ПЕДОФИЛИЯ КҮЧ АЛУУДА. АБЫШКАЛАР КИЧИНЕКЕЙ КЫЗДАРДЫ ЗОРДУКТООГО АРАКЕТ КЫЛЫШКАН ДЕП ШЕКТЕЛҮҮДӨ

№776 15-21-сентябрь, 2017-ж.


«ЖЭЭНИМДИН КЫЙКЫРГАНГА ДА АЛЫ КЕЛГЕН ЭМЕС»

Кемин районундагы Орловка шаарчасынын ооруканасында 53 жаштагы дарыгер ооруканада дарыланып жаткан 12 жашар кызга себепсиз шал кылуучу укол сайып, зордуктоого аракет кылган деп айыпталууда. Жабырлануучу кыз учурда психологдун кароосунда болсо, дарыгер тергөө абагында. Жабырлануучу кыздын таякеси бул окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:

- Эжемдин кызы ооруп калып, ооруканада дарыланып жаткан. 5-сентябрдан 6сына караган түнү анын палатасына врач кирип, кийип жаткан шымынын үстүнөн шал кылуучу ийне сайып, өпкүлөп, кучактап ар түрдүү ыплас аракеттерди кылыптыр. Кыздын кыйкырганга да алы келген эмес. Качан гана өзүнө келгенде ал апасына телефон чалып окуя тууралуу айткан. Биринчи, врач ага ийне сайган, андан кийин кызды кармалап палатага кирип чыгып турган. Жээнимдин алы жок болгону менен, көзүн ачып жаткандыктан ал бардыгын көргөн. Акырында келип кыздын шымын, ич кийимин чечип, жарыкты өчүрүп зордуктоого аракет кылыптыр. Мага окуя тууралуу кабар келип, айылга барганымда эжем катуу стресс болуп ыйлап отуруптур. Бул окуя баарыбызды нес кылды. Негизи эжем кызына өзүнүн досундай мамиле кылып, оюн так айтууга үйрөтүп тарбиялаптыр. Ошондуктан жээним өзүнө келгенде апасына телефон чалып айтты окшойт. Өзү мектепте сабакты эң жакшы окуган, активдүү кыз болчу.

«ДАРЫГЕР ЖАЛАА ДЕП ЖАТАТ»

Орловка шаарчасындагы «Жалпы дарыгерлер борбору» аталышындагы ооруканага барганыбызда директордун орун басары АСЫЛ ДӨӨТАЛИЕВА «экспертизалардын жыйынтыгын күтүп жатабыз» деп буларга токтолду:

- Биздин ооруканага кылмышка шектелип жаткан врачтын келип иштегенине 6 ай болгон. Адистиги педиатр. Ал биздин ооруканада үй-бүлөлүк дарыгер болуп иштеп жаткан. 5-сентябрда ооруканада түнкү нөөмөттө болчу. Аны менен кошо медайым жана санитар айым бар болчу. Ушундай иш катталганын эртеси жабырлануучу кыздын апасынан уктук. Түнү биз болбогондуктан шал кылуучу укол сайылганын да эч ким көргөн эмес. Ал эми жабырлануучу кыз бутуна чыккан жарааты үчүн дарыланып жаткан эле. Ошол күнү нөөмөттө болгон санитар айымдын айтуусунда, түнкү төрт жарымдарда дарыланып жаткан кыздын апасы оорукананын эшигин такылдатып кирген. Ошол замат палатага барып кызы менен сүйлөшүп, андан кийин врачтын бөлмөсүнө барган. Бөлмөдө экөөнүн ортосунда уруш болгон, бирок эмне себептен экенин санитарка уккан эмес. Ал аял дарыгердин бөлмөсүнөн чыгып палатада жаткан кызын алып ооруканадан чыгып кеткен. Жабырлануучу кыз палатада жалгыз жаткан. Врач тууралуу айта кетсем, ак көңүл, ишине так, жоош киши болчу. Биздин эмгек жамаат экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Ошондуктан окуя тууралуу азырынча эч нерсе айта албайбыз. Врачты милиция кызматкерлери алып кетип жатканда жолуксам «бул жалаа» деп айтты. Окуядан кийин ал иштен кетүү боюнча арыз жазган.

«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ КАРМАЛГАН»

Бул окуя боюнча Чүй ОИИББинин маалымат кызматкери НУРБЕК ТОКТОСУНОВ буларды билдирди:

- Ушул жылдын 6-сентябрында Кемин РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 12 жаштагы кызды зордуктоого аракет болгондугу тууралуу арыз түшкөн. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип Орловка шаарчасындагы ооруканада дарыгер болуп иштеген 53 жаштагы Ө.А. аттуу жаран кармалган. Бул боюнча Кемин РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 133-беренеси (ыплас аракеттер) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган. Кылмышка шектүүнүн баш коргоо чарасы Кемин райондук соту тарабынан каралып, ал 2 айга тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

66 ЖАШТАГЫ АБЫШКА 8 ЖАШТАГЫ КЫЗГА ТИЙИШКЕН

9-сентябрь күнү Аламүдүн районуна караштуу айылдардын биринде дагы жогорудагы окуяга окшош зөөкүрдүк окуя катталды. Чүй ОИИББинин берген маалыматына ылайык, Б.К. аттуу 66 жаштагы адам саат 17:30 чамасында дүкөнгө бара жаткан 8 жаштагы кызды кармап өпкүлөп, кыйкырганына болбой ич кийимдерине чейин колун салып, ыплас аракеттерди жасаган. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери мас абалындагы 1951-жылы туулган Б.К. аттуу кишини кармашкан. Бул окуя боюнча Аламүдүн РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

«СИЛЕР КИЧИНЕКЕЙСИҢЕР, МЕН ЧОҢМУН. АРТТЫ КАРАГЫЛА»

Биз окуяны тактоо үчүн жабырланган кыздын апасы менен байланыштык. Ал окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:

- Кош бойлуу болгондуктан бүгүн, эртең төрөйм деп жүргөм. Ошондуктан балдарымды таятасынын үйүнө алып баргам. Таятасы балдарыма акча берип, 8 жаштагы кызым жана 7, 4 жаштагы уулдарым таттуу нерселерди алып жеш үчүн үйдүн жанындагы дүкөнгө кетишкен. Дүкөн үйдөн 40-50 метрдей эле аралыкта. Демейде ал жерден киши үзүлбөчү, бирок ал күнү көчөдө эч ким жок экен. Балдарым дүкөнгө баратып жол боюнда отурган аксакал кишиге салам беришиптир. Биз үйдөн «улуу кишилер менен саламдашкыла» деп айтчу элек да. Анан ал киши кызыма «келчи, сени өөп коёюн» десе, кызым бетин тосуптур. Тиги чал «жок, сенин оозуңдан өбөм» деп колунан кармап алыптыр. Ал ыйлап «коё бер» десе да болбоптур. 7 жаштагы балам кыйкырып ыйлаганда, ага «силер кичинекейсиңер, мен чоңмун. Артты карагыла» деп кызыма ыплас аракеттерин жасаптыр. Качан гана эки балам «жардам бергиле» деп катуу кыйкырып ыйлаганда бир кыз келип калып куткарыптыр. Ал абышка ошол учурда мас экен. Милиция кызматкерлери келгенде ал эч нерседен кам санабай үйүндө уктап жатыптыр. Кайра бизди сөгүп, кызым менен эки баламды көрүп «акырын, акырын» деп жатпайбы. Ошол күнү Аламүдүн РИИБине алып кеткенде айылдын имамы барып аны актаганга аракет кылыптыр. Себеби ал чалдын бир тууган иниси дин жолунда жүрөт экен. Ал чалдын 4-класста окуган баласы бар экен, мүмкүн болсо аны дагы экспертизадан текшертиш керек окшойт деп ойлоп жатабыз.
Ал колдорун кызымдын ич кийиминин ичине салганда тырмагы менен денесин тытып алган окшойт, кызымдын ич кийими кан болуп калыптыр. Кийин кызым үйгө келгенде колдору ооруп жатканын да айтып жатты. Кызымдын таңдайына чейин тилин салгандыктан кызым жийиркенип калыптыр, бир күндө беш жолу оозун жууп жатат. Кечээ тергөөгө барсак, ал «буларды тааныбайм» деп кылган ишин моюнуна албай, кызымды теше тиктеп отурду. Бул адам коркунучтуу экенин ошондо билип, кийинкисин ойлоп балдарымды психологго көрсөтө баштадык.

АЙЫЛДАШЫН ЗОРДУКТООГО АРАКЕТ КЫЛГАН...

20-август күнү Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун 30 жаштагы тургуну 5 жаштагы айылдаш кызды зордуктаганга аракет кылган деп шектелип кармалды. Ал кылмышка шектүүнүн үстүнөн Бакай-Ата РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 28-129-беренеси (зордуктоого аракет кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg



Дарыгер 12 жаштагы кызга шал кылуучу укол сайып, зордуктоого аракет кылганбы?

Автор: Илимбек Туратбек уулу
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(48)
19.09.2017. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Кастрация кылыш керек деп ойлойт элем, адам болбогондон кийин ХХХ ХХХ адам кейпин кийген "айбандарды"!
Модератор admin_portal түзөттү 2017-09-19 11:15:32
19.09.2017. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
aytkulova, провокация жаратпаңыз!
19.09.2017. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
о Алла жакында мындай боло берсе даджаль тушушуно аз эле калды окшойт кыйаматты насильно досрочно озубуз чакырып жатканыбыз окундурот ((
19.09.2017. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олум жазасын киргизиш керек. 120жепжутат ушул мыйзамды откоруп берсе жакшы болмок.
19.09.2017. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Педофилдикке жана зордуктоого созссуз кастрация кылуу беренесин киргизиш керек,болбосо эркектер уже таптакыр болбой кутуруп баратышат, уй-булолуу болуп туруп сойкуларга баргандарга да килтейген штраф салыш керек,негизи эле,эркектерге карата коп жазаларды кучотуу зарыл,Матриархатский режим керек болуп калды корунот.Эркектер ашыкча эркелеп кетишти акыркы 10 жылдан бери
19.09.2017. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сактасын..
19.09.2017. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ушундай окуяларды элге жарыялайсынарда анан басты басты болуп иш эмне мн бутконун билбей калабыз анан бул нерсени коргон арам ой педофилдер ушинтсе боло берет турбайбы деп кайталашат. Менин абжем мурда сот болчу азыр пенсияда ал айтат бачабаздык илгертен эле болуп келген бизде бирок ачыка айтып жацышкан эмес деп ал эми азыр сразу интернет телевидения газета аркылуу жайылып омуру педофилдер жонундо тушунугу жок адам дагы жазаланбайт экен барибир деп ушул ишке барып жатышат ушуга окшогон
19.09.2017. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жийкеничтуу ужас ошондой эркектерди жон эле ХХХ ХХХ керек айбандан айрымасы жок эки буттуу ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2017-09-19 13:34:37
19.09.2017. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kenje-888, провокация жаратуудан алыс болуңуз! Билдирүүңүз түзөтүлдү.
19.09.2017. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
кудайдан коркпогон айбандар. Буларды тирүүлөй өрттөш керек. Балдардын убалы кимге айбандар.
19.09.2017. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ой кудай сактасын.ар бир пендеге ыйман берсин.аксакалдар ушинтиип турса осуп келе жаткан муун кайда барат
19.09.2017. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жанылыктарды окуган психикасы туруктуу эмес адамдар жада калса сопсоо адам деле билип коруп туруп ушундай жолго баратат
19.09.2017. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Emne dep aitywty da bilneisin,aiban deiyn desen aibandan da jaman bolup jatywat.Allah jazalaryn bersin.
19.09.2017. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кантип ушуну кылганы дити барды. Айбандан да жаман болуп кетишти го. Коркосун кочого баскандан.
19.09.2017. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чын эле ушул ыпылас жашоодон жашагын келбей кетет!!! Жашоо кайда баратат?! Окуп алып журогум оозума кептелди балдарымдын келечегинен корком.
19.09.2017. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айбан эмес жырткычтар..
19.09.2017. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Э мындайларды катуу жазалаш кнрек кийинкилерге сабак болчудай кылып
20.09.2017. 07:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай өз жазасын берсин ушундай ыплас жаман жүргөн адамдарга. Буларга өлүм жазасы ыйгарылсын. Эмне себептен президенттер ушундай иштерди карабайт.
20.09.2017. 08:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо 1.5 жашар кызды зордуктаганы аракет кылды деген окуя боюнча маалымат алып бергилечи.
20.09.2017. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалган жалган..
20.09.2017. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Эми түштүктөн түндүко отконбу бу
23.09.2017. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
heaven2016,эгер эсиниз болсо ушинтип жазмак эмессиз,*озунун башындагы тоону корбой, бирооун башындагы чопту корот* деген ушул экенда )))
24.09.2017. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
heaven2016,эмне деп эле тантып койгонсун тундукто болуп эле атат го туштуктон отпой эле. Андан коро ынсап берсин баарыбызга Кудайым,наристелер эч жамандык корбосун ылайым
20.09.2017. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдардын келечеги не болот?Жаштарга улгу болчу каарыларыбыз ушундай болуп атса?
21.09.2017. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bintu.Ibrahim, причем тут түндүк-түштүк? Жаман адам жер ылгайбы? Жасагыла,жакшысы да бардык жерде бар. Бир жерде жалан жиндилер, бир жерде жалан жакшылар топтолуп жашашпайт.
20.09.2017. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактаа
21.09.2017. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта, ыйман берсин баарыбызга
22.09.2017. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казнить их нужно!!! Им даже смерти будет мало !!!
22.09.2017. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чынын айтсам жашагым деле келбей калды. Жакшы жанылык укпай калдык. Не кылса болот өзү адамдарды
22.09.2017. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айбан чал сасык оозундагы тилин кичекей кыздын оззуна салып жибергенин элестетип жаман журок айланып жатат,как будто менин оозума киргенсип. Байкуш наристе кыз ай,жаман туш коргондой унутуп калсан экен бул окуяны
22.09.2017. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
иииииий адамдар айбандан дагы жаман болуп баратабыз го
25.09.2017. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Срочно олум жазасын киргизиш керек, мындай акмактарды токтобостон бычыш керек
25.09.2017. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dinara7684, провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
25.09.2017. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бетине кислота
чачылган Чолпондон кабар алып койбойсуздарбыы?жашооосу кандай болуп жатты экен
26.09.2017. 07:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жон гана жапайычылык ак сакалдуулар ушинтсе жаштар не болот
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: