КАМСЫЗДАНДЫРЫЛБАСА ЖАБЫРКАГАН ҮЙҮҢҮЗГӨ АКЧА БЕРИЛБЕЙТ. МИЛДЕТТҮҮ КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ АЛЫҢЫЗ

№691 29-январь-4-февраль, 2016-ж


Учурда авто жана турак жайды милдеттүү камсыздандыруу боюнча көп сөз болууда. Кыргызстандын ар бир жараны билиши керек болгон бул иш тууралуу кенен маалымат беребиз.

СЫНГА КАБЫЛГАН КАМСЫЗДАНДЫРУУ
ЕАЭСке кирген өлкөлөрдүн арасында Кыргызстанда гана автоунааларды, турак жайды милдеттүү түрдө камсыздандыруу жок. Биримдикке кирерде аткарылууга тийиш болгон милдеттенмелердин катарында бул ишти киргизүү бар болчу. Ошентип, 7-февралдан тарта өлкөбүздө автоунаа жана турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу башталмакчы.
Бул мыйзамдар чийки даярдалган деп коомчулук арасында катуу талкууга алынды. Катуу сынга кабылган соӊ өкмөт автоунааларын камсыздандырбагандарды жазага тартууну 2018-жылдын 1-январынан баштоо тууралуу чечим чыгарууга аргасыз болду. Мыйзам боюнча автоунааларын камсыздандырбагандарга ушул жылдын май айынан тарта айып пул салынып баштамак. Камсыздандыруу 7-февралдан башталат да, эки жылдан кийин камсыздандырбагандарга айып пул салына баштайт. Ал эми турак жайын камсыздандырбаганы үчүн айып салуу каралган эмес. Бирок камсыздандырбай туруп турак жайды сата албайсыз. Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 1 миллион 1 жүз миӊ автоунаа жана 1 миллиондой турак жай катталган.

«КААТЧЫЛЫК УЧУРДА БУЛ ЭЛДИН МОЮНУНА ТҮШКӨН АШЫКЧА ЖҮК БОЛОТ»
Жогорку Кеӊеште Өмүрбек Текебаев жетектеген депутаттар бул мыйзам долбоорлорунун күчүнө кирүү мөөнөттөрүн 2020-жылдын 1-январына жылдырууну сунуштап, коомдук талкууга чыгарышты. «Тарифтер, баалар көтөрүлүп, ал эми айлык төмөн бойдон калып жаткан каржылык каатчылык учурунда автоунааны камсыздандыруу боюнча мыйзам элдин моюнуна түшкөн ашыкча жүк болот» дешти алар. Депутат Алмамбет Шыкмаматов «камсыздандырууну киргизүү 5-6 компаниянын гана кызыкчылыгы» деп эсептейт. Аны коштогон эл өкүлү Аида Салянова: «Башка өлкөлөр «элге кандай кылып жардам берсек?» деп кризистин кесепетин азайтууга аракет кылып жатышат. А биз эптеп күнүн көрүп жаткан элди ар кайсы жагынан кысып жатабыз. Кээ бирибиз 2018, кээ бирибиз 2020-жылы киргизебиз деп жатабыз. Эми ошол 2018-жылы жашоо оӊолот, элдин абалы оӊолот деген кепилдик барбы?» деп суроо салууда.

«КАМСЫЗДАНДЫРУУДА КЭЭ БИРЛЕРГЕ ЖЕҢИЛДИКТЕР КАРАЛГАН»
Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын аткаруу кеӊешинин мүчөсү Нурлан Байбосунов камсыздандыруу элге пайда гана алып келерин айтууда:
– Турак жайга жылына 600 же 1200 сом төлөп туруп, кырсык болгон учурда 500 миӊ же миллион сом алган жакшы да. Эгерде турак жай камсыздандырылбаган болсо, анда жаратылыш кырсыгынан же өрттөн жабыркаган турак жайлар үчүн мамлекет тараптан каражат берилбейт. Турак жайды камсыздандырууда 6 категорияда адамдарга жеӊилдиктер каралган. Алардын кээ бири камсыздандырууга төлөнүүчү акчаны толугу менен төлөбөйт же жарым жартылай төлөйт. Ошентсе да кокус кырсык болсо, аларга камсыздандыруу каражаты толугу менен берилет.
Өлкөбүздө 17 камсыздандыруучу компания болсо, автоунааны камсыздандырууга 15тейине эми лицензия берилмекчи. Алардын тизмеси жакында аныкталып, коомчулукка жарыяланат. Лицензия алуучу компаниянын кеминде 100 миллион сому болушу шарт. Мамлекеттик атайын фонд уюштурулат, ага автоунааларды камсыздандыруудан түшкөн акчанын 6 пайызы которулат. Анда топтолгон каражат камсыздандыруу компаниясы банкрот болсо, компаниянын лицензиясы алынса же кырсыкка себеп болгон айдоочу качып кетип, табылбай калган учурда жабырлануучуларга төлөнүп берилет.

АВТОУНААЛАРДЫ КАМСЫЗДАНДЫРУУ ЖЕКЕ КОМПАНИЯЛАРДЫН КОЛУНДА
Автоунааларды камсыздандыруу жеке компаниялардын колуна берилип, турак жайларды камсыздандыруу боюнча мамлекеттик уюм иш алып бармакчы. Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы 11-январда Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. Бир айдын ичинде компаниянын өкүлчүлүктөрү ар бир облуста, кийинчерээк райондордо ачылмакчы. Автоунаа камсыздандыруу ишке киргенден кийин камсыздандыруу арбитри деген да кызмат ишке кирет. Эгер автоунаанын ээси төлөнүп берилүүчү камсыздандыруу каражатына ыраазы болбосо, ал камсыздандыруу арбитрине кайрыла алат. Арбитрдин чечимин камсыздандыруу компаниялары аткарууга милдеттүү. Ошондой эле автоматташтырылган маалымат базаларынын борбору түзүлөт. Мында камсыздандыруу келишимдери тууралуу маалыматтар, катталган ар бир жол кырсыгы жана анын күнөөкөрү ким экендиги белгиленип турат. Кайсы айдоочу канча жолу жол кырсыгына кабылганы, анын канчасында күнөөлүү болгондугун билүүгө болот.

МЫЙЗАМ КАЧАН КАБЫЛ АЛЫНГАН?
«Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзам 2015-жылдын 24-июлунда, «Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзам 2015-жылдын 29-июлунда Жогорку Кеӊеш тарабынан кабыл алынып, президент Алмазбек Атамбаев тарабынан кол коюлган.

ТУРАК ЖАЙДЫ КАМСЫЗДАНДЫРУУ
Камсыздандырууда үйдүн чоӊ-кичинесине каралбайт. Айыл жериндегилер турак жайды камсыздандырууга жылына 600 сом, шаар жергесинде 1200 сом төлөшөт. Турак жай кандайдыр бир себептер боюнча жабыркаган болсо, мамлекет тараптан айылдагыларга 500 миӊ, шаарда 1 миллион сом өлчөмүндө камсыздандыруу акысы берилет.
Өрт, сел, зилзала, көчкү жана башка жаратылыш кырсыктарынан турак жайыӊыз жапа чексе, компенсация төлөнүп берилет. Бирок ушул эле жаратылыш кырсыктарынан жапа чегүүдө ал компенсацияны ала албай да калышыӊыз мүмкүн. Мисалы, жер титирөө 6 баллдан ашпай, бирок үйүӊүз талкаланып калса, чыгым төлөнбөйт.
Турак жайды камсыздандыруу үчүн документтер почта бөлүмдөрүндө толтурулат.

КАНДАЙ ҮЙЛӨР КАМСЫЗДАНДЫРЫЛБАЙТ?

  • Авариялык абалдагы;
  • Бузулууга жатат деген турак жайлар;
  • Арестке алынган же тартылып алына турган үйлөр;
  • Техникалык талаптарга жооп бербей курулган үйлөр;
  • Табият кырсыктары коркунуч жараткан аймактарда жайгашкан үйлөр.

КАНДАЙ УЧУРЛАРДА КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТӨЛӨНБӨЙТ?

  • Согуш аракеттери жана анын кесепеттеринде;
  • Теракттарда;
  • Жарандык толкундоолор жана массалык дүрбөлөӊдөрдө;
  • Жарандык же аскердик бийликтин буйругу менен жок кылынган же бузулган турак жайларга;
  • Техногендик, экологиялык жана чыр-чатактуу мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарда;
  • Турак жайдын ээси же үй-бүлөнүн бойго жеткен мүчөлөрү тарабынан атайылап жасалган аракеттеринде;
  • Үйдүн жанына жер астындагы коммуникацияларды туура эмес коюп же жардыруу иштеринин натыйжасында үй урап калса;
  • Турак жайды коӊшулар суу каптатып жиберсе;
  • Ошондой эле сиз үйүӊүздүн эшигин же терезесин жаппай бир жакка кетип калган убакта катуу жаан жаап, үйүӊүзгө зыян келтирсе, колуӊузда камсыздандыруу полиси болсо да келтирилген чыгымды эч ким төлөп бербейт. Себеби бул жерде эшик же терезени ачып кеткен өзүӊүз күнөөлүүсүз.

АВТОУНАА КАМСЫЗДАНДЫРУУ БОЮНЧА
Автоунааларга арзан-кымбатына, чыккан жылына карата тариф коюлбайт. Унаанын салмагына, кыймылдаткычынын көлөмүнө, айдоочунун жашына, айдоочулук тажрыйбасына карата тариф коюлган. Камсыздандыруунун баасы орточо 2 миӊ сомдон 4 миӊ сомго чейин.
Кышында автоунааны айдабай токтотуп койчулар же трактор, комбайн сыяктуу айыл чарба техникалары кышында токтоп калгандыктан алардын ээлери 8-9 айга гана камсыздандырса болот.
Эгер үй-бүлөнүн 1 автоунаасы болуп, аны үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү да айдай берчү болсо, анда бир гана камсыздандыруу полисине 4кө чейинки кишини каттап коюуга болот.
Милдеттүү камсыздандырууда кырсык болгон учурда күнөөлүү айдоочуга компенсация төлөнүп берилбейт. Камсыздандыруу каражатын жабырлануучу гана ала алат. Күнөөлүү айдоочу унаасын камсыздандырган компания жабырлануучу тарапка компенсация төлөп берет. Компенсациянын максималдуу баасы 550 миӊ сом. Анын 200 миӊ сому жабырлануучулардын дарылануусуна, 200 миӊи каза болгондорго, 150 миӊи автоунааны оӊдоо үчүн берилет.
Автоунааны камсыздандыруу келишиминде катталбаган башка адам башкарып баратып жол кырсыгына кабылса, камсыздандыруу акчасы төлөнүп берилбейт.

ЖОЛ КЫРСЫГЫНА КАБЫЛГАНДА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?
Эгер жол кырсыгы катталса, анын күнөөкөрү бул тууралуу камсыздандыруу компаниясына кабарлашы керек. 10 күн ичинде камсыздандыруу компаниясы чыгымдын баасын эсептеп акт түзүп, камсыздандырылган тарапка беришет. Жаран бул баага макул болсо, анда компания 30 күн ичинде ал каражатты төлөп берет. Эгер макул болбосо, ал жаран камсыздандыруу арбитрине кайрыла алат. Арбитрдин да чечими канааттандырбаса, анда жаран сотко кайрылууга мажбур болот.

КАМСЫЗДАНДЫРУУ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Камсыздандыруу – экономикалык мамилелердин бир түрү. Ал табигый жана башка кырсыктардын кесепетинен келип чыккан зыяндын ордун толтуруу үчүн төлөнүүчү каражат. Камсыздандырууда эки тарап болууга тийиш. Анын бири – акча фондун түзүүчү жана пайдалануучу уюм, экинчи тарап – ошол фондго белгиленген төлөмдөрдү төлөп камсыздандыруучу юридикалык жак же жеке адам. Уюм менен камсыздандыруучунун ортосундагы мамиле келишимдин негизинде түзүлөт. Камсыздандыруу ыктыярдуу жана милдеттүү болуп эки түргө бөлүнөт. Биринчи түрү камсыздандыруучунун өз демилгеси менен, экинчиси өлкөнүн мыйзамдарынын негизинде ишке ашат.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg



Кандай үйлөр камсыздандырылбайт?

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(30)
01.02.2016. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен тушунбодум окмот биз учун иштейби же биз окмот учунбу. Ортонку кылымга тушуп калдык
01.02.2016. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
otin,сиздин оюнузга кошулам, чын эле сиз берген суроонун усутунон иштеш к-к болуп калды, актуалдуу койгойлордун бири....
01.02.2016. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен камсыздандырылган машинаны сүзүп кетсем, компания мени сотко берип, тигиге бере турган акчаны менен өндүрүп алабы?
01.02.2016. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
маданиятуу закондуу рекеттер
01.02.2016. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызстанда талапка жооп береерлик уй ото сейрек кездешет! Мындын чыкты элди тоноо экен да! Милдеттуу турдоо толойсун анан кудай сактасын уйун кулап калса эксперттери келип бул уй сапатсыз курулган ошон учун кулап калган, бул уйго камсыздандыруу фондунан жардам корсотулбойт деп чечим кабыл алып коюшат! А уйдун сапаты талапка жооп беруусу учун ошол компаниянын эксперттерин чакырып анан уй курууга туура келет! Демек Кыргызстанда 90 пайыз уйлорду башкадан куруу керек.Ансыз камсыздандыруу куру соз!
02.02.2016. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
avaz-t02,ооба силерге кошулам менда, каяктагы мыйзамдарды таап чыга берип жадатмай болдуго бул чондор
01.02.2016. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1миллион 1жуз мин машине бар болсо баарын камсыздандырууга откорсо канча акча болуп кетет жеке компания га эмес мамилекет ке откоруп бериш керек кичине болсо да мамилекет онуксун
01.02.2016. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Столдо отургандарга дагы бир шанс жегенге.Мисалы бир уй кырсыкка учураса 100 мин болунсо анын 30% бир чондун чонтогуно 20%андан кийинкисине 10% дагы бироосуно ошентип уйу кулаган бечарага 50минди берип коюшат да
01.02.2016. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камсыздандырылган машина жол кырсыгына кабылса 100 минди оной менен беришпесе керек. Ояка барып спаравка апкел дейт, бияка барып спаравка дейт, спаравка алып келгиче 1 ай убакыт кетет. Аларды алып келсен дагы 1 ай кут дейт. Анан машинанын ояк биягын карап, каттуу деле сузулбоптур деп озеки эсептеп 10 минди колуна карматып билгенинди кыл деп жолуна салат.
02.02.2016. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Munar_6052, Ошо он минди алып алсан да чон иш, 10 мин сом эмес, он сом ала аламбы деп ойлонолу биринчи. Кудай сактасын, бирок,16 кабат дом жер титироодон жабыркаса ( 4-5 стандарт уйлорду айтпай эле коелу) ар бир батирдин ээсине кайсы компания миллиондорду кармата салат. Акча жок деп жалдыраааап отура берет.Алар гоо бут дом арыз жазып эптеп акиташына болсо да акча ондурушоор.Андайда жеке уйлорду карап да коюшпайт. Кепилдик жок.Эртен кырсык болсо жардам беребиз деп эч ким кепилдик бербейт элге
01.02.2016. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир депутат карапайым адамдын машинасын уруп кетип. Кайра тиешелуу жакты жабыркаган адамга бере турган акчанын жарымы менен эле башка чапса бутту. Кайра эле карапайым калк куноолуу болуп чыга келет. Калп эле оозунар менен орок оро бербей башка иштерди чечип бергиле. Турак жай машинаны эмеспедофилдерден жабыр тарткан наристелерди камсыздандыргылачы. Ошол айбандарга татыктуу жазасын берип.
02.02.2016. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул жерден дагы иштеп калууну ойлоп тааптыр да чонтогу калындар жукаларды ансайын соробергиле акыры коросунор не болоорун
02.02.2016. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
6Балдан отсо анан толойт тура 4.5 Балда азыркы уйлор кулайт машынаны сузсон куноолу тараптан алып бергени жакты ал атйылап кубалап келип сузот да сени ой шумпайлаар укмуш акылдуу биздин эшеке минерлер.
02.02.2016. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иииий ушул камсыздандыруу деп дагы элдин башын айлантмайбы. 2010-жылы Ошто уйу, машинеси орттонгондор ушул кунго чейин мамлекет жардам катары болгон акчаларын ала албай эстери ооп отуруп калышты. Жок дегенде эле 20 мин сом жардам алыш учун 20 мин документ чогултуп, жыйырма жыл чуркайт кыргыз. Бул камсыздандыруу деле ошондой, 10 мин сом бериш учун 10 мин документ сурайт. Анда да толоп бербейт, машинени чыгарган заводдон справка, уйдун кышын куйган заводдон справка деп шылтоо таап толошпойт. Бизде качан эле онойу менен кыйналган адамга жардам берчу эле. Дагыле элдин эсебинен бироолор байыйт, эл толой берет деп каалаган Мыйзамды иштей беришет.
Bereke10 түзөттү 2016-02-02 17:35:09
02.02.2016. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жерди,машинени камсыздандыруу боюнча элди зордобош керек. Оз ыктыяры(добровольная страховка)менен толосо жарашат. Бир кырсык болсо мамлекетке доосу жок, машинесиби,уйубу жабыркаса озу тикелеп алат. Азыр ансыз деле ошондой.Козу жеткендер камсыздандырууга толой берсин. калган эл озу билет. Анан мажбур турдо дегени бул адамды зордоп кааласан каалабасан толо деген менен элдин кыжыры келет.Кесибим боюнча коп эл менен суйлоштум баары каршы. Машинеге,жерге,уйго ансыз деле жыл сайын салыгын
02.02.2016. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
толоп жатабыз дагы бул мамлекет элден албаган не акысы калды деп жатышат.Андан коро элди кризистен кантип алып чыгабыз,канткенде экономикабызды алдыга жылдыра алабыз, элди кантип иш менен камсыздайбыз,чет жакта жургон мигранттарыбызды кантип коргоп,шарт тузуп беребиз деген маселе жок. Жер менен машинеге салык салса мамлекет, дагы деле ошо талаада жургон мигранттардын эсебинен толойбуз. Мен 5 мин сомдук маянама свет,газ,суу,таштанды,коммуналка дагы башкаларга толоймунбу же бала-чака багамбы?
04.02.2016. 04:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ойлойм мажбурлабай, оз ыктыяры менен автокамсыздандыруу болсо, жакшы нерсе, бир жагы жол кырсыгы да азайабы деп ойлойм.
04.02.2016. 04:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россияда автосраховканын эки туру бар, бири ОСАГО, бироосу КАСКО деп коет, ОСАГО милдеттуу турдо болот жол кырсыгында ким куноолуу болсо толонбойт, а КАСКОдо болсо жолкырсыгында экооно тен толоп беришет, ушулардай иштесе жакшы эле болот деп ойлойм, мен Москвада машина айдайм ошондон улам ойумду айтып жатам.
05.02.2016. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Техникалык талаптарга жооп бербеген уйлор камсыздандырууга жатпайт дейт, анда туштуктогу уйлордун жарымы камсыздандырууга жатпайт экен да.
05.02.2016. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
биссимиллахир рахманир рахим деп баштайын. кана 6 балдан ашканын карапайым калк кантип билет ? силер сразу балды текшергендерге пара бересинер ойдааат олду 6-7 бал болуп кетти деп балды текшергендерге 5-жарым бал болду деп айткыла мына силерге 2 миллион ато 100 уй минимум жабыркады 100 миллион кеткенче 2 миллион алгыла десе эч нерсени билбеген адам болуп жер силкинуунун балын текшергендер 2 миллионду чонтоко салып бугун жакшы халтура болду дагы жер титиресе экен миимум 6-жарым бал деп тиленетда.
05.02.2016. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
тообо кылдым 15 страховый компания болсо анда аларга 2 миллион акча эмне деген акча ар бири 100-150 минден чыгарса болдуда. эч ким кепилдик бербейт 9-10 бал болсо да 5 бутун 10дон 9 бал болуп калыптыр капа болбойсуз сарский селодо 6 бал болуптур джал да 5-9 болуп калыптыр кечиресиз дейт дагы сарский селодо билесинерда жалан атка минерлер жашайт 1 миллиондон алып турса аларга жакшыда компанияларды мактап турушат.аа бечара карапайым калк вай ушунча болгонго жараша 6 бал болбоптурда деп алданынышат
06.02.2016. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Логика кана? Табият кырсыктары коркунуч жараткан аймактагы уйлор камсыздандырылбайт, а камсыздандыруу дегендин аныктамасын карап корсонор.
06.02.2016. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
камсыздандырууну киргизүү 5-6 компаниянын гана кызыкчылыгы
SUPER.KG видео
06.02.2016. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айылдагы үйлөрдү ар ким өзү салат. 4 балдык жер титирөөгө туруштук бере албайт. Демек айыл жергеси үчүн пайдалуу жагы жок деп эсептейм. Ал эми унаалар үчүн өтө пайдалуу экен.
Медиа-портал
06.02.2016. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
орусияда страховкан жок болсо машинаны сразуле камап колдойтуп штраф салат бизде бул нерсе чынында эртерээк болушу керек
Медиа-портал
07.02.2016. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул создун которулушу туура эместей сезиле берет мага.
SUPER.KG видео
09.02.2016. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы демилге экен негизи боодо кырсыктан алыс эле бололук кыргыз элим,бирок кырсык каш кабактын ортосунда дейтго ошон учун жакшы эле ишке кирсе
SUPER.KG видео
10.02.2016. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камсыздандырылгандардансыздарбы?
02.03.2016. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баягы эле . кыргызда акыйкат жок. аман болсок супер инфодон окуйбузго страховка кылган компаниялар ар кайсы шылтоону айтып аягы сотко жетип сот тааныш билиш баягы эле да кыргыздардыкы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: