар» өткөн аптада дагы бир чуулгандуу окуянын башкы каарманына айланышты.

АЛА ТАЯКЧАНДАРДЫН АША ЧАПКАНДАРЫ
Эки жыл мурунку Жол-кайгуул кызматкерлерин дүрбөлөңгө салган аттестация элдин эсинде. Өлкө боюнча аттестациядан өткөн МАИчилердин дээрлик 30-40 пайызы «өз жумушун билбеген» болуп чыккан. Аттестациядан өтүп жаткандардын арасында Өзбек ажы Чотоновду Өзбекстандын, Жантөрө Сатыбалдиевди Кыргызстандын «ажосу» кылгандарды да көргөнбүз. Так ушул тааныш-билиш же пара берип ишке орношкондордун айынан жол эрежесин бузгандардан жең ичинен акча сурагандар, «крышасына» таянып Чодронова сыяктуу чоң сүйлөгөндөр көбөйүп, Жол-кайгуул кызматкерлеринин ишмердигине ишеним сууду. Мисалы, жакында эле 11-июнь түнү Чүй облусуна караштуу Беловодск айыл аймагынан Жол-кайгуул кызматкери 23 жаштагы Тилек Шабаев аттуу жигитке ок чыгарып, ал каза болуп калганын гезит бетине жазган элек.

«5 МИҢ СОМ БЕР ДА, КЕТЕ БЕР»
Көп узабай интернет айдыңында дагы бир чуулгандуу видео пайда болду. 28-июнда түнкү саат 3тө борбор калаадан МАИчилер "эч бир документим жок" деген айдоочудан 5 миң сом талап кылышкан. Анан айдоочу тиешелүү документтерин көрсөткөндө, МАИчилердин жанында турган жарандык кийимчен 2 жигит айдоочуну жана анын жанындагыларды ашата сөгүп, анысы аз келгенсип алар ак түстөгү Мерседес унаасы менен айдоочулардын машинасын артынан кууп жетип, унаанын номурларын чечип алышкан. Ачыгын айтыш керек, МАИчилердин «канатына калкаланган» 2 жарандын өздүгүн тактоодо милиция кызматкерлерине караганда видеонун авторлору натыйжалуу болуп чыкты. "Баатырлардын" бири Адилет Жунусов, экинчиси Азирет Арызов экендиги аныкталды. Интернет колдонуучулар Адилет Жунусовго «Дрыщ» (ред. тыржыйган адам) деген каймана ат ыйгарып, ал интернетте изделип жылдызга айланды. Азыркы тапта милиция кызматкерлери аны издемиш этүүдө. Азирет Арызов болсо кармалып, үй камагына чыгарылган. Ал эми издөөдө жүргөн В7007Х номер Мерседесте эмес, Тойота Ист унаасында тагылып турган сүрөт таркап кетти. Баарынан да коомчулукту «күйдүргөнү» Жеңиш Чокморов менен Урмат Белеков аттуу 2 МАИчиге жетекчилери сөгүш гана жарыялаганы болду.
Таң калычтуусу, 5 миң сом берсе МАИчилер айдоочунун автоунаага тиешелүү жана аты-жөнүн аныктаган документтер жок болсо деле коё берип жиберишмек. Мындан мурун кылмышкерлер таксисттердин колу-бутун байлап же өлүгүн салып бара жатышканда кармалышкан учурлар бир нече ирет катталган. Ал эми МАИчилерге, мүмкүн, унаада кылмышкерлер отургандыр деген ой келбеген өңдүү.

«КЕЧИРИМ СУРАП ЖАТЫШАТ»
Окуя тууралуу видеонун автору, коомдук активист БОЛОТ ИБРАГИМОВ айтып берди:
– 2007-жылдан бери рулдамын. Чынын айтсам, МАИ кызматкерлеринен чарчадым. Пара талап кылган же орой мамиле жасаган учурлары көп кездешет. Республикалык же шаардык Жол-кайгуул кызматына барып кызматкерлеринин үстүнөн арыз жазсаң, «ооба, карайбыз» же «сен өзүң күнөөлүүсүң» деп коёт, болду. Сенин ишиңди эч кимиси карабайт. Акыры МАИчилердин былыктарын видеого тартып алып интернетке жүктөп, элге уяткарууну чечкем. Видеолор интернетке чыккан сайын МАИ кызматкери пара алгандан бир аз болсо да коркот деп ойлойм. Бизге ошол түнү саат 2лер чамасында тааныштарыбыз «Ахунбаев-Матросов көчөлөрүнүн кесилишинде 2 МАИчи жана жарандык кийимчен 2 жаш жигит айдоочуларды токтотуп, документтерин көрсөтпөстөн унааларды тинтип жатышат» деп айтышты. Биз алар кимдер экенин билели деп атайын даярданып барып бардыгын видеого тартып калдык. Биздин айдоочу «документ жок» десе, МАИчилердин бири Азирет Арызовдун унаасында отуруп 5 миң сом сурады. Анан айдоочу документин көрсөтүп, биз окуяны видеого тартып алганыбызды билишкен соң Адилет Жунусов келип, бизди сөгүп, конфликт жараткысы келди. Бирок биз ага жол берген жокпуз. Унаага түшүп кетип баратканыбызда ал артыбыздан кууп келип номерлерибизди чечип алды. Алар кууп жүргөндө биз Бишкек ШИИББине жана 102 кызматына чалып, тилекке каршы, эч кандай жардам ала алган жокпуз.
Видео интернетке жүктөлгөн соң деле милиция кызматкерлери МАИчилердин жардамчыларын издешкен жок. Алардын аты-жөнү ким экенин алгач биз таптык. Бул окуя тууралуу Октябрь РИИБине арыз жазгам. Азыркы тапта Адилет Жунусовдун туугандары машинанын номурун кайтарып беришти. Бизден Адилет видео аркылуу кечирим сурады, бирок муну менен бул иш бүтпөйт. Эгерде жанында Азирет Арызов да болуп, экөө болгон чындыкты айтып, анан кечирим сурашса, кечирмекмин. Менин оюмча, МАИ кызматкерлерине штаттан тышкаркы жардамчылардын кереги жок. Эгер бир нерсе болсо 2 жаш баланын колунан эмне келмек эле?

«ИШТИ ПРОКУРАТУРА КАРАП ЖАТАТ»
Ал эми бул окуя боюнча Бишкек ШИИББинин жетекчиси КАШКАР ЖУНУШАЛИЕВ төмөнкүлөрдү билдирди:
– Жогорудагы 2 кызматкер иликтөө иштери аяктагыча убактылуу кызматтарынан четтетилишти. Бул видео интернетке тараган күнү эле факт боюнча кылмыш иши козголгон. Азыркы күндө ишти шаардык прокуратура тергеп жатат. Окуяга катышкан 2 кызматкер мыйзамдуу түрдө кандай жаза алышары тергөө соңунда гана аныкталат. Штаттан тышкаркы жардамчылардын бири Азирет Арызов кармалган. Ал эми Адилет Жунусов изделүүдө. Жакынкы күндөрдө ал да колго түшүрүлөт.

«БАРДЫК МАИЧилер ПАРАКОР ЭМЕС»
ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун айтымында, Жол-кайгуул кызматкерлерине штаттан тышкары жардамчылар керек жана алардын МАИчилерге жардам көрсөткөн учурлары көп. Штаттан тышкаркы кызматкерлерге мыйзам чегинде күбөлүк берилет. Ал эми ички иштер министринин орун басары РЫСКУЛ ЖАПАРКУЛОВ буларга токтолду:
– Жыл башынан бери Жол кайгуул кызматкери мыйзам бузган 262 факт катталган. Бардык эле МАИчилерди паракор, мыйзам бузуучулар дегенден алыс болушубуз керек. Таза иштеп үй-бүлөсүн айлык акысы менен багып жүргөндөр бар. 2 ай мурун мас абалдагы айдоочуну токтотууга аракет жасаган 2 жол-кайгуул кызматкерин унаа коюп кеткен. Бирөөсү бир бутунан ажыраган, экинчисинин абалы өтө начар. Жакында эле Токмок шаарында мас абалдагы айдоочу МАИ кызматкеринин моюнуна бычак сайып жиберди. Эмне үчүн буга окшогон фактылар коомдо резонанс жаратпайт?..

Башкы прокуратуранын маалымат бөлүмүнүн кызматкери Нурлан Тагаев бул иш боюнча учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгын, юридикалык баа тергөө аяктаган соң берилерин айтты. Анын маалыматы боюнча жогорудагы 2 МАИ кызматкери "кызматтык абалынан аша чабуу" беренеси менен айыпталып жатат.

Азат Иманалиев, 31 жашта:
– Унаа айдаганыма көп жыл болду. МАИ кызматкерлери себепсиз да, себептүү да токтоткон учурлар кездешет. Машинамда видеорегистратор коюлган. Жөн жерден токтотуп, акча алуунун жолун издей баштаса, видеону артка түрдүрүп өз укугумду коргойм.

Захида Касымбекова, 48 жашта:
– 2 жылдан бери унаа айдайм. МАИчилер бейчеки токтотушпайт. Көбүнчө өзүм эреже бузуп алганда тосушат. Кечирим сурасам, кээ бир МАИчилер макул деп коё беришет, кээ бирөөсү айып пул төлөтүшөт.

Эржан Осмонов, 27 жашта:
– 4 жылдан бери рулдамын. МАИчилер себепсиз тосушпайт деле, эрежени бузсаң гана токтотушат. Өзүм жол эрежелерин жакшы билгендиктен, күнөөмдү билип мыйзам чегинде айып пул төлөйм. Эгер жөн жерден токтотушса, таламымды талашмакмын.

Жылдыз Тутуева, 36 жашта:
– Айдоочулук күбөлүктү окуп алгам, анын үстүнө 8 жылдык тажрыйбам бар. Ошондуктан укугумду коргой алам. МАИчилер кээде себепсиз тосуп калган учурлар болот. Бирок мени таанып калышса, көп кармабастан коё беришет.

Санжар Абдыжапаров, 26 жашта:
– 3 жылдан бери унаа айдайм. Башында МАИчилер жөнү жок жерден эле токтото беришчү. Ал кезде өзүм да эрежени жакшы билбегендиктен, көпчүлүк учурда пара берип кутулуп кетчүмүн. Азыр өз укугумду жакшы билем, МАИчилер да мурункудай себепсиз токтотпой калышты.

Гүлнара Идирисова, 23 жашта:
– 2 жылдан бери унаа айдайм. Бирок МАИчилер негизсиз токтотуша элек. Эгер жөн жерден токтотсо, укугумду коргой алам. Ошондуктан мыйзамды, өз укугуңду, жол эрежесин билишиң керек.

Бактияр Токторов, 45 жашта:
– Унаа айдоодо 23 жылдык тажрыйбам бар. МАИчилер бир жерде кырсык болсо эле токтотушпаса, мындай учурларда себепсиз тосушпайт. Жол эрежесин бузган учурда гана токтотушат.



МАИчи: "5000 сом бер да, кете бер"

Автор: Гүлжамал Полотбек кызы
Оператор: Мелис Маматкулов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(65)
13.07.2015. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Актив-тер провакация жасашты, ошону учун МАИчилер пара сурашты дегендерге тушундурмо.

Бизде МАИ кызматкер-де коррупция бар деп эле айтышат. А бирок далили жок. Актив-тердин максаты - корруп-нын бар экенин далилдоо. А бирок кантип д-н суроо туулат. Албетте, паранын алып-беришин жараткан кырдаалды тузуу менен.
Документим жок дегенге эле МАИчилердин реакциясынан параны алууну энсегендери корунуп турат. Болгондо да эч тайманбастан. Кеп 5000 сомдо эмес, кеп МАИчилердин ошону каалап турганында.
13.07.2015. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Өздөрү сунуштап, анан минтип элге жарыя кылганы адамгерчиликке жатпайт... деген туугандарга: Урматтуулар, провокация эмес, балекет кылса дагы МАИчилер акча сурабашы керек. Сүйлөшүүлөрдөн байкаган жоксуңарбы "машинеңди штраф-стоянкага алпарабыз, ал жактан чыгарып кетүүгө 5000 сом төлөйсүн, өзүңдүн документиң жок экен РОВДга алпарабыз, чыгыш үчүн 2000 төлөйсүң. АНДАН КӨРӨ бизге 5000 төлөп кете бер" деп жатышат. МАИчи сүйлөшүүгө барбай, акча сурабай, документи жок үчүн алып кетиши керек болчу.
13.07.2015. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Толугу менен кошулам. Бул атайын паракорчулукту далилдоо учун алдын ала даярдалып (видео, аудио менен жабдылып) жасалган иш аракет.

Анан да айтып кетчу нерсе.... Ар кимдин эле колунан бул иш келе бербейт. Коркуп тим болгондор да аз эмес.
13.07.2015. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Даже текшеришкен жок машинени, балким багажында бирөө байланып жаткандыр? Эч бир документи жок түн ичинде машине айдап жүргөндөрдү текшерип, штраф стоянкага алып кетүүлөрү керек эле, балдар менен соодалашпай!!!
Тарткан балдарга сөз жок. АЗАМАТСЫҢАР! Паракор МАИчилерди да, тиги Дрыщка окшогондорду да ушинтип элдин алдында уяткарыш керек.
13.07.2015. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Активисттердин документи бар эле.Просто не дээр экен деп айтып корушту.Анан акча сурап баштаганда корсотуптур документти.Анан акча ала албай калганына жини келип Дрыщбек согуп,номерин чечип кыскасы ызаланыптыр.
Мен ушундай тушундум да короче.
13.07.2015. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арам акча алганынар аз келгенсип эми куру доомат менен коркута баштадынарбы МАИлер. МАИлер 95% паракорлор калп эле бет тырмабагыла бул акыйкат чындык. Укугунду талашып же камерага тарта кетсен эле сасык экенсин деп киришет арам акча алган сен сасыкксын МАИ.Озунун ишин так билген МАИде ото аз. Эми тиги ТЫРЖЫЙГАН жонундо айта турган болсок соз жок ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-07-13 15:50:44
13.07.2015. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Mirlan5, - эскертүү!
Коомдук этиканы сактаңыз! Провокацияга жол жок!
Модератор admin_media түзөттү 2015-07-13 15:58:44
14.07.2015. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Mirlan5, 95 % деп Сен козун ачык ко э анда врачтардын универдеги мугалимдердин канча % пара алат
14.07.2015. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
naka11,Cенин ойунча МАИлер апапакай жалан айлыкка жашап атат деп кепилдигин барбы? Мисалы мени 10 МАИ тоссо ошонун тогузу акча алат муну баары билет анан сен кайдан чыктын козун ачыкпы деп меники ачык ардайым воот сен ачышын керек экен. А тиги врач,мугалим жонундо болсо ооруп корсон анан айтасын же студент болуп корсон коросун тууган.
13.07.2015. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ГАЙ лер копту аларды только камаш керек ошол менен иш бутот! Калганы албай калат
13.07.2015. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дрыщ 5000с алам деп кыялданып жатса документ корсотушсо облом болду да
13.07.2015. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shaar,5000с алып койгон уже
13.07.2015. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
силер биякта отуруп суйлогонунор менен пайда чыкпайт тетиги тарткан баланы бирде болбосо бирде сындырып кетет гаинин жумушу ушундай акча алып конгон токтото албайбыз
13.07.2015. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
дрыш жоголду Москвада журот.Бир аз окуя эскиргенде барат.
13.07.2015. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
эки жаш баланын колунан эмне келмек эле дептирго калчылдатканда калчылдап мандраж болуп сулой албай калдынарго учоонтен эркек болгон сон эркекче журда брат ушинтип видео тартам деп журуп чабыласын бир куну!!!
14.07.2015. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ошол жерде болгондо Дрыщтын кашка тиштерин чагып салмакмын.Кимге ишенип,эмнесине кыйын болот.МАИчилердин баары эле паракор,жолдо оздорун кыйын сезишет.Мисалы МАИчилер светофор иштебей калганда турбай калышат,анан светофор иштегенде туруп калышат,кимиси кызыл куйгондо отсо сындырайын деп.МАИлерди жоюп салыш керек да негизи.
14.07.2015. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дрыщ, гайлерге кошоматчылык кылып жургон да, бечара не в том месте болуп калган го
14.07.2015. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыр гаи эле эмес врачтар деле операция кылып акчасын бермейинче больницадан чыгарбайт активисттер кыйын болсонор ошонлорду видеого тартып чыгарбайсынарбы арынар деле жок экен
naka11 түзөттү 2015-07-14 17:18:01
Медиа-портал
14.07.2015. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Активисттер провакация кылды дегендердин эсине: Куч органдары деле паракорлорду кармаш учун ушундай эле ыкманы колдонушат силер айткандай провакацияны, ансыз далилдеш кыйын паракорчулукту. Ал эми Дрыщты болсо тапкысы келгендер качан эле табышмак эгер карапайым уйбулодон болсо, сыягы жонокой уйбулодон эмеско.
Медиа-портал
14.07.2015. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул активист деген ХХХ ХХХ коомчулукту ар кандай провокацияларга салып жатат козомол кылган орган жокпу бизде карабайсынарбы явно подстава кылып жатышканын
Модератор admin_media түзөттү 2015-07-15 12:21:31
Медиа-портал
15.07.2015. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
patriot_jigit,
Эскертүү! Коомдук этиканы сактаңыз!
14.07.2015. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менимче активистердин кылган иши туура эле,бул МАИчилердин кандай иштеп жатканы ачык билинди,бироодун баласы дей берсек коррупция жоголбой эле кучойт,тазалаш керек
14.07.2015. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менимче активистердин кылган иши туура эле,бул МАИчилердин кандай иштеп жатканы ачык билинди,бироодун баласы дей берсек коррупция жоголбой эле кучойт,тазалаш керек
15.07.2015. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Парахорлор менен каттуу курошобуз деген Текебаев Атамбаевдер кайда?
15.07.2015. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А так жакты дрыщ дерзкий экен.он в моем вкусе.характери
15.07.2015. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандайча Баары паракор эмес баары паракор керек болсо баары пара кор эмес деп айткан адамдын озуда пара кор мамлекеттик иште иштегендин баары паракор
15.07.2015. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча болсоо ак уйго да кирип вечеринка кылсан болот бизде акча берсен биздин жепжутаттар баарына макул болотго
SUPER.KG видео
15.07.2015. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lintel.сен омурундо машина айдап коргон эмес окшойсун.Бишкекте машина айдап жургон болсон билет элен. Гаиге тушпогон адам аз эле. Эмнени айтайын азыр сага жомок болсо керек
15.07.2015. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ишенбейм ушул айлык менен уй булону бакканга. Озуно жетпейт айлык. Тамашалап атса керек. Баары алат. Канча жылдан бери рулда журом.албаган гайни корсом сотсуз жаза кетем. Кыргызтан эмес россияда алат. Так что тамашалап ар нерсени айта бербегиле.
16.07.2015. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Drysh jakty
18.07.2015. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дрышь дебей эле койсонор болмок.просто активистер слишком эле болуп кетти окшойт.дрышь деп атканынар смелый парень я за него.просто активистеринердин пиары жаккан жок.бир куну гаилер катту кысканда окунуп калышат.олло качты го
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-07-20 10:43:50
20.07.2015. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adiletkina, этика нормаларын сактаңыз!
18.07.2015. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жон эле иштен алып койгон туура эмес,качан кана соттун чечими чыккандан кийин акталып кетет бул жерде факт жок пара алуу боюнча,андан коро акчаны берип атканда кармаш керек болчу,кыскасы кылмыштын курамы жок актылып плюс бул балдарга компентация толоп беришет коросунор
18.07.2015. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жон эле иштен алып койгон туура эмес,качан кана соттун чечими чыккандан кийин акталып кетет бул жерде факт жок пара алуу боюнча,андан коро акчаны берип атканда кармаш керек болчу,кыскасы кылмыштын курамы жок актылып плюс бул балдарга компенсация толоп беришет коросунор
19.07.2015. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин 3 жылдык айдоочулук тажрыйбам бар.Жол эрежесин жакшы билем.Эч качан себепсиз тосушпайт. Ушул уч жыл ичинде эки жолу гана тосту.Анда да рейд болуп аткан учун чекеден тоскон.Правамды текшерип кайра ак жол каалап узаткан.Менин эки акем тен Маичи болуп иштейт.Личный акча кармап келишпейт.Айлык акысы менен уй-булоосун багышат.Баары бирдей эмес.Ошондуктан бири кылган ишти баары жасады деш туура эмес.Олкого ак таза иштеген МАИчилер да бар.Ат тугул коп деп да айта алам.
SUPER.KG видео
26.07.2015. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкекте ХХХ ХХХ 90просенти арам акча менен уйбулосун багып келет
Модератор admin_media түзөттү 2015-07-27 10:58:44
02.10.2015. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дрыщ тетири шапалактан чыкпан чипиздирик екенго кандай учоонун дууху ойноп калды екен
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: