«АК ХАЛАТЧАНДАРДЫН КӨӉҮЛ КОШТУГУНАН КЫЗЫМ ТӨРӨТТӨН КАЗА БОЛУП КАЛДЫ»

№690 22-январь-28-январь, 2016-ж


Бишкек шаарындагы 4-төрөтканада буга чейин көп ирет чуулуу иштер катталганы баарыбызга маалым. Бул жолу да аталган төрөткана ызы-чууга жем таштады. 2015-жылдын 10-декабрында төрөт учурунда 29 жаштагы Аида Борулдаева каза болгон. Маркумдун туугандарынын айтымында, анын көз жумганына ак халатчандар күнөөлүү. Биз бул окуяны иликтеп көрүүнү эп көрдүк.

«ДАРЫГЕРЛЕР ЖАРДАМ БЕРИШКЕН ЖОК»
Маркум Аиданын бир тууган сиӊдиси, окуянын күбөсү Бегайым Абдылдаева окуя тууралуу буларды айтып өттү:
– Жездемдин Миргүл деген таажеӊеси 4-төрөтканада иштегендиктен ошол төрөтсүн деп эжем атайын бул жакка катталган. 2015-жылы 10-декабрда эртеӊ мененки саат 8дерде эжем толготуп, аны төрөтканага алып келдик. Саат 11лерде төрөтүүчү бөлмөгө эжемдин жанына кирдим. Акушерлер анын кан басымын, абалын текшеришкенде баары эле жакшы болчу. Эжем толготуп, улам отуруп-туруп кыйналып кетти. Миргүл менен жанындагы акушер келин ага жардам бергендин ордуна алыстан карап, «даяр боло элек» деп жайбаракат сүйлөшүп отурушту. Миргүлдүн жанындагысына «кечээ аттестациядан «төрөт учурунда операцияга кантип кириш керек?» деген суроо келип билбей өтпөй калдым. Жалгыз мен өтпөй калып уят эле болдум» дегенин угуп калдым.
Эжемдин алы кетип кыйнала баштады. Бир маалда мага «Бегай, төрөй албайт окшойм» деген акыркы сөзүн айтты (ыйлап). Тигилер анын кыйналып жатканын көрүшсө да консилиум кылышпай, өздөрү ичин сыгып жатышты. Акыркы толгоосунда эжемдин бети-башы, оозу көгөрүп кетти да, эсин жоготту. Ошондо гана башка дарыгерлерди чакырышты. Эжемдин бетине суу чачып жардам берип жүрсөм, дарыгерлер мени сыртка чыгарып салышты. Ошол маалда баланын башы чыгып калган эле, кантип төрөлгөнүн көрбөй калдым. Тагиев деген врач төрөтүптүр. Бир маалда баланы жандандыруу бөлүмүнө алып кетишкенде артынан жөнөтүп жиберишти. Барып кайра келсем, эжемди операцияга алып кирип кетишти. Кечки саат 6-7лерде башкы дарыгер Бурул Алмазбекова иш бөлмөсүнө чакыртканынан барсак, суук кабарды угузду.
Эжемдин төрөтүнө катышкан Шайыр деген эже «Аида операцияга киргиче 1 сааттай каралбай калган, ошондон кан көп кетип калды. Кыйналып жатканда наркоз да сайып салышыптыр, ошондон ойгонбой калды» деди.

«БАЛКИМ, КӨБҮРӨӨК АКЧА БЕРГЕНДЕ МЫНДАЙ БОЛБОЙТ БЕЛЕ?»
Ал эми маркумдун апасы Бурул Камбарованын ою мындай:
– Кызым Аида буга чейин 2 баланы жакшынакай эле төрөгөн. 3-баласын төрөөрдө минтип шум ажал колубуздан алып кетти. Азыр баласынын абалы жакшы, кудагыйым багып жатат. Толгоосу башталганда төрөтканага келип, кичүү кызымды жанына кошуп киргизип, өзүм сыртта күтүп калгам. Ак халатчандардын көӊүл кош мамилесинен кызым каза болуп калды. Аида башында келгенде Миргүлгө 1000 сом берип, аман-эсен төрөсө ыраазы кыларын айткан экен. Балким, көбүрөөк акча бергенде башкача мамиле кылат беле?

«ЧЫНДЫКТЫ ЖАШЫРЫП ЖАТЫШАТ»
Андан соӊ окуянын дагы бир күбөсү, 4-төрөтканада акушер болуп иштеп келген Шайыр Кадыровага жолугуп, окуя тууралуу оюн уктук:
– Өзүм 25 жыл Жалал-Абадда төрөтканада, кийин Бишкектеги 4-төрөтканада 4 жыл акушер болуп иштедим. Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен ар жыл сайын же ишке орношуп жатканда төрөткананын дарыгерлери анализ тапшырышат. Эгерде аларда кан менен жуга турган оорулары болсо, башка жумушта иштеши керек. Анализдин жыйынтыгында Нади Тагиев деген дарыгердин ооруй турганын билип калдык. Себеби тизмени илип, ооругандарды кызыл менен сызып коюшат.
Бир жолу башкы дарыгер Бурул Алмазбековага «Ооругандар эмнеге төрөткө катышып жатышат? Алардан аялдарга оору жугат да» деп койгом. Ошондон тарта мени жактырбай башташты. Маркум Аиданын төрөтүнө, операциясына да ошол Тагиев катышты. Мен да башка бир аялды карап ошол жерде элем. Аида кыйналып жатканда Бурул Алмазбекованы чакырсак, ал келип Тагиевге «Мунун жатыны айрылып кетсе керек. Наркоз берип текшерип көрүү зарыл» деп айтты. Тагиев колун салып текшерип көрүп «таза эле экен» деп койду. Ошентип Аида ал төрөт бөлмөдө жарым сааттай жатып калып, кан көп кетти. Мен караган бейтапты башка төрөт бөлмөсүнө которуш керек болуп, аны менен кетип калгам. Аиданын операциядан каза болуп калганын уктум. Текшерүүлөр башталганда оорулуунун таржымалы жазылган кагазга төрөткө катышкан дарыгерлер «баарыбыз чогулганда Аиданын кыйналганын көрүп 10 мүнөттүн ичинде операцияга жибергенбиз» деп жалган жазып коюшуптур. Мен «Операцияга киргиче жарым сааттан ашык жатты го, балким, дароо алып кетсеӊер келин аман калмак. Бурмалабай эле койбойсуӊарбы» десем, башкы дарыгер мени жумуштан чыгарып салды. Териштирүү учурунда 6 дарыгер кылган ишин танып койду. Акыйкаттык издеп акыйкатчыга, министрликке арыз жазсам, алар «териштирүүдөн кийин билинет» дешти. Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасына арыз жазганы барсам, прокурордун жардамчысы «Өлгөн аялдын туугандары арыз жазбаса, сизге эмне жок? Сизди жумуштан алып салганына ичиӊиз ачышып жатат да» дейт. Мен «биздин коридордо видеокөзөмөл бар. Ошондон Аиданы операцияга кайсы убакта алып кеткенин текшерип бергилечи» десем, «жок» деп койду. «Видеокөзөмөлдөгү архив 20 күндө өчүп калат, архив өчкүчө текшерели» деп көптөргө кайрылдым, ана-мына деп убакытты созуп отурушуп, акыры архив өчүп калды.
Биздин 4-төрөтканада иштеген дарыгерлер туугандарын төрөткөнү алып келсе, анда башкы дарыгерге сөзсүз 1000 сом бериши керек. Антпесеӊ ал тууганыӊды төрөтүүгө уруксат бербейт. Мен дагы бир тууган агамдын кызын төрөткөндө Бурул Алмазбековага 1000 сом берип уруксат алгам.

«ЭКСПЕРТИЗАГА БЕРБЕЙ КОЮШКАН»
Маркумдун туугандары менен чогуу 4-төрөтканага барып, төрөткө катышкан дарыгерлерге жолуктук. «1000 сомду алганыӊыз чынбы?» деген маркумдун туугандарынын суроосуна Миргүл Исмаил кызы «мен Аидадан эч кандай акча сураган эмесмин. Бирок ал «төрөткө керектүү нерселерди алууга жумшаӊыз» деп 1000 сом берген. Мен тууганыма кантип жамандык каалайын? Ага жардам гана бергим келген. Мындай окуя болуп кетерин күткөн эмесмин» деп көзүнө жаш алып жооп кайтарды. Андан соӊ төрөткананын жетекчиси Бурул Алмазбековага жолугуп, окуя боюнча кандай иш-чаралар болуп жатканын сурадык:
– 2015-жылы биздин төрөтканада 9598 төрөт кабыл алынды. Анын ичинен 500гө жакыны кан жоготту, бирок ошонун дээрлик бардыгын сактап калганбыз. Тилекке каршы, Аида Борулдаева аттуу бейтап каза болуп калды. Баланын каканак суусу энесинин кан тамырларына кирип кеткен экен. Мындай оорудан дүйнөлүк статистикада 90 пайыз аял өлүмгө учурайт. Биз анын өмүрүн сактап калууга болгон күчүбүздү жумшадык. Операция жасоого тажрыйбалуу 4 дарыгер катышты.
Маркумдун туугандары «Миргүл аттестациядан өтпөй калыптыр» деп жатышат. Ал аттестациянын төрөткө эч кандай тиешеси жок. Негизи, биз бейтап төрөт учурунда каза болуп калса, сөзсүз денесин союп текшерүү үчүн экспертизага жөнөтөбүз. Аида каза болгондо да сөөгүн экспертизага жиберткем. Бирок туугандары «кызыбызды сойдурбайбыз, дарыгерлерге дообуз жок» деп кол коюп, өлүкканадан сөөктү алып кетишиптир. Эми минтип кайра бизге доо артышууда.
Мен биздин төрөтканадагы бир кызматкерди кызматтык милдеттерин бир нече жолу аткарбагандыгы үчүн кызматтан алгам. Ал киши ичи күйгөндөн улам биз тууралуу жалган маалыматтарды айтып жүрөт. Каза болгон Аиданын туугандарына да ар нерсени айтып көкүтүп коюптур. Эгер туугандары ишенишпесе, анда сөөктү кайрадан каздырып, текшертүүгө даярбыз. Бул иш боюнча бир нече комиссия түзүлүп, текшерип жатышат. Негизи, төрөй турган аялдан акча алынбашы керек эле, бирок биздин дарыгер Миргүл Исмаил кызы менен каза болгон Аида тууган экен. Алардын өз ара эмне деп сүйлөшкөнү мага белгисиз.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Сыздаган эне: "Көбүрөөк акча берсем, кызым төрөттөн аман калмак беле?"

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(97)
27.01.2016. 06:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россияга келип эле торогуло.Баары бесплатный козуну каарашат.
Медиа-портал
27.01.2016. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ким куноолу? Глав.врач куноолу, чындыка жеткиси келбейт себеби озунун ордун бергиси келбейт. Ушул 4 роддом калпайтып эле журушот.
Медиа-портал
27.01.2016. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
А департаменттин директору корсо да кормоксон болуп коет, себеби экоо бир кудуктан суу ичет.
27.01.2016. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
шило в мешке не утаишь. явно эле айтып турбайбы, камераны очуруп салгандары, больной врач тороткону, сотрудницасын кууганы... Кудайым озун колдо, кайда баратабыз, арам акча учун адамдын омуруно тобокелдик жасап.. Кудайым жазаласын ылайым, ак ийилет, бирок сынбайт эч качан, кыныр иш кырк жылда билинет.. Ошону эсинерге туйуп койгула ак халатчандар. Байкуш эненин, балдарынын коз жашы силерди урсун, куноонор болсо!!! Качан деги ононлот Кыргызстаным, ушундай чирик адамдардан..
27.01.2016. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Неге бир адам олум менен алышып атса алар бир-бирлери менен энесинин ушагын кууйт. ХХХ 4-больницаны бир тазалаш керек болуп калган учурда
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-01-27 15:17:09
27.01.2016. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Usow,
Эскертүү! Коомдук этиканы сактаңыз!
27.01.2016. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Доктурлар иштесе жакшына иштебейби колунан келбейби чыгып кет ал жерден, диагнозду туура деле коё алышпай адам болбойсуң деп чыгарып салышат. таанышың болсо танкасың, таанышың жок пустой банкасың дегендей бул эженин таежеси бар экен го ошол эле врачтарга айтып эле каратып койсо болот го
27.01.2016. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшысы жаап эле салыш керек андай больницаны. Анан да аттестациядан отпой калса торотко тиешеси жок дептир неге тиешеси жок эч нерсени билбесе отпойтда, балким тигил тороткондорда отпой калгандыр эле. Эххххх неге адамдын тагдырын оюнчук кылып ойношот э булар. Алла Таалам кимде куноо болсо оз жазасын берсин.
27.01.2016. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул больницаны карабасанар жоопко тартпасанар чиновниктер бир куну силердин да туугандарынарды олтурот булар бир куну.А силер частныйга барасынар да а ал жакта деле булар иштейт.эки жерде иштейт кобу ушинтип
27.01.2016. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ооооууууй кокуй кокуй бетим ий. бир жолу келинибиз тороп акчабыз жетпеи калган талап бетимди жулупалчудаи суилонушот экен.а азыр тороиун деселе туугандар россияга качабыз ушу россияда сен кара ак дебеи мед бийкелери да ото сылык ушунча журогуно жылуулук тартуулап турушат экен. бул чындык
29.01.2016. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ICHOMTAY, эмне учун врачтардын айлыгы жонундо эч ким ооз ачпайт?
28.01.2016. 05:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Абдан окунучтуу. Аман эле болсун коррупция кокодон. ушу 4 роддомду сурдуруп эле салса коп кылмыштар олумдор катталып жатат. Чону жанын жеп жатат. Кудайга шугур мен Германиядан сонун жерде торогонумо болгондо да миома менен озум эч кандай уколу жок операциясыз эч бир коррупция жок аябай карашат туалетке алпарып отургузушат гулду торогон аялга беришет врачка же акушерге беришпейт берсе да алышпайт все застрахован. тамак киргизгенге болбойт госпиталь озу берет меню менен тамактары сонун эми
28.01.2016. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми кайда барып торойбуз
28.01.2016. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayabay jaman ish boluptur. Jatkan jeri jayluu bolsun.
Menin sindim da Oshto obl. bolnitsaga tolgoosu kelip barsa, uzige salip, balan olup kaliptir, ozundu saktap kalali. Jakindarina ayt 5000 alip kelsin deptir. Shok bolup, azir ele ichimde balam kiymildap jatkan dep, korkkonuna makul boluptur. Operatsiyaga dayardap jatkanda, vrach kelip dagi 5000 bersen balandi da saktap kalabiz deptir. Oshondo gana Sindik alardan sheksinip, apama zvanok chalip, apam bashka vrachtin chontoguno 1000 som salip
29.01.2016. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
guljan1,олуп калды деп айтышкан баланы 5000менен сактап калышса кызыык
28.01.2016. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kizimi karap koyunuzchu dep suraniptir.Al vrach operatsionniydan sindimi alip chigip, ozu ele torotup aliptir. Allahka shugur azir 10 aylik bolup kaldi.
Akcha dese janin bergen ak halatchandar, Allah silerdin jazanardi bersin. Allahka sldim silerdi. (baari oshondoy jaman dep ayta albaym, soz eesin tabat)
28.01.2016. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай эле сактасын!аял затынын ар бир торотту женил болсо экен! Мен деле врачтарга акча берип жатып аман эсен тороп алдым. Палатадан эле билинет кимди жакшы карап жатканына тан каласын.
SUPER.KG видео
29.01.2016. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээ алла торогондон да коркосун врачтарга кунубуз калбасынчыыы оо кудай кандай гана жаман адам болуп кетишип жатат кудай гана корсотсун ушуларга!
29.01.2016. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыр жалгыз эле 4-торотканада эмес кайда барып торосон деле пара сурайт. Жадакалса учётко отурганга акча толойсун, анан дагы кош бойлуу аялдарга баары бекер деп коюшат.
29.01.2016. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен дагы экинчи баламды россияда тородум ноябрь айында,а биринчисин айтылуу 4-роддомдо торогом. Ээми салыштырып болбойт:Условиясын,мед.обслудиваниесин,негизи эле жасаган мамилесин. Асман мн жердей. Орус врачтар ответсвенносттон коркушат. Анан бир тыйын дагы алышпайт, сунуштасан дагы.А бизде ар бир больнойдон кобуроок акча иштеп калууну коздошот.Больницанын,палаталардын,аппаратуралардын состояниелерин айтпай эле коеюн. Бизде качан ушундай шарттар тузулот экен,ким билет.
Медиа-портал
29.01.2016. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстанда врачтардын баркы кетти, акча учун. Ушундайдан кийин кантип врач болуп иштейсинер, кантип элдин бетин карайсынар, кантип акча аласынар (суратпай берсе дагы). Иштебей эле койгулачы. Андан коро Россияга келип иштегиле эч ким силерге 1 тыйын взятка бербейт, попрорбуйте сурап коргуло, хотябы дары сатып кел деп коргуло эмне болоор экен. Мына мен Россияда врач болуп иштейм, жыргаганымдан кеткен эмесмин. Супер инфо менден интервью алсанар айтып берем медицина жаатындагы койгойлорду.
29.01.2016. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
эч ким ооз ачпайт врачтардын айлыгы жонундо эмне учун?
29.01.2016. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бет калбады озу врачтарда.ушуга окшогондорду угуп кыргызстанда торогун деле келбейт.мен биринчи баламды Москвада торогонмун.укмуш эми ыраазымын мени тороткондорго.бир тыйын сурашкан эмес.ден соолугубузду больницадан чыккыча катуу козомолдо карашкан.экинчимди да куда кааласа москвада эле торойм деп жатам
30.01.2016. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эй жашоо бардык жагынан кыйын болуп баратат
30.01.2016. 08:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да даарыгерлердин эмес (анткени беш кол тен эмес)даарыгердин айынан биринчи баламан айрылып калгам,айыман отуп кеткен элем бир жума кутолу, бир жума кутолу болбосо торотканага жонотом деп журуп ичимде чарчап калыптыр,озум ишип да кеткем срочно торотуш керек экен эле.Аллахым насип кылып бир жылдан кийин эле экинчисин тородум аны да озум торот уйуно барып мен торойм кутпойм биринчиси ушундай болгон мени тороткуло деп тааныш билиш кылып жатып аран торогом
30.01.2016. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо сураныч эмне болгонун жыйынтыгын бизге жазып тургула суранам.Байкуш эне зарлап кала бердиби?
Медиа-портал
30.01.2016. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
тороткон врач уялбай иштеп журсо керек мындайларга кудай озу корсотсун озу дагы сыздап калсын озунун башына келгенде билет кудайга койгула
31.01.2016. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу роддомдо иштегендер эсен эле болсун.акчан болсон карайт.болбосо карашпайт.ак халатчандарга нысап берсин.
эженин арты кайырлуу болсун.артында калган балдары омуру узун болсун
31.01.2016. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде доктурлар билгени бар билбегени бар акча алыш эле максаты такыр дети жок азыркы врачтардын
31.01.2016. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман
31.01.2016. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ooba kyrgyzstanda vra4tar parakor, buga sebep bizdin atka minerler go ,vra4tyn ailygyn bilesinerbi kan4a 5 min som ,bu ak4any al kunugo obed kylganga gana aran jetet, anan uydogu bala 4akasyn emne menen bagyw kerek, para aluuga majbur boluuda,al emi rossiany ele maktaisynar,al jakta dele uwundai korunuw ,prosto 4on waarlarda ailyk 50minden 100minge 4eyin ,anan para alywpait da,ui menen da,jer menem da kamsyz kylyp atsa, bizdin vra4tardyn kobu ketip jatywat, eger myndai bolo berse baary ketip kalywat,kim karait bizdin karapaim kalkty,
SUPER.KG видео
09.02.2016. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Факт, то что не смогли спасти пациентку!!!! Халатность врачей!!!! Видимо у неё кровотечение болуп кетти! А донорской крови не было! А не было , так как врач неопытный! Не могла заранее привидеть ситуацию! Ар нерсеге даяр туруш керек болчу!
13.02.2016. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар 4-больницага барбагыла. Ал жакта пк
акча бербесен карабайт. Ичи да тааза эмес врачтары да жаман.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: