103 КИЛОГРАММ САЛМАКТАГЫ ИСА ӨМҮРКУЛОВ КАНТИП 77 КИЛОГРАММГА ТҮШТҮ?

№785 17-23-ноябрь, 2017-ж.


Кыргыз эстрада ырчысы Иса Өмүркулов эки жылдан бери Бишкек шаарындагы спорт клубдардын биринде бокс менен машыгып келет. Спорт менен машыккандан бери өзүндө көп өзгөрүүлөр болгонун да жашырган жок. Анда ырчынын машыгуусуна назар салалы.

– Мен мындан эки жыл мурун 103 килограмм салмакта болчумун. Өзүм жаш болсом, мындай салмакта жүргөнүм туура эмес деп фитнес клубга бара баштадым. Бирок менин салмагым азайбай эле, булчуңдарым чыга баштады. Жакындарым «cен күзөт кызматкериндей эле болуп калдың» деп тамашалашты. Спортто түшүнүгү бар адамдардан кеңеш сурасам «бокс менен машык» дешти. Боксто көбүрөөк кыймылдап денедеги ашыкча майлар кетет экен. Ошентип эки жыл мурун 103 килограмм болсом, азыр 77 килограмм салмактамын. Спорттун пайдасы – мыкты дене түзүлүшкө ээ болуу менен катар оорубайсың, өзүңдү ишенимдүү сезесиң.

ЧУРКОО
– Машыгуу аптасына 3 жолу эки сааттан болот. Алгач булчуңдарды жибитүү үчүн 1 сааттай алдыга, артка жай ыргакта чуркайм.


ОТЖИМАНИЕ
– Отжиманиени 30 жолудан 4-5 жолу кылам.


СКАКАЛКА
– Скакалка секирүү бул арыктоонун эң жакшы методу. Секирген сайын ашыкча майлар кетет. Бетиңден баштап, бутуңдун манжаларына чейин арыктайсың. 2 мүнөт секирем, 1 мүнөт эс алам. 3 мүнөт секирип, 2 мүнөт эс алам. Ушинтип төрт жолу жасайм.


БРУС
– Бруска 4 ирет 15-20 жолудан тартынам. Мурун колу-бутум апапак, жумшак болчу. Азыр кан тамырларым көрүнүп, булчуңдарым чыгып калды.


АРКАН
– Арканды эки колго кармап силккенде бел, көкүрөк омурткаларга пайда. Бул көнүгүүнү 2 мүнөттөн 4-5 жолу жасоо жетиштүү.


ДӨҢГӨЛӨК АҢТАРУУ, БАЛКА МЕНЕН УРУУ
– Дөңгөлөк аңтаруу, аны балка менен уруу булчуңдарды чыгаруу менен катар бел омурткаларынын бекемделишине жакшы. Мисалы, спорт менен машыкпаган адам бир кап унду көтөрсө бели ооруп калышы мүмкүн. Биздин организм андайга жол бербейт.

























– Бокс боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусунун да кеңешин алып турам. Башында рингге чыкканда сүрдөгөм. Машыгуу бүткөндө «каалоочулар өзүнчө мушташа бергиле» дейт. Бирок мен кетип калам. Бирөө мени катуу уруп койсо, мушташып кетишибиз мүмкүн.

103 килограмм салмакта фитнес менен машыгып жүргөн кезим.


Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg



103 килограмм салмактагы Иса Өмүркулов кантип 77 килограммга арыктады?

Автор: Илимбек Туратбек уулу
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(19)
21.11.2017. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Мактанганды таштабадынар го эч эле.
21.11.2017. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Бул мактангандык эмес!!!
Спорт бул ден-соолуктун булагы, спорттун пайда жактарын гана, айтып мисал келтириптир.
Азамат спорт менен такай машыгууга да, темирдей эрк керек!!!
21.11.2017. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Молодец Иса!теперь только вперед)
21.11.2017. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ар кимдин колунан келе бербейт.
21.11.2017. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Сила воли!!!
21.11.2017. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оой бироону арыктаташ керек эле...100кг карап кетип атат тым койсон (
21.11.2017. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чыдамкайлык керек буга да. Азамат ишиңе ийгилик!
21.11.2017. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тура бул мактангандык эмес чынында салмак кошуш оной арыктоо ото оор нерсе !аркетке берекет ийгилик салмакты бирдей кармоо андан дагы оор ийгилик
SUPER.KG видео
21.11.2017. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин балдарым дагы ушундай эрк менен машыкканын каалайт элем. Спортсмендерге урмат менен мамиле кылам.
21.11.2017. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
мурун 103 кг болсо 77 кг арыктаган болсо анда азыр Иса Омуркулов 26 кг болуп калабы ээ туура жазганды уйронсок жакшы болмок
21.11.2017. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
murat17,Азыр 77кл салмактамын деп туратгоо
22.11.2017. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
murat17,Туура окуганды эле уйронсок баары жакшы болот.Уят дагы болбойсун.
21.11.2017. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
103 кг фигурасы жакты мага
22.11.2017. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын,мактанбай эле жакшы кенеши менен болушуптур го
Birimdik5555 түзөттү 2017-11-22 01:11:05
22.11.2017. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодец красавчик, анча мынча ырчыларга караганда суйлоо грамматикасы озун алып журуусу ырлары клиптери менен айырмаланат, кымбат балуу ырчылардын катарына кошот элем
22.11.2017. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодец
SUPER.KG видео
22.11.2017. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат ийгилик
24.11.2017. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Стронг деген комплексте машыгат го. Футболкасында жазылыптыр
27.11.2017. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик эле деш керек. Спорт бул жакшы нерсе озуно ишенип журосун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: