ӨГӨЙ АТА 1,5 ЖАШТАГЫ КЫЗДЫ ӨЛТҮРГӨН ДЕП ШЕКТЕЛҮҮДӨ. «ОТКО КАКТАСАМ МАӉДАЙЫ,ЧАЧЫ КҮЙҮП КАЛДЫ...»

№672 18-сентябрь-24-сентябрь, 2015-ж


10-сентябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 1,5 жаштагы өгөй кызын отко кактап, ысык мешке отургузуп, сабап өлтүргөн деп шектелип 36 жаштагы жаран кармалды. Үрөй учурган бул окуянын чоо-жайы 2 жылдан кийин гана билинип отурат.

НАРИСТЕНИ ӨЛТҮРҮП, ШАРИЯТ ЖОЛУ МЕНЕН КӨМҮП КОЙГОН
Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө сентябрь айында ушул эле райондун тургунунан арыз келип түшкөн. Арыз ээси 2 жыл мурун каза тапкан 1,5 жаштагы жээнинин өлүмүнүн себептери түшүнүксүз болуп жатканын жана анын ооруп өлгөндүгүнө ишенбестигин билдирген. Арыздын негизинде иликтөө иши башталып, суракка алгач наристенин энеси чакырылган.
Ал бул тууралуу ооз ачса, күйөөсү өлтүрүп салам деп коркутканын айтып, мындан 2 жыл мурун ажырашып кеткен күйөөсүн кызынын өлүмүнө себепкер катары көрсөткөн.
Эненин көрсөтмөсүнүн негизинде милиция кызматкерлери 10-сентябрда Кара-Чолок айылынын тургуну Ормон аттуу адамды кармашкан. Ал кылмышын моюнуна алып, бейкүнөө наристени өлтүрүп алган соӊ айылдын имамын чакырып келип, шарият жолу менен көмүп коюшканын айткан.

«ТЕРИСИ КҮЙҮП СЫЙРЫЛЫП КАЛДЫ»
Кылмышка шектүү өгөй кызын кантип өлтүргөнүн айтып, төмөнкүчө көрсөтмө берген.
– Алмагүл менен баш кошконумда анын мурунку каза болуп калган күйөөсүнөн Раяна деген кызы бар болчу. Аны кызы менен бүлө кылып алдым. Кызыбыз аябай ыйлаак болчу. Кээде аны оорулуу го деп да ойлоп койчумун. Дайым жаткан жеринде заӊдап же заара ушатып салчу. Мындан апасы да тажап какыс-кукус кыла коюп жүрчү. Мен эртеӊ менен кетип, элдин үйлөрүн шыбап, курулуш иштерин жасап акча таап келчүмүн. Кечинде чарчап келгенде эле баланын ыйы, анын үстүнө сийдик болгон жууркан-төшөктөр...
Бир күнү жумуштан чарчап келсем, Раяна жуурканга заара ушатып салыптыр. Март айы, суук кайта элек болчу. Меште от жагылып турган экен, кызды коркутуп коёюн деп күйүп жаткан мештин оозуна башын кактасам төбө чачы күйүп, маӊдай териси отко түрүлө түштү. Анда да ыйы басылбаганынан мештин үстүнө сийдик шымы менен отургуза койдум. Шымы синтетика кездемеден болгондуктан ысыкка дароо күйүп тоголоктошо түштү. Анысын чечсек көчүгүнүн териси шымы менен кошо сыйрылып кетти. Апасы экөөбүз врачтарга кайрылган жокпуз, анткени ага каражат да жок болчу. Күйгөн жерлерине тиш пастасын, май сүйкөп жатып бир жумада айыктырып алдык.
Окуядан 10 күндөй өткөндөн кийин дагы иштен келсем, төшөккө заӊдап коюптур. Апасы сабап горшокко отургузуп койгон экен. Ошол күнү бир аз ичип алган болчумун. Ыйлап отурганына ачуум келип, сыналгынын антеннасынын зымы менен кызымды жон талаштыра тартып-тартып алдым. Маӊдайындагы эми айыгып келе жаткан күйүктөн алган жаракатынан кан сызылып кетти. Бетин жууп келип күч менен жердеги төшөккө таштап жибердим. Ого бетер ыйы күчөгөнүнөн колум менен жаакка дагы чаптым. Мурдунан кан агып, өзүн жоготуп жатып калды. Арадан 10-15 мүнөт өткөн соӊ карасам колдору шалактап жансыз абалга келип калыптыр. Анан денеси муздап, кайтыш болуп калды.
Эртеси айылдагы тууган-урукка кабар бердим. Алар айылдын имамын чакырып келишти да, жаназа окутуп мүрзөгө алып барып көмүп койдук. Башкаларга кызды «ооруп каза болуп калды» деп койгонбуз. Мен бир аз мастыкка алдырып койдум. Ошол окуядан соӊ аялым экөөбүз ажырашып кеткенбиз.
Сузак РИИБинин кызматкерлери «Маркум наристенин апасынын учурда башка турмушу, азыркы күйөөсүнөн 1 жаштан өтүп калган наристеси бар экен. Тергөө амалдары жүрүп жатат. Наристенин сөөгү эксгумация кылынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Жыйынтыгы чыккыча шектүү делген адамдар көзөмөлдө болмокчу. Андан соӊ кылмыш иши козголушу же козголбошу боюнча чечим чыгат» деп билдиришти.
Тергөө учурунда Раянанын апасы «Мени мурдагы күйөөм «окуяны бирөөгө айтчу болсоӊ жердин жети катмарынан болсо да таап, кызыӊ кантип өлсө, сени да ошондой өлтүрөм» деп коркутту. Мен анын үчүнчү аялы болчумун. Ошону менен окуяны ичиме катып, эч кимге айткан эмесмин» деп көрсөтмө берген.
Ал эми айылдын имамы «Мени кичинекей кызыбыз чарчап калды деп чакырышты. Барсам наристени жууп, кепинге ороп коюшуптур. Кичинекей балдарды жакын туугандары эле жууп, бат эле жерге берип койгон учурлар көп. Мен шарият жолун кылып, мүрзөгө алып барып көмгөнгө чейин аралашып, анан кеткем. Кыздын киши колдуу болгонун ким билиптир?» деп таӊ калуусун билдирди дейт милиция кызматкерлери.

«ЭКӨӨ ТЕӉ ЖООПКО ТАРТЫЛЫШЫ КЕРЕК»
Окуяга юристтердин баа беришин өтүнүп суроо салдык. Бишкектеги «НАСА» юридикалык борборунун юристи Нурбек Абдалиев төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Баланы асыроо, коопсуздугун камсыздап эрезеге жеткирүү – бул ата-эненин мыйзамда жазылган милдеттери. Мына ушул укук-милдеттерди аткарбаган ата-эненин үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 161-беренеси (жашы жете элек баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) боюнча жоопко тартылат.
Окуяда дагы бир оор мыйзам бузуу оркоюп көрүнүп турат. Бул – Кылмыш жана жаза кодексиндеги 339-беренеси (кылмышты жаап-жашыруу). Эгер чын эле күйөөсү кылмышты жасаган болсо, ал эми ошол кылмышты 2 жыл бою апасы укук коргоо органдарына кабарлабаса, анда ал да жоопко тартылуусу шарт. Окуяга ишти тергеген орган кырдаалга жараша өз юридикалык баасын берет.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



Өгөй атасы наристени ысык мешке отургузуп, башын отко кактаганбы?

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Эрмек Райымбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(121)
21.09.2015. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кусуру урсун ошоо адам соройду. Тиги эне сорой эрге тийсе баласын апасына таштап эле тийбептир да эрге. Кобунле коргом.
21.09.2015. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуп алып журогум бырча-бырча тилинди. Огой атага олум!!! Ушундай манкурттар жашаган заманда жашап калдыкпы?! Оз баласын коргой албаган эне сорой эн биринчи жазасын алыш керек. Мындай адам кейпин кийген тируу жандарды жоготуп, коомду тазалаш керек! Байкуш наристе(((((((((((( журогум(((((журогум((((((((
22.09.2015. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз байкуш((((( ыйлататго менимче рас эле Аллаталам алып кетиптир. жаны жай алып калган экенда. Тиру болсо дагы кандай кордук кормок Ким билет. Куноосуз наристе жаткан жери жайлу болсун!
22.09.2015. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба кылдым. Азыр адамдар эмне болуп баратышат.Кичине мээримдуурок болсок. Мерез таш боор болбой
22.09.2015. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Umka9303, коомдук адепке туура келбеген билдирүүңүз үчүн 1 күн БАН!
22.09.2015. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындайларга жаза ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-09-22 12:06:59
22.09.2015. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kairatbek-2011, провокация жаратпаңыз!
22.09.2015. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мин наалат коргой албаган апасына,олсомда мейли,кызымды коргойун деп, бир кашык каны калгыча курошпойбу ХХХ аял.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-09-22 14:37:20
22.09.2015. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jass00, этика нормаларын сактаңыз!
22.09.2015. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
админ сураныч,жанагы Бишкекте раддомдо алмаштырып койду балабызды деген, анан ДНК кылабыз деген жанылыкты аягына чыгарып койгулачы,менин кызым эмес деп энеси эмизбей жатты элего байкуш наристени
22.09.2015. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээээх бей куноо наристелер.....
22.09.2015. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эр жиндисиго аял,кызын олтурсо да эрден конулу калбаптыр,дагы эрге тийиптир,акылы кемби же?бир бала деп омурун балага арнап эрсиз жургон аялдарга рахмат
22.09.2015. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олум жазасын колдонуш керек мындайларга
Медиа-портал
22.09.2015. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
огой атасын ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-09-22 16:37:51
Медиа-портал
22.09.2015. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nookat TB,
Эскертүү! Провокацияга жол жок!
23.09.2015. 04:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jetken zookur go bul! Sende gramm jurok jok ey! Ataganat seni tuugan apan kanday gana tilekter menen chonoyttu eken seni,saga ayban degen soz azdik kılat.Sen kantip jashap jurosun eldin arasinda beykunoo naristenin kani seni o duyno bu duyno buuyt ХХХ!
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-09-23 09:43:02
23.09.2015. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elif, этика нормаларын сактаңыз.
23.09.2015. 04:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sen tochno apandin je atandin kargishina kalsan kerek!!!
23.09.2015. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай адамдарды жоопко тартыш керек
SUPER.KG видео
23.09.2015. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо кудай ар бир адамдын журогуно ыйман мээрим бере кор ! Жакшы кабар окуйун деп кирсен журок сыздайт!
Медиа-портал
23.09.2015. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Наристени урушаардан алдын озундун кичинекейинди элестетип ошонун ордуна коюп корсон боло!1,5 жаштагы кантип созунду уксун ан-сезими эми осуп келатса?Ошол наристечелик ан-сезими жок экен бул кишинин.Эки жашта ата-апа, аш жейм дегенге тили зорго чыгатго кандай журогу чыдады экен.ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-09-23 16:08:46
Медиа-портал
23.09.2015. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Elika,
Эскертүү!
Провокация жаратуучу билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!
23.09.2015. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол ХХХ озун да ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ соттошсо экен...
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-09-24 10:27:55
24.09.2015. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ALBIKA, этика нормаларын сактаңыз!
23.09.2015. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жазасын алат, кылган ишине бейкуно наристе((((
24.09.2015. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эр соройго огойлоптур тиги оз канынан жаралган баланы кооругандын ордуна улам улам эрге тийип бала арттырган энеге танмын азыркы баласында соо койбойт энелик укуктан ажыратуу керек жазаларын угаттырбыз гезиттен ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-09-24 14:08:50
24.09.2015. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mira28, этика нормаларын сактаңыз!
24.09.2015. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ озунда ###### ХХХ ХХХ ХХХ керек!
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-09-24 16:41:24
24.09.2015. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kurguz..., этика нормаларын сактаңыз! Эскертүү!
24.09.2015. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Min jolu olturom dese da mamasy nenormalnayaby??? kichinekei bala siet,chychat... mamasy oz kyzyn kaidagy bir erkeke kordotturgan meesi jokpu???
24.09.2015. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул эрден отко кактаган күнү эле качыш керек болчу.
24.09.2015. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактай кор канчалаган адамдар балага жетпей журотко бул емне деген шумдук.
SUPER.KG видео
25.09.2015. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айбан да баласын аяайт го, айбанчалык да акыбалы жок адамдар экен соз жок
25.09.2015. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kurguz..., биринчиден, оюңузду эрежелерге ылайык жазыңыз! Экинчиден, этика нормаларын сактаңыз! 3 күн БАН!
25.09.2015. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунча мыкаачылык...эсинерге келгиле!!!!
25.09.2015. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге апасын кошо жазага тартыш керек айтсан олтуруп койом деп жатпайбы бул кылмышты жаап жашыруу эмеспи?
26.09.2015. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ аял экен оз баласына куйбогон
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-09-28 10:13:59
28.09.2015. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kalbek87, этика нормаларын сактаңыз!
27.09.2015. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куноо энесинде, торогондон кийин караш керек, огой атасы карамак беле.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: