Венера Сатылганова, ырчы, актриса: "УУЛУМДУ АЙЫКТЫРУУГА МҮМКҮН ЭМЕС ЭКЕН"

№737 16-декабрь- 22-декабрь, 2016-ж


Социалдык тармактардан "15 жаштагы балага жардам керек" деген жазууну окуп, ал баланын чийдей арык сүрөтүн көрүп боорум ооруду. Балким, гезит бетине жарыяласак кайдигер карабаган мекендештерибиз кол сунар деген ой менен ал жерде жазылган атасынын телефонуна чалсак, "жумушта элем, келинчегим Венерага чалгыла, ал уулумду карап дайыма үйдө" деп номерин берди. Айтылган дарекке барганыбызда бизди бир кезде "18 жаш" деген ыр менен популярдуулукту багынткан Венера Сатылганова тосуп чыкты.

"БАЛАМДЫН ООРУГАНЫНА 9 ЖЫЛ БОЛДУ"

Белгилүү режиссёр, актёр Мурат Мамбетов менен ырчы, актриса Венера Сатылганованын уулу ооруп жүргөнүн кулагыбыз чалган, аны окурмандарыбыз деле билсе керек. Бирок кандай дартка чалдыкканын, азыркы учурда абалы кандай экенинен толук маалыматыбыз жок эле. Уулунун тагдыры тууралуу апасы көзүнө жаш ала буларга токтолду:
– Уулум Нурдан азыр 15 жашка чыкты. Ооруганына 9 жыл болуптур. Башында басчу, 2010-жылдан тарта баспай калды. 6 жашында бала бакчадан "сол бутумдун тизеси ооруп жатат" деп келди. Эмне болгонун сурасам "көнүгүү жасагам" деди. Булчуңдары ооруп калса керек деп көңүл бурган эмесмин. Эртеси бала бакчага алып барайын десем буту шишип кетиптир. Дароо Бишкек шаардык №3-балдар ооруканасына алып бардык. Дарыгерлер "бул реактивдүү артрит (муун сезгенүүсү), шашылыш ооруканага жатышыңар керек" дешти. Ошентип ал жылы ооруканада жашадык. Кийин уулумдун оорусу күчөп кетти. Бир жылдан кийин Москвага ооруканага алып бардык. Ал жактан "бул оору эмнеден улам пайда болору ушул күнгө чейин так билине элек. Билгенибиз мурун бул оору менен карыган адамдар оорушчу эле, азыр жаш балдар көп ооруп жатышат" дешти. Андан кийин Кытайга да барып дарыландык. Ал жактагылар "операция жасатып көргүлө" деди, анысы16 миң доллар экен. Балким, операциядан соң толук айыкпаса да, жок дегенде басып кетер деген үмүт бар.

"СӨӨКТӨРҮ КЫЙШАЙЫП, ЖЫЛДАН ЖЫЛГА АРЫКТАП БАРАТАТ"

– Азыр баламдын колу, буту бүгүлгөн боюнча кыймылга келбей, сөөктөрү кыйшайып, жылдан жылга арыктап баратат. 15ке чыкса да салмагы 20 эле килограмм. Өзү чыдамкай, "мен айыгам" деп өзүн-өзү кыйнап тамакты жакшы эле жейт. Күн сайын дары ичет, 10 күн сайын ийне сайдырабыз. Анысы 25 миң сом экен, бизге арзандатып 20 миң сом кылып беришкен.
Баламдын оорусу тууралуу иликтеп көрсөм медицинада бул ооруну айыктыруу мүмкүн эмес экен. Ооруган адам дары-дармек менен жашашы керек. Мен билгенден мындай оору менен ооруган чоң кишилер басып жүрүшөт. Нурдан болсо балалыкка салып, буту шишисе коркуп баспай, колу ооруса кыймылдатпай отуруп ушундай абалга келди көрүнөт.
Мектепке 1-класста 2 ай эле окуду. Бир күнү мугалиминен суранып дааратканага барып, манжалары ооруп шымынын сыдырмасын сыдыра албай 1-2 саат ыйлап тура бериптир. Кайра мектепке барса классы тарап кетип, сумкасын таппай үйгө ыйлап келди. Ошол боюнча мектепке барган жок. Мугалимдер үйгө келип сабак өтүшөт. Бош убакта компьютерде отурат. Мультфильм көрүп, оюн ойнойт.
Сөөктөрү ооруп түнү менен ыйлап чыгат. Андайга көнүп деле калдым, түнү менен балама кошулуп менде да уйку жок. Себеби Нурдан бир капталынан жатса сөөгү өтүп, денеси уюп ыйлай баштайт. Өзү оодарыла албагандыктан бирөө көтөрүп берки капталына жаткырыш керек. Анан мен жамбашын, колдорун, башын ары-бери жылдырып турам, кичине эле көзүм илинип баратса "апа, сөөгүм өтүп кетти, жылдырыңызчы" дейт, кайра жылдырам. Өз алдынча тамак жеп, дааратканага бара албайт. Дайыма жанында болушум керек. Мектепке барбагандыктан достору да жок. Ушинтип күндөр өтүп жатат (көзүнө жаш алып).
Уулумдун кыйналганын көрүп менин да жүрөгүм ооруйт. Акыркы күндөрү уулум тууралуу айтсам эле оозумду башкара албай, тилим булдуруктап калууда. Нерв оорусуна чалдыгып бир жолу өзүм да дарыланып чыктым. Балам "мен чоңойгондо ишкер болом" дей берет. Аны угуп "байкушум, айыгып кетерине ишенет экен, Кудай тилегин берсин" деп коём. Ага "сенин ооруң айыкпайт" деп айтууга тилим барбайт. Бир жолу көчөдө баратсак жол боюндагы ээн талааны көрүп, "апа, бул жер кимдики?" деп сурайт, "билбейм" десем, "мен чоңойгуча сатылып кетпейби? Чоңойгондо ушул жерди сатып алып балдар үчүн оорукана салам" деп жатпайбы.

"БУК БОЛГОНДО ЫЙЛАП ЖЕҢИЛДЕП АЛАМ"

– Уулум ооруганга чейин чуркап ойноп жүрчү. Энергиясы ашып-ташып турар эле. Өзү да актёрлук чеберчилиги күчтүү, идеяга бай, таланттуу бала. Ооруп жатса да ар нерселерди ойлоп таап кол телефонуна тартып жүрөт. Өткөндө Мурат корей тасмасын которуу үчүн кичинекей баланын үнүн коштоого эч кимди таппай, акыры Нурданды көтөрүп барса, эч кандай даярдыгы жок каарманынын үнүн коштоп салган экен. Комиссиядан да өтүп кетиптир. Кичинекейинде "Кууш жолдо", "Кара жолтой" деген тасмаларга да тартылган. Кээде балама көз тийип кеттиби деп ойлойм. Ошол "Кара жолтой" деген киного тарттырбай эле койсом болмок, аты эле жамандыкты айтып турбайбы деген ойго жетеленем.
Уулум ооругандан бери дарысына, ооруканасына Гүлнур эжем (ред. Сатылганова) жана Мураттын агасы жардам берип келе жатат. Анан элден айланса болот, колунда барлар жардам кылышат. Кечке эле ала бергенден да уялат экенсиң. Кээде өзүбүз бирдеме кылып акча чогултуп калабыз. Мурат иштейт, бирок жумушу туруктуу эмес. Өзүм болсо уулум ооругандан тарта үйдөмүн. Мурда тойлорго чакыруулар болсо барып ырдап калчумун. Быйыл такыр эле чакырылбай калдым. Жаңы чыгармалардын үстүнөн иштегенге убакыт жок, каражат да артпайт. Чыгармачыл адамдар ырдап турушу керек. Үйдө отурганда бук болуп кетесиң. Мурат да чыгармачыл адам болгондуктан мени жакшы түшүнөт. Кээде "сен азаматсың, чыдамкайсың, сен болгон үчүн мен да бул турмушка чыдап жүрөм" деп мени жоошутуп алдап коёт. Аябай бук болгондо эч кимге билдирбей өзүмчө ыйлап жеңилдеп алам.

"ДАРЫГЕР БОЛУП, МАГА ОКШОП ООРУГАНДАРДЫ ДАРЫЛАЙМ"

Андан кийин биз Нурдандын өзүн да кепке тарттык. Маңдайыбызда акылы тунук бала суроолорубузга так, ирети менен жооп берип отурду:

– Нурдан, өзүң жөнүндө айтып берчи. Жашың канчада?
– 2-октябрда 15ке чыктым.

– Бош убактыңда эмне кыласың, эмнелерге кызыгасың?
– Көп нерселерге кызыгам. Бирок айла жок үйдө эле ушинтип компьютер ойноп, сыналгы көрүп отурам. Үйдө отура берип зериккенде "эшикке чыгарып койгула" деп айтам, сыртка чыгып таза аба жутам. Эшикте балдар ойноп жүрсө алар менен чуркап ойногум келет. Анан конокко барууну жактырам.

– Мугалимдер келип сабак өтүп кетет экен. Окууларың жакшыбы?
– Ооба. Математика, адабият, тарых сабактарына кызыгам.

– Келечекте кайсы кесиптин ээси болгуң келет?
– Дарыгер болуп, мендей болуп ооруган адамдарга жардам бергим келет.

– Эмнең ооруйт?
– Уктап жатканда да, турганда да сөөктөрүм ооруйт. Өзүмө келип жибигенге убакыт керек. Оорумдун айынан көп жакка кайрылдык, бирок жыйынтык болгон жок. Бир күнү кимдир бирөө мага жолугуп, оорумдан айыктырат деп үмүт кылам.

– Апаң сенин талантың тууралуу айта кетти...
– Ооба, жакында эле 1 тасмада үн коштодум. Мага жакты, буюрса, келечекте бул жаатта да өнөрүмдү өркүндөткүм келет. Андан тышкары оюма ар нерселер келгенде эжелерим, байкелерим болуп телефонго видеотасмаларды тартам. Актёрлукка дагы кызыгам.

– Тилегиңе жетип, айыгып кет!

"Уулум жок дегенде өз алдынча басып кетсе жакшы болмок..."


Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Ырчы Венера Сатылганованын уулу артрит оорусу менен жабыркап келет

Автор: Насипа Тагаева
Оператор: Сергек Шатманов, Айбек Алимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(94)
22.12.2016. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Алладан сурана бериниз, Ал жардам берет
22.12.2016. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Окуп,козумон жашым тегеренди ,батыраак айыгып кете кой! Ыймандуу бироо чыгып калар жардам бергенге.
22.12.2016. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ооо жараткан Кудай Нурданга куч бер ден соолук берекор сакайып айыгып кетсин
22.12.2016. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Келгиле Жогорку Кенештин депутаттары жардам бергиле. Ушул бала айыгып кетсин. Оомин.
22.12.2016. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ыйлаттынго(((( айыгып кетчи,келечегенин али алдыда Нурдан.
22.12.2016. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Оо жараткан Нурданга жардам бере кор. Венера эже балким операция жасатып корорсунор 16мин доллар табылат болуш керек силер элге таанымал адамдарсынар, таанышынар коп, Гулнур эже кайрымдуулук концерт коюп жардам берсе. Салымбеков, Бабанов, Артыкбаевге окшогон байларга кайрылсаныздар табылат. Президентке кат жолдоп, чыгармачыл достору силер да кол кабыш кылгыла. Ушул бала айыгып кетсе кандай кана бакыт. Баарыбыз дуба кылалы жардам кылалы
22.12.2016. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахым өзү ден соолук берсин!
22.12.2016. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айыгып кетсиин,ылайым!Алла шыпаасын берсиин!
22.12.2016. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым озу жардам бере кор.Апасына рахмат,сабырдуулук каалайм.
22.12.2016. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kudaiym shypaasyn bersin jurogum oorup ketti okup alyp prezidentke kat jazyp korunuz super info sizder da jardam berinizder suranych prezidentibiz menen bailanyshkany buiursa olko bashchybyz jardam beret degen umuttobuz.
22.12.2016. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым оору берсе да шыпаасын кошо берет. Венера эже сабырдуу болуңуз жакшы күндөр али алдыда. Уулуңуз эртереек айыгып кетсин кудайым шыпаасын берсин.
22.12.2016. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оорусун берген адамга АЛЛАХ шыпаасында берет сакайып тилегине жет иничек,,,Амииин
22.12.2016. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жараткан Аллахым шыпаасын берсин буйруса баары жакшы болот Венера эже сабыруу болунуз сизди биз тушунобуз кыйын бирок умутту узбон али алдыда соонун кундор бар
22.12.2016. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах шпаасын берсин!
22.12.2016. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллах шпаасын берсин айыгып кетсин тезирек. Чуркап ойноп тилегине жетсин инша аллах
22.12.2016. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Козумон жашым токтобой ыйладым (( (((.Аллахым озун мээримдуусун Нурданга шыпаа бере кор, батыраак айыгып кетсе экен.Венера эже намаз окунуз куну туну дуа кылыныз Аллахым созсуз кабыл кылат.
22.12.2016. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым шыпаасын берип батыраак айыгып кетсин Аминь.
22.12.2016. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оо Аллахым оору берсен шыпаасы менен бере кор.Ушул бала сакайып кетишин суранам Аллах,апасына атасына кандай кана ой санаа келет ооруган баласын ойлоп.Ылайым сакайып кетсин,тилеген тилегине жетсин.
23.12.2016. 03:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллах шыпаа берсин
23.12.2016. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Venera eje karangylyk artynda da kandaidyr jaryktyk bar. Umutsuz bolbon. Sizderge sabr balanyzga den sooluk bersin ALLA ####
23.12.2016. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Гулнур Сатылганованын тепкен машинеси эле 20мин доллардын тегерегинде болуш керек,сатып синдисине берип турса да болгудай деп калдым(жеке оюм).16мин доллар болсо айыкпаса да басып калат экен деп айтыптыр го.Баласы басып калса иштеп кайтарып беришсе кк деп ойлодум.
23.12.2016. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым берген дартынын шыпаасын кошо берсин,козумон жашым токтобой ыйладым:((
24.12.2016. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым шыфаасын берсин. Амин.
25.12.2016. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай жардам берет. Намаз окуугула жана тез сакайып кетиниздер.
25.12.2016. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай жардам берет намаз окугула,Венера эже сиздагы баланызга да намаз окуганды уйротунуз жардам берет,тез айыгасыз сакайып кетиниз.
25.12.2016. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудайым шыпа берсин! Ырлары жагат корунбой калганынан кайда болду экен деген ойдо элем,
Венера эже кудайым уулунузга шыпа берсин айыгып эртен эле баланыз басып калышын тилейбиз
25.12.2016. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооо аллахым шыпа бер ушул балага...Айыгып кет..
25.12.2016. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым жардам берегор... баардык энелерди ыйлатты(((( эже чокпонуз сабырдуу болунуз... баланыз айыгат деп ишенем((( келгиле туугандар биз Аллахтан сураналы??
25.12.2016. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым шыпаасын берсин
26.12.2016. 03:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудайым берген оорусуна шыпаасын кошо берет дейт го,сабыр кылыныздар баары алдыда бул кундор да отот. Баланыз оорусунан сакайып кетсин, онору оркундой берсин.
27.12.2016. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Нурданга Кудайым жардам берип бул жаман оорудан айыгып кетсин.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: