5 баласын социалдык кызматкерлерге алдырган эне: «БАЛДАРЫӉДЫ САТЫП ЖИБЕРДИК ДЕШТИ»

№672 18-сентябрь-24-сентябрь, 2015-ж


Редакциябызга башынан өткөн тагдырларын айтып ар түркүн окурмандар баш багат. Бул сапар 32 жаштагы Аида Жаманкулова аттуу каарманыбыз 5 баласын издеп жүргөнүн айтып кайрылды.

«5 БАЛАМ МЕНЕН ТАЛААДА КАЛДЫК»
– Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылынан болом. 21 жашымда ошол эле райондогу Кайырма айылына Бакыт аттуу өзүмдөн 9 жаш улуу жигит ала качып кетти. Башында ажырашайын деп жүргөм, бирок боюмда болуп калды. Күйөөм мени алганча деле көп ичип, туугандарына тынчтык берчү эмес экен. Кийин деле токтоткон жок. Кудайдын куттуу күнү мас болуп келип мени, балдарымды сабачу. Экөөбүз 9 жыл жашап, 3 балалуу болдук. Анын ичкилигинин айынан балдарыбыздын бирине да документ жасата алган жокпуз, атүгүл экөөбүздүн нике күбөлүгүбүз да жок. Ортодо 5-6 жолу ажырашып, кайра жараштык. Мал-жаныбыз, үйүбүз жок бирөөлөрдүкүндө жашачубуз.
Жеген-ичкенге жарасын деп өзүм бир аз пирожки жасап мектепке барып сатып келчүмүн. Мен келгиче күйөөм балдарды сабап, андан кийин мени «сен менин классташтарым менен жатып келдиӊ» деп тепкилеп отуруп азыр белимде грыжа пайда болуп, оӊ далым, сол колум иштебей калды. Аягында чыдабай 4-кызым боюмда бар кезде балдарымды алып Бишкекке качып кеттим. Былтыр күйөөм менен кайра жарашып, Бишкектин Ак-Бата жаӊы конушунда 2 айдай жашадык. Анан 2 айлык боюмда бар кезинде кайра качып башка жакка кетип калдым. Балдарыӊ менен батирге да батпайт экенсиӊ. Мечитте, эшикте да жаткан күндөрүбүз болду. Акырында Ак-Ордо жаӊы конушунда жашап, пирожки, токоч жасап «Дордой» базарында сатып жүрдүм. Аным күнүмдүк тамак-ашыбызга, балдардын памперс, кийимдерине араӊ жетчү. Акыры батирдин акчасын төлөй албай калып, кожоюн оокаттарымды эшиктин алдына чыгарып салганынан айлам куруп, Канттагы мечитке жардам сурап барсам, ал жактан 5 миӊ сом чогултуп беришти.

«БАЛДАРЫМДЫ АЛЫП КОЮШТУ»
– 30-август күнү Көк-Жар конушунда батир издеп жүрүп түн кирип кетти. Баштыкта нан, пирожкилер бар болчу. Балдарым аларды жей баштаганда үчөөнү ал жерге калтырып, өзүм 2 кичинекейим менен жакын жердеги дүкөнгө суусундук алганы кеткем. 3 баламды милиция кызматкерлери көрүп, токтоп калышыптыр. Мен келгенде бизди алып «Сезим» кризистик борборуна алып келишти. Мурда да күйөөм менен ажырашып жүргөндө 3 балам менен ал жакта жашап кеткем.
2 күндөн соӊ бир милиция кызматкери менен социалдык кызматта иштеген 3 аял келди. Алар «сен балдарыӊды бага албайсыӊ» дешти. 2 кичинекейим ички бөлмөдө уктап жаткан. Аларды карап келейин деп ичине кирип чыккыча сыртта ойноп жүргөн 3 баламды менин уруксатымсыз алып кетип калышыптыр. «Сезим» борборунда иштеген эжелерге «эмнеге менден бир ооз сурабай балдарымды берип жибердиӊер?» десем, «билбейбиз, өзүӊ сүйлөштүӊ го, билгениӊди кылып ал» деп баштыктарымды, 2 баламды колума карматып эшикке чыгарып коюшту. Колума бир дарек жазылган кагазды берип «балдарыӊды ушул жактан сура» дешкенинен айтылган дарекке барсам 3 аял отуруптур. Алар милиция кызматкерлерин чакырып коюшуптур. Алар келип мени балдарым менен Октябрь РИИБине алып барышты. Куба деген чоӊу бар экен. Ал бир кара куртка кийген жигитти көрсөтүп «ушул сага жардам берет» деди. Аны менен «Сезим» борборуна кайра бардык. Ал жактан «Сенин балдарыӊды эбак эле Казакстанга сатып жибергенбиз. Эми бул балдарыӊды да сатабыз, билгениӊди кылып ал!» деп балдарымды колумдан жулуп алды. Мага кол көтөрмөкчү болгондо коркуп тосмодон ашып түшүп качып кеттим. Анан баягы батирге төлөйм деген 5 миӊ сомума 4 күн мейманканада жаттым.
Бир туугандарымдан түӊүлгөм. Эжелерим жардам бермек тургай Бишкекке жаӊы келгенде мейманканаларга барып денеӊди сатып иште дешкенинен алардан көӊүлүм калган... (каарманыбыз ыйлап жиберди)

«АПАСЫ МАС БОЛЧУ»
Мындан кийин биз «Сезим» кризистик борборуна кайрылып, ал жакта эмгектенген Фарида Райымкуловадан окуя тууралуу уктук:
– 30-август күнү түнкү саат 12лер чамасында Октябрь РИИБинин 3 кызматкери Аиданы балдары менен бизге алып келишти. Аида кирер замат сөгүнүп-сагынып баштаганда милиция кызматкерлери кагып коюшту эле унчукпай отуруп калды. Негизи бизге мас абалдагы аялдарды кабыл алууга уруксат жок. Балдардын да, апасынын да документтери жок болсо да наристелерди аяп кабыл алдым. Балдар ачка, үшүгөн, 1 кызы памперсчен эле болчу.

«5 БАЛАНЫН БИРӨӨСҮНҮН ДА ДОКУМЕНТИ ЖОК»
Ал эми Октябрь райондук социалдык көзөмөлдөө кызматкери Роза Сатиндиева балдарды эмне себептен алышканын жана учурда алар кайда экендигин төмөнкүчө түшүндүрдү:
– Аида Жаманкулованын өзүнүн паспорту, балдарынын биринин да туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок экен. Ал паспортун бир дүкөнгө 150 сомго күрөөгө коюп койгондугун айтты. Улуу баласы 10 жашка, кызы 7 жашка чыкса да мектепке барышпаптыр. Анын үстүнө иштеген иши, жашаган үйлөрү жок. Биз «балдарыӊды окутууга жардам берели. Сен азырынча кичүү 2 балаӊ менен «Сезим» борборунда тура тур. 2 күндөн кийин балдардын иштери боюнча комиссия түзүлүп, бул ишти карайт. Сен ага чейин паспортуӊду алып кел. Балдарыӊды кайсы төрөтканада төрөсөӊ, ал жактан да аныктама алып кел. Биз күбөлүк жасатып берүүгө жардам беребиз» деген элек. Макул деп кетип, ошол боюнча жок. 2 жума болду, келбей жатат. 5 баланын чоӊураак үчөөсү азыр «Ак жол» коомдук кайрымдуулук фондунда, ал эми калган экөөсү жашы жете электигине байланыштуу балдар үйүндө. Комиссия караган соӊ балдарды апасына кайтарып берүү же бербөөсү чечилет. Албетте, биз деле эне-баланын чогуу болуусун каалайбыз. Бирок Аида бизге келип, тиешелүү документтерди чогултууга жардам бербей өзү жоголуп кетүүдө.

«ОКУГАНДЫ ҮЙРӨНҮП ЖАТЫШАТ»
Андан соӊ биз улуу 3 баласы жайгаштырылган «Ак жол» коомдук кайрымдуулук фондуна баш бактык. Максатыбыз каарманыбыздын «сатып жиберди» деген балдарынын улуусу менен маектешүү эле. Ал жакта тарбиячы болуп эмгектенген Лариса Носонова бизге балдар кайра-кайра «апам качан келет?» деп сагынып жатышканын, ошондуктан алардан ата-энеси тууралуу сурабай эле коюубузду өтүндү. Мындан тышкары балдардын маанайы жаӊы келгендегиден бир топ ачылып, балдарга кошулуп ойноп калганын жана жазганды үйрөнүп жатышкандарын, улуусу Сыймыктын тилди өздөштүрүүгө жана окууга болгон дилгирлиги жогору экендигин кошумчалады. Көп өтпөй маӊдайымда мотурайган 2 кыз жана алардын агасы турду. Мен алгач алардын улуусу Сыймыкты кепке тарттым:
– Атыӊ ким?
– Сыймык. Биз айылда жашачубуз. Анан апам менен шаарга келгенбиз.
– Бул жак жактыбы?
– Ооба, аябай жакты. Балдар менен ойнойбуз, окуйбуз, жазабыз. Мен азыр дептерге жазып, сүрөт тартып «5» алып жатам. Эми компьютер үйрөнөм. Күнүгө 5 жолу тамак жейбиз.
– Чоӊойгондо ким болосуӊ?
– Чоӊойгондо милиция болгум келет. Ууруларды кармайм, анан камайм.
– Кимге окшошсуӊ?
Сыймык ушул жерден башын жерге сала мукактанып сүйлөй албай туруп калды. Анын сөзүн тыкылдаган улуу карындашы улады:
– Бул экөө апама окшош, а мен атама окшошмун. Биз кечээ бир жакка барып ойнодук. Сонун экен (тарбиячысы 1 күн мурун «Космопаркка» барышканын айтты).
– Атаӊ кайда? Аты ким эле? (оозумду бирөө тырмагансып баары бир сурап жибердим)
Ушул жерден азыр эле жадырап турган үчөөнүн теӊ кабактарына кар жаагандай үн катпай мостоюп калышты. Андан ары аларды алдасам да, ооз ачышпады.

«БАЛДАР МЕНЕН ТИЛЕМЧИЛИК КЫЛЫП ЖҮРГӨН»
Октябрь РИИБинин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын жетекчиси Кубат Мукамбеткалиевге байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– Ошол күнү түнкү саат 11лер чамасында таксисттер «5 бала апасы жок көчөдө турат» деп милиция кызматкерлерине билдиришкен.Биздин кызматкерлер барышса 5 бала көчөдө туруптур. Апасы кийин келиптир. Аларды «Сезим» борборуна жайгаштырганбыз. Сураштырсак жашаган жерлери жок, апасы балдары менен ар кайсы үйгө барып, мечиттерден тилемчилик кылып жүрөт экен. Анан балдарды социалдык кызматкерлерге тапшырганбыз.

«КЕЛИНИМ КӨП ИЧЕТ»
Каарманыбыздын күйөөсү Бакыт менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Анын бир тууган эжеси Дүйшөгүл менен байланышып, мындай жооп алдык:
– Келиним өзү көп иччү. Инимди да өзү менен кошо ичирип жаман көндүрдү. Экөө үйлөнгөндөн бери кеминде 10 жолу ажырашышты. Инимдин тапкан-ташыгандарынын бардыгын сатып арак ичип, анысы аз келгенсип катуу сүйлөп же бир аз кол көтөрүп койсо эле төркүнүнө качып кетип же милиция кызматкерлерине барып даттанат. Анан алар келип Бакытты камап, уруп-сабайт. Келин өзү болсо ошол бойдон дайынын таптырбай кетет да, акчасы түгөнгөндө «жардам бер» деп балдарын бетине кармап келет экен. Иним да балдарын кыйбай тапканынын жарымын берсе, аны алып кайра жоголот. Ал акчага балдарына кийим алып бербейт же курсагын тойгузбайт. Баарына арак ичет. Анан кайра ар кимге барып күйөөсүн жамандайт экен. Бакыт азыр Бишкекте иштеп жатат, жанында телефону жок. Бирок өткөндө мага келип «балдарымдын экөөсү эле меники, калган үчөөнү талаалап жүрүп ар кимден төрөдү. Мага улуу экөөсүн алып бериӊиздерчи» деп ыйлаганынан 3 күн жүрөгүм ооруп жүрдү.
Гезит басууга даярдалып жатканда Бакыттын бир тууган иниси редакциябызга келип, балдарды убагында окуталы десе жеӊеси бербей койгондугун, аны көптөн бери издеп жүрүшкөнүн айтты. Анан «балдарды биз багып алабыз» деп алар жашап жаткан даректи алып кетти.

Аида Жаманкулова

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



"Балдарыӊды Казакстанга сатып жибердик дешти"

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Эрмек Райымбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(58)
21.09.2015. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой тообо куйоосу ичип кундо мас болуп келип сабаса да 5 баланы торогонун кара
21.09.2015. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
bakan,мда,горе
23.09.2015. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
bakan,Орустар сени суйом деп жатып сорго бир балалуу болот,Кыргыздар нары жатчы деп жатып 10
балалуу болот.
21.09.2015. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу татынакай келин экен,ХХХ ХХХ го.Беш мин сомума торт кун мейманкада жаттым дейт. ХХХ ХХХ билинип турат.Дагы ичет экен.Куйоосу ичсе,озу ичпей эле койбойбу?Бир жаманга дагы бир жаман болуптур.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-09-21 11:23:13
21.09.2015. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
asman88, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган! Эскертүү!
21.09.2015. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кашын карабайсыңарбы татуаж жасатып алыптыр го...
21.09.2015. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ой бул Аидага ишенбегиле. Кудайдын каарына калган келин. Жылыга төрөйт, кимден белгисиз. Былтыр да байкуш болуп Арча Бешиктин мечитинде кайыр сурап отурганда элдер аябай жардам беришкен. Келечектен квартира жалдашып, балдарын мектепке киргизишкен. Балдарын таптакыр карабайт. Ысык тамак жасап бербейт. Телефонун эле тиктейт, ким акча берет деп. Баласын окутпай койду. Төрөгөндөн кийин этаж үйдөн квартира жалдап беришкен,ал жакты таза кармабай аяктан да куулган.
21.09.2015. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Паспортун алып беришти,5 жылга жете турган кийим -кече чогулган. Аларды жактырбай эски экен деп калыптыр болчу.Алардын баары каякта болду экен? Элим барсынбу фонду аябай жардам берген, алар м-н да урушуп кеткен. Жакшылыкты билбеген, жакшылык жакпаган кудай тажаткан келин.
21.09.2015. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
эрди эр кылган да, кара жер кылган да катын. эрини алдап ичирбей койсон болотго,кайра кошулуп ичпей, жылда бала тороп, баланы бага алсан торода, байкуш балдар эне суту оозунан кете элек турмуштун оор запкысына кабылып. баланын ойу энеде, эненин ойу талаада
21.09.2015. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Косяк явно озундо окшойт.
Медиа-портал
21.09.2015. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул эженин өзүндө бир нерсени бар,
21.09.2015. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мейли куйосу жаман болсун,а озу кой,элге уят деп,балдарын жакшы караганга аракет кылбайбы?!Калпычы экени козунон эле билинип турат.Ар ким озу менен болсун!бирого жугун артпай!
21.09.2015. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Элдер азыр бетпак анан жукара болуп алышты, баныда бул аялдын созунон мен уже "СЕзим" жонундо жаман ойлой баштадым эле.товаа ак адамдарды да ушинтип куйгузушот да.
21.09.2015. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ееех арак арак канча деген ата енени балдарды сыздатып жатат
21.09.2015. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирөөгө кор бала,бирөөгө зар бала деп ушуну айтат да
21.09.2015. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдарын аябай аяп кеттим, бул аял өзү да көп ичет окшойт. Иштесе өзү эле багып алмак балдарын, тапканынын берекеси жоктой сөзүнө караганда, арак алып коёт окшойт го...
21.09.2015. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
5 баласы менен кочодо калган аялга окшобойтго. каш татуаж,корунушу тика. уй булоом балам деген аял биринчи балдарынын курсагын тойгузат. отоле жалганчы аял экен тоаа
21.09.2015. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эненин жаманы жок,эне ар дайым тилемчи болсо да балдары учун жашоого курошот. Бул жерде куйоосунун ото чон куноосу бар,озунун канынан жаралган балдарына мээримин тогуп бага албагандыктан уйбулодо кыйынчылыктар жаралып аягы балдарга кыйындык жаралат. Кеткен катын баарибир жаман атты болот куноолуу болот. Кантип балдарын окутуп документерин бутуруп бере албады атасы...
21.09.2015. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
cозунун баары калп го
22.09.2015. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бироого сын такпагыла, жашоо татаал. Билип билбей куноолобогуо. Ыйман,ынсап,акыл эс берсин пендесине жараткан. Жакшы жолго тушуп ата энеси оз мээримине алсын балдарын. Баары бир ата энеге жетпейт, ыйманга келсин
Медиа-портал
22.09.2015. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калп эмес!!! Чындык!!! куйоосунун туугандары эле калп деп каралап атасынар го ээ??? Кайниси жон эле чоноюп ишке жарап калган балдарын алайын деп атат да тушунгон жоксунарбы??? татуаж эмей эле кара карандаш менен кашын боесо керек! Бирок бул жерде бейкуноо беш балапан тууралуу маселе болуп атат!
Эркек болбой калгр ГАИлер, ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-09-22 09:16:19
Медиа-портал
22.09.2015. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
raxatka, этика нормаларын сактаңыз!
Медиа-портал
22.09.2015. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
raxatka,мен дагы ойлойм, кол арага жараган балдарын биз багабыз деп атканын. Келинди актабайм дечи, бирок. ... айла жок адамдар экенсинер эки тарап тен.
22.09.2015. 06:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен эне иретинде келиндин созун колдойм! Куйоосунун урук-туугандары буга чейин кайда эле, куйоосун айтпай эле коеюн. Келинге рахмат хоть документтерин влып бере албаса да ушу кунго чейин тилемчилик кылып болсо да балдарын асырады,таштаган жок!! Бар маселе акчага келип такалат эмне иш жасаба баары акча. Келинди куноолобогуло дээр элем. Кана жогорудагы келинди куноологондор колунардан келсе Энени балдарынан ажыраттырбоого, моралдык да материалдык да жардам корсотууго дайынсынарбы??
22.09.2015. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Medina87, Айланайын, бул Аидага колдон келишинче жардам бергем, ошондуктан айтып жатам. Эгер чындап балдарын карап, ысык тамагын жасап бакса, мындай болмок эмес.Оңолуп кетмек.Муздак сууга молоч.смести аралаштырып берип чоңойтту го.Ачкасынан балдары ыйлап чыгат деп, үй ээси айтып жүрдү.Балдарын бетине кармап, балдары м-н спекуляция жасап жатат. Болгону, өзүндөгү төөдөй кемчиликти сезбей, ар кимди күнөөлөгөнүнө кыжырым келет.
22.09.2015. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдарын ойлобогон аял болсо озуле сатып жибермек.сезим борборкн баарын тнкшеруу керек.атасы ит экен.
23.09.2015. 03:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayal jon gana jalaa jaap bir nerse ondurup algısı kelip atkanday,baldardi satishsa sattik dep aytishbayt
23.09.2015. 03:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jolugu kantet moynun muuntup je orolu emes jakshina baylanbay! KİYİM ADAMDİN KUZGUSU
23.09.2015. 03:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakshi bolso tuugan urugunan da ajirabayt ele,ichip jurso anan ejeleri da jadadi da
23.09.2015. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5000ди 4кунго гостиницага бербей 2айга квартирага толоп квартирага чыгып албайбы.Акчаны дагы кичине уномдош керекда.Бекер акчаны ар кимден ала берип уйронуп бутуптурда
Медиа-портал
23.09.2015. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башы иштесе кочого ночнушкачан чыгып ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-09-23 16:29:01
Медиа-портал
23.09.2015. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Elika,
Эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
24.09.2015. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында эженин озунон окшойт,жанагынча жардам бергендер коп болгондон кийин жакшынакай жашай бербейт беле.Куйоосунун ким экенин,озун да бир кудайгп койдум.Бирок,балдарынын келечеги учун ынтымакташып жашашса болмок.
24.09.2015. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйоосу экоонун куну ото берет,балдарына убал болуп жатат,тушунуу кыйын экен,кандай уй-булоо экенин бир кудайым билээр.
24.09.2015. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баса,кийинген кийими,кебете кешпири кочодо калган адамдай эмес экен.
24.09.2015. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бардык кунооо эринде
24.09.2015. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай да адамдар болот екен да а яяя.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: