«УУЛУМДУ АСКЕРДЕН СИЙИП КОЙГУЧА САБАШЫПТЫР»

№695 26-февраль-3-март, 2016-ж


Уулу бойго жеткен кайсы гана ата-энеден сураба, баары эле баласын аскерге жөнөтүүдөн зыркырап баш тарта тургандай. Бүгүнкү күндө аскерге чакырык өкүмдөй кабыл алынып баратат. Катардагы жоокер, 18 жаштагы Нурпайыз Дүйшөнбековдун атасы Камчыбек Жумакадыровдун айтымында, уулун улуу чакырыктагы аскерлерге кошулуп рота старшинасы сабаган. Анысы аз келгенсип, «оорукчан экен» деп психиатриялык ооруканага жаткырып коюшкан. Мына ушул чуулгандуу кабардын чын-бышыгын иликтөөгө аракет кылдык.

«АЗЫР ДЕЛЕ ПСИХИАТРИЯЛЫК ООРУКАНАДА ЖАТАТ»
-Балам Нурпайыз Дүйшөнбеков 1997-жылы туулган. 2015-жылы ноябрь айында Ош шаарындагы №30629-аскер бөлүгүнө кызмат өтөөгө кетти. Ал 6 баламдын улуусу. Аскердик антын бергенден 1 ай өтпөй улуу чакырыктагы аскерлердин «фокустары» башталыптыр. Мен деле билем, кандай гана аскер кызматы болбосун, ал жакта сөзсүз дедовщина болот. Бирок чеги менен болушу керек да? Илгери биздин аталарыбыз, агаларыбыз ушул турган Ош эмес, Орусия, Германия сыяктуу өлкөлөргө барып, өлбөй-житпей эле кызмат өтөп келишкен да. Анан кандай эле өзүбүздүн кыргыз балдар өз инилерин өлгөнчө сабашат? Эмне, кыргыздар ушунча мыкаачы калк келебизби?!
Уулума ур-тепки ноябрь айынан тарта башталыптыр. Баламды улуу чакырыктагы 4 аскер дааратканага алып кирип тепкилеп, курдун башындагы чоӊ темири менен сабашыптыр. «Шарик» деген ыкмасын да жасашыптыр. Анысы аз келгенсип, аларга ротанын старшинасы Ильич Таштанов да кошулуп тепкилептир. Балам «ур-тепкиге туруштук бере албай, ошол жерге заара ушатып, заӊдап да жибердим» дейт. Адам сийгиче сабаган бул эмне деген мыкаачылык?! Ошондон кийин Нурпайызды дароо ооруканага алып барышпай, денесиндеги көк аласы тарагыча санитардык бөлүмдө кармап жатышыптыр. Балам акыл-эсине толук келбей, өөдүк-сөөдүк сүйлөп калган го чамасы, заара ушатып да койчу экен. Мындан улам аны «психикасы туруксуз» деп Оштогу психиатриялык ооруканага жаткырып салышыптыр.
Муну мага аскер бөлүгүнөн чалып айтышты. Биринчи ооруканага барганда балам эч нерсе айткан эмес. Көрсө, старшинасы келип «айтпагын, мен жалгыз бой атамын, 2 балам бар, кесилип кетсем аларды ким багат?» деп коркутуп кетиптир. Балам бул окуяны кийин мага телефондон айтып берди.

«КАЙРАДАН ЭКСПЕРТИЗА ДАЙЫНДАЙБЫЗ»
-Нурпайыз буга чейин эч кандай акыл-эсинде көйгөйү жок эле чоӊойгон. Эгер ал психикалык жактан оорулуу болсо, анда аскерге алып жатканда жүргүзүлчү медициналык кароодон өтпөй калмак да. Жакында анализдеринин жыйынтыгын аскер-дарыгердик комиссиясына атайын почта аркылуу Бишкекке жиберишти. Мен баланын атасы катары анализдин жыйынтыгын талап кылсам, «бул жашыруун маалымат» деп айтпай коюшту. Өз баламдын оорусун менден жашырышабы?
Бул маселе боюнча Ош гарнизондук аскер прокуратурасына арыз менен кайрылдым. 3 ай болуп калды, тергөөчүсү эмгиче иш козгой элек. «Эртелетсеӊер боло» десем, «сабалгандыгы аныкталган медициналык маалым кат болмоюнча иш козгой албайм» дейт. Кызык, анда эмне ооруканага соо баланы алып барып жаткырып коюштубу? Айтор, күздөн бери эле ушулардын мышык-чычкан ойноткону менен алышып жүрөм. Жоокер энелеринин комитети деген уюм бар экен, аларга кайрылсам, анализдердин жыйынтыгын талап кылып жатышып, уулумду аскердик кызмат өтөөгө ден соолугу жараксыз деген чечим чыгарылганын кабарлашты. «Анализдеринин жыйынтыгы чыккан турбайбы, эми иш козгобойсуӊарбы» деп аскер прокуратурасына кайра кайрылсам, «балаӊ оорукчан экен, ошондой тыянак чыкты. Бул жагдайда биз кылмыш ишин козгой албайбыз» деп коюшту.
Оорукчан баланы анда аскерге кантип алышты эле? Мен сопсоо баламдын оорукчан аталып калышын каалабайм. Бул жакка келген соӊ көз карандысыз эксперттерге кайрылып, кайра экспертиза жүргүзөлү деп жатам.

«ОКУЯНЫ БИЗ КӨЗӨМӨЛГӨ АЛДЫК»
Аталган окуяны өз көзөмөлүнө алып жаткан Республикалык жоокерлердин энелери комитетинин жетекчиси Уулкан Байгубатова окуя боюнча төмөнкүчө оюн билдирди:
-Бизге Дүйшөнбековдун ата-энеси кайрылган. Өз алдыбызча иликтөө жүргүзүп, ыйгарым укуктарыбыздын баарын пайдаландык. 90 аскерден түшүнүк кат алып, аскер прокуратурасына, Башкы штабга кайрылуу жасадык. Учурда окуянын үстүнөн иликтөөлөр жүрүп жатат. Нурпайыз Дүйшөнбековдун атасы бизге кечирээк кайрылып калган экен. Эгер анын сабалгандыгы чын болуп, ошол замат кайрылышканда, балким, далилдерди алмакпыз. Азыр бала психиатриялык ооруканада жатат. Аталган оорукананын дарыгерлери «жоокердин оорусу аскерге алынганга чейин эле болгон» деп маалым кат беришти. Жоокердин оору тарыхы жазылган кагаздарда «бейтапта коркуу сезими бар, түнт, кабыл алуусу кеч» деген аныктамалар бар деп жатышат. Кайсы бир жеринде «энеси эпилепсия менен жабыркайт, ал кан аркылуу балага өтүшү мүмкүн» деген да тыянактар жүрөт.
Азыркы жигиттердин көбү мекен үчүн аскер кызматын өтөбөй эле, аскер күбөлүгүн алыш үчүн эптеп 1 жыл өткөрүп келейин деп кетип жатканы чындык. Ошол себептен көп балдар аскерге алынарда ооруларын жашырышат. Жогорудагы окуя боюнча илинчек таппай жатабыз.

«УСТАВДАН СЫРТ МЫЙЗАМ БУЗУУ АНЫКТАЛГАН ЖОК»
Аталган окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалымат кызматкери Азамат Дүйшөмбеков буларды билдирди:
-Катардагы жоокер Нурпайыз Дүйшөнбеков 2015-жылы 21-октябрда Кочкор райондук аскер комиссариатынан чакырылып, 28-октябрда Оштогу №30629-аскер бөлүгүнө жиберилген. Ош гарнизонундагы госпиталда жоокерлер тереӊдетилген медициналык кароодон өтүшүп, врач Дүйшөнбековго «салаа муундарынын артрити» деген диагноз коюп, Ош облустук психиатриялык диспансерге консультацияга жиберген. Ал жактан кароо жүргүзүлүп, жоокерге «ден соолугу чыӊ» деген маалым кат менен милдеттүү кызмат өтөөгө жиберилген. Ноябрь айында Дүйшөнбековго кайрадан кароо жүргүзүлүп, «олигофрениянын жеӊил түрү» (акыл-эсинин өөрчүүсү жай) деген диагноз коюлган. Аны Ош облустук психиатриялык ден соолук борборунун врач-психиатры текшерүүгө алып, ал стационардык дарыланууга жаткырылган.
Бул боюнча кабар алган Дүйшөнбековдун атасы келип, Республикалык жоокерлердин энелери комитетине арызданды. Алар арыздын негизинде текшерүү тобун түзүп, аталган аскер бөлүгүндөгү жоокерлердин баарынан түшүнүк кат алышкан. Ошондой эле Дүйшөнбеков катардагы 4 жоокердин фамилияларын атап, аларды ур-тепкиге алды деген. Текшерүү жүргүзгөн топ ошол жоокерлердин сүрөттөрүн Дүйшөнбековго көрсөткөндө аларды так көрсөтүп бере алган жок. Учурда бул иш боюнча Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат. Мындан сырткары Дүйшөнбековдун абалына карата соттук-медициналык, соттук-психиатриялык экспертизалар дайындалган. Комитеттин мүчөлөрү окуяда уставдан сырт мыйзам бузуулар болгондугун аныкташкан жок.
Аскердеги дедовщина маселеси боюнча буга чейин көп эле иликтөөлөрдү даярдаганбыз. Алардын баарында «иликтөө жүргүзүлүп жатат, экспертиза дайындалды» деген гана жооптор айтылып келет. Ал эми бир да окуяда «ооба, бул аскер бөлүгүндө дедовщинадан жоокер майып болгон же каза тапкан» деген жооп болгону эсибизде жок. Төө куш сымал кумга башты ката койгон ыкма менен маселе чечилип калбайт. Өлкө башчысы баш болуп күч түзүмдөрүн чыӊдоо, аскерлерге шарт түзүү керектигин айтып, өзгөчө көӊүл бурулуп жаткандыгы чындык. Анткен менен «ооруну жашырса өлүм ашкере кылат» демекчи, ушундай окуялардын аягы тыйылып, аскер кызматында тартип орномоюнча кыргыз куралдуу күчтөрү оңолбойт.

 

«Супердин» сурак бурчу
УУЛУӉУЗДУ АСКЕРГЕ ЖИБЕРЕСИЗБИ?

Рина Туганбаева, 48 жашта:
– Кандай гана эне болбосун, баласын аскерге жиберүүдөн баш тартат. Бул маселеде атасынын чечими олуттуу болуп калат го. Эӊ тартиптүү, кызмат өтөө жеӊил деген бөлүккө да эне баласын кыйылып жатып жиберет. Үй-бүлөлүк маселелерден улам, бала атасыз өсүп жаткан болсо, эркекке тиешелүү тарбияны көрүп келсин деп жиберсе болот. Тилекке каршы, азыр аскерге кеткен балдарыбызга ал жактагылар жоопкерчиликсиз мамиле жасашат. Андыктан ата-эне жиберсемби же жибербесемби деген эки анжы ойго көбүрөөк кептелет.

Каныбек Турусбеков, 45 жашта:
– Кыргызда жакшы сөз бар «ата көргөн ок жанат, эне көргөн тон бычат» деген. Ар бир ата уулунун аскерге баруусун камсыздап, колдон келсе жибериши керек. Үйүнөн алыстаган бала ата-эненин, бир туугандын баркын түшүнөт. Мекенди коргоо ар бир атуулдун милдети экенин билишибиз керек. Мен балдарымды аскерге жибермекмин.

Дарханай Рахманбердиева, 51 жашта:
– Мен жибербейт болчумун. Себеби ал жакка барып майып болуп келгендерди, сопсоо кетип сөөгү келгендерди көрүп эле жүрөм. Аскерге балдарды турмушка бышып келсин деп жиберебиз. Азыр ал жакта тартип талаптагыдай болбосо, эмне кереги бар? Карапайым элдин балдарынан башка ал жакка эч ким барбайт экен. Бизге деле бала керек да.

Мерген Турган, 48 жашта:
– Биздин учурдагы аскер кызматы менен азыркыны салыштырып болбойт. Бизди мурун аскерге эркектерге тиешелүү касиеттерге ээ болсун деп жиберчү. Биз анда алыс барып, ата-эненин, туулган жердин баркын билип, бекем, чыдамкай, намыскөй болууга үйрөнүп келчүбүз. Азыркы аскерлердин абалын көрүп-билип эле жүрөм. Инимдин баласы кызмат өтөп келди, бирок жүрүм-туруму жакшы жакка өзгөргөнүн байкаган деле жокмун. Аман-соо балдар барып, кайра майып болуп келип жатышат. Колдон келсе баламды жибербейт болчумун. Балдар чоӊойгуча аскер кызматыбыздын абалы оӊолуп, тартип орноп калар деп үмүт кылам.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



"Төрт жоокер жана ротанын улугу баламды заңдап койгончо сабашкан"

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Мундузбек Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(55)
29.02.2016. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бул убакка чейин ар кайсы жерде ушундай окуялар бп байкуш балдар каза болуп чындык чыкпай калчуу,мына эми майып болсо да бала тируу чындыктын баарын сурап ким куноолуу экенин эми билсе болот если мамлекетибизде чындык болсо.шанс келип турганда колдон чыгарбаш кк.
29.02.2016. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азыркы заманда экспертизага асманды кызыл тусто деген тыянак чыгар деген буйрук болсо, акча берсе чыгарып берет. Анан эр болсон асман кок экенин далилдеп кор. Жараткан абийирди адамга бекер берген эмес да, сурак кунуно чейин аз да болсо козомолдоп, куноо жасоодон сактасын деп берсе керек. Аны колдонбогондорго Жараткан оз жазасын берээр
29.02.2016. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдарынарды аскерге жонотпогуло ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-03-01 11:22:06
01.03.2016. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tram-lam, Altyn10076,
Эскертүү! Провокацияга жол жок!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-03-01 11:23:49
29.02.2016. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Комиссия барып текшерсе баары жакшыда деп жаап бекитишет
29.02.2016. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул закондору иштеп турган олкодогу корунуш, а эгерде Кыргызстан эл-журтка 1 кун законсуз эркин кун жарыяласа, анда кыргыз бирин-бири кырып таштайт го...Ой-тобоо....
01.03.2016. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Буларды итке тенесек да, иттер бизден капа болчудай бизди ушуларга тен кордунбу дегенсип (( Е.е.ех ))
01.03.2016. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жөнөкөй эле мисал :биздин мектепте дедовщина бар эле,бизди урат эле биз айтпайт элек типа эркек болуп))) айткандар болгон мугалимдер ошол ургандарды билген соң урушуп ата-энесин чакыртып урушуп коёт, анан бир эки жума катуу көзөмөл болот, анан кайра эле баягы көрүнүш. Ошондуктан бул нерсе жок болушу өтө кыйын менин оюмча.
01.03.2016. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушинтип дед.общинанын айынан , бири бирин атып жатат. Жанына тийгенде атасың да.
01.03.2016. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jemile, Sultanim,
Эскертүү! Ачууга алдырып, этика нормаларын бузуудан алыс болуңуздар!
01.03.2016. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дедовщинаны токтотуш керек. Токтотсо болот. Мектептерде эмнеге кобоюп кетти, эркек мугалимдердин жок экендигинде, айлык аз, эркек адам уй було багам деп башка иш издеп кетип, мектепте 90 процент аялдар калды. Ошондон улам дедовщина мектепте куч. Армияда деле Жогорку жактын жумшактыгынан, конул коштугунан, жалкоолугунан, ылдый жакта башаламан болуп атат. Ар бир аскердик чин таккан биздин чондор эмнеге курошпойсунор? Дедовщина жок болбойт эмес, ал озу жок. онуккон олколордо жок, оозбекстанда деле
01.03.2016. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ылайым уулунуз сакайып кетсин,Аллахым шыпаа берсин ал эми куноолуулордун жазасын берсин
01.03.2016. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самосудка туртуп жатат тийиштуу органдар!!!
01.03.2016. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен балким эрежеден чыгып кететтириин. Бирок ачыгын айтамын. Ата энелер балдарынызды аскерге жибербениздер. Алар Душмандардан жерди коргобостон эле оздору бирин бири жеп отурушат
02.03.2016. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ алла. Кийинки кундору жашаганданда коркосун. Таптаза баланы психикалык жактан оорулу кылып салышабы. Негизи тескерисинче оорулу баланы таза кылып чыгарышыбыз керек эледа. Жардам берип азыр болсо жогоруда айткандай асманды кызыл деп калбадыкпы акча берсе же оздорунун аркасын жабыш учун. Биздин окмот мындай койгойлорду чечпей эмне кылып атышат. Жалгыз президент кантип жетишет Эгер ага эл же депутаттар. Министирлер жардам бербесе. Куудулдардын созун андыбай ушундайларды андышпайбы.
02.03.2016. 03:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки буттулардан жашыра аласынар, а бирок устудо карап турган эки коздуудон жашыра алар бекенсинер,бул дуйно кайтар дуйно деп койот,жазанарды аллахым озу берсин,эки буктом кагаз учун сатылгандар корккула,мындай корунушторго чара коргулочу урматтуу биздин депутаттар.
02.03.2016. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бети жоктор ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-03-03 09:53:50
03.03.2016. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazgulyakg, этика нормаларын сактаңыз!
03.03.2016. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла шыпасын берсин.Азыркы дедовщиналар ото эле ужастарго, адам олтургучтор мыкаачылар топтолгонго. Маалында бизде да болгон дедовщина бирок мынчалыкка эч ким жеткирген эмес.
03.03.2016. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне азыркы дедовщинага жалан ужастарды мыкаачыларды топтогонбу. Биздин маалда деле болгон дедовщина бирок мынчалыкка эч ким барган эмес.Уккан кошуна олколордун алдында уят элего кыргыз армиясына.
03.03.2016. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чектен ашкан дедовшина болуп жатат ушул нерсе кайталана берсе аскерлер азайып мамлекетти жалан чиновниктер коруп калабы ошондо жэ чек араны таштап коюп кетип калабызбы
04.03.2016. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uwundai maselelerge mamleket tarabynan chara koldonso jakwy bolmok
04.03.2016. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан онолоор экенбиз Кыргыз эли,качан адамча жашаар экенбиз,качан эл туткасы болгон ажо адамча бийлик жургузоор экен яя?!
05.03.2016. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ойлон кыргыз элим , ойгон.
05.03.2016. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тааныш жигиттим кызмат отогондо ур соккуга алынганын, комур, мышыктын жунун жегенин айтор шумдуктар коп болорун айткан.
06.03.2016. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аскерге эч барбайт го эгер мындай улана берсе
06.03.2016. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой кудай,не деген шумдук.Сопсоо баласын армиядан оорукчан кылып чыгарып коюптурго.Мен балдарымды армияга жонотпойм,башкаларды да жонотпогуло деп чакырам.Армиядан тарбияланбаса койсун,удо эле курал кармашты тирге апарып уйротуп коюш керек.Армиян менен жерге кир!
06.03.2016. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр армияга алып жатканда текшерген врачтар да коррупциялашып кеткен.Колунду карап турушат тилемчилерге окшоп.Оорусу болсо акча бербесен таза деп жазышат,тазаларды акча алып оору кылып жазышат.
07.03.2016. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул нерсе жойулбайт...
Медиа-портал
10.03.2016. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Армияга барып келген бир таанышым белим деп кара жумушка жарабайт. Не болгон десем ээ армия белди талкалап койгон дейт, андай армиянын кимге кереги бар???
18.03.2016. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коомубузда кандай гана мыкаачы адамдар коп. Болбосо алардын деле инилери, балдары бар. Оздорунун башына ушундай иш тушсо ойлонушаар. Нурпайыз инибиздин эртерээк сакайып кетишин тилейм.
17.04.2016. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин армия... Армия эмес!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: