Бала уурдоого шектелип кармалган келин: "БООРУКЕРЛИК КЫЛАМ ДЕП УУРУ АТЫГЫП КАЛДЫМ"

№706 13-май-19-май, 2016-ж


Көзүн жашка толтуруп ыйлап жаткан 19 жаштагы келинди милиция кызматкерлери адам уурдоого шектүү катары кармашкан. Анын айтымында, таанышканына 1 эле ай болгон таанышынын 1,5 жаштагы баласын курсагын тойгузуп, дары берип коёюн деп үйүнө алып кеткен.

Баланы уурдоого шектелген келиндин үстүнөн тергөө иштери жүрүүдө.

"АТЫН БАШКА АЙТЫП ТААНЫШКАН"

Окуя 3-майда болгон. Бишкек шаардык Биринчи Май РИИБинин жетекчисинин орун басары Марлис Асанов бул окуя тууралуу буларга токтолду:
– 20 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, чала тааныш бир келин анын 1,5 жаштагы баласын алып кеткен бойдон дайынсыз деп билдирген. Ыкчам топ арыздын негизинде издөө жүргүзүп, Арча-Бешик конушунан Гүлмира Сүйүтбек кызы аттуу 19 жаштагы келинди кармашты. Ал арыз ээсине өзүн Жазмина деп тааныштырган экен. Кийин энеси үйүндө жок кезинде баласын алып кеткен. Кылмышка шектелип кармалган Гүлмира Сүйүтбек кызынын айтымында, арыз ээсинин үйүнө барганда бала кароосуз калып, ооруп жаткан экен. "Үйгө барып курсагын тойгузуп, дары берип, кайра жеткирип берейин дегем",- деп жатат. Бирок арыз ээси шектүү келиндин телефонуна чалганда өчүк болгон. Азыр бул боюнча "адам уурдоо" фактысы менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

"БАЛА ООРУП, АЧКА ЖАТЫПТЫР"

Биринчи Май РИИБинде кармалып турган Гүлмира Сүйүтбек кызына жолукканыбызда ал төмөнкүлөрдү айтты:
– Баланын апасы менен таанышканыма бир айдай болуп калган. Ошол күнү анын үйүнө барсам өзү жок экен, баласы болсо ооруп, тура албай жатыптыр. Үйдө анын бир курбусу сүйлөшкөн жигити менен жана алардан башка дагы 2 эркек киши бар болчу. Үйүндө наны, тамак-ашы деле жок. "Апасы кайда кетти?" деп сурасам "жигиттер менен жолукканы кеткен" дешти. 1 сааттай күттүм, келген жок. Анан "баланы дүкөнгө алып барып, бир нерсе сатып берем" деп чыгып үйгө келдим. Курсагын тойгузуп, жолдошума дары алып кел дегем. Телефонума салып жүргөн номеримди чыгарып, ордуна башка SIM-карта салып койгом. Ал номеримди баланын апасы билбейт болчу. Бала жакшы болуп калгандан кийин кайра жеткирип берейин деп жаткам. Бирок милициядан келишип, мени бала уурдады деп жатышат. Болгон күнөөм – айтпай-дебей баланы алып кеткеним. Боорукерлик кылам деп ууру атыгып калдым. (Гүлмира Сүйүтбек кызы абалын түшүндүрүп жатып ыйлап жиберди).

1,5 жаштагы баланы милиция бөлүмүнө укук коргоо кызматкерлери алып келишти.

"Баламды уурдап кетти" деп арыз жазган келин. Ал 1,5 жаштагы баласы менен жашаган батирдин сырты ушундай абалда.

"КЕЛИН ЖОЛДОШУ МЕНЕН ТААРЫНЫШЫП ЖҮРЧҮ"

Биз баласын уурдаткан келинге жолугуу үчүн ал жашап жүргөн "Ош базарынын" жанында жайгашкан үйгө жөнөдүк. Батирдин кире беришинде кичинекей дүкөн бар экен. Сатуучусунан бул үйдүн жашоочулары тууралуу сурасак, "Назимабы? Аны кечээ кууп жибердим. Мен батирдин ээси болом. Кайда кеткенин билбейм, ушул ызы-чуудан кийин эле кетишти. Айтымында, апасы айылына чакырыптыр. Паспорту да жок болчу. Документтерин тууралайм деп кетти окшойт",- деди. Келиндин жолдошу кайда экенин, өзү кайда иштээри тууралуу сураганыбызда "күйөөм менен таарынышып жүрөм деген, өзү болсо кафелердин биринде иштечү, баласын жалгыз багат" деп жооп берди.
Биринчи Май райондук соту кылмышка шектүү Гүлмира Сүйүтбек кызын тил каттын негизинде, эки кепил адамдын суранычы менен 6-майда үй камагына чыгарган. Ага да жолугуп, иштин чоо-жайын сурайлы деп укук коргоо кызматкерлери берген дарек боюнча барып таппай кайттык. Бизди тынчсыздандырганы – баланын абалы болуп жаткан. Биринчи Май РИИБинин башчысынын орун басары Марлис Асановго кайрадан байланыштык. "Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы бала тууралуу социалдык кызматкерлерге кабарлап, иш алып барып жатабы?"- деген сурообузга "тергөө иштеринин жыйынтыгы менен гана жооп берем" деп тим болду. Окуянын аягын биз дагы акмалап турмакчыбыз.



1,5 жаштагы баланы уурдоого шектелип 19 жаштагы келин кармалды

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Сергек Шатманов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(47)
SUPER.KG видео
04.05.2016. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Иии эми акталып чыксаныз экен корунуп эле туратго,адамды сразу эле билсе болот ким кандай адам экенин
SUPER.KG видео
04.05.2016. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ээ,койгула,алып кетсе айтып коймок да неге симкасын алмаштырат,анда.Адамдарга ишениш жок азыр,жакшы убагында кайрылыптыр.
SUPER.KG видео
04.05.2016. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
1,5 жаштагы баланы апасы кимге таштап кеткен экен...?1,5 баланы карабай балдар менен жолугушууга кетиптир дейт го? Бала оруп атса алып кетип калган экен да боору оруп,энесине сабак болсун деген го баласын издетипчи...
SUPER.KG видео
04.05.2016. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Коё бергиле э,бир байкушту кармап алып коркутпай
SUPER.KG видео
05.05.2016. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Алып кеткен кызда эч кандай куноосу жок,бир гана кемчилиги айтпай койгону.Озу жаш экен ушундай балага зар болгон деп ойлосон, жолдошу болсо озу деле балалуу болуп алатта кудай буйруса.Ишенчээк, куулугу жок кыз болгондуктан башка нерсе оюна келген эмес.Озуно сабак болот,ботон жерден дос кутпой эле койсо болот.Бироого жардам берем деп куру дооматтка калды.
SUPER.KG видео
05.05.2016. 03:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Тим эле уурдады деп заявление жазган го видимо? Уялбайсынбы ыймандуу кыз экен,баланды уурдабай эле сенин шермендечилигинди корбосун деп алып кеткен го. Бага албасан бер ушул кызга баланды.
SUPER.KG видео
05.05.2016. 03:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Eki jakta ten kunoo bar, birinchiden balanyn apasy, ar kimge ishenip tashtap ketip kalgan ХХХ ХХХ, alemmi bul joolukchan kyz ХХХ ХХХ bir az terenireek oilonup ish kylsa bolmok, biroonun balasyn ech kachan ozuno bala kylyp ala albaicyn da, bul kelindin maksaty bashka boluusu mumkun.
Модератор admin_media түзөттү 2016-05-05 09:56:55
Медиа-портал
05.05.2016. 03:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Оронуп алып бала уурлаганы кандай бу?
SUPER.KG видео
05.05.2016. 04:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кечиришип эле койсонор жакшы болмок. Бирин бири аздыр коптур тааныйт экенсинер, арыз жазбай эле уйуно барып эле алып кетсе болсокко дейм. Балан ооруп жатса жигиттер менен жолугуп эмне кыласын....
Медиа-портал
05.05.2016. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Daa, zdes' chto to ni chisto. Dumayu Gulmira vinovna t.k vo pervyh ona nazvala sebya Jasminoy a ne Gulmiroy t.e skryvala nast.imeni, vo vtoryh ona mogla predupredit, i ne tol'ko pochemu ona pomenyala simku posle sluchivshegosya?! No a vinovnost' mamy nado sledit' za rebenkom, no eto ne oznachaet chto Gulmira mojet zabrat' ego bez razrewenya! Ne zavisimo ot sostoyanyi semyi nikto ne v prave zabrat' chey to rebenok bez preduprejdenya!
Медиа-портал
25.07.2016. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sofy,Жасминой она познакомилась ни с милициями, а это слово Назимы. Во вторых Гулмира не могла бы украсть ребенка, так как минимум там 4 человек видели ее, как она пришла и как ушла. С ихни помощи милиция наверное нашел ребенка. А почему отключила симку? ну и у меня бывает меняю симку, когда ед нет. Но все же хорошо закончилось событие.
Медиа-портал
05.05.2016. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
наристелерди кордобогулачы!!!
Медиа-портал
06.05.2016. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
баланы алып кеткен кыз неге эчкимге айтканемес неге симкасын алмаштырып койгон неге записка жазып таштап койгонемес эчкимге балдарынарды таштабагыла чет олкодо жургондорго особенно сабак болотко дейм бул окуя
SUPER.KG видео
06.05.2016. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Уйундо болок семия бар экен го ошолор айтат десе керек да. Мурун сонгу жашоосун коруп жургон. Баласын кантип караганын. Таштап кетип калса боору ооруп алып кетип калган го. Уурдаганга окшобойт го корунушундо.Ал эми апасын ХХХ ХХХ Бир нерсе деп суйлош кыйын болуп калды. Озунон башка эч кимге ишенбей турган заман болду го
Модератор admin_media түзөттү 2016-05-06 16:26:19
16.05.2016. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмнеге атын башка деп тааныштырган озун, странно. Аты бир Топчугул, Жармагул болсо, ии байкуш атынан уялып, башка ат айтып койду десе болот. Обычно кыздар эркек менен таанышса башка ат айтып коюшчу, бул кыздын жолдошу бар экен. Бир кудай билет, эмне ой менен алып кеткенин. Азыр эчкимге ишенип болбойт. Оронгон ыймандуу болсо, эмнеге ал женил ойлуу баланын энеси менен курбу болуп жургон. А баланын энесине соз жок! Кудай ыйман берсин. Балага эле боорум ооруду.
16.05.2016. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Макул, наристенин ден-соолугун ойлоп алып кетсин, бирок, эмне учун оз ысымын айтпады экен? Баланын энеси баласын бага албаса баланын келечегин ойлоп, анын бир айласын табуусу керек. Кудай сактасын! Эмнеси болсо да ошол куноосу жок наристеге эч кимдин зыяны тийбесе экен...
16.05.2016. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уурдай турган адам антип уурдабайт да, элге корсотуп. Хотя бы жашаган жерин озгортот. Дайынын таптырбай кетет да. Боору ооруган го кичине бала чондор менен жалгыз калса, ооруп жатса. Чондор эмне кылышып жатты экен ошол маалда баланын козунчо ким билет. Бул жерге жазылбаганда. Менин оюм боору ооруп алып кеткен.
16.05.2016. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай болгон Кундо да айтып алып кетсе болмок,же чалып кабатыр алба балан менде бошогонунда алып кет деп тушундуруп
А берки кыз емне болсо да ене да , коркот ар нерсени ойлоп арыз жазганын туура еле кором азыр бала уурдап ичиндеги органдарын сатып атканы елди танкалдырбайле калган корунущ болуп калбадыбы
16.05.2016. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
апасы жигиттерге жлолукканы кетти деген адамдар,баланы алып кетип жатканын корушпоптурбу,жок дегенде ошолорго айтып кеткендир
16.05.2016. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Munda dele bawkaçaboyu bolgongo,owon uçun atyn bawkaça aityp taanywtyda,bir çeti aktalyp ele ketsin baikuw kyz,bala aman esen baary jakwy,kiwi olturup dele aktalyp juruwpoibu.....glavnyi kiinkisinde oilonup niw kylsyn
17.05.2016. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
баланын апасы акча өндүрөм дегенго по ходу,значит тел айталбаганы акчасы жок,сим карта алмаштырып күйоосуно айтыптырго даары алып кел деп
17.05.2016. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай мерездер кыйналбай балалуу болушат зарыкпай бечара оронгон кызда айып жок
19.05.2016. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бир нерсе ондуройун деген арам ою да.
19.05.2016. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
энесинин кебетеси ичкичтерге окшош экен.Тообо кудай сакта ушундай энелерден бала ачка ооруп жатса жигиттерге кеткенин.
21.05.2016. 04:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыйзам астында жоолук салынганы дагы, салынбаганы дагы бирдей жооп берет!
23.05.2016. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооруп жатса кандай жолугушууга барат.
SUPER.KG видео
30.05.2016. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кыздын баланы уурдашына эч кандай кумонум жок.Буга баланын апасы куноолуу.
31.05.2016. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алдах алдын да ак болсонуз болду акыйкат ийилет бирок сынбайт
31.05.2016. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чечим эмне болду админ??? Кайсыл тарапка чечилди
31.05.2016. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kutmanbek80,саламатсызбы? Сурооңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
13.06.2016. 06:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтып эле алып кетсе болмок экен, багып берейин деп. Тиги апасы багып кыйратчуудай эмес. Кудай деп эле берсе керек эле
25.10.2016. 03:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде эки келин тен куноолуу.Бири жаш баласын кароосуз калтырганы учун,экинчиси уурдаганы учун.Ал келин уурдап эле кеткен,себеби атын да жашырып башка айткан,атайын ушундай максатта таанышып ошондой убакытты кутуп жургон
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: