АСТРОТӨЛГӨ: МАЙ АЙЫ ЖАГЫМДУУ ОКУЯЛАРГА БАЙ БОЛОТ

№756 28-апрель-4май, 2017-ж.


«Жылдын биринчи жарымында жаратылыш кырсыктары, апрель айында жол кырсыктары көп болот...»
Дал ушундай жоромолду мындан 1 ай мурун астролог Жанар Кадыралиев "Супер-Инфого" берген маегинде билдирген эле. Соңку окуялар көрсөткөндөй, бир ай ичинде адам өлүмү, жаракаттар менен коштолгон көптөгөн жол кырсыктары, табигый кырсыктар орун алды. Астролог бул жолу май айына карата жоромолдорду айтып берди.

– Жанар мырза, буга чейин "25-февраль-1-март аралыгында саясий тирешүүлөр, жаратылыш кырсыктары жана аба ырайы кескин түрдө өзгөрүүсү күтүлүүдө, апрель айында жол кырсыктары көп болот" дедиңиз эле. Жоромолдоруңуздун көпчүлүгү төп келди. Сурайын дегеним, жыйынтыктарды эмнеге таяп чыгарасыз?
– Жыйынтыктар Күн менен кошо 9 планетанын жайгашуусу, Ай жана жылдыздардын кыймылы, алардын бири-бирине болгон таасири изилденип, анан чыгарылат. Иликтөө атайын астрономиялык программанын, тагыраагы, эфемеридалык таблицанын жардамы менен жүргүзүлөт. Таблицада кайсы жылы, кайсы айда, кайсы планета каякта жайгашары градус, мүнөттөрүнө чейин көрсөтүлөт. Таблица 300 жыл алдыга түзүлөт.

– Адамдарда «бир нече миллион чакырым алыстыкта жайгашкан планеталар, жылдыздар бизге кандайча таасир тийгизмек эле?» деген суроо жаралбай койбосо керек...
– Ар бир планетанын өзүнө тиешелүү мүнөздөмөсү бар. Мисалы, Сатурн жерди, Нептун сууну түшүндүрөт. Ал эми Юпитер узак сапарлардын, Уран асман, авиация, электроника, электроэнергетика жана күтүүсүздүктүн, Марс агрессивдүүлүктүн, механиканын, өрт коопсуздугунун жана түрдүү кырсыктардын, Венера сулуулуктун, сүйүүнүн, жасалгалоонун, акча маселелери жана эс алуунун планетасы. Адам космостун бир бөлүкчөсү болгондуктан мына ушулардын баары жашообузга сөзсүз таасирин тийгизет. Космостун өз мыйзамдары бар. Жоромолдор мына ушуларга таянып чыгарылат. Мисалы, Ай, Күн тутулганда бирөөлөр менен конфликтке барбоо, маанилүү иш баштабоо, бирөөгө ишеним артпоо керек. Эгер жагдайлар ушул күндөргө туш келсе чечилиши кыйындап, кийинки айларга жылып кетет. Мисалы, Өмүрбек Текебаевдин кармалышы Күндүн тутулушуна, 26-февралга туш келген.
Эске алчу жагдай, жоромолдор бардык адамдарга тиешелүү эмес. Мисалы, бөйөн жылдызындагы адамды бул айда үлпөт тою күтүп турат десек, ошол жылдыздын алдында төрөлгөндөрдүн баары үйлөнбөйт. Жеке адамдын жашоосун билүү үчүн анын төрөлгөн убакыт-саатын, мүнөтүнө чейин так билүү зарыл.

– Жеке адамга астротөлгөнү төрөлгөн убакыт-саатына карап айтууга болсо, өлкөнүкүн эмнеге таянып айтасыз?
– Мен атайын изилдөө, эсептөө жүргүзүп, релокация ыкмасы боюнча Кыргызстандын түзүлгөн убактысын мүнөттүк тактыкта тапкам. Так убактысын өзүм билем, бирок сыр тутам. Ошондуктан көптөгөн божомолдорум окурмандар айткандай күн-күнүнө чейин туура, так чыгып жатат.

– Жоромолду адам баласы өзгөртө алабы?
– 100 пайыз өзгөртө албайт, 20-30 пайыз алдын алууга болот. Мисалы, "үй-бүлөдө чыр-чатак орун алат" деген жоромол айтылса, чыр-чатактын алдын алып, аны жеңил формага өткөрүп жиберүүгө болот.

МАЙ АЙЫНДА БИЗДИ ЭМНЕЛЕР КҮТӨТ?

Аба ырайы. Нептун планетасынын таасиринен улам май айында аба ырайында кескин өзгөрүүлөр көп болот. Жамгыр жаап, кайра ачылып элди убарага салат. Эгер өтө муздак циклон келсе, жамгыр карга айланышы мүмкүн.
Коомдо. Сатурн, Уран жакшы түзүлүштө турат. Көп адамдардын жеке маселелери ийгиликтүү чечилет. Кимдир бирөөлөр алыска сапарга чыгышат. Балдардын төрөлүшү көбөйөт. Өлкөдө, жеке адамдардын турмушунда да жакшылыктар, жагымдуу окуялар көп орун алат. Ошентсе да элди 10-майга чейин унаада, жолдо жүрүүдө сак болууга чакырам.
Каржы жаатында.
20-28-май аралыгында финансылык жактан тартыштыктар жаралышы мүмкүн.
Саясатта. Планеталардын кыймылына көз салсак, азырынча жакшы түзүлүштө турушат, өлкөдө орчундуу окуялар жакын арада орун албайт. Алдын ала айтып койчу нерсе, Уран менен Юпитердин карама-каршылыгынан улам 31-июлдан 10-августка чейин жана сентябрдын акыркы 5 күнү, октябрдын биринчи жумасы өлкө үчүн кооптуу болуп турат. Эң орчундуусу 5-августка жана 28-сентябрга туш келет. Күтүлбөгөн окуялар орун алышы мүмкүн. Саясатчылар сабырдуу болушу керек.

АПРЕЛЬ АЙЫНДАГЫ КЫРСЫКТАРДАН

8-апрель
күнү саат 19:00 чамасында Чүй облусунун Кемин районунда, Бишкек-Торугарт унаа жолунун 79-чакырымында 2 жеңил унаа сүзүшүп, анын кесепетинен 5 адам каза болуп, 4 адам ооруканага жеткирилген.
13-апрель күнү саат 18:20 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 97-чакырымында 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 6 адам каза болуп, 2 адам жабыркаган.


16-апрелде Бишкекте Байтик баатыр-Максим Горький көчөлөрүнүн кесилишинде маршруттук такси менен Тойота Камри унаасы сүзүшүп, 15тей адам жабыркаган.
17-апрелде 12:30 чамасында Казарман-Акталчат унаа жолунун 73-чакырымында 2 жерден кар көчкү түшкөн. Анын көлөмү болжол менен 2 миң метр куб болуп, каттам убактылуу жабылган.
19-апрелге караган түнү саат 03:30 чамасында Өзгөн районундагы Жыланды айылындагы Жылан-Сай каналынан суу ашып, турак үйлөрдү каптаган.
21-апрелде Бишкекте Мерседес унаасынын айдоочусу эки мектеп окуучусун сүзүп, токтобой качып кеткен. Ошол эле күнү шектүү кармалды.


23-апрелде Базар-Коргон районунда суу түтүкчөсүн оңдогону барган 8 адамдын төртөөсүн көлөмү 300 метр куб болгон жер көчкү басып калып, 3 адам каза болду.
25-апрелде 15:10 чамасында Чүй облусунун Жайыл районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 131-чакырымында кар көчкү түшүп, жолдо бара жаткан 2 күйүүчү май ташуучу унааларды сүрүп кысып койгон.

Дамира Арстанова
koom@super.kg



Май айында бизди эмнелер күтөт? Астролог жооп берет

Автор: Перизат Музуратбекова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
01.05.2017. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу астролог божомолунузга рахмат. Бирок баары бир ишенбейм.
01.05.2017. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллах жалгыз
Бир Алла билет баарын
03.05.2017. 08:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба жараткандын каалоосу эмне болот бир жалгыз Аллах билет
03.05.2017. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
азмаз кечигип калыпсызда
03.05.2017. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
силер кайдан билет элеңер? Бир гана Аллах билет
04.05.2017. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ширик
Медиа-портал
04.05.2017. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул кишиники туура чыгып жатат. Өткөн айда 6-апрелден 10-майга чейин автокырсыктар көп болот деди эле, ошондой болду. Февралда болсо жылдын биринчи жарымына чейин жаратылыш кырсыктары көп катталат деди эле катталып эле келе жатат, качан токтойт болду экен
Медиа-портал
04.05.2017. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
deva, Ал киши озу ертен емине болушун билет бекен
SUPER.KG видео
03.01.2019. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кишинин Кудайга ишенгендигин көп эле теле, радио, газеталардан көрүп жүрөбүз. Кудайга да, илимге да ишенүү керек - деп айтат интервьюларында.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: