Адам өлтүрүүгө шектелген жаран: «АЙЫЛДАШЫМДЫ АЯЛЫМ МЕНЕН ОЙНОШ БОЛГОНУ ҮЧҮН ӨЛТҮРДҮМ»

№671 11-сентябрь-17-сентябрь, 2015-ж


2015-жылдын 15-август күнү Чүй облусунун Ысык-Ата РИИБине Нарын облусунун Кочкор районунун 29 жаштагы Назгүл Текеева аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Билдирүүсүнө караганда, анын Рустам аттуу 26 жаштагы иниси 13-август күнү Ивановка айылындагы убактылуу жашаган үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

«ШЕКТҮҮЛӨР ӨЛҮКТҮ КАЙДА ТАШТАГАНДАРЫН КӨРСӨТҮШТҮ»
Бул окуя боюнча Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын кызматкери Нургүл Нусупова буларга токтолду:
– Жогорудагы арыздын негизинде Ысык-Ата РИИБинин кызматкерлери Рустам Текеевдин жашаган жерине барып анын тааныштарын, акыркы учурда көргөн-билген адамдарды суракка алышкан. Жыйынтыгында белгисиз жарандар Текеевди унаага салып кеткендиги билинип, аны издөө иштери башталган. Көп өтпөй Текеевди уурдап кеткенге шектелип 41 жаштагы Автандил Жумагазиев, 49 жаштагы Болот Султанбеков жана 35 жаштагы Талантбек Түнгатаров аттуу Кочкор районунун тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө учурунда кылмышка шектүүлөр Рустамды өлтүрүп салгандарын айтышкан жана сөөгүн кайсы жакка таштагандарын көрсөтүп беришкен. 28-август күнү Кочкор районунун Кууакы ашуусундагы ээн капчыгайда колу-буту байланган Рустамдын өлтүрүлгөн денеси табылган. Учурда бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.

«ЖАЛГЫЗ УУЛУМ ЭЛЕ...»
Бул окуя боюнча маркум Рустам Текеевдин апасы Орозбүбү Бекболотова төмөнкүлөргө токтолду:
– Уулум Рустам 1989-жылы 22-августта Кочкор районундагы Чекилдек айылында төрөлгөн. Эки кыздын ортосундагы жалгыз уулубуз болчу. Атасы болсо өткөн жылы каза болгон. Уулумдун трактору бар эле. Талаа иштери башталган маалда Кочкордон Чүй облусундагы Ивановка айылына келип батирде жашап, ошол трактору менен талаа иштеринде иштеп, кийин акчасын чогултуп комбайн сатып алган.
10-август күнү ал Кочкорго барган. Айылда да эккен бир аз арпасы жана картошкасы бар эле. Аларды сугарып, эртеси «комбайндын 30 миӊ сомдой акчасын бере элек болчумун. Кожоюну сурап жатат, эртерээк барып акчасын берейин» деп Ивановкага кеткен. Эртеси мага телефон чалып «апа, сарсанаа болбой эле коюӊуз, мен жакшы жеттим. Комбайндын акчасынан кутулдум» деди. Кичүү кызым «турмушка чыгам» дегенинен ошого камданып, ал күнү уулум менен сүйлөшө албай калдым. Эртеси күнү телефон чалсам алган жок. Биздин айылдык Акжолтой деген келин мага телефон чалып, «Рустамдын телефон номерин берип коёсузбу?» деди. Ал келин күйөөсү менен ажырашып кеткенине 1 ай болгонун, Токмок шаарында батирде жалгыз жашап жатканын кийин уктум. «Мен чалсам албай жатат, жаӊы номери жок. Азыр бош эмесмин, анан чалчы» дегем. Кечинде уулума кайра чалсам өчүк. Кээде трактору менен Боом капчыгайы тарапта жүрсө телефону тартпай калчу, ошол тарапта жүргөн го деп ойлоп, ал күнү жатып алдым. Бирок таӊ атканча уктай албай жүрөгүм туйлап чыкты.
Эртеси чалсам телефону дагы деле өчүк экен. Анан шаардагы улуу кызыма телефондон «Рустамдын телефону иштебей жатат, чалчы» дедим. Кызым Рустамдын классташтарына, досторуна айтып, алар Ивановкага келишип, жашаган үй ээсинен сураштырышса, ал «2 күндөн бери үйгө келе элек. Машина, трактору турат» дептир. Аны угар замат чочуп кеттим. «Ал машинасы жок эч жакка чыкчу эмес эле, жок дегенде мага чалмак да» деп тынчсызданып, кыздарымды да Ивановкага жибердим. Алар барышса уулум үйдө кийген кийимдери менен эле чыгып кетиптир. Анан милиция кызматкерлерине арыз жазып, түп көтөрүлө уулумду издеп баштадык.
Акыры милиция кызматкерлери жанагы Акжолтой деген келиндин күйөөсүн, айылдашыбыз Автандилди кармашты. Ал башында 3 күн мас болуп эч нерсе айтпай туруп алды. Биздин болсо чый-пыйыбыз чыгып «жок дегенде каякка кеткенин айтып койсун» деп милиция кызматкерлерине улам-улам барып жаттык. Алар «соолукмайынча суракка ала албайбыз» дешти. Кийин анын дагы 2 шеригин колго түшүрүштү.

«УУЛУМДУН АНЫН АЯЛЫ МЕНЕН ОЙНОГОНУН БИЛСЕМ ТЫЙЫП КОЙМОКМУН ДА»
– Баламды өлөт деп ойлогон эмесмин (ыйлап). Колу-бутун байлап бир жерге таштап коюшса керек, бир күнү көзүн жылтылдатып келип калар деген үмүт менен күтүп жаттык.
14 күндөн кийин кармалгандардын бири баламды өлтүрүшкөнүн айтыптыр. Алар уулумдун колу-бутун байлап, моюнун толгоп сындырып, бычак менен сайгылашыптыр. Башына да бир нерсе менен катуу чапкан дешти. Эти курттап кетиптир (ыйлап). Өлүкканадан чыгарып, дароо эле жерге бердик, коштошконго да жарабай калдык. Баламдын бою 180 сантиметр, салмагы 100 килограмм болчу. Аны өлтүрүүгө жалгыз кишинин алы келмек эмес, үчөөлөшсө керек. Өлтүргөндөрдүн бири Автандилдин айтымында, балам анын аялы менен көӊүлдөш болгон имиш. Ал аял уулумдан бир топ жаш улуу, 40 жашта экен. Аны менен жүрүп алганын уккан да, билген да эмесмин. Билсем тыйып коймокмун да.
Акжолтойго телефон чалып сурасам, «Мага 13-август күнү күйөөм Автандил телефон чалып сага баратам деген. Түнкү саат 3төр чамасында эшик такылдаганынан күйөөм окшойт деп көзөнөктөн карасам, эки киши Рустамдын эки колунан кармап турушуптур. Анын оозунун тегереги кан, көзү көк аладай көрүндү. Рустам экөөбүздүн ортобузда эч нерсе жок болчу» деп койду. Сыягы, тигилер аны менен көздөштүрүүгө алып барышкан го...
Уулумдун жакшы тилектери бар эле. Ушул күздө атамдын ашын өткөрүп, эстелигин орнотом, анан үйлөнөм деп жүргөн. Айылга 2 кабат үй салып, короо-жайды оӊдойм дечү. Карындашынын күйөөгө кетерин айтканга үлгүрбөй калдым. Кылмышкерлердин туугандары келип кечирим сурап жатышат. Бирок мен аларды кечирбейм, уулумду кандай кыйнап талаага таштап өлтүрүшсө, алар да кыйналып, жазаларын алышсын!

«РУСТАМ ИШЕНГЕН ИНИЛЕРИМДИН БИРИ ЭЛЕ»
Маркумдун бөлөсү Замиранын айтымында, Акжолтой аттуу келиндин Токмокто кайсы жерде жашап жаткандыгын күйөөсү Автандил билчү эмес жана ал күнү кылмышка шектүүлөр Рустамды анын үйүн көрсөт деп өздөрү менен чогуу алып барышкан, бирок келин эшикти ачпай койгон. Ал эми тергөөдө маркумду өлтүрүүгө шектелген Автандил Жумагазиев төмөнкүдөй көрсөтмө берген:
– Рустам өзүм ишенген айылдаш инилеримдин бири болчу. Үйгө дайыма келип турчу. Кийин анын аялым менен ойнош болуп жүргөнүн бирөөлөрдөн угуп калдым. Анан өкүл
балам Талантбек менен бир аз ичимдик ичип, Болоттун машинасын айдатып Ивановкага барып Рустамды үйүнөн алып чыктык. Анан Кууакыга келгенде Рустам экөөбүз чечишип алуу үчүн түшүп калдык. Эки шеригим машина менен кетип калышкан. Ортодо уруш чыгып кетип, мен таш менен Рустамды башка чаап өлтүрүп таштадым. Кылган күнөөмдү моюнума алам.

«РУСТАМДЫ ӨКҮЛ АТАМ ӨЛТҮРҮП САЛЫПТЫР»
Кылмышка шектүүлөрдүн бири Талантбек Түнгатаров окуя тууралуу буларды айткан:
– Ошол күнү өкүл атам Автандил экөөбүз арак ичип отурганда ал Ивановкага барып келели деди. Макул болуп Ивановкага барып Рустамды алып кеттик. Кууакыдан өкүл атам менен Рустам сүйлөшөбүз дегенинен Болот экөөбүз кетип калганбыз. Өкүл атам эртеси келип Рустамды өлтүрүп салганын айтты.

«МАГА ЭЧ НЕРСЕ АЙТЫШКАН ЭМЕС»
Ал эми кылмышка шектүүлөрдүн дагы бири Болот Султанбеков окуянын чоо-жайын мындайча түшүндүргөн:
– Каза болгон жигит менен Автандил, Талантбектер айылдаш. Мен болсо коӊшу Совхоз деген айылда жашайм. Талантбекте малым бар болчу. Ошол күнү түнкү саат 22:00 чамасында ал мага телефон чалып, «Байке, машинаӊыз менен өкүл атам экөөбүздү Токмокко алып барып келесизби, шашылыш иштерим бар эле» деп суранганынан макул болгом. Келип Ивановкадан бир жигитти алып кайра артка кайттык. Ал жигитти таанычу эмесмин. Кууакы ашуусунун ары жагына түшүп баратканда Автандил менен тиги жигит сүйлөшкөнү машинадан түшүп калышты. Экөө «Кайра артка барып Токмоктон Автандилдин аялын табабыз» деп жатышканынан кете берели деп Талантбек экөөбүз кетип калдык. Автандил ал жигитти өлтүрүп салганын 2 күндөн кийин уктум.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Айылдашын аялы менен ойнош болгону үчүн өлтүргөнбү?

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Мелис Маматкулов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(25)
SUPER.KG видео
11.09.2015. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш бала экен, жаткан жери жайлуу болсун
SUPER.KG видео
11.09.2015. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адамдар кан кор болуп эле баратат эмне деген кундо жашап жатабыз кочого деле ээн эркин журо албайт окшойбуз эми
Медиа-портал
12.09.2015. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арак,спирттик ичимдиктердин эч кандай пайдасы жок экенин билбеген адам жок болсо керек. Ага карабай иче беришет. Сурасаң эле мас болчумун дейт дароо эле. Аллахым баарыбызды туура жолго баштасын.
SUPER.KG видео
12.09.2015. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куноонун баары жанагы Акжолтой деген аялда, жаш баланын убалына калыптыр да.
Медиа-портал
14.09.2015. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Akyrky ubaktarda olturuu myn4a koboiup baratat.Allahym ozun sakta!
14.09.2015. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Олкобуздо сот адилетсиз болуп,кылмышкерлер татыктуу жазаасын албай жатканы ушундай адам олтуруунун кобойуусуно алып келуудо.Адамдарда закондон коркуу сезим калбай калды
14.09.2015. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ынсап берсин жаш каарысына.Адал жашоо керек бироонун мулкуно коз артпай
14.09.2015. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тооба кылдым, Аллахым кылган куноолорун кечирсин, карангы жери жарык болсун!
SUPER.KG видео
14.09.2015. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акжолтой ХХХ ХХХ ХХХ болмок.
Модератор admin_media түзөттү 2015-09-14 19:41:16
14.09.2015. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул дуйнодо болбосо,тиги дуйнодо жазасын слышат. Жаткан жери жайлуу болсун.
14.09.2015. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акжолтой эмей эле Каражолтой турбайбы тообо,ошону жазалаш керек.
14.09.2015. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Куноонун баары ушак менен аракта туугандар .
15.09.2015. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошон учун бироонун катынын карабаш керекда...
акжолтой козун кызсада
15.09.2015. 08:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зынакордун акыры көрөрү ушул болот,аялын да жазалаш керек.
16.09.2015. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Arak bar jerde balee bar!
16.09.2015. 07:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын ойноп жургон болсо ажап болуптур куйосу эркек
20.09.2015. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kg_boy91.91,чындап эле эркек болсо биринчи аялын чабыш керек болчу.озу деле билбейт. арак ичип отуруп бироосу айтса керек аялын жон журбойт деп.ошон эркектер арака конул болбой уйбулонорго конул болгуло.болбосо озунорду арака а жубайынарды башкаларга алдырасынар.
16.09.2015. 07:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чын ойноп жургон болсо ажап болуптур
16.09.2015. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшылыктын-жамандыктын баары аялдан дегени туура окшойт.
16.09.2015. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шамал болбосо теректин башы кыймылдабайтко ал жигитда жон журбогонго.апасындай болгон нерсе менен кошулуп
17.09.2015. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гезиттин Ар бир жаны санында бирден ушундай жанылык болуп калды((((оо кудай Эмне болуп жатат ынсап ыйман берчи Кыргыз элиме
18.09.2015. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коп баскан аяк, бок басат болуптур да. Кадамын ойлоп баспайбы, бироонун аялына коз артпай...
19.09.2015. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыркы убакта олтуруулор коп болуп баратат.Арактын азгырыгы болсо керек
30.09.2015. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондуктан эркектер жана аялдар эптесенер ойнош ойногула!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: