«КЫЗЫМДЫ САРАЙДА, ЖЕР ТӨЛӨДӨ, ДААРАТКАНАДА ЗОРДУКТАШЫПТЫР»

№673 25-сентябрь-1-октябрь, 2015-ж


Эки жыл бою айылдаш балдардан сексуалдык зомбулук көрүп келген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 15 жаштагы кыз Сокулук районунда жашайт. Жабырлануучунун апасынын айтымында, кыз коркутуп-үркүтүүдөн улам окуяны эки жыл бою эч кимге айтпай жашырып келген.

«ООРУСУНАН УЛАМ ЖАТАК МЕКТЕПКЕ КОТОРГОНБУЗ»
Айдананын (белгилүү себептерден улам каармандардын аты өзгөртүлдү) апасы Бактыгүл окуя тууралуу буларды айтат:
– Кызым учурда 15 жашта. Бул тозок мындан 2 жыл мурун эле башталыптыр. Буга чейин «апа, мени багып алдыӊар беле?» деп сураган. Көрсө, ошондо кызымды балдар «Сени багып алышкан. Апаӊа сени зордуктап жүргөнүбүздү айтсаӊ, өзүӊдү үйүӊдөн кууп жиберет, айтпагын!» деп коркутуп кыйнап жүрүшкөн тура.
2000-жылы 4 уулума карындаш болсун деп Айдананы багып алгам. Жаӊы-Жердеги мектепке киргиздик. 2-класс болгондо ылдам эле толуп, дене-мүчөсүндө өзгөрүү пайда болду. Доктурга алып барсак, богок, муун оорулары (ревматизм) менен жабыркаарын айтып, жүрөгүнө да доо кетип жатканын билдиришти. Классташтарынан артта калып, өзгөргөн мүчөсүнөн да корундубу, айтор, мүнөзү оорлошуп, Петровка айылындагы жатак мектепке которууга аргасыз болдук.

«ТЕЛЕФОНГО ТАРТЫП, ЖАРНАМАЛАПТЫР»
– Эӊ алгач кызымды 2013-жылы зордукташыптыр. Дүкөнгө чыгып, кайра келе жатса Рысбай деген бала үйдүн жанындагы ээн жер төлөгө алып кирип, күч колдонуп зордуктап салыптыр. Анан «Апаӊа айтсаӊ өзүӊ эле уят болосуӊ. Сени алар багып алышкан. Мени менен катнашта жүргөнүӊдү билсе үйдөн кууп жиберет» дептир.
Кызымдын айтымында, Рысбай кийин дагы биздин үйгө келип, Айдананы чакырып алып «мен чакырганда келип тур дебедим беле» деп дагы опузалап ээрчитип кетет. Үйүнө барса Айбек аттуу кошунасы бар экен. Ага телефонун берип, «азыр мен жасаган ишти видеого тартып тур» деп дагы зордуктаптыр. Азыр эстесем, кызым ошондо төркү бөлмөдө 2 күн турбай жатты. Эмне болгонун сурасам «этек кирим келип жатат» деп койгон, мен дагы ишенип унчукпаптырмын (ыйлап). Кыскасы, кызымды эки жыл бою баш-аягы 6 бала эрмектеп, ыӊгайы келген жерден зордуктап жүрүшүптүр. Алардын экөө18де, калгандары 13-14 жаштагы өспүрүмдөр.

«ДААРАТКАНАДА, САРАЙДА, ЖЕР ТӨЛӨДӨ...»
– Ошол окуядан көп өтпөй Рысбай мал багып тоого кетиптир. Анын Бакыт аттуу теӊтушу кызыма күч колдонуп, шишкебек бышырган кафесине алып кирип ал да арам оюн ишке ашырат. Андан кийин клубдун дааратканасында да зордуктаптыр ал акмак. Акыркы ирет кызымды үч бала сүйрөп барып сарайга киргизип, экөө кароолдо туруп, бири зордуктамакчы болгондо тырышып шымын чечпей коюптур. Байкушумдун шымы айрылып, үстү-башы топо болуп эптеп бошонуп чыккан экен. Ошол күн 30-апрель болчу. Эшиктин алдында кир жууп отурган келиним кызымдын чаӊ болуп кирип келгенин көрүп, артынан барып жанын койбой жатып сурап билип алыптыр. Кызым ыйлап болгон окуяны айтып берди. Ошол замат милицияга арыз жаздым.

«АПА, МУУНУП ЭЛЕ ӨЛҮП АЛАЙЫНЧЫ»
– Окуя коомчулукка тарап, милицияга арыз жазганымдан соӊ шектелип жаткан балдардын ата-энелери келип, бирибизди калтырбай ашата сөгүп, айтпаган сөздү айтып жатышты. Бир күнү Саадат деген келин келип, «Кызыӊды жакшы тарбиялабайсыӊбы. Өзү аз келгенсип, бизди да бүт айылга шерменде кылды. Милицияга арыз жазгандын ордуна ушундан көрө муунуп эле өлүп албайсыӊбы!» деп каргап-шилеп кетти. Ошондон кийин кызымдын абалы оорлошуп, стресске кабылып «апа, Саадат эже айткандай муунуп эле өлүп алайынчы» деп ыйлап да жүрдү.
Бактыгүл айым мындан сырткары окуяны укук коргоо кызматкерлери жакшы териштирбей жатканын айтат. Тергөөчүгө нааразы болгон эне прокуратурага кайрылып, тергөөчүнү алмаштырган.

«РЫСБАЙ ЖАЛГЫЗ БАЛАМ. ҮЙ-БҮЛӨНҮН ЖҮГҮ ОШОНДО»
Ал эми бул кылмышка шектүүлөрдүн бири, 18 жаштагы Рысбайдын апасы төмөнкүлөрдү айтты:
– Балам үй-бүлөнүн улуусу, жалгыз эркек. Атасы каза болуп калгандан кийин 5-классында окуудан чыгарып алып мал бактырып, сөөгү катый электе кара жумушка салып иштетүүгө аргасыз болдум. Кичүү карындаштары кичинекей. Үйдүн да, сырттын да жумушун кылгандыктан уулумдун терс жолго басып, ашыкча ойноого чамасы да, убактысы да жок болчу. Окуя болгон жылы менин балам тоодо мал багып жүргөн. Андан кийин Бишкекте курулушта иштеген. Анан кайдан эле балам шектүү болуп калды билбейм. Караан туткан уулум үй-бүлөнүн жүгүн баш-оту менен көтөрчү. Эми мыйзам боюнча эмне чечим чыгарылса, айла жок, ошого баш ийүүгө туура келет да.
Мындан сырткары кылмышка шектелип жаткан 13 жаштагы 2 балага жана алардын ата-энелерине жолуктук. Мектептен келе жаткан балдар окуя тууралуу айткысы келишкен жок, ал эми ата-энелери болсо «бул жалаа» дешет. Ал эми милиция кызматкерлери тергөө иштери жүрүп жатканын билдиришти.

Айдананын айтымында, аны ушул сарайга алып кирип зордукташкан.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



15 жаштагы майып кызды айылдаштары зордуктап жүрүшкөнбү?

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Эрмек Райымбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(94)
29.09.2015. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бычып ташташ керек аларды
Медиа-портал
29.09.2015. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
алдуулар алсыздарга асылган заман болуп калды эркек деген намыс кайда калды алар зоокур катын кудай жазасын берсин ошолор .............

Sizge.kat түзөттү 2015-09-29 10:15:10
29.09.2015. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул балдарды бычып салуу керек ошону менен токтойт мындай нерсе!!!
29.09.2015. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кызга психологиялык жардам керек
29.09.2015. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тезинен олум жазасын же медициналык бычууну мыйзамга киргизуу керек
29.09.2015. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар сайын ушундай корунуш. азырак жазсанар азаймак беле ким билсин
29.09.2015. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Буларга турмо да аздык кылат. Менин оюмча булар учун турмодо олтуруу ото эле женил жаза. Мындайларды абдан катуу кордош керек. Мисал учун колун кесип, же болбосо ото катуу чара колдонуш керек болуп калды. Чондор болсо шайлоого жакын калганда гана оздорун корсото башташат а башка убакта алардын эч ким менен иши жок. Биринчиден жогору жактагылар тазаланыш керек. Кыргыздар кайда баратабыз кайда?...
29.09.2015. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жанагы патриоттор кана? Жанагы намыстуу эркектер кана? Зордуктап жаткандарга унчукпайт. Анан кыздар башка улут менен жактырып суйлошсо уят, намыс деп калат. Жанагы кырк чоро кана? Эркектер кана? Позор кыргыз жигиттер учун!!!
01.10.2015. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Miya,+++++++++++
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-10-01 16:36:13
03.10.2015. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Miya,Kyrk chorogo asylba! Bulardyn ozdorunun ata-enesi janynda jurot. ata enesi karaw kerek!
Kyrk choro tol'ko v rossie !!!
29.09.2015. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жалгыз бала болсо,ал да башка бироонун жалгыз кызы .Бироодон куноо тапкыча озунон изде .Кудайга тообо кылалы .кандай жаман окуялар болуп жатат кудайым озун ыйман бер кыргыз элине
30.09.2015. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эшектин этин жей беришип биздин эркектер эшектен отуп анги болуп калышканбы я? Жанагы эшек бизнесмендер кыргыздарга эшектин этин быйыл,былтыр эмес коптогон жылдан бери сатып, жедирип жургондой! Качан эле бизде мындай зордуктоолор бар эле? Жаш кыздар эле эмес балдарды зордуктап аткан бизде кыргыздарда гана чыгып атат! А бул балдар омур бою турмодо чирип отурушсун акмактар! Адам баласы эмес булар! Оз кыздарынан корушот анан аттин кылышат! Жашоо айлампа!
30.09.2015. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aihan77,буларга турмо кемдик кылат,буларга окшогондорго олум жана олум.
30.09.2015. 05:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан ушундай масалеге чекит койбосо болбой калды жалан алсыздар азап тартып келет, же алардын укугу жокбу малдында укуга бар неге депутаттар ойлобойт спикер вицеспикер дегендер же алардын кыздары жокбу
30.09.2015. 06:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Gunajun kozun suzboso buka jobin uzboit
02.10.2015. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chingiz1987,ал макалдын бул жерде тиешеси жок! Зөөкүр, айбандан айырмасы жок, деградация болуп бүткөн түркөйлөр алсыздарды ушинтип кордоп, зордоодон кайра кайтышпайт. Кандай болгон күндө да кордогондор Алланын алдында кордолушат! Аллах берсин алардын жазасын!
30.09.2015. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kanatbek.amirov, баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
30.09.2015. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5-класстан бери мектепте окуубаса мал менен журуп ХХХХ ХХХХ ХХХХ. Жазасын берсин ХХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-09-30 13:01:08
30.09.2015. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
perim.ai, мазактоодон алыс болуңуз!
30.09.2015. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздын убалы ошол алты балага тийсин жаш эле туруп мындай иштерди аткарганын тообо кылдым Аллахым баарыбыздын ыйманыбызды бекем кылсын
01.10.2015. 03:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой тобоо азыркы эркектин баарыле алсыз болуп икалганбы жаш оспурумдорду зордуктап. Чондоруна алы жетпейт го бечаралар акмак болду го ошолорду бычып эле салыш керек омур бою аял затына жараксыз кылып жузу кара жаланкычтар наалат силерге кудайым оз жазасын берсин ооооомийин
01.10.2015. 06:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз канчалык денгээлде кунолуу экенин билбейм бирок балдарды жон жерден кунолоп айтмак беле баарын жазага тартыш керек!!!
01.10.2015. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vip.nur91, баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек. Билдирүүңүз өчүрүлдү. Ал эми сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
01.10.2015. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колун кесиш керек балдардын ошондо тартип онолот!
SUPER.KG видео
01.10.2015. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
15 жаштагы кыз кантип балдарга жакын болсун,баласы бешинчи класстан окубай калса,кылган иши ошо болот да.
01.10.2015. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта!! Ушун кантип болсун. Адамдар барган сайын айбан болуп болуп баратат.
01.10.2015. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба, акыркы убакта олкобуздо ушундай иштер кобойуп кетти, кудайым озун ынсап бере кор.
01.10.2015. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кызда коркпой айтса болмок бирок озу деле каалап жургон учун клубдарда журду
02.10.2015. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Колун кесип же 20-30 жыл турмодо отурганда деле кайра андай жолдорго бара бериши мумкун. Булардан чекесине же бетина моор басыш керек элдерге корунгудой кылып, аны коргондо эле элдер тушунуп ошол адамдан алысыраак журуш учун. Олум енил жаза!
03.10.2015. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kudai ozu ynsap bersin baarybyzga! Jawtyk mastyk dep oigo kelgen iwti jazai berbew kerek! Tigi ayaldyn sozuno negedir iwengim kelbedi. Balamdy 5-klasstan mektepten chygaryp alyp soogu katiy elekte, kara jumuw kyldyrgam dep. Kudai ozu saktasyn jaman kyrsyktardan baarybyzdy.
04.10.2015. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мындайларды турмодо багып семиртпей атууга окум чыгарыш керек
05.10.2015. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bir aiyldan bolo turup al kyz oorukchandygyn bilip turup kantip kolu bardy eken. Azyr jawtar internetten baardygyn korot dagyn owonu jasap korot karasa jakwy anan bawkalarga dagy sunuwtait..
05.10.2015. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kumushbek.kuttubekov, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
05.10.2015. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vip.nur91, саламатсызбы!
Сунушуңуз эсибизде болот. Рахмат!
12.10.2015. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men bul Yryspai degen balany jakshy bilem. ushul jany jer ayildan bolom. atasy baikush kaza bolup kalgandan beri karalbai kalgan, apasy ozu ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ, enesinin tili kir, koshunalar menen da kattashpait, balasy menen da ishi jok, anan ospyrym bala tarbiya korboso ushundai ishke malynatta. kestirish kerer tyrmonun tybyno, sogunup sagynyp nachar bala ayabai, emi bul makala chykkandan kiyin tigi kyzdyn uiuno baryp atasyna kol salyshyptyr janagy baldardyn ata enesi. miliciya kayakty karait bilbeim....eshekterge jazasyn berish kerek
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-10-12 13:45:50
12.10.2015. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sladaslada, эскертүү! Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: