29-ФЕВРАЛЬ ЭМНЕГЕ 4 ЖЫЛДА БИР КЕЛЕТ?

№694 19-февраль-25-февраль, 2016-ж


29-февралда туулган Орусиянын Эл артисти Алина Покровская өздүк майрамын жаштыкты сактап калуунун эӊ жакшы ыкмасы деп белгилейт. Анткени анын туулган күнү төрт жылда бир гана жолу келет. Эмне үчүн февраль айлардын ичинен эӊ кыска жана 29-февраль төрт жылда бир келет?

ИМПЕРАТОР БИР КҮНДҮ ӨЗ АЙЫНА КОШУП АЛГАН

Биз колдонуп жүргөн айлардын аталышы, анын отузунан же отуз биринен жаӊырышы, кыскасы, 12 айдын түзүлүшү григориан календары деп аталат. Бул календарь байыркы Римде түптөлгөн. Аларда жыл 1-марттан башталып, санай келгенде так санга туш келген айлар 31инен, жуп санга туура келгендер 30унан аяктайт деп түзүлгөн.
Биздин заманга чейинки 46-жылы грециялык астрономдун кеӊеши менен Римдин ошол жылдардагы мамлекеттик, саясий ишмери, аскер башчы Гай Юлий Цезарь жылдык календарды кайра тактоону колго алат. Жер Күндү 365 сутка, 6 саатта айланып чыгары белгилүү болгон. 6 саат чогулуп отуруп, төрт жылда араӊ бир сутканы түзөт. Анан аны жылдын акыркы айы болгон февралга 30-күн кылып кошуп коюшкан. Аскер башчы Юлий Цезарь каза болгондо анын урматына квинтилис деген айды июль деп өзгөртүшкөн.
Аскер башчыдан кийин империянын башчылыгына анын уулу Октавиан Август келген. Ал атасынын атын алып жүргөн июль айынан август айынын кыска болушун каалабай, төрт жылда бир жолу 30 күн болгон февралдан бир күндү алып августка кошуп койгон. Февралда римдиктер кетирген күнөөлөрүнөн арылуу үчүн сыйынып, көзү өтүп кеткен маркумдарды эскеришкен. Ошондон улам бул айды римдиктер кайгылуу ай деп эсептешкен, императордун бул айдан бир күндү алганы да ушундан улам.

НУМЕРОЛОГДОРДУН АЙТУУСУНДА...
2 жана 9 сандары бири-бирине карама-каршы сандар. 2 жумшак, пессимисттик мүнөздө жана да чыгармачылыкты, изденүүнү жактырса, 9 активдүү, алдыда жүргөндү жактырат да, иштин соӊуна чыккыча жан алакетке түшөт.
29унда төрөлгөндөрдүн амбициясы абдан күч, алдыга койгон ой-максаттары үчүн баарына даяр. Эгер кайсы бир шартта утула турган болсо, оюнчук үйдөй эле чачырап кетишет. Акылдуу келишкендиктен билим-илим жаатында жакшы карьера жасай алышат. Административдик уюштуруу иштеринде да жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алышат. Айды чапчыган амбициялары үчүн баарына даяр болгондуктан, экинчи орунда калууну жактырышпайт. Мүнөзүндө күчтүүлүк болгону менен, бул адамдар өтө белгилүүлүккө чыга алышпайт.
Бирөөгө бат көнүшөт. Түгөйлөрүнө оор эле десек болот. Романтик болушканы менен, сүйүү жаатында эч качан биринчи кадам ташташпайт. Кадам ташталгандан кийин анан өнүктүрүп кетүүгө жөндөмдүү келишет.

МУНУ БИЛҮҮ КЫЗЫКТУУ

  • Дүйнө жүзүндө 29-февралда төрөлгөндөрдүн саны 4 миллиондон ашуун. Бул жалпы калктын 0,069 пайызын түзөт.
  • 29-февралда түнкү 24:00дөн таӊкы 6га чейин төрөлгөндөрдүн көбү туулган күнүн 28-февралга жылдырып алышса, 6дан 24:00гө чейин туулгандар 1-март кылып өзгөртүп алышат.
  • Элде толук жыл болгондо кургакчылык өкүм сүрөт, кырсыктар көп болот деген түшүнүк бар.
  • 29-февраль – сейрек кездешүүчү оорулардын эл аралык күнү.
  • Шотландияда дал ушул күнү аялдар эркектерге үйлөнүү сунушун киргизе алышат. Эгер ал макул болбосо, айып төлөйт.
  • 1940-жылы америкалык киноактриса Хетти Макданиэл «Оскар» сыйлыгынын «Мыкты актриса» наамын алган биринчи кара терилүү айым болгон.
  • 1960-жылы Марокконун Агадир шаарында жер титирөө болуп, шаар тургундарынын 3төн бир бөлүгү: 15 000 адам набыт болгон.

29-ФЕВРАЛДА ТУУЛГАН АТАКТУУЛАР
1528-жылы герцог, меценат, коллекционер, музыкант Альбрехт V Баварский, 1784-жылы немис архитектору Лео фон Кленце, 1840-жылы биринчи кайык куруучу Жон Филип Голланд, 1860-жылы электрондук эсептөөчү машинаны ойлоп тапкан Герман Холлерит, 1884-жылы британиялык мушкер Фредерик Грейс, 1916-жылы америкалык ырчы Дина Шор, 1920-жылы француз киноактрисасы Мишель Морган жана башка атактуулар туулган.

«АПАМ ЭКӨӨБҮЗ БИР КҮНДӨ ТУУЛГАНБЫЗ»
Социалдык фонддун маалыматтык системдер башкармалыгынын башчысынын орун басары Тынчтык Өмүралиев 29-февралда туулган.
– Апамдын туулган күнү 29-февраль, өзүнө белек кылып мени да 1984-жылдын 29-февралында төрөптүр. Атам кыргыз драма театрында башкы эсепчи болуп иштегендиктен, апам экөөбүздүн туулган күндү билгендер «Шакен кайсы жерде болбосун эсепчи, туулган күнгө кетчү акчаны үнөмдөп 29-февралда туулган аял алды, баласынын төрөлүшүн да ушул күнгө тууралады» деп тамашалап калышат.
– 28-февралга же 1-мартка которуп алууну ойлогон жоксуӊбу?
– Жок, өзгөчө күнү төрөлсөм эмнеге өзгөртөм?! Туулган күнүмө туугандар, достор деле көнүп калышкан, 4 жылда бир өзгөчө майрам уюштурбасам башым ооруйт. Мен досторумдун туулган күнүн унутуп калышым мүмкүн, бирок алар меникин унутушпайт.
– Жыл сайын болчу туулган күндөрдөн эмнеси менен өзгөчө деп ойлойсуӊ?
– 32-кышты көрүп жатканым менен жашым 8де эле, ошонусу менен өзгөчө. Анан да туулган күндө түшкөн сүрөттөрдүн баарын так эстеп калам. Буга чейин коноктор биздикине келишсе, быйыл 29унда Нарынга конокко биз баралы деп жатабыз.
– Нумерологдор 29унда төрөлгөндөрдү «амбициясы күчтүү, жеӊилүүнү жактырбаган адамдар» дешет...
– Кыйын суроо экен. Амбициям, Кудайга шүгүр, күчтүү эле. Бирок шартка жараша кээде 2-орунга деле калып кала берем.

«29-ФЕВРАЛЬ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНАМ»
Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин комузчусу Рустам Азиреткулов да 29-февралда жарыкка келген.
– Апамдын айтуусу боюнча, мени менен чогуу 29-февралда үч эркек бала төрөлүптүр. Атам обончу, аткаруучу Хабибилла Азиреткулов искусствонун адамы болгондуктан «уулдуу болдум» деп кубанып, төрөткананын кызматкерлерине таӊ аткыча концерт коюптур.
– Бирок туулган күнүӊдү 1-мартка которуп алыптырсыӊ го?
– Бала кезде апамдан «менин туулган күнүм эмнеге төрт жылда бир келет?» деп сурагам. Кийин паспорт аларда апам балам элден өзгөчө болбосун деп туулган күнүмдү 1-март кылып өзгөрттүрүп салган. 28-февраль кылбаган себеби 21:15те төрөлүптүрмүн. Бирок туулгандыгым тууралуу күбөлүк 29-февраль боюнча калды.
– Анан 1-мартты кабыл ала алдыӊбы?
– Кудайдын бергенин эч качан өзгөртө албайт экенбиз, кагаз бетинде 1-март деп турса да, жүрөгүмдө 29-февраль. Үй-бүлөбүз, туугандарыбыз менен 29-февралды эле майрамдайбыз. 29-февраль менен сыймыктанам, бул датада ар ким эле төрөлө бербейт.
– Мүнөзүӊдү билсек болобу?
– Уюштуруучулук, лидерлик сапатка ээ адамдардын катарын толуктайм. Өзүм каалаган ишти аягына чыгармайынча жаным тынбайт. Комузда кол ойнотуу боюнча төрт жылдык тажрыйбам болгонуна карабай он жылдан бери комуз чертип жүргөн адамдар менен теӊ тайлашып калдым.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg



29-февраль эмнеге 4 жылда бир келет?

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Темир Абиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(22)
Медиа-портал
21.02.2016. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кызыктуу экен
SUPER.KG видео
22.02.2016. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Ошондо 29-февральда туулгандар торт жылда бир жаштан кошобу?
Мисалы биз жыл сайын бир жашка толобуз го
22.02.2016. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
29-торолгондор биз торт жылда бир туулган кунубузду белгилейбиз, бир жаш кошулат дешет бир бул не честно. Эл катары эле жаш кошулат да
28.02.2016. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bantik, мдаа жылдын ачылышы болду окшойт...
22.02.2016. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эл катары эле жаш кошулса керек, бир жыл жашады да...

Февралдан бир күндү жулуп алып, августка алып барып жабыштырганы кызык экен... :)
25.02.2016. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
jemile,августка эмес июль айына кошкон туура окусанар. Февралдан бир кунду алып атасынын атындагы июль айына кошуп койгон
28.02.2016. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gunu,жок августка кошкон,августтун июлдан аз болушун каалаган эмес
22.02.2016. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир кунду жабыштырмак тугул уурдап алган дешет
22.02.2016. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызык болсо керек, торт жылда бир туулган кун откозуп.
22.02.2016. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
29-февралда туулгандар башка классташтарына караганда жаш корунушот дешет го, чынбы?
22.02.2016. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bantik,жалган болбогон соз!Т.О.чон кишидей корунот экен эми башка отуз экиге чыккандарды кара андан жаш корунушот.
Svoboda83 түзөттү 2016-02-22 17:54:12
22.02.2016. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Шатландыялыктардыкы кызык экен айымдар сунуш киргизип кабыл албаса айып пул тологону
23.02.2016. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4

Баардык окурмандардын кулагына кумуш сырга.
Бир суткада 24 саат бар экени баарыбызга маалым, бирок бул точно 24 саат эмес бир канча секунд жетпей калат. Ошол секундалар чогулуп келип 29 февральды тузот. Жер озунун огунда ровно 24 саатта айланбайт.
SHAHDAR түзөттү 2016-02-23 09:18:22
23.02.2016. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менда 4 жылда бир туулгам
23.02.2016. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шотландияга кетеееееем)))
25.02.2016. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анда торт жыл 31-августа откоруш керекпи туулган кундорун (тамаша).
28.02.2016. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
KursKG,.туулган кундорун 4 жылда бир февральда каганын 31 июльда откоруп калышат окшойт....
26.02.2016. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун маалымат экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: