25 ЖАШТАГЫ АЯЛ ҮЙ-БҮЛӨСҮН САКТАШ ҮЧҮН КАЙНЕНЕСИН ӨЛТҮРҮП, ТАШТАНДЫГА ТАШТАГАНБЫ?

№774 1-7-сентябрь, 2017-ж.


Ош шаарында 25 жаштагы келин эжеси экөө "кайненесин өлтүрүп, жиликтеп салган" деп шектелип кармалышты. Тергөөнүн маалыматтарына караганда, келин кайненесин мынчалык мыкаачылык менен өлтүрүп, жиликтегенин үй-бүлөсүн сактап калгысы келгени менен түшүндүрүүдө.

ТАШТАНДЫДАН БАШЫ ЖОК ДЕНЕ ТАБЫЛГАН

Ушул жылдын 27-августунда саат 10 жарымдар чамасында Ош шаарындагы Ош мамлекеттик социалдык университетинин имаратынын жанындагы таштанды салуучу контейнердин ичинен 45-55 жаштардагы аялдын жансыз денеси табылган. Кескиленген, башы жок денени алгач Ош шаардык «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери көрүп, милицияга кабарлашкан. Ошондой эле таштанды салынган контейнерден маркумдун кофтасы, денеси оролгон көшөгө, жүк жапкыч жана чаар баштык да чыккан. Бир күндөн соң маркумдун ким экендиги билинип, ал Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылынын тургуну 51 жаштагы Жумагүл Арзыбаева экендиги аныкталган. 29-августка караган түнү бул кылмышка шектелип маркумдун келини менен анын эжеси кармалды.

ТАШ МЕНЕН БАШКА УРУП ӨЛТҮРГӨН

Ыкчам иликтөө учурунда төмөнкүлөр белгилүү болгон. Маркумдун үй-бүлөсүнүн Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнүн аймагында да үйү бар болуп, ошол жерде да жашап турушкан. Маркум Жумагүл Арзыбаева уул-келининин үйүнө 2 күн мурун конокко келген.
Кылмыш маркумдун уулунун Ош шаарындагы Навои көчөсүндө жайгашкан үйүндө болгон. Кылмышка шектүүнүн айтымында, 2017-жылдын 26-август күнү эртең мененки саат 7лер чамасында келиндин күйөөсү жумушуна кеткен соң кайненеси кайрадан уул-келинин ажыраштыруу маселесин козгоп, келини менен урушуп, ага катуу сөздөрдү айткан. Андан соң башка бөлмөгө кирип, уктап кеткен. Болжол менен саат 9дар чамасында келини Умсунай ачууга алдырып, таш алып келип кайненесинин башына бир нече жолу урган. Анын өлүп калганын билгенден кийин өзүнүн бир тууган эжесине телефон чалып чакырган.
Ал эми 4 жана 1 жарым жаштагы балдары бул убакта уктап жаткандыктан, эч нерсени сезишкен эмес. Эжеси экөө кылмышты жашыруу үчүн маркумду үйдөгү буюмдарга ороп, чоң баштыкка салышып, эжесинин үйүнө такси менен алып барышат.

ДЕНЕНИ ӨЗҮНЧӨ, БАШЫН ӨЗҮНЧӨ ТАШТАШКАН


Андан соң эжеси экөө кеңешип, аялды мүчөлөө керектиги тууралуу чечимге келишет да, өзү базардан чоң баштык, курчутулган бычак сатып алып келет. Эжеси өзүнүн жана сиңдисинин балдарын сыртка алаксытып алып чыгып кеткен учурда Умсунай кайненесинин башын кесип, өзүнчө полиэтилен баштыкка салган. Буттарын дагы кесип, ажыратууга аракет жасап, бирок күчү жеткен эмес. Балдарды сыртка таштап келген эжеси экөөлөп денени туш кийизге ороп, чоң баштыкка салып балконго чыгарып коюшкан.
Кеч киргенге чейин экөө тең өз үйлөрүндөгү кандын тактарын жууп-тазалап, күнүмдүк тиричиликтери менен алектенишет. Кечки саат 10дор чамасында эжесинин үйүнүн балконунда турган өлүк салынган баштыкты Умсунай такси менен Курманжан датка кичи районундагы таштанды салуучу контейнерге таштап келген. Өлүктү унаадан түшүрүп, таштандыга салууга жакын жерде жүргөн жарандардан жардам сураган. Баштыкта кескиленген өлүк бар экендигин билбеген жарандар аны таштандыга таштоого жардам беришкен. Ал эми маркумдун башын болсо Гүлнара шаардын башка жагындагы таштанды салуучу контейнерге таштап келген.

«МАРКУМДУН БАШЫ ТАБЫЛА ЭЛЕК»


Ош ШИИБинин басма сөз кызматкери Замир Сыдыков кылмыш тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:
– 2017-жылдын 29-августуна караган түнү Ош ШИИБинин кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелип маркумдун келини, 1992-жылы Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында туулган Умсунай жана анын 1980-жылы туулган Гүлнара аттуу бир тууган эжеси кармалды. Алар кылмыштарын моюнуна алышты. Ортосунда чыр чыгып, ошонун айынан келини кайненесин өлтүрүп салганын айтып жатышат. Бул кылмыш боюнча Ош
ШИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Соттук-медициналык, соттук-психиатриялык экспертизалар дайындалды. Кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Маркумдун денеси өлүкканада. «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери таштандыларды тазалап кетишкендиктен, маркумдун башы азырынча табыла элек.

«КАЙНЕНЕМ ЖАШАТПАЙМ ДЕП УРУШТУ»

Кылмышка шектүү Умсунай Ош мамлекеттик университетин аяктаганы менен, иштеген эмес. Ал тергөөдө төмөнкүдөй көрсөтмө берген:
– Көптөн бери эле кайненем мени жактырбай уруша берчү. Ошол күнү кайненем «сени уулум менен баары бир жашатпайм. Түбүңө жетем» деп дагы урушту. Бир убакта эшикке чыгып, таш алып келдим дагы уктап жаткан кайненемдин башына ургулап баштадым. Бир нече жолу ургандан кийин карасам, ал өлүп калыптыр. Анан эжемдикине алып барып денесин кескилеп, таштанды салган жерге таштап келгенбиз.

«БАРСАМ БҮТ КАН ЭКЕН»

Кылмышка шектүү Гүлнара болсо мурда бир топ жыл медайым болуп иштеген. Акыркы кездерде жолдошу менен таарыныша кетип, балдары менен жалгыз жашап жүргөн. Ал тергөө учурунда төмөнкүдөй көрсөтмө берген:
– 26-август күнү саат 9 жарым чамасында мага эң кичүү сиңдим телефон чалып, «кайненемди өлтүрүп алдым» деди. Алгач ишенген жокмун. Баламды көтөрүп алып үйүнө барсам, кайненеси өлүп жатыптыр. Бөлмө бүт кызыл-жаян кан, дененин үстүнө төшөк жаап коюптур. Өлүктү баштыкка салып, такси менен менин үйүмө алып бардык.
Айрым үй-бүлөлөрдө кайнене менен келиндин ортосундагы мамиле эне менен кызындай болсо, айрымдарында тескерисинче. Келин менен кайнененин, ал тургай кайын сиңди, кайнеженин ортосундагы түшүнбөстүк, тил табыша албоо да коомубуздун чоң көйгөйү экени белгилүү. Мындай чырлардын айынан канчалаган үй-бүлөлөр бузулуп жатат. Улуусу улуудай, кичүүсү кичүүдөй өз ордун, сыйын биле жүрсө...

Кылмышка шектүү Умсунай

Кылмышка шектүү Гүлнара


Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg



Кайненесинин башын кесип, таштандыга ыргыткан деп келини шектелүүдө

Автор: Илимбек Туратбек уулу, Асхат Субанбеков
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(20)
Медиа-портал
30.08.2017. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
тооба кантип коркпой эки жакка которушту экен аа олукту дагы копкпой башын кескенин тооба журогу тоодой экендаааа
Медиа-портал
08.09.2017. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aliya150715,стресс абал
05.09.2017. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эмне дешиңди да билбейсиң.... Астаапырлаа!!
05.09.2017. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айбандар. Такси айдаган айдоочу кандай билбептир е.
07.09.2017. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
asi.gulum, ошону айтсаңыз. Жайдын куну болсо дене эки кун турса эмнеге жыттанып кеткен жок ?
05.09.2017. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тобо кылдым журогум титиреп кетти окуп алып башын кескенин кара
05.09.2017. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баарынан да эжесине кыйын болуптур
05.09.2017. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахым озу сактасын, ушундай жаман иштерден
05.09.2017. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Ушул кайнэне тиги бу дегендери уй булого киришпей эле койсочу, олгон адам ак боло беретта ошончолук жеткирсе керекда! Не дешти да билбейсин! Бирок келини да коптон бери даярданып жургонго маньяк андай мындай кино коруп, бир гана кудай билет! Бирок мен Кыргызстанда жашаштан корком, то келинин то кайнэнесин олтуруп не деген жашоо болуп баратат?! Озун сакта кудай...
05.09.2017. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбандар!!! Мындайларды камап бекер тамак бербей, сразу атып салыш керек!!!
05.09.2017. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо кылдым
05.09.2017. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Зөөкүрлөр десе.Балдарыңар.ата энеңер кандай күндү көрүшөөр экен экөөңүн айыңан.
06.09.2017. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тиги мусорго салышкан кишилер кантип байкшкан жок болду экен.
06.09.2017. 07:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мунусу да медик экен да э-э, медик келин алам деген апалар абайлагылв
06.09.2017. 07:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мына медик алгысы келгендер
06.09.2017. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
iiii jash kelin kantip daap bashin kesti azir elder mikaachi bolup baratat jashinan
09.09.2017. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бутун да кесмекчи болуп ,кучу жетпептир дегеничи.кандай коркпогон неме.
10.09.2017. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушунчага жеткирген, ушундай мыкаачылыкка алып барган кайненин тили кандай экен ээ. Оз тили оз башына жетиптир, жон эле олуп кетпей 2 адамдын омурун да артынан
турмого суйроп кетти. Ошондуктан мен кайненемин эмне кылсам болот, каалаганымы суйлосом боло берет деп бироонун кызына зулумдук кыла бербеш керек
11.09.2017. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эри аялы деп жашап жаткандан кийин кичине чыдап койсо болмок. суйлонуп суйлонуп калат эле да,же жашатбасан жашабайм деп ажырашып кетбептир эри жакшы корсо артынан бармак
25.09.2017. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эээ кудай сактасын кайжакка кетип баратабыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: