КЕЛИНДИ МУУНТУП ӨЛТҮРҮП, ӨЗ УНААСЫНА ТАШТАП КЕТИШКЕН

№700 01-апрель-07-апрель, 2016-ж


17-март күнү Сокулук районуна караштуу Романовка айылынын четиндеги көлмөнүн жанынан ээси жок турган жеңил унаа жергиликтүү тургундардын көңүлүн бурган. Жакын барып ичин карашканда бейтааныш келиндин өлүгү табылган.

МАРКУМДУН СӨӨГҮ 3 КҮНДӨН КИЙИН ТАБЫЛГАН
2016-жылдын 16-мартында Сокулук РИИБине Шопоков шаарынын Эркебек Искаков аттуу 52 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 30 жаштагы кызы Зарина Искакова 14-мартта өзүнүн Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаасын айдап үйдөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келбегендигин, аны табууга жардам берүүнү өтүнгөн. Эртеси күнү, тагыраак айтканда, 17-мартта Сокулук районунун Романовка айылынын четиндеги көлмөнүн жанынан Mercedes-Benz унаасынын ичинен бейтааныш аялдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалыматты жергиликтүү тургундар милиция кызматкерлерине кабарлашкан. Сокулук РИИБинин ыкчам иликтөө тобу окуя болгон жерге барып, маркум издөөдөгү Зарина Искакова экендигин аныкташкан. Жогорудагы окуя боюнча «адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, 19-март күнү кылмышка шектүү катары Сокулук районунун 2 тургуну кармалган.

«МЕН ӨЛТҮРГӨН ЭМЕСМИН»
Жогорудагы окуя тууралуу маалымат алуу үчүн Сокулук РИИБине барып, убактылуу кармоочу жайда кармалып жаткан кылмышка шектүүлөргө жолуктук. Кылмышка шектүүлөрдүн бири Кайрат Жапатоев келинди өлтүрүүгө тиешеси жок экендигин айтат:
– 26 жаштамын, Сокулук районунун тургуну болом. Мурда соттолгон эмесмин. Үй-бүлөм, 1 кызым бар. Сокулук айылында дөңгөлөк желимдөөчү жайда иштечүмүн. Зарина 1 жыл мурун апасы экөө унаасынын дөңгөлөгүн үйлөткөнү келип, ошондо таанышып калган элек. Дөңгөлөгүн бекер үйлөп берип койгом. Ошондон тарта телефон номеримди алып өзү чалып, кээде жумушума келип жүрчү. «Менин аялым бар, чалба, келбе» десем да болбой койду. 14-март күнү кечке жуук жумуштан үйгө кеткени жатсам, Зарина келип калды. Жанымда Рамил байке бар болчу. Ал экөөбүздүн туугандык жайыбыз бар. Үчөөбүз менин жумуш ордумда 6 бөтөлкө сыра ичтик. Бир маалда тааныштарым келип калып, мен алар менен сыртка чыгып кеткем. Келсем Зарина өлүп калыптыр. «Эмне болду?» десем, Рамил байке жакшы деле түшүндүрүп бере алган жок. Заринанын өлүгүн көрүп коркуп, эмне кыларыбызды билбей калдык. Анан кызды өзүнүн унаасына салып, Романовка деген айыл тараптагы көлмө жакка айдап барып унааны таштап кетип калдык. Заринаны өлтүрүүдө менин күнөөм жок.

«БОЙ КӨТӨРГӨН КЕЛИН ЭКЕН, АНЫН АЙЫНАН УРУША КЕТТИК»
Ал эми кылмышка шектүүлөрдүн экинчиси Рамил Базаркулов төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 37 жаштамын. Сокулук районунун Шалта айылында төрөлгөм. Үй-бүлөм бар, 1 уулдун атасымын. Кара жумуштарда иштечүмүн. Буга чейин бирөөнү автоунаа менен сүзүп өлтүрүп алып, 4 ай абакта отургам. Бул жолкусунда болсо бейтааныш кызды кокустан өлтүрүп алдым.
Буга чейин 1 айга жакын спирт ичимдигин ичип жүргөм. 14-март күнү Кайрат деген алысыраак таякем иштеген дөңгөлөк желимдөөчү жайга баргам. Ошол жактан тиги келин менен таанышып калдым. Ал келин, Кайрат болуп үчөөбүз ичимдик ичип отурдук. Бир маалда Кайрат эшикке чыгып кеткен, биз калганбыз. Тиги келин бой көтөргөн неме экен, экөөбүз анын айынан уруша кеттик. Анын «милицияга арыз жазам!» деп кыйкырып жатканын элес-булас билем, андан аркысы эсимде жок. Эч кандай зордуктоо болгон эмес. Ойгонсом тиги келин өлүп жатыптыр. Бир маалда аны муунтуп жатканым эсиме түштү. Аны өлтүргөнүмдү моюнума алам, азыр өкүнүп жатам. Милиция кызматкерлерине өзүм келдим.


«НЕБЕРЕМ ТОМОЛОЙ ЖЕТИМ КАЛДЫ»
Андан соң маркумдун үйүнө барып, апасы Алмагүл Мурсалиевадан кызы тууралуу уктук:
– Зарина эң улуу кызым эле. 2 сиңдиси жана иниси бар. Ак көңүл, токтоо, бир туугандарына, бизге күйүмдүү болчу. Таласка турмушка чыгып, жолдошу экөө 1 уулдуу болушкан. Күйөө балам автокырсыктан улам 2 жыл мурун каза болуп калган. Андан соң кызым менен неберем биздин колго келишкен. Неберем Курманбек мектепте окуп, Зарина болсо атасы менен чогуу Шалта айылындагы тери заводдо иштеп жүргөн. 8-марттан кийин жумуш аздыгына байланыштуу убактылуу эмгек өргүүсүнө чыккан. Өзүм да ошол убакта 10 күн ооруканага жатып, үйгө чыгып келгениме 2 гана күн болгон.
14-март күнү кечке мага жардам берип үйдө жүрдү. 15-мартта кичүү кызым Казакстандан келмек, аны тосууга камынып жатканбыз. Андан 2-3 күн мурун Казакстандан келе турган сиңдисин кубандырып коёюн деп 30 миң сомго алтын чынжырча сатып келип мага көрсөтүп, «апа, жакшы бекен?» деп сураган эле.
Зарина тамак жасап, бизге берген соң «ата, апа, сиздер кобурашып отура тургула, мен барып бензин куюп келе калайын» деп спорттук кийимчен эле үйдөн чыккан. Ошол бойдон жок. Мурда айткан убактысынан кечикчү эмес. Түнү бою уктаган жокпуз. Улам эшикке чыгып карап коёбуз. Өлтүрүп кетет деген ойдо жок. 2 күн издеп, эч жерден таба албай койгон соң милицияга арыз жаздык. Эртеси кызымдын сөөгү табылып, андан кийин аны өлтүргөндөр кармалышты.
Кызымдын артында 5-класста окуган уулу томолой жетим калды. Баласы жакшы окуйт, кичинекей болсо да акылдуу. Биз ыйласак, «Таене, ыйлабай, кайрат кылгыла! Силер ыйласаңар бизди ким багат?» деп бизди сооротуп отурат. Колдон келсе кылмышкерлерди катуу жазага тартышын суранам. Кармалгандар «кызды тааныйбыз, чогуу отурганбыз» деп жатыптыр. Анын баары жалган. Себеби кызымдын моюнундагы өзүнүн жана сиңдисине алган алтын чынжырчалары, колундагы 2 алтын шакеги жок. Ошол күнү үйдө жарык өчүп калып, кызым үйдөн чыгып баратканда баласы «апа, менин уюлдук телефонумду машинадан заряддай келиңизчи» деп берген. Өзүнүн жана баласынын телефондору, чөнтөгүндөгү акчасы жок. Алар кызымды тоногусу келип артынан келип муунтушкан болуш керек.
Небереме энесиндей мээрим төккөнгө аракет кылып жатабыз, бирок баары бир эне мээримине жетпейт да. Байкуш же атасы жок. Ушунун убалын ойлошсо болбойт беле?! (көзүнө жаш алып).

«КЫЗЫМ БЕЙЧЕКИ БАСЧУ ЭМЕС»
Маркумдун атасы Эркебек Искаков болсо кызын өлтүргөндөр кылмышына тете катаал жаза алмайынча акырына чейин күрөшөрүн билдирди:
– Кызым бейчеки баспаган кыз эле. Аны чогуу иштешкендеринен, айылдагылардан сурап билсеңер болот. Тергөөчү, эксперттер менен сүйлөштүк. Кызымда муунткандан калган тактар
бар экен. Алардын божомолунда, тигилер кызымдын колунан алгач уюлдук телефонун жулуп алышкан окшойт. Анан кызым «силерди сотко берем» деген го. Ошондо аркасынан бирөө келип муунткан окшойт. Кызымдын эси ооп калганда машинасына салып алып жөнөшкөн. Орто жолдон кызым эсине келгенде «баары бир милицияга билдирет» деп кайра муунтуп өлтүрүшкөн. Анан сөөгүн көлгө чөктүрмөкчү болушкан. Ошол күнү жамгыр тынбай жаап, жердин баары баткак эле. Көлгө бир аз жете бербей машинанын алдыңкы дөңгөлөгү ылайга тыгылып, чыга албай калыптыр. Анан айла жок ошол жерге таштап баса беришиптир. Кармалган экөө таяке-жээн болуп кетишет экен. Угушумча, алар күнөөнү бирөөсү моюнуна алып, экинчиси акталып чыгып кетүүнүн аракетин кылып жатышыптыр. Эгер андай болсо мен жөн койбойм, кызымды өлтүргөндөр жазасын алмайынча күрөшөм.
Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бул окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалганын жана учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



30 жаштагы келиндин жансыз денеси өз унаасынан табылды

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(41)
SUPER.KG видео
02.04.2016. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jatkan jeri jailuu bolsun:'( kichinekei balanin janinda kantip olgonun aitpai ele koyushpaibi:(
SUPER.KG видео
02.04.2016. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун жаратканым бейиштен жай берсин
Медиа-портал
03.04.2016. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Садагам, ушундай кун да тагдырында бар беле, акылындан сенин. АЛЛАХым сабыр берсин баарыныздарга, кызыныздардын жаткан жери жайлуу болсун, АЛЛАХым куноолорун кечирип, бейиштен орун берген болсун. Мыкаачылар жазаларын алышсын! Арамдын артынан ушундай болуп жатат, арамдан алыс бололу бир туугандар.
SUPER.KG видео
03.04.2016. 05:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Олум айттырбай келет. Эми жаткан жайы жаннаттан болсун! Эч бир баланын башына мындай тагдыр туш келбесин! Баласынын акылдуулугун караныздар! Омурун берсин!
SUPER.KG видео
03.04.2016. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жайы жаннатта болсун мынча мыкаачылар,кызда куноо болсо эле олтуруш керекпи?жазасын алышсын.
SUPER.KG видео
04.04.2016. 05:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун. Ичимдик жаман эшиктин ачкычы деген ушулда. Кызыктай эле комментарий жазасынарда жон журбосо деп. Жон журбогондун баарын олтуро берсек Кыргыз кыздарынын жармынан кобу жок болотко.
SUPER.KG видео
04.04.2016. 07:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сыра,арак,вино ишикылса сптрт кошулса арам арамды ичипушундай жаман иш болот ичкинчилик жакшы жерге алып барбайт.Жараткан озу кунолорун кечирсин...
04.04.2016. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаман эле окуя болуптур,ичимдик эмнеге гана алып барбайт.Кыздын жаны жанаттан болсун.
04.04.2016. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Аял кишинин эркектер менен ичимдик ичуусу эн жаман нерселерден кабар берет. А тиги Рамил деген "Буга чейин бироону машина менен сузуп олтуруп алып,торт айга камалгамын" дейт го?! Адам олуму 4айлык жаза болуп калганбы?! Эхх
04.04.2016. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
EdikoKG,ошондо 4 жылга кеткенде бул аял тирик калмак экен
07.04.2016. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bom.bon,4 jil bolso dele 1 adamdin omuru uchun oto az jaza,tilekke karshi bizdin olkobuzdo adilettuuluk jok!
04.04.2016. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
саяк журсон таяк жейсин ,озу кылган иш башына муш эмне кылат эркектер менен ичип жайы жаннаттан болсун.
04.04.2016. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
erika8982,Чогуу отуруп корбогондон кийин маркумду ичти деп бекер куноого батпайлы,адам олтуруп жаткандан кийин калпты жон эле айтышатда бул акмактар,жаткан жери жайлуу болсун ата эне бир туугандарына кайрат сабыр кылыныздар дейт элем
Bonia9189 түзөттү 2016-04-04 13:09:06
04.04.2016. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ата-энеси, баласына кудай сабыр берсин.
04.04.2016. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ал жактан неге жалгыз тигилер менен отуруп ичет??? Кудай сактасын
04.04.2016. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не деген шумдук,озунун амалынан корсун,баласын аядым эми не болот?шайтандын жолу менен журсон аягы мындан да жаман болот ,тыынч баласын кучактап олтура бербейби
SUPER.KG видео
04.04.2016. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы уй булодо чонойгону корунуп турат,ошондуктан бул кыз алар менен ичкенине ишенбейм жон Гана тоночулардын курмандыгы болгон.
04.04.2016. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
кыз бала кечинде чыкпай эле койбоптур машиналуу Адам болуп атасы барып куйдуруп келсе деле болмок кечиндеси чыкпа деп ата деген катуу айтып иретке келтириш керек атасы Эми аягына чейин барам деп кыжынбай жайы жанаттан болсун .
04.04.2016. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кечинде чыкса ошол донгологун желдеген балага барганда озу буту менен анан ощол иш болуп жаткандыр эмне болсо да жазасын алсын ар ким
04.04.2016. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чалба десем болбой, келбе десем болбой демиш этип,анан отуруп сыра ичкени кызык. Олгон адамга куноону оодарып атат тиги жаш бала. Милицияга озу келген имиш.
04.04.2016. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Машинасы бар колунда акчасы бар 30 жаштагы кыз вулканизацияда кара жумуш менен иштегендер менен пиво ичип олтурбайт.Бул жерде башка сөз бар.Ата-энеси айтып жатпайбы.
05.04.2016. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
regina86, туура. Кээбирлерини ой жугурткондору мени тан калтырды, оскуло.
04.04.2016. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айланайын кудай,озун сактай кор! Мага да эки жолу покушения на убийству болгон,,аман калгам,биток ичип эмес,турмуштун айынан. Аман калым,балдарымын бешенесинде олтурганга мир марте шугур кылам.
07.04.2016. 08:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
simone,подробно жазып кетсениз
05.04.2016. 04:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куда сактасын
05.04.2016. 04:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимисине ишеништи да билбейсин! Кантсе да кыздын жаткан жери жайлуу болсун. А куноолулор оз жазасын алсын!
SUPER.KG видео
05.04.2016. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахтын жазганы экен:(:(:( мыкаачылардын колунан женем байкемдин артынан кете берди:(:(:( Жаткан жери жайлуу болуп,Аллах куноолорун кечирип,бейиштен орун берсин:(:(:(Куноолуулор оз жазасын алсын!
05.04.2016. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Женем жаркылдаган жан эле,Кудайым билип-билбей кетирген куноолорун кечирип,бейиштен орун берген болсун. Курманбек ата-энесинин ишеничин актаган,акылдуу,ыймандуу бала болуп чонойсо экен,алтын иним,байкемден калган жалгыз туяк,омурлуу бол!(((
05.04.2016. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bars111, бул жакка жазылган макала же эрежелер көчүрүлүп келинбейт, ар кимдин өз ой-пикирлери жазылат. Эскертүү!
05.04.2016. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба кылдым ата энесине сабыр беришсин.
05.04.2016. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тайкеси жеени суйлошуп алып анан келгенго милицияга. Мурун бирону олтуруп 4ай камалгам эми деле 4ай олтуруп чыгамго дегенго менимче
05.04.2016. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сабр
SUPER.KG видео
08.04.2016. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхх!Жаш келин экен,30 деген,не деген кулгундой курак?!Уулу акылдуу,спокойный.Таянеси менен таятасына артык уул болсун,ден соолукта осуп,берекелу омур берсин,Аллах!Кабыр азабынан сактасын,жаткан жери жайлуу болсун!Кен келечек Курманбекке.Негатив оюнарды жазаарда ойлонуп жазгыла,божомолдой бербей!Тынчтык болсун,жергемде,элимде.Куноокорлор куноосун жон тери менен созсуз тартат,эч ким эч качан кутула албайт,Кудайдын козу туз,бир туугандар.
08.04.2016. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман окуя болуптур, жаткан жери жайлуу болсун, туулгандарына Кайрат берсин,курандан башка айла жок
11.04.2016. 03:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда тушунбодум эркектер менен сыра ичип балээ барбы деймда
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: