29 БАЛАСЫ БАР ҮЙ-БҮЛӨ

№773 25-31-август, 2017-ж.


Иса Өмүракунов менен Таалайкүл Жумалиева башка жумуштарынан чарчап үйгө келгенде ата-апалап алдынан 30дай бала тосуп чыгат. Алардын улуусу 18ге чыгып калса, эң кичүүсү 1 айлык. Жубайлар өз ата-энелеринен түртүлүп калган же аларды багууга ата-энесинин шарты жок балдарга мээримин төгүп жылуулук тартуулап ата-энелик кылышат. Ал гана эмес, оор тагдырга кептелип барарга жери жок калган энелерге да жардам көрсөтүшөт. Эмесе, жүрөктөрүнө мээрим толгон үй-бүлө менен сүйлөшөбүз.

– Саламатсыздарбы? Бул демилгени ишке ашырууга эмне түрткү болду?
Иса Өмүракунов:
– 2009-жылы бир таанышым «кызымды күйөөсү сабачу болду, балдарын карап бере турган жер таап берсең, чет жакка иштеп келгенге жөнөтөм» деп калды. Анын 3 баласын кайрымдуулук фондго алып бардым. Балдар апасынан ажырагысы келбей, ар кайсы шылтоону айтып көңүл бурууну талап кылыша бергенин байкадым. Ал жактан "жашы жете элек" деп албай коюшту. Кайра кайттык.
Таалайкүл Жумалиева: – Андагы балдардын кубанычын көрсөңөр. Эшиктен бактылуу көздөрү менен кирип келишти. Ошондо «аттиң, эне менен бала такыр ажырабаса кана?» деп ойлонуп калдым. Жолдошум экөөбүздүн оюбуз бир жерден чыгып, энеге батир таап берип, акчадан жардам берүүнү туура көрдүк. Ошентип уланып кетти. Азыр 24 бала бар. Кийин тааныштарыбыз «жакшы ишиңерди жамандыкка жооруп алгандар болот, расмий каттатып койгула» деген кеңеш беришип, 2011-жылы «Эне – бала мээрими» кайрымдуулук фонду деп каттаттык. Быйыл 16 баланы мектепке даярдап жатабыз.

– Үйдө эки баланын ызы-чуусунан башың ооруйт. Кантип чыдайсыздар?
Т.:
– Оор, чарчайбыз. Бирок балдардын биздин жардамыбыз менен чоңоюп келе жатканын, ушул балдар келечекте чоң ийгиликтерди жарата тургандыгын ойлогондо мунун баары жөн эмес экенин түшүнөбүз. Балдарыбызды өлкөнүн келечеги катары көрөбүз. Эртең бири врач болуп далайлардын өмүрүн сактап калса, экинчиси элдин камын ойлогон эл өкүлү болуп калар. Бардыгы таланттуу, жөндөмдүү. Ар бирин өзүнүн кызыгуусуна жараша ийримдерге алып барып, келечекке карай жол куруп бергибиз келет. Бизге «ата, апа, чоңойгондо сиздерди багам» деп айтып калышат. Бул сөздөр бизге дем берет. Бир ирет Райымберди деген балам менен жолдо баратсам, «апа, мен чоңойгондо бандит болом. Көчөдөгү элдерди тоноп, үйгө ун, тамак-аш алып келем» деди. Кээде үйдө нан, тамакты жеткире албай калган учурларды көрүп ойлонгон окшойт. Бандит болгон жаман экендигин түшүндүрсөм, «милиция кызматкери болуп, элди коргойм» деп тилек кылып калды. Милиция дегенинин да жөнү бар. Аны апасы төрөп, чоң энесине таштап кеткен. Абактан чыккан таякеси келип сабап жатканынан кошуналары арыз жазышкан экен. Ошондуктан коргогонду жакшы көрөт. Орус улутундагы кызым болсо мектептен кыргыз тилинен дайыма 5 алат, орус тилин начар окуйт. Мугалимдер орусчаны жакшы окубагандыгына таң калышса, «апам кыргыз да» деп жооп берет экен. Булардын сөздөрү бизге күч берип турат. Ооруп калсак жаныбыздан чыкпай, үстүбүздү жаап турушат.

– Балдарды таштап кетип жаткандардын негизги көйгөйү эмнеде?
И.:
– Илгери үй-бүлөнүн баасы бар эле. Үй-бүлө баркталчу, бийик тутулчу, балдар таштандыга, дааратканага ташталчу эмес, турмушка чыкканча кыз намысын сактачу. Азыр эмнегедир эркектерде да, кыздарда да жоопкерчилик жок. Эркек киши кылган иши үчүн жооп бергенге даяр болушу керек. Айымдар дагы баланы төрөгөндөн кийин анын өмүрү үчүн күрөшүшү керек. Бир жолу апасы батирдин акчасын төлөй албай калып, кызын таштап кетиптир. Ал кызды да алып келдик.
Пейилибиздин бузулуп жаткандыгы өкүндүрөт. Куда-сөөктүү болгусу келгендер жетим келиндерин үйүнөн кууп чыгышат. Кыргыздар «жетим менен жесир Кудайдыкы» дешет. «Жетимге камчы көтөрбө, жесирдин отун өчүрбө» деген сөз бар. Аны тебелеп өттүк. Интернатта чоңоюп, кайра бизге түшүп калгандарга жоопкерчилик алып, «бул кыз жетим эмес, биз ата-энесибиз» деп айтууга туура келди. Анткени күйөөлөрү «болушуп аларың барбы?» деп кордошот. Ушундайга жол бергенибиз да жанды кейитет.Учурда негизги басымды студент кыздарга жасап калдык, жагдай ошого жетелеп жатат. Канча балдар таштандыга ташталып, дааратканага ыргытылды, ит жегени катталды. Буга кайдыгер карап отура алган жокпуз.
Ушул үйдө төрөлүп чоңойгондор бар. Мисалы, Арсен студент кыздын баласы. Төрөт үйүнөн алып келгенбиз. Апасына медициналык училищени бүтүргөнгө жардам бердик. Азыр Түркияда иштеп жатат. Алина деген кызымды тамашалап Т4 (Volkswagen Transporter T4) деп атап койгом. Анткени аны унаада төрөткөнбүз. Шашканда төрөткананы да таппай кайсалап калдым. Келинчегим өзү акушер болгондуктан унаадан эле төрөтүп алды. Унаанын маркасынан улам Т4 деп тамашалайм. Темирлан чечен улутунан. Ал өзү эле 25 балага тете, тентек. Темирландын дагы 3 бир тууганы ушул жерде жашайт. Эжеси «кыргызча ат койгулачы, мен сиздин кызыңызмын» дегенинен Таңсулуу деп ат коюп койгонбуз.

– Бул тагдырлардан көбүрөөк таасир берип, эсиңиздерде калганы кайсы болду?
Т.:
– Интернатта тарбияланган орус улутундагы кыз жашы жете элек төрөп калды. Өзү да оорукчан экен. Эне деген сөздүн ал кызга тиешеси жоктой сезчү экен. Кесарево менен төрөп, наркоздон ойгонуп жатканда жанында турдум. Көзүн ачып мени көргөндө «апа» деп алып ыйлады. Аны кучактап мен да ыйладым. Ошол кыздын сөзү мага башкача таасир берди. «Эне эмне экенин эми түшүндүм, мен анын атын эле укчумун. Менин энем сизсиз» деп айтты.

– Энелер көбүнчө кандай тагдырга туш болуп сиздердин эшикти кагышат?
И.:
– Жигитине алданып калган жашы жете электер, күйөөсүнөн таяк жеп бара турган жери жок калгандарга жардам беребиз. Мындай жол менен биз бир канча өмүрлөрдү сактап калып жатканыбызга кубанабыз. Боюнда болуп калып жигитинен, ата-энесинен, коомдон түртүлүп калгандарга убагында жардам бербесек, жаман жолго барышы мүмкүн. Кээде бул жакта төрөп, ата-энесине да айтпай жашап жүрүшүп, кийин ата-энеси туура түшүнүп алып кеткендер бар. Жигиттеринин артынан кубалап жүрүп айрымдарын үйлөндүрдүк. Кээ бир жигиттер тоготпой эле басып кетишти.

– Кыжырыңарга тийгендери да болсо керек?
Т.:
– Бир эле эне бизге ошол эле катаны кайталап бир нече ирет түшөт. Ошолордун жашоодон сабак албагандыгына жиниң келет. Мисалы, эркектерге кайра-кайра алданып эле ортодо балдарды кор кылгандарына кыжырыбыз келет, насаатыбызды айтабыз.

– Ар бир балага көңүл бурууга кантип жетишесиздер?
И.:
– Балдар мээримге муктаж. Ар бирин башынан сылап, көңүл буруп туруш керек. Сиз көрүп жаткандай минтип өздөрү да бизди кучактай беришет. Кээде бирин кучактап, экинчисинин башын сылаганга колуң жетпей калса, атайын барып бир нерсе жасашат. Ооруп калышат же атайын жыгылып, бир жерин оорутуп келишет. "Андай кылбасаңар деле ар бириңерди жакшы көрөбүз" деп айтам. Балдар менен 24 саат бою иштейбиз. Уктасак дагы оюбузду ээлеп алышкан. Бала деген кайсы учур болбосун «сюрприздерди» даярдап турат да.

– Өзүңүздөрдүн балдарыңыздарга көңүл бурулбай калса алар да таарынса керек?
Т.:
– Өзүбүздүн 5 балабыз бар. Алды 25, кичүүсү 1 жашка келди. Бизге жардам беришет. Төртүнчү балам кичинекей кезде үйдө студент кыздын жаңы төрөлгөн баласын багып калдым. Ал кичинекей болгондуктан көбүрөөк убакыт бөлчүмүн, балам таарынчу. Кыялын көрсөтүп, өзүнө көңүл бурдурууга аракет кылчу. Азыр чоңоюп биз жасап жаткан иштерди түшүнүп калды.

– Каражат булагы тууралуу айта кетсеңиз...
Т.:
– Элдин арасында жакшы адамдар көп экен. Жардам берип турушат. Өзүбүз тигүү жана кондитердик цехин иштетебиз, мал чарбачылык менен алектенебиз. Ошол иштерибизден түшкөн каражатка жан багабыз. Демөөрчүлөрдү издейбиз.

– Мунун баары эмне үчүн?
И.:
– Өлкө үчүн чоң иш жасай албасак дагы, кичинекей салымыбызды ушул жол менен кошкубуз келет. Бийликти карап отурбай, ар бир адам жеке өзүбүздөн баштасак, анда чын эле коомду өзгөртөбүз деп ойлойм.

«Учурда 3 бир тууганды чоң энеси "мектепке карата кийим алып беребиз" деп алып кеткен. Чоң кыздарым жумуштары менен чыгып кетишиптир».


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg



Жубайлар ата-энеси таштап кеткен 30дай баланы тарбиялашууда

Автор: Нуржан Сманова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  17 
Комментарийлер(49)
29.08.2017. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аллах раазы болсун сиздерге. Сиздердей адам коп болсун.
Медиа-портал
29.08.2017. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аллах раазы болсун балдардын келечеги кен болсун
29.08.2017. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Суйунгонумдон ыйладым((...
29.08.2017. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Рахмат силерге
30.08.2017. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кандай кыйын жумуш ошончо балага конул болуп тарбия берип келечегин ойлоп сиздерге бериш керек эмгек синирген ишмер деген данкты.коп жашаныздар балдарыныздардын эн сонун кундорун коруп бактылуу болунуздар рахмат сиздерге
30.08.2017. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым ыраазы болсун!
30.08.2017. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллах ыраазы болсун. Дарегин айтып койсонуздар админ. Жардам бергиси келгендер, сооп издегендер кайрылышып турмак. Мен да аз да болсо жардам бергим келди
30.08.2017. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен ыйладым.бул сыйга сөз жетпейт.сиздерге берилген соопко сан жетпейт.
30.08.2017. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым ыраазы болсун сиздерден омурунуздорго тапкан ырыскынарга береке берсин Амиин!!!
30.08.2017. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах ыраазы болсун эрдигиниздерге
31.08.2017. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар
31.08.2017. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым сиздердей адамдарга ыраазы болсун.Сиздерда Аллахка ыраазы болунуздар.
Azatbek83 түзөттү 2017-08-31 00:56:06
Медиа-портал
31.08.2017. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баласын туалет.мусорго ташаган кыз келиндер улгу алгыла.силер 1 баланы эптей албасанар а булар бир канча балдарды бир жакшына карап атат
31.08.2017. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз уйдогу 3-4балага нервибиз аран тутот.ушуларга рахмат,бироонун балдарына чыдап багып жаткан,Бул учун да тоодой журок керек,
01.09.2017. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы
01.09.2017. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай жакшы адамдар коп боло берсин арабызда... Таазим!
01.09.2017. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омурунуздор узун болсун.
SUPER.KG видео
01.09.2017. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Силерге кудайым куч кубатберсин абдан жакшы адамдар экенсиздер
02.09.2017. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келечектери кен болсун!
02.09.2017. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай колдоп балдарынардын келечеги кен болсун,бактылуу болгула. Жетимдин башын сылаган бейишке чыгат деген соз бар го,сиздерге Кудайым эки дуйно бактылуулук берсин,коооп жашаныздар балдарыныздар менен!
02.09.2017. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо Эжейдин номерин кантип тапса болот? Байланышып колумдан келген жардамымды берсем дейм сураныч номерлерин жазсанар.
05.09.2017. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baichechek,
Саламатсызбы! Байланыш номери купуя кат аркылуу жиберилди.
02.09.2017. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах ыраазы болсун сиздерге
02.09.2017. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишиниздерге ийгилик, аябай ыраазы болдум. Аллах сиздерден ыраазы болсун
02.09.2017. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат алла сиздерге ыраазы болсун.Мен лично ушул нерсени жасай албайм .Кантип ыраазычылыгымы айтаарымды билбейм .Кандай гана мееримдүү адамсыңар силерге даңк
02.09.2017. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай адамдар жонундо укканда, келечекке умут арта баштайт экенсин, жакшы адамдар калбады деп адашыпмын
03.09.2017. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым ыразы болсун сиздерге.
04.09.2017. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах разы болсун
04.09.2017. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сооп иш, мындай жоопкерчилик ар адамдын колунан келебербейт. Аллах ыраазы болсун!
04.09.2017. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журокту жылытып козду ыйлайтты албетте жетимге жылуу соз абдан керек. Аябай ыраазы болдум.
04.09.2017. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Номерин жазып коүгулачы сураныч
05.09.2017. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sabyr86,
Саламатсызбы! Байланыш номери купуя кат аркылуу жиберилди.

1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: