|
"ЖОЛДОШУМДУ ӨЛТҮРҮП КЕТИШИП, КАЙЫР СУРАП КАЛДЫМ"№715 15-июль-21-июль, 2016-ж
"Апамдын буту ооруп, балдарымдын артынан жүрө албайт".
Андан бери наристеме 2 жарым ай болду. Ичимдин тигилген жерлери толук айыгып бүтө элек. Төрөгөндөн кийин балдарды багайын деп ар кай жактан жумуш издедим. Колумдагы ымыркайды көрүп эч ким жумушка албайт экен. Ошентип, батир акысын төлөй албай, ал жактан чыгып калдым. Азыр алысыраак туугандардын батиринде эптеп күн кечирип жатам. Апам бар, ал 2-топтогу майып. Мен жашаган батирден алыс эмес жерде өз туугандарынын колунда жүрөт. Атам болсо каза болуп калган. Мен аны кийин билдим. Себеби апам менен атам мен кичине кезимде эле ажырашып кетишкен. "КАЙЫР СУРАП КАЛДЫМ" – Оор жумушка жарабайм. Жараган күндө деле эмчектеги балам менен кантип иштемек элем?! Бала деген жокту билбейт да, ызы-чуу салып курсагы ачканда ыйлайт. Акыры көчөгө чыгып кайыр суроого туура келди. Ушул заманда тилемчилик кылуу кандай азап экенин билбесеңиз керек. Бири жаман көрүп берет, бири жакшы көрүп берет. Оору-сыркоо ушуну менен чыгып кетсин деп же айрымдары чындап боору ачып жардам кылат. Ушунча азапка кайыл болуп, алакан сунуп тыйын чогултам. "НЕБЕРЕЛЕРИМЕ ЖООПКЕРЧИЛИК АЛА АЛБАЙМ" Айдай Абдулдаеванын апасы Айчүрөк Зикирова 66 жашта. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Айчүрөк апа "буттарым ооруп, кан басымым дайыма жогору болуп турат. Кызым өз жашоосу менен өзү болсо жакшы болот эле" дейт. – Мен "Дордой" жана "Ош базарларында" арча сатам. Өкмөттөн алган пенсиям 4000 сомдой болот. Кызымдын колунда эмес, өз туугандарымдын үйүндө жүрөм. Неберелериме деле каралашып турам. Улуусу 6 жашка чыкты, ал дагы мага окшоп 2-топтогу майып. Карыганда темселеп базарда арча сатпай кызымдын балдарын карап үйдө отурсам деле болмок. Бирок балдарды бакканга алым жок. Дайыма артынан калбай көзөмөлдөп туруу менин колуман келчү иш эмес. Бир күнү неберемди жетелеп көчөдө жүрсөм бейтааныш балдар унаа менен келип, баланы колдон талашышты. "Эмне кыласыңар?" десем, "өз балдарың эмес экен. Бирөөнүн балдарын жетелеп алып тилемчилик кылып жүрөсүң" деп эле балдарды талашып кирди. Шашып жанымдагы паспортумду көрсөтө койсом аны да алып коюшту. Аңгыча кызым келип, балдарды алып калдык. Ушундай окуядан кийин неберелериме да жоопкерчилик алыштан корком. Абышкам Кара-Кулжанын Совет айылынан болчу. Бизге "бул жакта каттоодо жоксуңар" деп жардам кылышпайт экен. Ошол себептен азыр элден жардам сурап, кичине болсо да балдар чоңойгуча кайрымдуулук кылып, жок дегенде балдарга жөлөк пул чектелип калса деген ойдобуз. "Түтүнү бөлөктүн түйшүгү бөлөк" демекчи, эне менен бала эки бөлөк жерде кор болбой бирге түтүн булатып, чогуу жашаса болмок экен деген түкшүмөл ой менен кала бердик. Бир билгенибиз, бул үй-бүлө мышык ыйлагыдай абалда тургандыктан жардамдын кандай түрүн болсо да кабыл алат. Андыктан биз да үй-бүлөнүн аянычтуу абалын коомчулукка, анын ичинен боорукер адамдарга жеткирип коёлу дедик.
Жалгыз бой эне: "Кайыр сураганга аргасыз болдук"
Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|
Саламатсыздарбы! Сиздерге купуя кат менен жооп берилди.
Колдон келишинче жардам берели