Талкуу жараткан жол кырсыгы. БАСЫП ЖҮРГӨН АДАМ АРАБАГА ОТУРУП КАЛГАНДА...

№794 19 - 25-январь, 2018-ж.


4-январь күнү жол кырсыгына кабылган милиция кызматкери Төлөн Камчыбек уулу жана аны коргоого аракет кылган кесиптештери тууралуу тараган видео талкуу жаратууда. Анда мас сыяктуу көрүнгөн милиция кызматкерин кесиптештери наркологиялык экспертизадан эптеп өткөрбөөгө, ооруканага жаткырып салганга аракет кылышканын көрүүгө болот.



«МЕНИ САБАШКАНДЫКТАН ЭСИМДИ ЖОГОТУП, МАС АДАМДАЙ КӨРҮНҮП КАЛЫПТЫРМЫН»
Ошол видеодогу негизги каарман болгон милициянын кызматкери, Аламүдүн РИИБинин тергөөчүсү Төлөн Камчыбек уулуна байланышып, окуя тууралуу төмөндөгүдөй жооп алдык:

– Бишкек шаарындагы №4 ооруканасына өзүмдүн жумуштарым менен барып келе жатып, Эне-Сай конушуна бурулганы жаткам. Түз келе жаткан унаага жол беришим керек эле, бирок мен машинаны буруп алып, унаалар сүзүшүп кетти. Күнөө негизи менден кетти.
Мен ал күнү мас эмес элем, бирок андан мурунку күнү ичимдик ичкеним чын. Кырсык болор замат жабырлануучу тараптын туугандары келип, мени уруп-согушту. Ошондо мурдум сынып, эс-учумду жоготуп койгондуктан, видеодо мас адамдай көрүнүп калыптырмын. Ошондой эле алар менин күбөлүгүмдү, капчыгымды жана капчыктын ичиндеги акчаларды алып коюшуптур. Ошол күнү эле мен Аламүдүн РИИБине алардын үстүнөн арыз жазгам, аны азыр Чүй ОИИББи карап жатат.
Негизи мен ал айдоочуга «күнөө менден кетти, чыгымдарды төлөп берейин» деп айткам. Чүй облустук ооруканасына барганымдын себеби, жолдо өзүмдү жаман сезип, башым ооруп жаткандыктан кесиптештерим ооруканага алып барып текшерүүдөн өткөрөлү дешти. Ооруканада ИИМдин ички коопсуздук кызматынын кызматкерлери да чогуу жүрүштү. Мени текшерген врачтар «мээсинен катуу жабыркаган» деген жыйынтык чыгарышып, ооруканага жатуум керектигин айтышты. Дарыгерлер мени текшерип жатышканда жыгылып калгандыгымдан алар мени майыптардын арабасына отургузушкан. Адам өлгөнү жатса деле наркологиялык текшерүүдөн өтүшү керек деп тура берген болбойт го. Андайда адамдан кан алып, тийиштүү жерге жиберип текшерсе деле болот, андан эч кандай маселе жаралбайт.
Мен учурда үйдө дарыланып жатам. Жумушумдан убактылуу бошотулгам, ошол кырсык боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

«КАЧКАНГА АРАКЕТ КЫЛГАН»
Жабырлануучу Улан Орозалиев жол кырсыгынын күнөөкөрү качып кетүүгө аракет кылганын, эми болсо суудан кургак чыгуунун жолун издеп жатканын айтууда:

– Мен Баткен согушуна катышкам, биринчи топтогу майыпмын. Токмок шаарында жашайм, кышкы каникулда 4 баламды эс алдырып келүү үчүн унаама салып алып 2018-жылдын 4-январь күнү Бишкек шаарына алып бараткам. Борбордун Алма-Ата көчөсү менен түз өйдө чыгып бара жатсам, Тойота Камри унаасы мени коё бербей бурулуп, сүзүшүп кеттик. Айдоочусу сүзгөн соң бурулуп качып баратканда унаасынын моторунан май агып токтоп калды. Формачан болгондуктан анын милиция кызматкери экенин билгенбиз.
Чыңырып ыйлаган балдарыма «Тез жардам» чакырып жатканда кайдан-жайдан майордун кесиптештери келип калышты. Мени карапайым адам дегенсип өз билгендерин кылып, мыйзамды одоно бузушту. Өздөрүнө тиешеси жок ишке кийлигишип, мас адамды ооруканага алпарганга алардын кандай укуктары бар? Мыйзам боюнча, Жол коопсуздук кызматкерлери келип кырсыктын күнөөкөрүн аныктап, анан бизди наркологиядан текшерүүдөн өткөрүшү керек эле. Ал жактан кимиси Жол коопсуздук кызматкери, кимиси майордун кесиптештери экенин айырмалай албай калдык. Бир убакта «машинага отуруңуз, наркологияга барабыз» дешкенинен унаага отурсам, ичинде Төлөн Камчыбек уулу жана анын 2 кесиптеши бар экен. Наркологиядан текшерүүдөн өтөбүз деп ойлоп бараткам, бирок биз эмнегедир түз эле Чүй облустук ооруканасына барып калыптырбыз. «Эмне үчүн ооруканага келдик?» деп сурасам, «кичине текшертип коёлу, ал жакка анан барабыз» деп коюшту. Көрсө, ал ооруканага Төлөндүн апасы эбак эле барып, дарыгерлерге «азыр уулум келсе ооруканага жаткырып койгула» деп алдын ала сүйлөшүп коюптур. Мен баргандан кийин апасы терезеден секирип качып кетти.

«АКЧАМ, ДОКУМЕНТТЕРИМ ЖОК ДЕП ЖАЛАА ЖААП ЖАТАТ»
– Кырсык болгондо Төлөн мас болчу, ошондуктан наркологияга барбай койду. Кийин ооруканага барганда өзүнчө эле шоу жасап майыптардын арабасына отуруп чыга келди. Аягында өзү ооруканага жатып алып, биз эшикте аны күткөн боюнча калдык. Анан биз Аламүдүн
РИИБине барып, кызматкерлеринен арыз жазалы деп сурандык. Бир тергөөчү чыгып бизден түшүнүк кат алып, башка эч нерсе кылган жок. Мен атайын күбөнү ээрчитип барып, ал түшүнүк кат жазып берген. Жакында тергөөчүдөн делону алып карасам, күбөнүн түшүнүк каты жок болуп чыкты. Кырсык болгон күнү Төлөндү оорулуу кылган врачтар «жеңил эле жаракат алыптыр» дешип, балдарымды ооруканага жаткырбай да коюшту.
Төлөндү ооруканада алып калышкандан кийин айла жок биз анын ошол убакта мас экендигин далилдөө үчүн текшертүүгө канын алдырганбыз. Бирок өзүбүз текшерткенге болбойт экен, тийиштүү орган кызматкерлери гана текшерте алышат дейт. Кийин тергөөчү «канында ичимдик бар экен» деп чыгарып беришти» деп айтты. Менин оюмча, интернетке тараган видеодо мас экени билинип калгандыктан айла жок ушундай чечим чыгартып коюшту окшойт.
Мас болуп бизди сүзгөн кызматкер эми мага жалаа жаап, «акчам, документтерим жок» деп Чүй ОИИББине арыз жазыптыр. Өзү тергөөчү болуп иштегенден кийин мындай абалдан кутулуу жолдорун билет да. Ал эми талкаланып калган унаамды калыбына келтирүү боюнча Төлөнгө айтсам, ал «экспертизалардын жыйынтыгы чыксын, анан сот аркылуу сүйлөшөбүз» деп койду.
Бул боюнча ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчисинин орун басары Карима Жапаркулова учурда иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын, бул иш жетекчиликтин көзөмөлүндө экендигин билдирди.
Бир карасаң кадимки эле жол кырсыгы, бирок мында чоң талкуу жараткан жагдай, кырсыкка милиция кызматкеринин аралашканы жана анын кесиптештеринин келе калып, ар кандай тоскоолдуктарды жасаганы. Эгер мунун баары видеого тартылбай, коомчулукка чыгып кетпегенде аягы кандай бүтөт эле белгисиз. Эми тиешелүү кызмат өкүлдөрү акыйкат иликтеп, чыныгы күнөөлүү жазасын алат деп ишене туралы.


Айсалкын Качкынбекова,
koom@super.kg



Жол кырсыгына күнөөлүү майор жумуштан алынды

Автор: Жамалидин Парманкулов
Оператор: Руслан Алыбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(22)
SUPER.KG видео
20.01.2018. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
2018 жылдын эн мыкты актеру деген наам бар элее
SUPER.KG видео
21.01.2018. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Жылдын мыкты акмагы!
23.01.2018. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ушул ишти ИИМ контрольго алыш керек эми
23.01.2018. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
"УБАКТЫЛУУ" ьошотуллум дейт го... Мындай "ОСКАРга татыктуу майорлорлу сразу алыш керек жумушттан!!!! Голливудка барып Кыргыз элин дуйного таанытсын!!!! Эгер акталып кете турган болсо ЛИЧНО Мен ХХХХХХ ХХХХХХХ карата!!!!!!!
Модератор admin_media түзөттү 2018-01-23 11:19:18
23.01.2018. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Эмне деп айтыштыда билбейсин чыныгы акмакчылыкты ошондо кесиптештери ошо милиция кызматкерлери кылышты тасмада корунуп турбайбы Сапар Исаковдун реформасы ушул болгон болсо анда соз жок а кырсыкка тиешеси бар тергоочуну эмес кесиптетеринда жанаагы орусча суйлогон халатсыз врачтыда иштен айдаш керек акыйкатсыздык жок мындай учурлар толтура катталып жонокой жарандар ган жапа чегишет болду
23.01.2018. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бул киши таза актер экен)
23.01.2018. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Карапацым Адам милиция кызматкерин сузуп алса ал дароо камалат эле. Акыйкатты кайдан Тапса болот. Органда иштегендер ушундай жорук жазап жатса
23.01.2018. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Акмак го бул мастай болуп корунуп калыпмын деп жазанды мыйзам чегинде ал майыптын ролун аткарбай
23.01.2018. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят ХХХХХХХ ХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-01-24 09:21:47
23.01.2018. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Жаны чыгып шашылып баратса,коё берип койбойбу тиги киши дагы?! Акыры 4баласын ойлосо болмок да...менин жолум деп эле тайтандабай. Милицияга соз жок!
23.01.2018. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Убактылуу бошотумуш болуп, дагы жогору которулот бир орунга.
23.01.2018. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстанда закон бар бирок негедир аны эч ким колдонбойт жада калса тоготушпайт
23.01.2018. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чондорго нааразымын. Эмне учун ушундай адамдарды милицияга алышат? Бул адам милициянын да озунда уятын чыгарып жатпайыбы. Наалат ушундай милицияларга. Мындай адамдарды милицияга такыр албаш керек болучу.
23.01.2018. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уят эле, майордун кылыгы ушу болсо башкасына соз жок
24.01.2018. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай бар омуру откончо озуно кайра кайтат
24.01.2018. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жонокой адам болгондо олооруно секунд калса да наркология алып баргыла демек
24.01.2018. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эки ХХХХХХХХХ ХХХХХХХХХХ менен.
Модератор admin_media түзөттү 2018-01-24 17:47:05
24.01.2018. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай шумпайлардын айынан КР алдыга жылбай калдыго .
Эхххх карышкырга кой кайтартып жүрөт экенбизда.
24.01.2018. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайдан корсо болот видеосун
25.01.2018. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
stervella415,
Саламатсызбы! Видео макаланын астында байланып турат, же шилтеме менен өтүңүз: https://www.super.kg/supertv/213501
25.01.2018. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Карга карганын козун чокубайт милиция менен врачка кунун тушпосун ХХХХХХХХ ХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-01-26 10:34:26
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: