ТОРПОК ТАРТЫШ

№690 22-январь-28-январь, 2016-ж


Эзелтен бери ойнолуп келе жаткан улуттук оюндар көпчүлүктүн назарын буруп келет. Алардын арасынан ары опурталдуу, бирок ошонусу менен бүйүр кызыткан торпок тартыш өзгөчө оюндардын бири. Кышкы эс алуу күндөрү кээ бирлер лыжа базасына аттанышса, канына сиӊген улакчылар торпок тартышып чер жазышат.

«ЖАШТАРГА ҮЛГҮ КӨРСӨТӨБҮЗ»

«Торпокту улак сымал тартабыз» деген улакчылар «Манас» аэропортуна жакын жерде оюн салышат. Ар апта сайын болуучу оюнду өткөрүү эстафетага айланган. Кээде жеке адамдар оюндун чыгымдарын көтөрсө, кээде бир районго берилет. Мындай оюндарга кары-жашына карабай катышкысы келген улакчылар чогулушат. Ал эми оюн көрүүгө чогулгандар андан көп.
Оюн башында тажрыйбалуу улакчылардын бири Болот Дыйканбаев торпок тартыштын кызыктары тууралуу айтып берди:
– Кыргыз жигиттери илгертен атка минип улак тартып келишкен. Биз да улуттук спортту унутта калтырбай, аны өнүктүрүүгө кичине болсо да салым кошуп келебиз. Мындай оюндар расмий эмес өтүп жатса да, жаштар үчүн, өз балдарыбыз үчүн үлгү болуп саналат. Торпок тартышка катышуучулардын саны чектелбейт, ким өзүнө жана аргымагына ишенсе катыша берет. Ушунусу менен кызыктуу. Улакчы жоон топтон торпокту илип кетүү үчүн болгон дареметин жумшашы керек. Эгерде ал ошондой учурда кулап кетсе, тебелендиде калбоо үчүн оюнду дароо токтотуу зарыл. Бул үчүн ортодогу атайын калыс баарын байкап турат. Ар бир улакчы торпокту марага алып барууга аракет кылат.

«МЫНДАЙ ОЮНДАРДА МЫКТЫ АТТАРГА СУНУШТАР ТҮШӨТ»
Бул оюнга башынан аягына чейин катышкан улакчылардын бири Жаныш өз ою менен бөлүшө кетти:
– Торпок улакта катышуучулардын саны көп болгондуктан оюн абдан кызыктуу өтөт. Бул оюнда жеӊүүчү болуу башкы максат эмес, катышуудан эле ырахат алабыз. Илгери күчтүү балбандар улакка алымсынбай, торпокту тартып келишкен экен. Жаштар энергиясын ушундай оюндан чыгарса, жаман жолдон алыс болушмак. Ошондой эле бул оюндарда күчтүү, өзгөчөлөнгөн аттардын ээлерине атайын байкаганы келгендер тарабынан сатып алууга сунуштар түшөт.

БАЙГЕ МАРАГА БИРИНЧИ ЖЕТКЕНДИКИ

Улакчынын Владимир породасындагы аргымагы.

Улак тартышта улактын орточо салмагы 20 килограммдай болсо, торпок тартышта 60 килограммдан дээрлик 90го чейин жетиши мүмкүн. Ошондуктан өзүнө ишенген гана улакчы катышат. Анткени тартышууда жаракат алган учурлар көп кездешет. Буга карабай 16-январда каалоочулардын саны жүзгө чукулдады.

Торпок тартышта көк бөрүдөгүдөй атайын эрежелер каралган эмес. Улакчы калыӊ топтун ичинен торпокту аттын жалына алып марага жетиши керек. Калган улакчылар аны чийимге чейин талашат, кимде-ким торпокту илип кетип марага жетсе, байге ошого ыйгарылат.

Кыйкырык-сүрөөн коштоп, топтолгон улакчылар торпокту эӊип кетүүгө бел байлашты. Катышуучулардын көпчүлүгү торпокту илүү үчүн бир жерде күйпөлөӊдөп, аттар аттар менен, улакчылар улакчылар менен кармаш жүрдү. Чыныгы эр болсоӊ, мына ушундай жерден торпокту сууруп чыгып кет.

Ошого карабастан топтолгондордун арасынан эпчилдери торпокту илип, мараны көздөй чаптырышты. Мында жеке же команда болуп тарткандары да кездешет. Мара сызыгына чейин бири-бирине берип отуруп, аларда жеӊишке жетүүгө мүмкүнчүлүктөрү жогору болот. Жеӊүүчүлөргө алды автоунаа, арты кой, килем сыяктуу байгелер тапшырылат.

Спорт жаӊылыктары
Футбол
«ШЕРИКТЕШТИК КУБОГУ» СТАРТ АЛДЫ
КМШ өлкөлөрүнүн жаштар курама командалары катышкан «Шериктештик Кубогу» 17-январда Санкт-Петербургда старт алды. Алгач Мирлан Эшенов жетектеген Кыргызстан курамасы өз тайпасында Беларусь менен кезигип, 1:0 эсебинде жеӊип алышты. Ал эми 19-январда болгон оюнда Молдовага 2:0 эсеби менен уттуруп жиберишти. Эми тайпадан чыгуу үчүн биздин футболчулар 21-январда Казакстан менен беттешет.

ФУТБОЛЧУЛАР ЧЕТ ӨЛКӨНҮН КОМАНДАЛАРЫНА ЧАКЫРЫЛУУДА
Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарында өздөрүн көрсөтө алышкан кыргыз футболчуларына чет өлкөлүк командалардан сунуштар түшүүдө. Алсак, чабуулчу Иван Филатов Омандын «Сохар» клубу менен, ал эми жарым коргоочу Эдгар Бернхардт аталган өлкөнүн учурдагы чемпиону «Аль-Оруба» менен келишим түздү.
Мындан тышкары «Дордой» командасынын коргоочусу Даврон Аскаров «Элазис Беледиеспор» командасы менен келишим түзүп, жакында Түркиянын чемпиондугунда ойной баштайт.

Бокс
ДЭВИД ХЭЙ КАЙТЫП КЕЛДИ
Беттештеринен да чыры көп айтылуу британдык мушкер Дэвид Хэй рингге кайтып келди. 2012-жылдан бери рингге чыга элек экс-чемпион 16-январда австралиялык Марк де Морини 1-раундда эле нокаутка учуратты.
Бул беттеште 27-жеӊишине жеткен 35 жаштагы Дэвид Хэй эми Владимир Кличко жана Тайсон Фьюри сыяктуу мушкерлер менен беттешүүгө алгачкы кадам таштады.




Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg



Торпок тартыш оюну мекенди коргоого тарбиялайт

Автор: Максат Кудайбердиев
Оператор: Темир Абиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
Медиа-портал
23.01.2016. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
кечке эле суйлото бербей,ойунду корсотуп койсонор болмок экен 5-10минут,торпокту да коргон жокпуз го,кандай торпок тартат?Бизде тундукто торпок тарат дегенди коргон эмесмин,бирок кызыктуу болсо керек

SUPER.KG видео
23.01.2016. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошто торпок улак чабыщат только такани чапканга алымсынбайбыз
25.01.2016. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы жигиттердин оюну
25.01.2016. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Улактан ким биринчи келди, байгеге эмне алды?
SUPER.KG видео
28.01.2016. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Торпок көргөнүм жок ай
28.01.2016. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи угушум торпок эмес убакты Аран энишетго жерден...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: