ЧОҢ ЭНЕ НЕБЕРЕСИН ЗАҢДАП КОЙГОНУ ҮЧҮН ЫСЫК СУУГА КҮЙГҮЗГӨН ДЕП ШЕКТЕЛҮҮДӨ

№689 15-январь-21-январь, 2016-ж


Бишкек шаарындагы №3-балдар ооруканасына 3 жана 6 жаштагы бир туугандар денесинен күйүк алып жана башка жаракаттары менен 5-январдан 6сына караган түнү түшүшкөн. «Кайненем балдарыма ушундай таш боордук менен зомбулук көрсөтүптүр» деген эне коомчулукка коӊгуроо какты. Окуя тууралуу кененирээк төмөндө.

«КАЙНЕНЕМ КАЗДЫН МАЙЫН СУРАП КЕЛИПТИР»
Жазгүл Ыдыева жолдошу Талант Борончиев менен Бишкек шаарындагы Үмүт жаӊы конушунда турушат. Үч баланын ата-энеси 1 баласын өздөрүнө алып калып, 6
жаштагы кызы жана 3 жаштагы уулун Жумгал районунун Чаек айылындагы кайненесине багууга берген:
– 2015-жылдын сентябрь айында «балдарыӊды багып берем, бизге деле эрмек болсун, өзүӊөр иштегиле. Үйдө атаӊ экөөбүз эле тиктешип жалгыз отурабыз» деп кайненем 2 баламды алып кеткен. Октябрда балдардан сарсанаа болуп, көрөйүнчү деп бардым. Жакшы эле багылып жаткандай, кийимдери таза, курсактары ток экен. Жардам берип жатканда иштеп алалы деп Бишкекке кайра тарткам. Жаӊы жылга жакын кайненем Бишкекке келип, «каздын майын таап берчи, керек болуп жатат» деди. Каздын майы күйгөн денедеги тактарды кетирет деп уккан элем. «Эмне кыласыз?» десем, «өзүмө эле керек» деп койду. Көрсө, баламды ысык сууга күйгүзүп, ошонун тактарын кетирейин деп жаткан тура.
Ушул жылдын 3-январында кайнатам улуу кызымды алып келиптир. Эртеси кызым ыйлап чоӊ энеси кичүү балам экөөнү сабап, дагарадагы ысык сууга салып денесин күйгүзүп салганын жолдошума айтып бериптир. Анан бул жакка чыгарда кайненем кызыма «менин урганымды апаӊа айтпа. Баары бир окууӊа келесиӊ, ошондо көрсөтөм сага кордукту» деп коркутуптур. Кабарлабай туруп такси айдатып Чаекке барып калдым. Үйгө кирсем кайненем кир жууп отуруптур. Уулума көйнөк кийгизип отургузуп коюптур. Денесинин көп бөлүгү күйгөн. Жамбашы, сандары айыгып калганы менен, буттарындагы жарааты бүтө электигин көрдүм. «Ким кылды муну?» деп кызымдын айткандарын билбеген киши болуп сурасам «атаӊар кылды, мас болуп келип алдынан чыккан баланы «бутка чалынбай ары тур» деп түртүп жибергенде кайнап турган ысык сууга жыгылды» деди.
Кийимдерин чогултуп, кайненеме эч нерсе дебей туруп баланы алып чыгып кеттим. Ал жерден жаӊжал чыгарчу болсом, бизди бир нерсе кылып коюшабы деп корктум. Бишкекке келгенде үйгө жете электе «Тез жардам» чакырып, кызым экөөнү теӊ ооруканага алып жөнөдүк. Жолдон баламдын дене табы көтөрүлүп, кусуп, кыйнап келген. Жамбашындагы күйүктү көрүп ыйлап жибердим. Терисинде тамтык жок, күйгөн жерлери карттанып, сыйрылып түшө баштаптыр. Ал уулумду шымына заӊдап койгону үчүн ысык сууга жуунтуптур. Бөбөгүнө болушуп кызым арачыга түшсө аны дубал сүздүртүп сабап, алаканын ысык мешке басыптыр. Бул эмне деген мыкаачылык?!

«БӨБӨГҮМӨ БОЛУШСАМ, АЛАКАНЫМДЫ ЫСЫК МЕШКЕ БАСТЫ»
Бөбөгүнө болушкан Диана (белгилүү себептер менен аты өзгөртүлдү) окуя тууралуу буларды айтып берди:
– Инимди дагаранын ичине ысык суу куюп отургузганда ал чыӊырып тура калды. Ага болушсам мени түртүп жиберди, чапты, анан алаканымды ысык мешке такады. Ошол күнү кеч кирип калган. Мени эшикке чыгарып койгон болчу. Эшикте ыйлап отурсам Алмаз байкем (кылмышка шектүүнүн уулу) келип «эмне отурасыӊ?» деди. Бир маалда мени велосипедине өӊөрүп алып центрга (ред. Чаек айылынын борбордук бөлүгүнө) алып барып жалгыз таштап салды. Ары-бери өткөндөр сурашты, мен тааныбаган кишилер келип «машинага отур» дешти, түшпөй койдум. Бирөөлөр «үйүӊдү билесиӊби?» дегенинен «билем» десем, ошолор жеткирип келишти. Чоӊ апам мен келгенде иним экөөбүздү ушундай сабады. Мамам телефон чалганда биз «баары жакшы» деп чоӊ апамдын сабаганын айтчу эмеспиз. Сүйлөшүп бүткөндөн кийин бизди арызданганыбыз үчүн кайра сабайт да. Мен Бишкекке келгенде иниме боорум ооруп папама баарын айтып бердим. Мамам барып инимди алып келди.

«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ КҮНӨӨНҮ ЖОЛДОШУНА ШЫЛТООДО»
Бишкек шаарындагы №3-балдар ооруканасы шаардын Октябрь РИИБине караштуу болгондуктан окуя боюнча кылмыш ишин иликтөөнү аталган РИИБдин кызматкерлери баштаган. Бул боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жаткандыгын билүү максатында байланышканыбызда, ИИМдин маалымат кызматы тиешелүү материалдар чогултулуп Жумгал РИИБине жөнөтүлөрүн кабарлашты. Себеби балдардын сабалгандыгы боюнча окуя Жумгал районунда катталган. Иш кандай жүрүп жаткандыгын билүү үчүн Жумгал РИИБинин тергөөчүсү Нарынбек Бердигуловго байланышып, жооп алдык:
– Бишкек шаардык Октябрь РИИБинин кызматкерлери иш боюнча материалдарды жөнөттүк деп кабарлашты. Балдарга соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөн. Жыйынтыгына жараша кылмыш ишин козгойбуз. Ал эми шектелип жаткан Дамира Жумалиева аттуу жаранды бөлүмгө алып келип, алгачкы суракты жүргүздүк. Азырынча мындан башка чара көрүү эрте. Ал өзүнө тагылган күнөөлөрдү четке кагып, жолдошуна шылтоодо. Мунун баары тергөө иштеринин жыйынтыгы менен аныкталат.

«БАЛДАРДЫН ЧОҢ АТАСЫНДА КҮНӨӨ ЖОК»
«Эки небересин токмоктоду» деп шектелген Дамира Жумалиева жана анын туугандары окуя боюнча өз ойлорун айтуудан баш тартышты. Ал эми айылдаштарына байланышсак, аттарын гезитке жарыялабоону өтүнүп, бул үй-бүлө тууралуу буларга токтолушту:
– Таалай Борончиев менен жубайы Дамира Жумалиева көптөн бери Жумгалда жашашат. Үй ээси бул жакка Ысык-Көл районунан келген. Дамира Жумалиева Таалай байкенин экинчи никедеги жубайы. Жакында эле биринчи аялынан төрөлгөн Талант аттуу баласын таап, катташа башташкан. Ал үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы экен.
2015-жылдын аягында Дамира эже эки небересин алып келип, «балама берген жардамым болсун» деп багып жүргөн. Билишибизче, 2-3 жылдан бери Таалай байке ичпей эле, тынч жашашчу. Аялы Дамира тергөөдө «балдарды күйөөм токмоктоп, денесин ошол күйгүзгөн. Ал дайым ичет, үйдө жаӊжал чыгарат» деген экен. Буга чейин ал иччү эмес. Неберелери токмоктолгондон кийин стресс болуп, кайра ичип алыптыр деп уктум. Биздин оюбуз боюнча, Таалай байкенин күнөөсү жок, эркек киши бала киринтпейт да. Балдар ыйлап, ызы-чуу чыкканын байкаган деле эч ким болбоптур.

3 жаштагы наристе кайрадан ооруканага жаткырылган. 6 жаштагы Диана чоң энесинин бөбөгү экөөнө көрсөткөн кордугун айтып берди.

Зомбулукка кабылган балдардын чоң энеси Дамира Жумалиева кылмышты четке кагууда.

12-январда балдардын абалын билүү үчүн апасы Жазгүл Ыдыевага кайрадан байланыштык. «Балдарга амбулатордук жардам алып, үйгө чыгарып кеткенбиз. Кичүү уулумдун дене табы түшпөй жаткандыктан 7-январда кайрадан ооруканага алып бардым. Учурда дарыланып жатат»,- деп билдирди. Окуянын жыйынтыгы кандай болот, көз салып турмакчыбыз.

«Супердин» сурак бурчу
Жаш балдарга карата жасалган зордук-зомбулукту кантип токтотсо болот?
Бакыт Эгембердиев, 39 жашта:
– Зомбулукка кабылган балдардын көпчүлүгүнүн ата-энеси туугандарына таштап, иштеп кетишкендер болууда. Мамлекеттик органдар аларды чет өлкөгө чыгарда балдарын кандай шартта жана кимге таштап кеткенин көзөмөлдөп, тактап, анан гана сыртка чыгууга уруксат берсе. Бир да мамлекеттик мекеме мигранттардын жашы жете элек канча баласы бар, аларды кимдерге таштап кетти деп көзөмөлгө алышпайт. Менимче, жаш балдарга карата зомбулук кылган адамдарга катуу эле жаза бериш керек.

Ибадат Сарыбаева, 57 жашта:
– Чоӊдордун балдарга кылган мамилеси – алардын келечекке жасаган мамилеси. Келечекке чыккынчылык кылгандарды катуу жоопко тартуу керек. Ата-эне да балдарды жарыкка алып келүүдөн мурда үй-бүлөнү тыкыр пландаганды үйрөнүшсө. Азыркы жаш үй-бүлөлөрдүн көбүндө пландоо түшүнүгү жок. Эч ким балага эне-атасындай тарбия, камкордук көрсөтө албайт. Баланын толук кандуу үй-бүлөдө тарбиялануу, жашоо, билим алуу сыяктуу укуктарынан ажыратпоону мамлекет көзөмөлгө алышы керек.

Рысбек Турсуналиев, 43 жашта:
– Баланы жараткан соӊ ага толук кандуу тарбия бере албастан зомбулук көрсөтсө, мындай адамдарды ата-энелик укуктан ажыратып салуу керек. Балага зар болуп жүргөндөр канча? Эгерде ата-эне чет жакка кетип жатып, балдарды туугандарына таштоого аргасыз болсо, анда эки тарап ортосунда тил кат же ишеним кат сыяктуу кагаз болушу керек. Мамлекет ушул сыяктуу расмий документтерди толтурууну киргизиши кажет. Ал күчүнө кирсе, жоопко тартылуу коркунучунан улам жарандар жаш балдарга жоопкерчиликтүү карап калышмак.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



Чоң эне небересин заңдаганы үчүн уруп, дагарадагы ысык сууга отургузган

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Мундузбек Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(39)
Медиа-портал
08.01.2016. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Огойбу,озбу бала деген бала да,алардын канча алы бар кудай ай.Ушундай кичинекей балдар коп кор болуп атышат,журогум ооруйт,денем титиреп кетет. Деги адамдар эмне болуп баратабыз,айбандан да жаман...
Медиа-портал
08.01.2016. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Э Кудай озун сакта
Медиа-портал
08.01.2016. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ERKAIYM94,
Эскертүү! Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
SUPER.KG видео
08.01.2016. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Оо...кудай!Эмне деген шумдук чон киши чыдабай турган кордукту корушуптур да байкуш балакайлар!!!Чон энесин жоопко тартыш кекрек эмне болгон кундо да...коруп отуруп чыдабай ыйлап да жибердим!Ар бир ушул дуйного келген наристе ата-энесинин жанында бактылуу балалыкта чонойсо экен!!!
Медиа-портал
08.01.2016. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Иийй кичинекей балада эмне куноо.
SUPER.KG видео
08.01.2016. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байкуш божоктордо эмне куноо??!!(((Дагы да кызы эстуу экен.Айтпаганда эмне болмок???Ал огой эне сорой олтуруштон да, тайбайт болчу!!!Айбан!!!Барган сайын жаш балдарга зомбулук кучой баштады:((Аллах нысап,ыйман берсин ар бир адамга
SUPER.KG видео
08.01.2016. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
байкуш кичине кыздын созун угуп ыйлагын келетко, Кудайым озу силерге ден-соолук берсин.
Медиа-портал
09.01.2016. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ата энеси күнөөлү баарына,акча деп жанталашып өгөй энесине берип койбой,өздөрү караш керек болчу.
Медиа-портал
09.01.2016. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балада эмне куноо, акмак ошол аялды да ыссык сууга салып коруш керек болчу. Уулунарга АЛЛАХ шыпаа берсин.
SUPER.KG видео
11.01.2016. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш баланын оорусун которгон ата эне да баягы эле!эгер кайненеси ичкен киши болсо анда соз жок,ичип алып кылса керек да ошону!балким сопсоо туруп кылды бекен!?кантсе да эми кичинекей балапандардын ар бир сийип,зандан койгону учун ура берсек кичинекей жанда бирдеме калабы?анын тили бар айтты болуш кнрек да ботом чычам деп укпай койсо керек да,же ага уйроткон эмес оз алдынча барып горшоко отурганды! 3 чыккан бала го корсотуп уйротуп койсон уйронот да!
18.01.2016. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оз канынан жаралган балага да ошондой мамиле жасайбы? Тообо бул деген манкуртчулук ушунчалык денгээлде да мыкаачы болобу?
18.01.2016. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дендеги так кетседа, журоктогу так кетпейт… Балдар психологический жактан жабыр татышты!Келечегине да залалы тиет, коркоок, жоош, чечкинсиз болуп. Жакшыы кундору м.н жаман тушундой, унутулуп кетсин!… Кызы акылдуу экен, чон кишидей суйлоп.
18.01.2016. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы заманда не болуп жатат адамдар,угундай мыкаачылар кобойду
18.01.2016. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Карыларыбызга ынсап, жаштарыбызга ыйман берсин бул заманда!
18.01.2016. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ой кудай, чоон эле болуп журогум зырпылдап жаман болуп кеттим........
18.01.2016. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менимче кичинесинде ошондой кордук зордукка кабылган балдар ташбоор ырайымсыз болуп мунозу озгорот чонойгондо анткени уяда эмнени корсо ошону алат
18.01.2016. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Психикалык жактан оорусу барго.кыздары акча берем дегенине караганда .коруп буткончо жаман болуп кеттим. Бечара кичинекей кызчалыкда сезими жок экенда. Дагыле чыркырап атат бир тууганына боору ооруп.
18.01.2016. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошол баланы кыйнагандардын жазасын бериш керек Бул башка атаэнелерге да сабак болсун Кагылайындар баларды озунор эле карагылачы
19.01.2016. 04:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ичип алган окшойт да.соо Адам минтпейт
19.01.2016. 04:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озунор карабайсынбы ХХХ.балдарынарды тууп таштап коюп тентибей.эркектин ХХХ ушундайлардыле билинет да
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-01-19 10:16:31
19.01.2016. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Gulnaz.GS,
Эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
19.01.2016. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тооба кылдым адамдар эмне болуп баратат.жаш балдарда эмне куноо.дагы канчалаган балдардын ушул сыяктуу кыйынчылыктары жашырылып жатат.бир гана кудай билет.
21.01.2016. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Seyitira8186,ooba
21.01.2016. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын мындай чон апалардан
22.01.2016. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akcha dep ele arkasinan churkabay chay menen, nan menen bolso da baldardi ozubuz karash keresh kerek,azir ech kimge ishenich jok
22.01.2016. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланы бага албагандан кийин неге балалуу болосунар????жон эле журо бербейсинерби деймда
23.01.2016. 05:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чон энеси багып берем десе суйунуп беришкендирда бечаралар. Жаш бала алдабайт чон энеси кылган учун ошону айтып жататда! Кудай коркпогон айбан десе бир буту корго жакындап калганда жоон эле журбойбу дейм да убалга калбай!
23.01.2016. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журогум ооруп кетти балдарым ордуна коюп кудай жазасын берсин.
23.01.2016. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аял болуп ушу кылыкты кылса же озу торобогон бала кадырын билбейби.
23.01.2016. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мейли ал огой экен,бирок жашоодо болотко оз апасы болуп да жакшы карабай куйгузуп журушпойбу,столдон чайникти тартып жибериптир корбой калыпмын деп шылтоолорун айтышып анан кимисине ишенесин
24.01.2016. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым ай озун жардам бер,огой болсо да адамдык сапат деген болуш керек го
Медиа-портал
02.04.2016. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ууужасс! Огой чон энеси эне эмей эле акмак гоо!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: