ЖАНЫБАРЛАРГА ЖАНА БААТЫРЛАРГА "ЖАН БЕРГЕН" СКУЛЬПТОР

№718 05-август-11-август, 2016-ж


Борбор калаадагы көчөлөрдүн биринде баратып капыстан жомоктогудай үйгө көзүбүз түштү. Бакчасы гүлгө толгон үйдүн айланасындагы түрдүү жаныбарлардын айкелдери, түркүн түскө боёлгон гүл отургузуучу идиштер, креативдүү фонтандар жана аларга чыгып алып ойноп жатышкан кичинекей балдар кадимки Диснейленд паркын элестетет. Көз жоосун алган бул скульптуралык буюмдарды жасаган адам менен маектешүү үчүн үйдүн каалгасын кактык. Өзүн Ильмир Ешмухамедов деп тааныштырган татар улутундагы таза кыргызча сүйлөгөн кожоюн бизди жылуу кабыл алып, өз жумушу, чыгармачылыгы тууралуу кеп салып берди.

"ЖАСАГАН АЙКЕЛДЕРИМ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНАМ"

- Өзүм 1953-жылы Каракол шаарында туулгам. Караколдогу Пионерлер үйүндө окуп, 4-классымдан баштап сүрөт тартууну үйрөндүм. 10-классты аяктагандан кийин Фрунзе шаарына келип, азыркы Көркөм сүрөт академиясында окудум. Андан соң аскерде кызмат өтөп келип Көркөм сүрөт кеңешине аткаруучу скульптор болуп жумушка орноштум. Ошентип 40 жылдан бери скульптор болуп эмгектенем. 15 жылдай белгилүү скульптор жана сүрөтчү Тургунбай Садыковго жардамчы болуп жүрдүм. Кыргызстандагы көптөгөн скульптуралык эмгектерде: Улуттук филармониянын артындагы "Эл куту" деп аталган белгилүү инсандардын, мурда "Ала-Тоо" аянтында турган "Эркиндик" аттуу күн кармаган аялдын, Спорт Ордосунун алдындагы Кожомкул баатырдын, Опера жана балет театрынын жанындагы Бүбүсара Бейшеналиеванын, Киев көчөсүндөгү Баткен согушунда курман болгондордун жана өзүмдүн кичи мекеним Каракол шаарындагы Жусуп Абдрахмановдун айкелдерин жасоодо аткаруучу скульптор болдум. Ал эми автор катары Чолпон-Ата шаарындагы "Чолпон" айкелин жана Казакстандагы бир катар баатырлардын эстелигин жасагам. Токмок шаарындагы Манап бийдин айкелинин авторлорунун биримин. Маңдай терим корогон эмгектеримди дос-туугандарыма "муну мен жасагам" деп айтып мактанып, элдер ал айкелдердин жанына сүрөткө түшүп жаткандарын көрсөм сыймыктанып калам.

"СТУДЕНТТЕРГЕ БИЛГЕНИМДИ ҮЙРӨТӨМ"

- Учурда жардамчыларым, окуучуларым менен "Айчүрөк" соода борборунун жанына орнотула турган 6 жылкынын айкелдерин жезден жасап жатам. Жез айкелдер 300 жылдан ашуун сакталат. Жардамчыларым бар, аларга айлык акы төлөп берем. Мындан тышкары Көркөм сүрөт академиясынын студенттери мага келишип практикадан өтүп кетишет. Аларга билгенимди үйрөтөм. Алгач айкелдердин эскизин кичинекей кылып пластилинден жасап алабыз. Кийин аны 10 эсе чоңойтобуз. Анан айкелдердин каркасын арматура менен ширетебиз да, сыртын чопо менен жасайбыз. Буйрутма бергендер оңдочу жерлери болсо айтат. Оңдоп алган соң гипстен айкелдин калыбын алып, анын ичине арматура салып, бетон куябыз. Мындан тышкары бакчага орнотуучу ар түрдүү жаныбарлардын айкелдерин, гүл идиштерди, фонтандарды жасайбыз. Бакча үчүн жасаган буюмдарымды корогон эмгегине жана колдонулган материалга жараша 500 сомдон 100 миң сомго чейин чейин сатам. Тапкан каражатым үй-бүлөмдү багууга жетет. 2 уулум бар. Алар башында мага скульптура жасаганга жардамдашып жүрүшчү. Азыр Орусияда иштеп жүрүшөт.

"БИШКЕКТЕГИ СКУЛЬПТУРАЛЫК ЖАНЫБАРЛАРДЫН КӨБҮН МЕН ЖАСАГАМ"

- Бишкектеги кафе, хан сарайлардын көбүндө менин скульптуралык эмгектерим орнотулган. Ошондой эле Ысык-Көлдөгү пансионаттарга, Казакстанга көп эмгектеримди орнотушат. Казакстанга караганда биздин скульпторлорубуздун эмгектери арзан болгондуктан алар көбүнчө бул жактан алып кетишет. Буйрутма берүүчүлөр биз жасап, даярдап койгондорду жактырып алып кетишет же өздөрү сүрөт алып келишип ошого окшоштуруп жасап берүүмдү суранышат. Бардыгын жасай беребиз, анимациялык скульптура деп коёт, 3D жана башка бардык буюмдарды жасайбыз. Бул жер менин устаканам, үйүм башка жакта. Эшиктин алдына түрдүү гүлдөрдү тигип, көптөгөн жаныбарлардын эстелигин орнотуп койгом. Күндө эртең менен 6да туруп гүлдөрдү сугарам. Коңшулардын кичинекей балдары келип жаныбарларга чыгып ойношот, бир чети жарнама. Жаныбарларды же башка мультфильмдеги каармандарды жасап бала бакчаларга, жетимдер үйүнө кайрымдуулук катары берем. Кээде тааныштарымдын майрамдарында өзүм жасаган буюмдарды белек кылып кутулам.



"Ар бир эмгегимди чыгармачылык эргүү менен ырахат алып жасайм. Иштеп жатканда айланадагы добуштар угулбасын деп, кулагыма наушник кийип алам"- дейт каарманыбыз.


Асхат Субанбеков
koom@super.kg



“Айкелчи болуш үчүн кара күч да, акыл да керек” дейт айкелчи

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(3)
Медиа-портал
07.08.2016. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аябай жакшы киши экен,эмгеги бааланса экен Кыргызстанда да!!!
SUPER.KG видео
07.08.2016. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиздин артыңыздан да урпактарыңыз калса экен. Эмгегиңизге таазим этебиз. Оорубаңыз ага.
09.08.2016. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер мумкун болсо дарегин же телефон номерин жазып коесуздарбы...
Рахмат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: