"БИР ЖИГИТКЕ АЛДАНЫП ЖАШООМ ТАЛКАЛАНДЫ..."

№754 14-20-апрель, 2017-ж.


"Эмне кыларымды, кимге кайрыларымды билбей акыры ушул гезитке кат жазууну туура көрдүм. Балким, гезит аркылуу жардам болуп калар..." Бизге келген кат ушинтип башталат. Каттын ээси Элнура айым менен жолугуу үчүн борбор калаабыздын четиндеги айылдардын бирине бардык. Ал жакта каарманыбыз 14 жаштагы майып уулу менен батирде турат экен. "Башымдан өткөн окуяларды уулум укпай эле койсунчу" деп аны башка бөлмөгө жетелеп чыгарып коюп, каарманыбыз кебин баштады...

"ЖАЗГА ЧЕЙИН ЧОГУУ ЖАШАЙЛЫ, АНАН АЙЫЛГА АЛЫП КЕТЕМ ДЕГЕН"

– Өзүм Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан болом. Кесибим ашпозчу, 20 жашымда борборго келип официант болуп иштеп калдым. Батирде кыздар менен чогуу жашап жүрдүм. Жаш экенбиз да, жигиттер менен таанышабыз, сейил бактарга барабыз. Анан бир жигит менен таанышып калдым. Жакшы күндөрдү өткөрдүк, ойнодук, күлдүк дегендей. Жазында таанышкан элек, билинбей кыш мезгили кирип келди. Жигитим "жазга чейин чогуу эле жашап туралы, азыр мал арык, жазында семирет, ошондо айылга барабыз да, той беребиз" деди. Жаштык кылыптырмын, анын сөздөрүнө алдандым, макул болуп чогуу жашай баштадык.
Аз эле жашадык, кийин өзүмдү жаман сезип дарыгерге барсам, кош бойлуу экенимди айтты. Кубанып келип жигитиме кабарласам сүйүнгөндөй эле туюлган, балким, мага ошондой сезилдиби билбейм. Ал мен тууралуу ата-энесине айтып, аларды көндүрүп келмекке Таласка кетти. Ошол бойдон ал адамды көргөн жокмун. Кандай капыстан пайда болгон болсо, ошондой күтүүсүз менин жашоомдон жоголуп кетти. Сүйүү көзүмдү көр кылган тура, ал жигиттен "Таластын кайсы айылынан болосуң, дарегиңди бер" деп деле сурабаптырмын. Катуу ойлонуп жүрүп балам 7 айлык болуп төрөлүп калды.

"ТӨРӨГӨНҮМДҮ ҮЙДӨГҮЛӨРГӨ АЙТКАН ЭМЕСМИН. АЙЫЛДАШ КЫЗЫМ КӨРҮП КАЛЫПТЫР"

– Балалуу болгонумду ата-энеме айта албай, бала багуучу жалдап, өзүм иштей баштадым. Бир күнү балам менен ЦУМ жакта жүргөнүмдү айылдашым көрүп калып, апама "кызыңыз турмушка чыккан окшойт, бала көтөрүп жүрөт" деп айтып коюптур. Анан үйдөгүлөр айылга кел деп чакыртышты. Баламды таштап, эч нерсе болбогондой бардым. Апам "кызым, сен бизди уят кылып кандай жоруктарды баштап жүрөсүң?" деп калды. Аргасыздан айтышка туура келди, анын үстүнө ал учурда баламдын ден соолугу начар экенин түшүнүп калган элем, аны да айттым. Бул тууралуу атама да жетти, 5 күндөй атам сүйлөмөк турсун мен тарапты карагысы келген жок. Бирок аяды окшойт, "адам жашоосунда 1 жолу катуу жаңылат, алып кел, биз карайбыз. Болбосо оорукчан бала менен жашооң кыйын болуп калат" деди.
Уулумду алып келдим, ата-энем аны дарыгерлерге көрсөтө башташты, көрсө, шал оорусу менен төрөлүптүр. Эсимде, бир жолу ооруканада отурганбыз, бир тууган сиңдим келип "балаңды алып кет, арам балаңдын айынан ата-энебиздин кан басымы көтөрүлүүдө же аларды өлтүргүң келип жатабы?" деди эле, уялганымдан өлбөгөн 4 шыйрагым калды. Бирок ата-энем уулумду бербей алып калышты. Шаардан дары-дармекке деп акча алып келсем, апам "өзүң дарылан, аман болсок биз балаңды бутуна тургузабыз" деп урушар эле. Аттиң, пейили кенен алтындарым. Бирок балам 2 жашка чыкканда атамдын кан басымы көтөрүлүп, башына кан уюп дүйнө салды. Балам 5 жашка чыкканда апамдын дагы кан басымы көтөрүлүп кара жер жамынып жатып калды. Бир туугандарым "сенин арам балаңдын айынан" деп мени күнөөлөшөт.
Айла жок уулумду шаарга алып келдим. Ишенсеңиздер, 7-8 жашына чейин колума көтөрүп чоңойттум. Маршруттук таксиге түшсөк дагы жонума көтөрүп кирем, көтөрүп чыгам. Азыр эми деги эле көчөгө көтөрүп чыга албайм. Ата-энем убагында баланы өздөрүнүн атына жаздырып алышкан, көзү өткөндө бир тууган иним жооптуу адам (опекун) катары дайындалган болчу. Бир жерге барып жардам сурасаң эле "сен кимиси болосуң?" дешет, "эжесимин" десем, "опекуну кайда?" деп териштире башташат. Уулумду алып коюшат деп чочулап ушул убакка чейин эч кимге кайрылган да жокмун.

"АТА, АПА, МЕНИ КЕЧИРИП КОЮҢУЗДАРЧЫ..."

– Ата-энем убагында туура айткан экен, оорукчан бала менен жашоом кыйын эле өтүүдө. Дени сак балалуулар деле турмушка чыга албай жүрүшпөйбү. Менин уулумдун кимге кереги бар? Өткөн жашоомду эстеп өзүмдү өзүм жемелейм. Мен ошондо ал жигиттин кептерине алданбай, акылым менен болгондо, балким, ата-энем тирүү болмок. Себеби өмүрүндө оорудум деп айтпаган адамдар эле. Аларга куран окуган сайын кечирим сурайм. Ата, апа, алтындарым, мени кечирип коюңуздарчы... Бир жигитке алданып жашоом талкаланды...
Турмушта жалгызмын, батирде уулум экөөбүз турабыз, ал 14 жашта. Азыр баскан сайын салмагы бутуна оор келип, буттары ийрейип баратат. Азыр уулум "кел, жуунтайын" десем уялып көнбөй баштады. Анын үстүнө мага да аны көтөрүш кыйынга турууда. Көп баспайт, эшикке чыгалы десек короодон чыга электе чарчап калат. Тамак-ашын даярдап, дарысын көрсөтүп, горшокту үйгө алып кирип берип жумушка кетем. Жакшы жашоого ар бирибиз умтулабыз да. Жок дегенде насыяга акча алып жакшы жумуш баштасам деп ойлоном. Бирок үй-жайым жок болсо насыяны мага ким бермек эле?!
Кебимдин соңунда учурда шаарга окуйм, иштейм деп келген кыздарга кайрылгым келет. Кыздар, эч качан сулуу жигиттердин таттуу кептерине ишенбегиле, силердин туура эмес кадамыңар өзүңөргө гана эмес, ата-энеңерге, урук-тууганыңарга кайгы, көтөрө алгыс сыноолорду тартуулаарын унутпагыла. Ар дайым жети өлчөп, бир кесип, акылыңар менен иш кылгыла. Менин жашоомду кайталап калбагыла.

"Ушул үйдө уулум экөөбүз көптөн бери жашайбыз. Майып уулумду бул шартта кароо аябай кыйын болууда".


Нуркыз Курманбек кызы
koom@super.kg



Майып баланын энеси: "Бир жигитке алданып жашоом талкаланды"

Автор: Илимбек Туратбек уулу
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(80)
18.04.2017. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эркеке эмес эки босогоно ишен деген ушу тура,Ошо эркек аялы жок баласын карай алат беле ушинтип? Азаптын баары аялда турбайбы.азыр да кеч эмес издениз баланын атасын
18.04.2017. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Бат эле жардам сурап киришет.Аллахтан сура. Жардамды.бир аз ойлонуш керек башында башкалар улгу алсын.бир туугандары бизге караганда жакшы билет бул эжени.жакындары баш тартса биз эмне кылмакпыз
20.04.2017. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
korgonbai,сиз эмне кылмаксыз? Отура бериңиз. Жардам берем дегендер чыгат. Бул- тагдыр
18.04.2017. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Балан Аллах шыпаа берсин,бактылуу болгула
18.04.2017. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Супер инфо ушундай каармандарды чыгарардан мурда банктан счет ачып анан чыгарсаңар сунуш да
18.04.2017. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mirbek99, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, сунушуңузга рахмат.
18.04.2017. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сабрду болунуз ал жигитда ойлонбойбу торотуп алып таштап кетип
18.04.2017. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сабырдуу болунуз эже.Аллахым куноолорунузду кечирип,ниет кылган ой максаттарынызды кабыл кылган болсун.
19.04.2017. 06:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
КР алакандай жер оной эле тапса болот, биз иликтебей колдон. келсе жардам берели жок легенде жылуу соз менен
19.04.2017. 08:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аянычтуу тагдыр...
Ушунчалык азапты которуп,кылган кунонду сезип,ата энендин олумуно озун куноолуу экенинди мойнуна алып,азапка чыдаганына,сынбай,токтоо мунозуно , журогум ооруп турат.Синдим жогоркулар айткандай баланды таштабай багышын деле бир тайлык...
Айдын 15 жарык,15 карангы дейт,сага да жарыкчылык келер,сен жака да кун тийер...
Бойунда бар экенин билип качып кеткен эркектин колунан жакшылык келмек беле...
Бир кана Аллахым сага жакшылык берси


raia түзөттү 2017-04-19 08:27:13
19.04.2017. 08:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
берсин.Сага сабыр,куч кубат берсин...
19.04.2017. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахтын сыноосу. Сабыр тилейм.
19.04.2017. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
адам апасысынан кенеш алып иш кылыш керек ата эне ыраззы болсо алла ыраззы болот
19.04.2017. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алла озун кечир пендеңди
19.04.2017. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Балким ошол жигит экоонуздор кетирген куноолордун кесепети балага тийип жаткандыр.Сабырдуу болунуз! Сабыр баарын женет.
19.04.2017. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Адашкандын айыбы жок,айланып уйуруно келген сон"

тооба кылыныз,кетирген катаныз учун чын журоктон ыйланыз Аллахка жалбарып.

Анан намаз окунуз акыретке даярданып дегендей. жашоонуз жаркын болоор ошондо..

Админ?гезит жамаатына айткыла бул эженин атынан счет ачып бергиле,биз жардам беребиз акчалай.анан анын акчасын да жеп албай силер да озунорду кармагыла.

Эй кыргыздын суйкайган сулуулары уккула!ушул эженин тагдыры силерге сабак бол
20.04.2017. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tyn4a92, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
20.04.2017. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алла шыпаа берсин, бактылуу болгула
20.04.2017. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул макала гезитте гана калбаса, эч ким деле маани бербейт азыркы заманда. Анткени азыр такыр башка эле муун келе жаткандай. Илгери опчуу жерин обушчу экен, азыр болсо наоборот. Канчалык катуу айтсан да ката кыла берет адамдар. Калп эле суйушкуч олумуш болуп. Акырында бейкылыктыктан мындай кырдаал жаралып отурат. Таба эмес тообо кылдым, бир нерсе деп комментарий калтырууга да дилим барбай турат. Аман эле бол.
20.04.2017. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эркектен кайрат кетсе - аялдан уят кетет!
20.04.2017. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркы эркектерде жоопкерчилик деген жок. Эптеп эле журушот.
20.04.2017. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Никесиз торолуптур аттин. Тообо кылыныз жана тообо. Бардык пенде адашат бирок адашкандардын эн мыктысы тобо кылуучулар!!! Жаратканга дуба кылыныз. Мээнетин берген Кудай шыпаасын да берет, болгону умутту узбонуз! Жаш экенсиз айдын 15 жарык жакшы кундор али алдында
Медиа-портал
20.04.2017. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
бала жаштык кылды просто ойногусу келди ал ар бир эркек жаштыгында жасачу нерсе ошону улуу болуп кантип билген жоксунар баарын билип турдунарда жаш болсонор бир жон улуулугунан качып кеттида достору шылдындады да апа кыласынбы деп бул соз менен аялды кунолоп жаткан жерим жок окунучтуу окуя болуптур бирок бал жашоодо ошндой корунуш болуп эле жатпайбы
Медиа-портал
20.04.2017. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
кудайым озу сактай кор ошол ата эне учун эн кыйын нерсе ошол учун азыркы жаштарга айтарым никесиз эч качан жатпасанар эмне корунуш биз эвропа эмеспиз
20.04.2017. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Менин кенешим - Ислам динибизди карманалы.. . Баары жакшы болот, бактылуу болосунар кудай буюрса...
22.04.2017. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айланайын кайгырба, Уулуна омур берип бул жарык дуйного алып келдин. Жашоондун манызы,козундун кареги, журогундун толтосу болгон Уулун аман болсун, Кудай дартына шыпаа берсин. Айланайын синдим Кудай багынды ачсын, Уулундун урматын кор, келечекте Уулундун балдарын - неберелериндин жытын жыттап бак таалайлуу чон эне бол.
22.04.2017. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул кызыбыз менен уулубуздун аркасында биз Кыргыз эли турабыз, жардамыбызды берели.
22.04.2017. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бир ката кылыпсын бирок журогундун таза жана чон экени оорукчан баланды таштабаганвндан белгилуу болуп турат.Сабыр кыл Алла жардамчын болсун.Мындай сыноону Алла суйгон кулуна,ал сыноону которо алганга берет.Бир счет ачтыр сага жардам берели,элибизде жардамчыл кайрымдуу адаидар коп жашоодон умутунду узбо.
Ал баланын атасына да наалат бир жолу издеп койбоптур!
22.04.2017. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Маршрутка автобустар эмнеге албайт майып балдарды, адамдарды ?! Кызык эй,мыйзам жокбу бизде ушуга ылайык, майыптар эмне адам эмесби?! КРнын атуулу эмесби?! Жаза бериш керек майыптарды албаган адам ордуна койбогон шоферлорго! Ушуну бир издештирип чара коруп койсонор Суперинфо сураныч...! Бир юристтен сурап жок дегенде баары билип алат оз укугун
22.04.2017. 08:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер Инфо сиздерден чураныч ушул эже жонундо баласы жонундо тынбай кабар алып не болушту кабар алып тургулачы,бечаралардан.
24.04.2017. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш келин өзү эптеп оокат кылып жатса, табалап, акыл үйрөтпөгүлөчү?Болоору болуптур эми.Айланайын, келечектен үмүт үзбөй башты көтөр. Аялдын чырагы кырк дейт. Сен да бактыңды табасың.Туруктуулугуң, жашоо үчүн күрөшкөнүң жакты.Сөзсүз бактылуу болосуң. Сен татыктуусуң.
24.04.2017. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eli.91, elif, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
SUPER.KG видео
13.05.2017. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Истинное лицо кыргызских мальчиков☝️Таких даже людьми назвать трудно не то что бы Мужчиной
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: