«ДҮКӨНДӨГҮ КИЙИМДЕРДИ ЖАНА АЗЫК-ТҮЛҮКТӨРДҮ СООПЧУЛУК ҮЧҮН БЕКЕР ТАРАТАБЫЗ»

№780 13-19-октябрь, 2017-ж.


Токтогул районуна караштуу Токтогул шаарында кийим-кечектерди жана азыктарды бекер таратуучу дүкөн бар деп угуп, аны издеп таап бардык. «Хадия радуга кайрымдуулук дүкөнүнүн» ээси 26 жаштагы Нурсултан Көкүмов мерчандайзер (соода компаниясынын соода түйүндөрү боюнча товар адиси) болуп эмгектенет.

«АЛГАНДАРДЫ ДА, АЛЫП КЕЛГЕНДЕРДИ ДА КАТТАЙБЫЗ»

– Нурсултан, сиздин дүкөн аймактан тышкары да көп жерлерге кийим-кечек менен азыктарды бекер таратуучу дүкөн катары белгилүү экен. Айтсаңыз, бул дүкөндү качан жана кандай максат менен ачкансыз?
– Дүкөнүбүз мурун азык-түлүк дүкөнү болчу. Анан 2017-жылдын апрелинде туугандардыкына барып калсак кийим-кечектерин иргеп, «мунусу жарайт, мунусу жарабайт, муну өрттөш керек, ыргытыш керек» деп жатышыптыр. Карасам кийгенге болчудай жакшы эле кийимдер ыргытылганы жатат. Мен «буларды мага бергиле, алып барып колунда жок айылдаштарыма берейин» дедим. Ошентип дүкөндү кайрымдуулук дүкөнүнө айлантуу идеясы жаралып, ошол максатта иштетип баштадык. Дүкөндүн аталышындагы «хадия» – араб сөзү, бизче – «белек» дегенди билдирет. Жаңы ачылганда Токтогулдагы, ал тургай Ош, Бишкектеги соодадагы айрым айылдаштар, тааныштар менин идеямды колдоп, сатуудан өтпөй калган, бирок жапжаңы товарларын (окуучулардын формасы, бут кийим, килемче жана башка) жибере башташты. Азык-түлүк салгандары да болду. Айрымдар кийилгени менен, абалы жакшы кийимдерди, эски, бирок иштегенге жараган телевизор, үтүк, идиш сыяктууларды алып келе башташты. Алып келинген мурун колдонулган кийимдерди жууп, тазалап, анан илип жаттык. Алгач айылдагы колунда жок үй-бүлөлүүлөр канча баласы болсо, ошолордун баарын ээрчитип келип, 1 сыйра бекер кийинип кетип жүрүштү. Анан элден угуп коңшу айылдардан, мисалы, Толук, Үч-Теректен келе башташты. Башка жактан келгендер чындап колунда жокпу же башкабы билбейбиз да, ошондуктан 3 дептер ачууга аргасыз болдук. 1-дептерге аны-мунуну алып келип өткөзгөндөрдү, 2-дептерге алып кетип жаткандарды, 3-дептерге чындап жакыр үй-бүлөлүүлөрдү (айылдагы, коңшу айылдагыларды) каттай баштадык. Каттоону аты-жөнүн, жашаган дарегин паспорту, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү боюнча жүргүздүк. Аны-мунуну алып келип өткөзгөндөрдүн айрымдары катталуудан баш тартып коюшат. Кийин бизден кийинип кеткендердин үйлөрүнө чейин барып чындап жардамга муктажбы же башкабы текшерип, дагы эмне керек экендигин жазып ала баштадык. Кийим-кечек, азык деп келгендерге жашоо-шартына жараша кээ бирлерине 1 айда бир берсек, айрымдарына апта сайын алууга уруксат. Өткөндө суук болгондо бирөөлөр балдарын футболкачан, бирөөлөр чолок шымчан ээрчитип келишти. Андайларга токтоосуз беребиз.
Айта кетчү нерсе, биз соопчулук үчүн бекер иштейбиз.

– Сизге үйдөн кимдер жардам берет? Демөөрчүлөр да чыгып калабы?
– Мага негизинен келинчегим жардам берет. Чанда гана акча таштап, дүкөндү иштетүүгө керектүүңөрдү алып алгыла дегендер чыгып калат. Бирөө кир жуучу машина белек кылган.
Акча алып келгендерди биз жакырлардын үйүнө жөнөтөбүз, өздөрүнө тапшыргыла деп.

– Силердин үстүңөрдөн да текшерүү болобу?
– Болот, ай сайын райондон санэпидемстанциядан келип товарларды тазабы, таза эмеспи деп текшерип кетип турушат.

«500 АДАМДЫ КИЙИМ МЕНЕН КАМСЫЗДАДЫК»

Нурсултандын келинчеги Таттыбүбү Жолдошбай кызын да кепке тарттык.

– 3 балаңар бар экен. Аларды карап-баккандан тышкары колдонулган кийимдерди да жууп, тазалоо түйшүгү бар. Оор эмеспи?
– Башында убакыт жетпей кыйналчумун. Кийин убакытты туура бөлүштүрүүгө өтүп, баарына жетишип калдым.

– Азыр биз азык-түлүк көрбөдүк. Аз түшөбү?
– Кийимге караганда азыраак келет. Аларды дароо эле алып кетишет.

– Таптакыр жараксыз кийимдерди да алып келгендер болобу?
– Ооба, аларды өрттөйбүз же айылдаштар мончого жагабыз деп алып кетишет.

– Шаарыңарда канча жакыр үй-бүлө бар?
– Биздин каттообузда 10 үй-бүлө бар. Дептерге каттай баштагандан бери 500 адам кийим-кечек алды. Чанда болсо да "интернеттен окуп билдик" деп аны-муну салган чет жердеги кыргыздар болуп калат.


Канымжан Усупбекова
koom@super.kg



Соопчулук үчүн кайрымдуулук дүкөн иштеткен үй-бүлө

Автор: Илимбек Туратбек уулу
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(14)
17.10.2017. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Аллах ыраазы болсун. Ден соолугунар чын,омурунор узун болсун. Балдарынардын келечеги кен болсун.
17.10.2017. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Супер инфо номери барбы кантип жонотсок болот биз да жардам берип тураалы
18.10.2017. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Nargiza1987k,
Саламатсызбы! Байланыш номерлер: 0701 41 91 11. 0700 19 81 82
Медиа-портал
17.10.2017. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кара-Куль шаарчасында бар,Токтогулдагыны билбепмин
17.10.2017. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ыйлагым келип кетти.бактылуу болгула,дайыма улгулуу уй-булолордон болуп журо бергиле.оорубагыла.азаматсынар.
17.10.2017. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматтар бактылуу болгула Аллах ыраазы болсун
SUPER.KG видео
17.10.2017. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Bishkekte da achpailyby ?
17.10.2017. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аябай соонун экен, окуп алып чынында суктандым. Кандай жакшы жардам колун сунуу э. Ишинерге ийгилик!
18.10.2017. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен да ушундай иш жасагым келип кетти
Медиа-портал
18.10.2017. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы идеа экен.Ысырапчылыкты арылтуунун эн жакшы жолу.
19.10.2017. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыз эли кандай кана кен пейилдуу элбиз. Аллах ыраазы болсун силерге
22.10.2017. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматтар бар кыргыз элинде !!!!!! Братан призизент болсон шайлайм сага ..Всё базар жок
23.10.2017. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах ыраазы болсун!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: