Ишкер Алкановду бычактаган кыздардын бири 14 жылга соттолду. Райкан Алканов: «ЭЖЕСИНЕ КОШУП СИҢДИСИН ДА КАМАШ КЕРЕК БОЛЧУ»

№667 14-август-20-август, 2015-ж


Үстүбүздөгү жылдын 7-август күнү Талас шаардык сотунун чечими менен «ишкер Райкан Алкановду өлтүрүүгө аракет кылган» деп шектелген кыздардын бири Гүлнара Амангелди кызы 14 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми Динара Нурманбетова менен Бегайым Турарбекова 7 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылышты.

«КЫЗЫМДЫ АКЫЙКАТСЫЗ КАМАШТЫ»
Эске салсак, өткөн жылдын 26-октябрында ишкер Райкан Алкановго Талас шаарындагы үйүнөн кол салуу болуп, ага 17 жолу бычак сайылган. Анын кесепетинен ишкердин ашказаны, көк боору жана боору жабыркаган. Көп өтпөй бул кылмышка шектелип 15, 16 жана 24 жаштагы 3 кыз кармалган эле.
Биз айыпталуучу бир тууган эже-сиӊдилер Динара Нурманбетова жана Гүлнара Амангелди кызынын апасы Шайымкан Нусубалиевага байланышып, соттун өкүмүнөн кийинки ой-пикирин уктук:
– Сот отурумун жабык түрдө өткөрүшкөнүнө караганда судьялар Алкановдон акча алып, кызымды көп жылга камап салыштыбы деп ойлоп жатам. Гүлнаранын 3 кызы бар. Кичүү кызы эмчекте эле, ошолорду эске алып шарттуу түрдө эркинен ажыратса деле болмок. Өзүм болсо оорукчанмын. 4 кыз, 1 уулум бар, күйөөм 3 жыл мурда каза болуп калган. Гүлнара менен Динара экөөнүн ортосунда төрөлгөн кызым Алкановдун үйүндө үй кызматчысы болуп иштечү. Динара кээде ал жакка барып калчу, көрсө Алканов аны акча берип алдап, кордоп жүрчү экен да. Мага бул тууралуу ооз ачкан эмес.
Берки соттолгон Бегайым болсо биздин коӊшубуз. Ошол күнү ал да барам деген экен, кыздарым ээрчитип алышыптыр. Чоӊ ата деп сыйлап жүргөн адамы сиӊдиси менен жаман иш кылып жатканын көргөн улуу кызым ачуусу менен бычак сайып жибериптир. Алканов өзү «муну эл укса уят, силер үйдүн артындагы жол менен качып кеткиле. Мен айдоочума 3 бала келип сайгылап кетишти деп айтып коём» деп кыздарды өзү качырыптыр. Ал учурда Бегайымды ата-энеси түндө үйгө келбегендигине байланыштуу милиция кызматкерлерине кабарлап издеп калышкан. Эртеси Бегайым келип «мени ала качып кетишти» деп айтыптыр. Милиция кызматкерлери анын айтканына ишенбей такып сурашса, ал коркуп кетип түндөсү болгон окуяны баяндап бериптир. Ошентип кыздарымды кармап кетишкен.
Тергөө учурунда Райкан Алкановдун үйүндө иштеген ортончу кызыма да тергөөчү түшүнүк жаздырган экен. Кызым «Алкановдун үйүндө иштегеним чын, мага тийишкен эмес. Айлыгымды убагында берчү» деп жазып берген. Сотто кызым кош бойлуу болуп келе албай калган эле. Анын түшүндүрмөсүн «Алканов жакшы адам, мындай ишке барышына мен ишенбейм. Эжем менен сиӊдим күнөөлүү» деп сот отурумунда такыр башкача өӊүттө окуп коюшуптур. Ошондуктан мен Жогорку Сотко доо арыз менен кайрылганы жатам.

«МЕНИ 13 ЖАШЫМДА ЗОРДУКТАП САЛГАН»
Айыпталуучулардын бири Динара Нурманбетова болсо окуя эмне себептен болуп кеткенин мындай түшүндүрдү:
– 2013-жылдын 16-январында Алканов үйгө атама куран окутуп келди. Айдоочусун кетирип жиберип өзү биздикинде калып тамак ичип, апамдар менен сүйлөшүп отурушту. Үйү биздикине жакын эле, бирок «мен бүгүн кетпейм, ушул жерге эле жатып калайын» деп баштады. Макул деп ага конок үйгө төшөк салып берип, апам экөөбүз уктоочу бөлмөгө жаттык. Анда 13 жашта болчумун. Үй тапшырмаларымды аткарып ашканада отургам. Түн ортосунда Алканов «ай, кызым, келип көзүмө дары тамызып берчи» деди. Жаман оюм жок бөлмөсүнө кирип, тизелей отура калып көзүнө дары тамызып жатсам, эки ийинимден тартып, ошол жерден күч колдонуп зордуктап салды. Кыйкырайын десем алаканы менен оозумду жаап алды эле, эч нерсе кыла албай тыбырчылап эле алдында жатып калдым. Анан ашканага барып таӊ атканча уктай албай ыйлап отурдум. Тиги жаныма басып келип «болор иш болду, эми эмнеге ыйлайсыӊ?» деп жоошутумуш болду. Мен аны укпастан мектепке кийчү кийимдеримди кийип, эшикке чыгып баратсам артымдан келип, чөнтөгүмө 1000 сом салды да, «эч кимге айтпа, айтсаӊ өзүӊ эле уят болуп каласыӊ» деди.
Атам жаӊы өлгөн, анын үстүнө айткан күндө деле апамдын колунан эмне келмек эле. Ошентип бир жарым жылдай «үйүмдү жыйнап берип кой» деген шылтоо менен чакырып алып, акча берип алдап, коюнуна алып жатып жүрдү.
Кийин мага «кыздык алсам жашарам, жаш кыздарыӊ болсо алып келбейсиӊби» дей баштады. Бегайым деген коӊшубуз «мен да сиздей болуп кийинип, акчалуу болгум келет. Демөөрчү байкелер менен тааныштырыӊызчы» дегенинен экөөнү тааныштыргам. Ошол күнү Алканов аны үйүнө чакырыптыр, «Бегайым жолду жакшы билбейт, сен жеткирип кой» деди. Экөөбүздүн телефондон сүйлөшүп жатканыбызды Гүлнара эжем угуп калды. Ага болгонун төкпөй-чачпай айтып бердим. Ал ишенбей, биз менен чогуу барып текшерип көрүүнү чечти. Үчөөбүз барып, Алканов менен чогуу ичип отуруп, ушул окуя болуп кетти.

«СИӉДИСИ ДА КАМАЛЫШЫ КЕРЕК ЭЛЕ»
Мындан соӊ жабырлануучу Райкан Алкановго кайрылып, окуя тууралуу оюн уктук:
– Азыр кыздардын апасы үйүндө жатып алып кыздарына ар кандай калптарды үйрөтүп, мага жалаа жаап жатышат. Анын баары карандай калп. Анын бир кызы менде иштечү. Ошондуктан анын апасы, эже-сиӊдиси үйгө келип жүрүшчү. Аларга ишенчүмүн. Турмуш-шарты жакшы болбогондуктан айылга үй салып бергем, саап ичсин деп саан уй сатып бергем. 2-3 жолу «ооруп жатабыз, окууга кийимибиз жок» деп жардам сурап келишкенде акча бергем. Атасы каза болгондо бүт союшун, тамак-ашын алып берип жардам бергем. Мени алар падыша катары көрүшү керек эле, тескерисинче, эми жакшылыктарымдын баарын унутуп, акчага азгырылып ушул ишке барышты.
Ошол күнү да «майрамга келдик эле кете албай калдык. Курсагыбыз да ачты, бүгүн сиздикине барып жатып алалы» дегенинен макул болгом. Үчөө келишти. Аларга тамак-ашты көрсөтүп коюп «силер тамак ичип эс алгыла. Мен чарчадым, эртеӊ жолугушуулар бар» деп уктап калганымдан кийин, бирөө келип бычак менен башка сайып, экинчиси ийиниме балта чапты. Ошондо эс-учумду жоготуп коюпмун, тигилер болсо сайгылай беришиптир.
Азыр акыбалым жакшы, бирок албетте, мурдагыдай эмес. Мурда жүзгө чыгам деп жүгүрүп жүрчү элем да. Мага бычак сайылгыча, Германияга барып көзүмө, бутума операция жасатып келген болчумун. Тигилер мени өлтүргүсү келген. Окуя болгондон кийин 2 мүнөттүк клиникалык өлүмгө кабылып, андан кийин 15 күн комада жаттым. Дарыгерлердин жардамы жана өзүмдүн духум, өлбөйм деп аракет жасаганым үчүн аман калдым. Өзүмдүн ден соолугум менен алышып, эс-учумду билбей араӊ жатсам, тергөө иштерине кантип кийлигишмек элем? Кыздар окуя болгондон 3 күн өтпөй кармалып, күнөөлөрүн моюнуна алышып, кантип кылмыш кылгандарын көрсөтүп беришкен. Тергөөдө алардын кылмышы далилденген. Бардыгы видеотасмага тартылып калган. Гүлнара соттун чечими менен 14 жылга камалды. Бул канааттандырарлык жаза. Менин нааразы болгонум – анын сиӊдиси Динараны да шарттуу түрдө эркинен ажыратпастан, бери дегенде 10 жылга камашы керек эле. Себеби экөөнүн теӊ жасаган кылмыштары бирдей. Бул кол салуу атайын алдын ала уюштурулган. Кичүүсү маалымат берип, улуусу ушундай акмакчылыкка барды. Анысы аз келгенсип жанына зордоп кичинекей кызды ээрчитип алышкан. Көрсө, булар мурдатан эле сойкулук кылып, ушундай арам жол менен ар кимге жалаа жаап, өздөрү менен байланышкан эркектерден акча алып жан багып жүрүшчү экен да.
Мындан тышкары окуя болгон күнү алар менин Талас облусунун 70 жылдык мааракесине берейин деп чөнтөгүмө салып алган 150 миӊ сомду, 4 миӊ долларлык кол саатымды, 4 миӊ долларлык шакегимди жана нике шакегимди алып кетишкен. Сотто бул кылгандары каралган да жок. Ал акча буюмдарга менин кабыргам кайышкан жок. Бирок кылган кылмышына тиешелүү жаза албаса, тигилер «ии минтсек болот турбайбы» деп кийин көнүмүш адат кылып алышат да. Мен ары-бери сот иштери менен 9 ай чуркап жүрүп чарчадым.
«Бокту чукуй берсеӊ сасый берет» деген сөз бар. Ошондуктан судьянын өзүнө сиӊдиси да 10 жылга жакын камалышы керектигин жана карактоо боюнча да кылмыш иши козголуш керектигин айттым. Доо арыз жазбайын деп чечтим. Чыр-чатакты уккум да, көргүм да келбейт. Булар менен дагы алышып жүргүдөй алым жок. Бирок жалаа жапканын койбосо кайрадан күрөшүүгө туура келет, анын үстүнө ММКлар да чындыкты билбей эле оюна келгенин жазып жатышат. Мен өзүмдү күчтүү адам деп эсептечү элем, бирок ММКлар менен күрөшүүдө алсыз болуп калып жатам. Ошентсе да тигилердин дити барган акмакчылыкка барбаган, болбогон нерсени болду деп калп айтпаган мен алтын адам экем. Ал эми алтынды бокко чыласаӊ деле жылтырай берет эмеспи.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Райкан Алканов: "Эжесине 14 жыл бергени туура, сиӊдисин дагы камаш керек"

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Мелис Маматкулов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -5 
Комментарийлер(180)
20.08.2015. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ХХХ ХХХ озун отургузуш керек ,уялбай синдисин да отургузуш керек деп,корунуп турат баарын кылып коеп ,сотту сатып алыптыр,эми аксакал деп озун ,кызды озу булгап коеп ,эми ######,ХХХХ ХХХ СМЕШНО интервью укканга,адилетсиз чечим ...
Модератор admin_media түзөттү 2015-08-20 18:01:45
20.08.2015. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
svan,
Эскертүү! Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат!
20.08.2015. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул окуя жонундо кино тартса аябай кызык кино болот гооо
SUPER.KG видео
20.08.2015. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экоондо тен уят деген нерсе жок экен.Фу!!!
20.08.2015. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Заман акчалуулардыкы.Кыздар эмне кыла алмак эле.Кыздар жаштык кылып коюшту окшойт.Бекеринен там,уй алып берип,журбогондур.Бул жерде акыйкаттык болгонуна ишенбейм.
Медиа-портал
20.08.2015. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
экообундо тен уят намыс деген нерсе жок экен акча болсо болду деп ойлошот да бирок намысты акчага сатып алалбайсын эч качан алканов да балдары неберелерине баррына уят болуп бутту .кыз эми кимден уялсын .мындай жошоолорун уланта берет да .
Медиа-портал
20.08.2015. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соз жок .....мындай кызды ким тууду экен.....кантип эле апасы койнундагы наристесин эмне кылып жатканын билбейт просто жомооок.озу эле баарын уюштурганго апасы да ушинтип эки иште иштеп жургон да
Медиа-портал
20.08.2015. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алканов жузго чыкканга чейин канча кыз уйун жыйнаштырат болду экен .
Медиа-портал
20.08.2015. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул киши особыйбы акчасы болсо эле. Жашы жете элек кыз бала менен жыныстык катнашта болгон учун статья жокбу Кыргыз республикасында?!
Медиа-портал
21.08.2015. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ Алканов ХХХ кыздар
Модератор admin_media түзөттү 2015-08-21 14:10:42
Медиа-портал
21.08.2015. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ZHaziko, - эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
SUPER.KG видео
21.08.2015. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздын суйлогонун тим эле шумдук,,,,,,,,,
SUPER.KG видео
21.08.2015. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимисине ишеничти билбейбиз го. Бириси Акчага азгырылган секелек, бириси ХХХ ХХХ!
Модератор admin_media түзөттү 2015-08-21 17:54:28
Медиа-портал
21.08.2015. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кишинин уйундо туугандарынын баары жашап кеткен, алыстан студент болуп келгендин баарын окууга откозуп, акчасын берип жашатчу. Мурда 90-жылкыларга чейинки жээндери, карындаштары, инилеринин кыздары тынч эле жашап орун очок алып катышып турушат. Ушул кымындай болуп алып кыздардын оюу бузук болсо керек, оздору суйконсо соо эркектин да оюу бузулаар.
Медиа-портал
21.08.2015. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
экоондо тен балее бар,бул чал деле жон чал эмес..
Медиа-портал
21.08.2015. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаман озун мактайт болуптур го...тобоо
SUPER.KG видео
21.08.2015. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ чал куноолуго деп ойлоп жатам тиги кызда да бар экен,бир кудай билет анан озулору билет
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-08-21 23:41:59
Медиа-портал
22.08.2015. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чал ушунча жашка чыкса дагы уч кызга кучу жеткен потенциясы абдан кучтуу го ээ. тан калычтуу
22.08.2015. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алкановуңдун да Салкановуңдун да,кыздарыңдын да ХХХ ХХХ экен.Баарысынын ХХХ ХХХ!
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-08-22 23:33:30
22.08.2015. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Flander, этика нормаларын сактаңыз!
23.08.2015. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
13 жаш переходной возраст,мындайча айтканда дагы деле наристе,кыздын психикасын бузган.акча менен алдаган,мынча акчаны корбогон кыз бат эле берилип кетсе керек,озу деле айтып жатпайбы бир барганыма 3мин 5мин алчумун деп.эжеси байкуш турмого кетти,синдисинин турмушу кандайболот,мага кыздар абдан жалко.
23.08.2015. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым озу сактасын.балык башынан сасыйт,бизге тарбия бере турган карыларыбыздын кылган иши ушул болсо жаштарыбыз кандай болот!
23.08.2015. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздык алып жашаруу деген зина кылуу деген чон куноо азабы болот.Б
SUPER.KG видео
23.08.2015. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ eken,baary okshoshup,jiyirkenichtuu,FHUU!Akchanyn artynan,adam ekenin unutup koiushuptur,ХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-08-23 22:07:51
Медиа-портал
23.08.2015. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карысы бардын ырысы бар дейт карыларыбыздын жасаган жоругу 13- жашар кыздарды жолдон урса анда жаштар жонундо айтыштын кажети жокко.
23.08.2015. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кичинекей кыздын суйлогону кантет бешиктен
бели чыкпай жатып эми отур турмодо чирип....
24.08.2015. 05:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uyt ele bolup atat eki tarap ten, biri aldap biri aldanyp, emmi mintip kytmyr ish 40 jylda bilinip oturat.
24.08.2015. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lady-nura80, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! Эскертүү!
SUPER.KG видео
25.08.2015. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bul jerde kop nerse tushunuksuz:1 oshol tunu kyzdyn apasy kubur shbyr bolup jatkanyn ukkan jok bele???enesi da koshumchago anda!Alkanov barktuu insan!kunu oshol kyzdarga kalyptyrby!jyrtandap kelishken kunoo kyzdarda!
SUPER.KG видео
26.08.2015. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ чал да ХХХ,шамал болбосо чоп башы кыймылдабайт.Карыганын билбей жаш кыздар менен бутундой Кыргызстанга чуручуу болуп.
Модератор admin_media түзөттү 2015-08-27 10:16:42
Медиа-портал
27.08.2015. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул жерде Алкановдуку чын экен угушума караганда апасы кыздары чын эле ХХХ экен.
Модератор admin_media түзөттү 2015-08-27 17:31:57
Медиа-портал
27.08.2015. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
anya, эскертүү! Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган!
Модератор admin_media түзөттү 2015-08-27 17:47:14
SUPER.KG видео
30.08.2015. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде кызда да, кыздын апасында да,чалда да куноо бардай, чал акчасына ишенип бул иштерди кылып журсо жаш кыз алган акчасына кубанып бир жылдан ашык журуптурго анан ошончо жургонун кыздын апасы билбейт экенби акчаны каяктан таап атасын деп бир жолу кызынан сурап койбоду бекен?дагы кыз айтып атпайбы подружкамы алып баргам деп анан учообуз жаттык бизди эки жагына алып жатты, виски ичирди деп оозуна куйбагандыр ал чал оздоруле оз каалоосу менен барыпле жатып журушкон акча учун!( жеке оюм менин)
28.09.2015. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздын озундо бар экен ал уже мындай нерселерге ветеран болуп калыптыр
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: