ТАКСИСТКЕ КОЛ САЛГАНДАР ИТТИН ЖАРДАМЫ МЕНЕН КАРМАЛЫШТЫ

№718 05-август-11-август, 2016-ж


Соңку жылдары такси айдап жанын баккандарды карактап, атүгүл өмүрүнө да кол салгандар көп катталып жаткандыгы жашыруун эмес. Өткөн аптада дагы бир таксист аз жерден каракчылардын курмандыгы болуп кала жаздады.

РЕКС ЖАРДАМГА КЕЛГЕН

2016-жылдын 30-июль күнү 3:15 чамасында Ысык-Ата райондук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө белгисиз адамдар 29 жаштагы Данияр аттуу жаранга бычак такап, аны коркутуу жолу менен ак түстөгү Тойота Камри үлгүсүндөгү унаасын тартып алып, из суутуп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя ошол эле күнү саат 2:30 чамасында Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылында болуп өткөн.
Райондук милиция кызматкерлери аталган унааны издөөгө алышкан. Ошол маалда Бишкек-Торугарт унаа жолунун 34-чакырымында күзөттө турган Ысык-Ата РИИБинин патрулдук милиция кызматкерлери багыттамада көрсөтүлгөн унаага окшош Тойота Камри үлгүсүндөгү шек жараткан жеңил унааны көрүп, аны тосушкан. Бирок унаанын айдоочусу токтобостон качып жөнөгөн. Патрулдук милиция кызматкерлери алардын артынан кууп жөнөгөндө унаа бир жерге токтоп, ичиндеги 2 адам талааны аралап качып кетишкен. Ыкчам иликтөө тобу кароосуз калган унаадан далил буюмдар менен кол издерин алышкан. Ал эми шектүүлөр из жашырып кеткен жерге кинологдор чакырылып, иттин жардамы менен качкан адамдардын изине түшүшкөн. Рекс аттуу из кубар ит кылмышка шектүүлөрдүн изин жаза баспай таап, жыйынтыгында 22 жаштагы Адыл аттуу жаран бактардын арасында жашырынып жаткан жеринен кармалган. Көп узабай анын шериги 22 жаштагы Виталий аттуу жаран да колго түшкөн.

"БЫЧАКТЫ ҮЙДӨН АЛА КЕЛГЕМ"

Тергөө учурунда кылмышка шектүүлөрдүн бири төмөнкүдөй көрсөтмө берген:

– Аты-жөнүм – Руслан уулу Адыл. 1994-жылы Нарын облусунда төрөлгөм. Учурда Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында жашайм жана ширетүүчү болуп иштейм. Мурда соттолгон эмесмин. Ошол түнү Виталий деген досум экөөбүз Бишкек шаарынан бир таксистти Ново-Покровка айылына чейин айдатып келдик. Чоң Чүй каналы тарапка жеткенде таксистти токтотуп, мен үйдөн ала келген бычакты моюнуна такайын деп жатсам ал байкап калып, колумдан кармап калды. Экөөбүз бычакты талаша баштаганда ал бир нерсе менен мени чекеге сайып жиберип, өзү унаадан чыгып качып кетти. Биз артынан кууп жетпей калдык.
Кайра келип унаасын айдап, айланма жол жактан кетип баратканда патрулдук милиция кызматкерлери бизди тосушту. Биз токтобой качып жөнөгөндө алар артыбыздан куушту. Унааны токтотуп, экөөбүз талаа аралап эки тарапка качып жөнөдүк. Мени таңга жуук бактын арасында жашынып жаткан жеримден ит менен кармашты. Күнөөмдү толугу менен моюнума алам.

"2 БӨТӨЛКӨ АРАК ИЧКЕНБИЗ"

Кылмышка шектүүлөрдүн экинчиси да тергөөдө төмөнкүлөрдү билдирген:

– Аты-жөнүм – Виталий Гимизянов. 1994-жылы Бишкек шаарында төрөлгөм. Учурда Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында жашайм. Курулуш иштеринде иштейм. Мурда соттолгон эмесмин. Ошол күнү Адыл аттуу досум менен жаңы жумуш издеп чыгып, таппай койдук. Анан отуруп алып экөөбүз 1 бөтөлкө арак ичип, шаар кыдырып эс алып келели деп Бишкекке бардык. Ал жактан дагы 1 бөтөлкө арак ичип отуруп жеңил унаа уурдайлы дедик. Анан көчөдөн бир таксини тосуп, Ново-Покровка айылына чейин айдатып келдик. Таксистти атайын эл жок жакка чейин айдатып барып токтотуп, мен эшикке чыктым. Ошол замат унаанын ичинен кыйкырган үндөр чыгып, бир маалда эшик ачылып эле таксист качып жөнөдү. Биз аны кууп жетпей калдык. Мен рулга отурдум да, унааны бир жерге жашырып коюу үчүн кетип баратып милиция кызматкерлерине кармалдык.

"АРТЫМАН КУУП ЖЕТПЕЙ КАЛЫШТЫ"

Бактыга жараша кылмышкерлердин бычагынан мертинбей калган 29 жаштагы Данияр аттуу таксист окуя кандайча болгондугун айтып берди:
– 30-июль күнү түнкү саат 2:30 чамасында Бишкек шаарынын Жибек Жолу жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинен бир аз кызуу 2 жигит тосуп "Ново-Покровкага чейин жеткирип коюңузчу" дешти. Өзүм Ново-Покровка айылында жашагандыктан ала кетейин деп ойлодум. Ал айылдагы Чоң Чүй каналынын жанына жеткенде бирөөсү "ушул жерден токтот" деди. Мен жаңы эле токтогону жатканда бирөөсү моюнума бычак такады. Мен унаанын күзгүсүнөн колундагы бычакты көрүп колунан кармап калдым. Экөөбүз кармашып жатканда экинчи шериги сыртка чыгып мен тарапка айланып келгиче унаамда отвёртка бар болчу, аны ала коюп кармашып жаткан баланы сайдым да, унаадан чыгып качып жөнөдүм. Тигилер артыман кубалап келип жетпей калышты. Уюлдук телефондорум унаанын ичинде калган. Темир жол менен качып келип, жакын жердеги үйлөрдөн жардам сурадым. Үйлөрдүн биринен Арсен деген жигит чыгып, милиция кызматкерлерине телефон чалып берди. Милиция кызматкерлери 10 мүнөттө келишип, 3 сааттын ичинде унаамды табышып, тиги балдарды да кармашты. Аларга ыраазычылыгымды билдирем. Ал эми таксисттерге айтарым, сак болушсун, алкоголь ичимдиктерин ичкен кардарларды унаага салбай эле койгон оң экен. Аз эле жерден аман калдым.

"КҮНӨӨЛӨРҮН МОЮНГА АЛЫШТЫ"

Жогорудагы кылмыш боюнча Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Нурбек Токтосуновго кайрылып, мындай жооп алдык:

– Бул окуя боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Кылмышка шектелип кармалган 2 жаран Ысык-Ата РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Экөө тең жасаган кылмыш иштерин толугу менен моюндарына алышты.

"РЕКС БУГА ЧЕЙИН ДА КЕРЕККЕ ЖАРАГАН"

Чүй ОИИББинин кинологу Талгат Усупов Рекс тууралуу буларды билдирди:

– Кылмышка шектүүлөр талаага качып кетишкенде бизди чакырышты. Рекс алардын бирин таап, мен жашынып жаткан жеринен кармадым. Рекс азыр 3 жашта. Абдан акылдуу, изди жакшы табат, тапшырмаларды жакшы аткарат. 1 жылдан бери менин карамагымда. Мага чейин 1 кызматкер үйрөтүп, Рекстин жардамы менен 2-3 кылмыштын бетин ачыптыр. Мен да буга чейин Рекстин жардамы менен 1 уурулуктун бетин ачкам.

Кинолог Талгат Усупов жана "Комиссар Рекстен" кемкалышпаган биздин Рекс.



Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Бычак менен таксистти коркутуп, унаасын тартып алгандар кармалышты

Автор: Элнура Ташбаева
Оператор: Сергек Шатманов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(18)
SUPER.KG видео
06.08.2016. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы кылыпсынар отургула эми тор артында кудай деп
08.08.2016. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Рекс итине ырахмат....
08.08.2016. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кармаганы жакшы иштейт.Бирок жогорудагылар койуп жибербесе болду да башкаларга окшотуп.
08.08.2016. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
андай акмактарды жон эле камап койбостон, омур бою илгеркидей ото оор жумуштарга иштетиш керек.
08.08.2016. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Таксистердин жумушу кыйын тушунуш керек, аларда уй булосун багабыз деп туну-куну иштеп журушот.Буларга окшогон акмакмар аларды уруп токмоктоп акчасын алышат айбандар.
08.08.2016. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул эки ХХХ ХХХ
Дагы жакшы таксис байкап калганы,болбосо не болорун
кудай билет.Азамат Чуй ОИИББнын кызаткер
лерине ийизин суута элегинде кармаптыр.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-08-08 17:23:03
08.08.2016. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Parish, этика нормаларын сактап, провокациялык билдирүүлөрдү жазуудан алыс болуӊуз. Оозеки эскертүү!
09.08.2016. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Рекс маладес
09.08.2016. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
буларга окшогондорду турмодон чыгарбаш керек ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-08-09 14:57:07
09.08.2016. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurdaulet, провокациялык билдирүүлөргө жол берилбейт. Оозеки эскертүү!
09.08.2016. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Adal emgek menen jan baguuga ech nerse jetpeit go
10.08.2016. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда бир окуяны айта кетейин москва шаарында 2 жылдан бери иштейм ар кандай жумуштарда. Азыркы таксисттер дагы опасно болуп калыптыр. Мен 27-июль куну туну метрого илешпей калып, медведководон строгиного яндекс такси бир кыргыз баланы жеткирип кой 500 руб берейин десем ынабады 800 деп. Анан бир обычно такси жигули семерка 500 го макул болгонунан отурдум, армиянбы азрби короче. 500 метрдей жылып эле акчаны перед сурады азыр эчкимге ишенбейм деп. Акчасын бердим ок деп эле. Анан эле матордон звук
10.08.2016. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгып жатат текшерип койоюн деди. Мен макул болуп кошо туштум. Сушняк жаман суусадым дейт. Брат принеси а что нибудь по пить я тя угощаю дедиле эч ойдо жок жерден ок деп жанындагы магазинди корсотту кичине жылсам эле машинасын жургузуп атат сразу бурулуп чуркадым газды бастыго колум кичине илешип эле багажнигин шапалактап урган боюнча калабердим
10.08.2016. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таап алсам айрымакмынго
11.08.2016. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
рекс рекс деп мактапсынар силер да итке окшоп иштегиле иттиго уйротупсунор акылдуу кылып озунорго качан акыл крет итке окшоп иттер
Медиа-портал
06.06.2017. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
talant83, провокациялык билдирүүлөргө жол берилбейт. Оозеки эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: