Үшүктүн айынан колу-бутунан ажыраган Ырыскелди Зарлыков: «ЧОӉОЙГОНДО МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ БОЛОМ»

№692 5-февраль-11-февраль, 2016-ж


2013-жылы Ат-Башынын Ак-Моюн айылында кутурма чыкты деп угуп, макала даярдоо үчүн ал жакка жөнөдүм. Ошондо айыл элинин «баланча деген киши 4 жаштагы небереси менен суукта калып тоӊуп калыптыр. Бактыга жараша, наристе аман экен» деп уу-дуу болуп жатышканын эшиткем. Ошол аман калган балакай азыр 2-класстын окуучусу. Эки колун чыканактан ылдый, эки бутун тизеден ылдый үшүктүн айынан кесип салышкан.

«КАЙНАТАМ ТОӉУП КАЗА БОЛСО, БАЛАМ КОЛУ-БУТУНАН АЖЫРАДЫ»

Азыр Ырыскелди апасы Жазгүл Чокеева жана эжеси менен Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылында батирде турушат. Туруктуу иштеген иши жок, баласы болсо минтип майып. Ырыскелди кандайча бул тагдырга туш болгон деп жатсаӊыз, жоопту апасы айтып берсин:
– 2013-жылы жолдошум экөөбүз ажырашып кеткенбиз. Ырыскелди атасына жакын болгондуктан эркек бала эмеспи деп жолдошума калтырып, өзүм кызым Сайкалды алып төркүнүмө кеткем. Ат-Башы районунун Терек-Суу айылынан болом.
Бир күнү Ак-Моюндан кайындарым «Ырыскелди ооруп калды» деп телефон чалышты. Шашып барсам кайнатам каза болуп калыптыр. Балам эс-учун билбей кыймылсыз жатат. Нес болуп бир туугандарыма телефон чалсам, «Бишкекке алып кел» дешти. Баланы алып Бишкекке жөнөдүм.
Ошол маалда баламдын абалына сарсанаа болуп жатып эч нерсеге маани бербей, дендароо абалда жүрө бериптирмин. Кийин уксам, кайнатам Ырыскелдини алып коӊшу айылга барыптыр. УАЗ үлгүсүндөгү үстү таар менен жабылган унаасы бар болчу. Балам чоӊ атасын ээрчиген экен. Кайра келе жатканда унаа эмне себептен билбейм, орто жолдон токтоп жүрбөй калат. Баланы өзүнүн кийимдери менен ороп, өзү суукка тоӊуп каза болот. Ошондо мени чакыртышыптыр.

«МАНЖАЛАРЫ ӨЗҮНӨН-ӨЗҮ ТҮШӨ БАШТАДЫ»
– Бир күнү кайнагам «табып экен» деп бир кишини алып келди. Ал баламды кармалап көрүп «колу-бутуна жан кирбейт, үшүк алып кетиптир» деди.
Андан көп өтпөй үйдө отурсак, баламдын бармагы бөлүнүп түшүп калды. Ошол убакта үйдө табып бар болчу. Аӊгыча бутунун да кайсы бир бөлүктөрү, салаалары түшө баштады. Мен карап тура албай эшикке чыгып, бул тууралуу эжеме чалып айттым. Кирсем табып баланын колу-бутунун бөлүктөрүн чогултуп дагарага салып жатыптыр. Эжем «Тез жардам» чакырып коюптур. Баштыкка кол-буттун бөлүктөрүн салып алып дагы жалгыз ооруканага келдим. Доктурлар «баланын колу-бутун кеспесе болбойт. Антпесе гангрена болуп, дарт денеге чаап кетет» дешти. Ошентип Ырыскелдинин эки колу чыканактан, эки бутунун тизесинен ылдыйкы бөлүгү кесилди.
Атасы баладан баш тарткан. «Колдон келген жардамыбызды бердик» дешет экен. Мен баланы алты саны аман төрөгөм. Азыр менин колума кандай абалда салып беришти? Айтып отурса сөз көп, аларды жамандагандай болбоюн. Учурда баламдын ден соолугун тилейм. Дагы жакшы, акыл-эси жайында. «Апа, мен окуйм, мектепке баргым келет» деп жатып азыр 2-класста окуп жатат.

«ЖЫЛ САЙЫН ПРОТЕЗ АЛМАШТЫРЫП ТУРУШУБУЗ КЕРЕК»
– Жаӊы эле окууга бара баштады. Эки айдан бери ооруканага жатып, жаӊы протез жасатып чыктык. Былтыркысы тар болуп калды. Жаӊысына көнө элек, күнүгө кийип, маал-маалы менен басып көндүрүш керек. Көп кийгенге да болбойт. Протез менен бутунун бириккен жери ооруп шишип кетет. Дааратканага өзү бара албайт. Үйгө горшокко отургузам. Ырыскелдиге өкмөт айына 3000 сом жөлөкпул берет. Колум бошой калганда тигүү цехтеринде иштейм. Тапкан акчам батир акысына, көмүргө, коммуналдык төлөмдөргө, күнүмдүк тамак-ашка кетет. Башка киреше булагым жок. 2 баланын кийим-кечеси, мектепке деген жыйымдар жана башка керектөөлөр эптеп Кудайдын берген ырыскысы менен табылууда. Батир азабы баарынан кыйын болуп жатат.
Азыр Ырыскелдиге операция жасатууга болбойт. Доктурлар «Баланын сөөгү өсөт, ал тургай терини тешип чыгат. Бул жагдайда сөөктү кесип туруу керек. Дене мүчөсүнүн өсүүсү токтогондон кийин гана протездөө операциясына үмүт кылса болот» дешти. Ага чейин ушинтип жыл сайын бут кийимдей буттан ылдый протез алмаштырганыбыз алмаштырган.

«ОЙГОНСОМ ДОКТУРДА ЭКЕНМИН»
Китептерин барактап, эки колуна калем кыпчып отурган Ырыскелдиге суроолор менен учкай кайрылдык:
– Ырыскелди, чоӊ атаӊ экөөӊөр үйдөн чыккан күн эсиӊдеби?
– Ооба, мен атамды ээрчигем. Бир жакка бардык. Ал жактан кишилер менен атам арак ичти. Ошондо ачкычын жоготуп коюп машинаны зым менен от алдырды. Жолдон талаага жеткенде машинабыз жүрбөй калды. Анан атам кийимдерин чечип мага кийгизди. Мен уктап калгам.
– Ойгонсоӊ кайда экенсиӊ анан?
– Ойгонсом доктурда экенмин. Мамам келиптир.
– Келечекте ким болгуӊ келет?
– Милиция болгум келет. Кылмышкерлерди кармайм.
– Азамат, тилегиӊе жет!

Азыр Жазгүл Чокеевага жана Ырыскелдиге жардамдын кандай түрү болсо да зарыл. «Балам үчүн бардык ишти кылууга даярмын» дейт апасы. «Азырынча кичине болуп жатат. Чоӊойсо коомго кошулуу маселеси эмне болот билбейм. Бутуна туруп басып жүргөнүнө сүйүнөм. Бир жолу коомдук унаага уулумду көтөрүп салып жатсам, ичиндегилер «Килейген эле баланы эмне көтөрүп киргизесиӊ?» деп жатышпайбы. Баламдын буту протез экенин алар кайдан билишсин? Ушундай учурлар менен кагылышканда баламдын келечегин ойлоодон коркуп кетем» дейт эне. 3-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Ырыскелди Зарлыковго өкмөттүн резервдик фондунан 100 миӊ сом бөлүнөрү маалым болду.

Жазгүл Чокееванын күнү баласына протез кийгизүү менен башталат.

Ырыскелди сабакка бул протездер менен барат.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



Суукта калып колу-бутунан ажыраган Ырыскелдинин тагдыры

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Темир Абиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(35)
SUPER.KG видео
06.02.2016. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Даректерин толугураак жазып койсонуздар жакшы болмок,аз болсо да колдон келген жардамыбызды берейли
Медиа-портал
06.02.2016. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
байкуш балага энесине куч кубат берсин.
Медиа-портал
06.02.2016. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ырыскелдиге,апасына Жараткан Аллахым жардамын , куч-кубаттын берсин. Супер инфо,шундай соопчулук иштеринерден Кудайым ыраазы болсун.
Медиа-портал
06.02.2016. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жагымдуу бала экен кысып кысып кучактаным келип кетти
SUPER.KG видео
06.02.2016. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырыскелдини баккан мамасына ден-соолук берсин. Айла жок , тагдырга баш ийебиз.
Медиа-портал
06.02.2016. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
бул эже менен кантип байланышсак болот? телефон номери барбы?
SUPER.KG видео
06.02.2016. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ананайын тилегине жет
SUPER.KG видео
06.02.2016. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ырыскелдинин бешенесине апасынын ден-соолугу чын,омуру узун болсун. Зирек,жылдыздуу,токтоо бала экен,чонойсо акылдуу бала болгудай.
SUPER.KG видео
07.02.2016. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алтыным секетим мамалагым десе аман бол,кандай гана кайгылууу, колуман келбейт келсе барын кайтарат элем, Админ доныйларын бергилечи номерим
SUPER.KG видео
07.02.2016. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апасына ден соолук Ырыскелди бактылуу бол. .
SUPER.KG видео
07.02.2016. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх турмуш
SUPER.KG видео
08.02.2016. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кичинекейим ылайым бактылуу бол!
08.02.2016. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу мекендештер! Макаланын автору катары сиздерден дагы бир жолу өтүнөм, колубуздан келген жардамды берели. Мен да четте калбайм.
Реквизиттер:
Евро менен: Алуучу: Chokoeva Zhazgul Zhusupbekovna/ Чокоева Жазгул Жусупбековна
Алуучунун счету: 1280016025012774
CJSC Kyrgyz Investment and Credit Bank, Bishkek, Kyrgyz Republic
SWIFT: KICBKG22
08.02.2016. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Реквизиттер:
Доллар менен: Алуучу: Chokoeva Zhazgul Zhusupbekovna/ Чокоева Жазгул Жусупбековна
Алуучунун счету: 1280016025012673
CJSC Kyrgyz Investment and Credit Bank, Bishkek, Kyrgyz Republic
SWIFT: KICBKG22
Сом менен:
Алуучу: Chokoeva Zhazgul Zhusupbekovna/ Чокоева Жазгул Жусупбековна
Алуучунун счету: 1280016025012471
ЗАО "Кыргызский Инвестиционно-Кредитный Банк" Кыргызская Республика
БИК: 128001
08.02.2016. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гүлжан Асанкожоева,

Рахмат. Тел. жазып кое аласынарбы? Дагы кандай жардам керек экенидигин сурайлы. Мумкун коляска же дагы бир башка нерсе керек болуп турабы...
08.02.2016. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Wave.,купуя кат куржунуңуздан караңыз.
08.02.2016. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ыйлагым келди окуп алып. Аллах келечегин кен кылсын.
08.02.2016. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ий байкуш наристе ай келечегин кен болсун, бактына апана ден соолук куч кубат берсин
08.02.2016. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым келечегин кен кылсын оомин, шыпаа берсин
08.02.2016. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым озу колдосун.Апасына куч кубат берсин
08.02.2016. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырыскелди бактылуу бол.
08.02.2016. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым озу куч кубат берсин апасына.Ырыскелдиге омур берсин.Амиин
08.02.2016. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым озу сага шыпаасын берсин, пешене апакен бар болсун.Атасына соз жок экен эмне деген эркек.Озунун канынан жаралган баласынан бащ тартып уятсыз.
08.02.2016. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эч кимдин баласы оорубасын,турмушта эмнелер гана болбойт ,энеси атасынын баласы деп ага таштабай алып келсе бул каргаша болмок эмес беле бир кудайым билетта,кайратту жакшы аял экен,апасына ден соолук куч кубат берсин,эч бир эненин коз жашы бала учун акпасын.коруп олтуруп коз жаш чыгып кетти,жардам берели колдон келгенче,чондорубуз ушундайларды карап жардам берип койсо ...
08.02.2016. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ыйлаттын... Бал тилегинден айланайын. Кудай озу жалгасын сени. Жашоонун тугонгус сыноосун кара... Ырыскелди сен азаматсын! Сен эрктуусун. Сен баатырсын! Апан экоон баарын женесинер буйруса! Айдын он беши карангы болсо, он беши жарык экен...
08.02.2016. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Менимче атасына сот аркылуу алимент толотуш керек. Супер инфо бул айымга билимдуу юрист таап берсениздер, оз укугун коргоп алсын. Турмуш шарты начар, уйу жок болгону учун окмот де уй берсин, же жолок пулду кобойтсун. Атасы алкаш болгон учурда да мал мулкун сатып балага алимент толош керек. Соттошо келсе атасын каматса болот даже, балага камкор болбогону учун. Бирок кыргызчылык да, эркектерди аяй беребиз. Алар болсо аяганисайын ташбоор жана жалкоо жана жоопкерчиликсиз болуп баратышат
09.02.2016. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллах шыпаасын берип айыгып кетсин. Эч качан эч кимдин башына мындай оор кундор туш келбесин. Баланы да ата энени да эч кимди ден соолуктан оксутпосун Кудайым.
09.02.2016. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
О Жараткан жакшылыгынды аябачы ден соолугун бекем болсун Ырыскелди .
09.02.2016. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахым озу шыпаа берсин!!!Жанагы Мээрбек деген депутат кудулдарга асылбай андай эле акчасы коп болсо ушундай шордуларга жардам бербейби,баатыр болсо!!!
Медиа-портал
12.02.2016. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
О Жараткан алла таалам ушул балага шыпаа бере кор апасына бекем де соолук каалайм
12.02.2016. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неге атасына таштады экен?
SUPER.KG видео
08.03.2016. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы,телефон номмери бар бекен?
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: