|
КӨГҮЛТҮР КӨЛ ЖЭЭГИНДЕ ЖЕТКИНЧЕКТЕР ТИЛ ҮЙРӨНҮШТҮ№717 29-июль-02-август, 2016-ж Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги окуучулардын дүйнөнү таанууга кызыгуусун арттыруу үчүн жайкы лагерь уюштурду. Ага өлкөнүн ар бир районунан жана Ош менен Бишкектен бирден окуучу тандалып алынган. Жалпы 42 окуучу Малайзиядан келген мугалимдер жана балдар менен бирге эс алып, көл жээгинде англис тили боюнча сабак алышты. Жаңы таанышуулар, достошуу, шаңга бөлөнгөн эс алууда балдарга зериккенге убакыт болгон жок. Малайзиядан келген мугалимдер жана окуучулар 19-июль күнү "Манас" эл аралык аэропортуна келип конушту.
«ОКУГУЛА, БИЛИМГЕ УМТУЛГУЛА» ![]()
![]()
– Балдарга англис тилин үйрөтөбүз деген максатыбызга 80 пайыз жеттик десем болот. Негизи 4-5 англисче сөздү курап сүйлөп калышса ошол менин жеңишим болот деп ойлоп келгем. Сабактын 1-күнү Руслан, Адила аттуу окуучулар тартынып, берген суроолорубузга жооп бербей жатышкан. Окутуунун аягында мен аларга суроо берип, кайра жооп алып жатып, эмгегибиздин текке кетпегенине кубанып көзүмө жаш алдым. Кыргыз балдары таланттуу да келишет экен. Биз балдар менен бир гана билим жаатында иштеп чектелген жокпуз. Таланттарын көрдүк, алар менен баарлашып, башка тармактагы дүйнө таанымын баамдадык. Сиздердин окуучуларды көрүп, кыргыз элинин келечеги абдан кең тура деп бааладым. ![]()
Малайзиядан келген мугалимдердин окутуу ыкмасы жеткинчектерге абдан жакты. Окуучулар жазып, тапшырма аткарып отура берүүнүн ордуна кызыктуу оюндарды ойношуп, өздөрүн эркин алып жүрүштү.
![]() – Кубанычым коюнума батпай турат. Эсте кала турган көз ирмемдер, түрдүү аймактардан досторду табуу мен үчүн баа жеткис болду. Малайзиядан биз теңдүү окуучуларды алып келүү жакшы идея болуптур. Малай достор менен социалдык тармактар аркылуу байланышып турмай болдук, бул бизге тил үйрөнүүдө практика болот. Учурдан пайдаланып, биздин дүйнө таанымыбыздын кеңейишине салым кошуп атайын лагерь уюштурган элчиликке ыраазычылык билдирем. «ЧОҢОЙГОНДО ДАГЫ КЕЛЕМ» ![]() – Мен бул жактан абдан жакшы досторду таптым. Башында тил билбесем кантип сүйлөшөм деп жаткам. Бирок кичине болсо да кыргызча үйрөнүп, керектүү сөздөрүн колдонуп калдым. Чоңойгондо кыргыз жергесине дагы бир жолу келем деп максат кылып койдум. Ага чейин бул жак дагы бир топ өнүгүп калса керек.
Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух-Ордо" маданий комплексиндеги көз ирмем.
![]()
Ар бир окуучуга алган сабагын тастыктаган сертификат берилди. Балдардын кубанычында чек жок.
"Окуучуларга даярдаган сюрпризибиз" деп малайзиялык мугалимдер "Кара жорго" бийин аткарып жаткан учур.
Программа соңуна келип калганда балдар коштошуу кечесин уюштурушту.
Гүлжан Асанкожоева Кыргыз-Малайзия достугун арттырган саякат
Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Сергек Шатманов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(6)
Асылжан
![]()
01.08.2016. 17:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жыргап эс алышыптыр го... Мен да көлгө түшкүм келип кетти. Бадарга келечекке жакшы жол көрсөтүп, таалим-тарбия берген элчиликке рахмат. Ушундай позитивдүү иш-чаралар кө-өп болсо элдин да маанайы көтөрүлүп, мамлекетибиздин өнүгүшү ылдамдайт беле дейм да...
marty77
![]()
01.08.2016. 17:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Малайзиянын элчиси азамат! Ушунча баланы колго алып барып, аларга атайын мугалимдерди Малайзиядан бери алып келгени учун эркек деп айтып келип жатат.Балдар озунчо эле жыргашыптыр, алардын ордунда болгум келип кетти.
adalsvards
![]()
01.08.2016. 17:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир ок менен эки коёнду атуу деп коюшат беле, анын сыңары окуучулар англис тилин практикалык деңгээлде өнүктүрүүгө, Малайзия тууралуу маалымат алууга, анан да жыргап эс алууга үлгүрүшүптүр... Өмүр бою эстеп жүрүшөт болсо керек, бул жайкы лагерди :)
deva
![]()
01.08.2016. 17:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сүрөттөгү окуучулардын эмоцияларын көрүп эң сонун иш-чара болгон окшойт деп ойлодум. Жыргаган, каткырган, коштошкондо ыйлашкан окуучулар, мугалимдер... Чындыгында ушинтип тажрыйба алмашуу керек. Жеткинчектердин атынан элчи кылычбек Султановго ыраазычылык!Ишиңизге ийгилик!
snejinka
![]()
01.08.2016. 17:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эң сонун, ар бир бала үчүн бул чоң тажрыйба-жаңы таанышуулар, жаңы жерлерди көрүү, жаңы эмоциялар айтор мактап бүтпөс иш болуптур. Эң негизгиси бул стимул болду, ар бир окуучуга айтаар элем-окугула, тил үйрөнгүлө. Ар бир элчилик ушундай иш-чараларды уюштуруп турса-кандай сонун болмок...
Jibek91
![]()
01.08.2016. 18:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз-Малайзия достугу мындан ары да бекемделип, көптөгөн иш-чаралар уюштурулуп турсун. Ушундай иш-чараларды уюштурган элчиликке ыраазычылык!
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|