|
БИР ТОРПОККО МИҢ УЛАКЧЫ. Чыныгы элдик улак тартыш кандай өтөт?№786 24-30-ноябрь, 2017-ж. Көпчүлүккө улак тартыш дегенде ат майданда боло турган, оюнчулар команда болуп бөлүнүп ойноп жаткандар гана элеске тартылат. Ал эми чыныгы элдик улак тартыш кандай өтөт? Мындай оюнду өз көзүң менен көргөндө карапайым эл кантип чер жазарын байкаса болот. Ушундай оюндардын бири 15-ноябрь күнү Ош облусунун Кара-Кулжа районунда болуп өттү. Сырттан келгендер үчүн алыстан караганда атчан жоолор келе жаткандай туюлат. Жакыныраак келгенде гана миңдеп саналган атчандар бир жерге чогулуп жатканы байкалат. Оюнга катышуучулардын саны көп болгондуктан оюнчулар улакты талашып жаткандыгын бир нече убакыттан кийин гана түшүнүүгө мүмкүн. Өзүнө ишенген бардык каалоочулар оюнга катыша беришет. Улакка катышуу үчүн жакынкы айылдардан гана эмес, башка район, облустардан жол арытып келишет. Атүгүл мындай оюндарга атайын чакыруу менен Тажикстан, Өзбекстандан келген күчтүү улакчылар катышышат.
Торпок тартыш ар бир катышуучуга болуп көрбөгөндөй адреналин тартуулайт. Муну алардын көздөрүнөн от жанып, берилүү менен ойноп жаткандыгынан байкаса болот. Опурталдуу оюн болгону менен, мелдеште бирин-бири сүзө качыра кирип, жаракат алдырган учурлар дээрлик кездешпейт.
Баса белгилей кетчү нерсе, бул оюнда улак эмес, торпок тартышат. Анын салмагы 50 килограммдан 90 килограммга чейин жетет. Буга карабай мындай оюнга жашы-кары дебей катышып келишет. Мен-мен деген улакчылар оңойлук менен торпокту алдырып жиберишпейт. Муну эңиш үчүн карылуу күч гана эмес, күчтүү аргымак да керектелет. Көрүүчүлөр үчүн торпокту ким эңип жатканы дагы анча көрүнө бербейт. Аттардын дүбүртү, чаңга сапырылган талаа оюнга ого бетер көрк берип турат.
Оюнда жеңүүчү бир эле адам болбойт. Анда атайын марага жеткен улакчылар уюштуруучулар тарабынан байгелер менен сыйланат.
Мындай оюнда жеңилип калганы болбойт. Анткени "мен ойнойм" деген ар бир катышуучу торпок үчүн күрөш жүргүзүп, чер жаза алат. Ошон үчүн элдик деп да аталып жүрбөйбү. Чаң жутуп, баткак кечип, чаалыгып калгандарына карабай оюн соңунда өздөрүнө канааттануу менен үйлөрүнө тарашат.
Мындай оюндар тойлордо же майрамдык иш-чараларда байма-бай уюштурулуп турат. Аталган торпок тартышка беш автоунаа, беш төө, 30дан топоз, тай, кой байге катары өз ээлерин тапты. Байгени ошол жерден эле жеңүүчү деп табылган улакчылар алып кетип жатышты.
Адилет Керимбек уулу Торпок тартышка коюлган унаа, ат, тай, төө жана топоз ээлерин тапты
Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|
А той берген адамда биир улакчыларга адреналин тартуулаптырда.
Карда ойносо жакшы,таза болот
Ат минип чаптырып корбогом
Аттын устундо торпок тартышса
Нагыз балбандар