Хабиб Нурмагомедов, UFC мушкери: "КЫРГЫЗ МУШКЕРЛЕРИ МЕНЕН МУШТАШПАЙМ. БИЗ ТУУГАНБЫЗ"

№795 26-январь -1-февраль, 2018-ж.


24-январь күнү Кыргыз өлкөсүнө айтылуу UFC мушкери, Орусиянын эрежесиз уруш боюнча эң мыкты спортчусу аталган Хабиб Нурмагомедов келип, Бишкекте күйөрмандары менен жолугушту. Анда атасы Абдулманап Нурмагомедов менен спортчу өзү күйөрмандарды жана журналисттерди кызыктырган суроолорго жооп берди.

«УШУНЧА КӨП КҮЙӨРМАНДАРЫМ БАР ЭКЕНИН БИЛГЕН ЭМЕСМИН»
– Бишкекке биринчи жолу келишим. Буга чейин Борбор Азиядагы бардык башка өлкөлөргө барып келгем. Кыргыз өлкөсүнө Бостондо болуп өткөн беттешке чейин эле барам деп сөз берип койгон элем. Мына эми келдим. Чындыгында, Кыргыз жеринде мынчалык күйөрмандар бар экендигин билген эмесмин. Ушул жерде чогулган күйөрмандарды көрүп ыраазы болуп отурам. Келгенден бери сүрөткө түшүп эле жатат окшойм. Жатсам дагы, турсам дагы сүрөткө түшүүнү суранып жатышат. Менин беттештеримди көрүп, мага күйөрмандык кылгандар көп экенин билдим.

«UFC УЮМУНА ЧЫГУУ ҮЧҮН ЭРЕЖЕСИЗ УРУШТУ ӨНҮКТҮРҮҮ КЕРЕК»
– Кыргыз өлкөсүндө эрежесиз урушка болгон кызыгуу күч экендиги көрүнүп турат. Бирок олимпиадалык спорт түрлөрүнө көбүрөөк көңүл бурулат окшойт. Эрежесиз уруш олимпиадалык оюндарга кирбегени менен, дүйнө жүзүндө популярдуу спорт түрүнүн бири. Ошондуктан ММА`ге дагы тиешелүү көңүл буруу керек деп ойлойм. Дагестанда деле ММА толук кандуу колдоодо деп айта албайм, бирок спортчулардын кызыгуусу бар. Бизде бул спортко бир канча жыл эрте кызыгуу ойгонгон. Келечекте силердин өлкөнүн атынан чыккан спортчулар UFC уюмуна чыгат деп ишенем.

«ДАГЕСТАНДЫКТАР МЕНЕН КЫРГЫЗДАРДЫ ОКШОШТУРАМ»
– Дагестандыктар менен кыргыздарды бириктире турган нерсе – бул эки эл тең тоолуктар. Тоолуу аймакта жашашат. Кыргыз спортчулары биздин команда менен машыгуу сборлорун өтүп турушат. Кыргыз мушкерлери менен мушташпайм. Биз тууганбыз да. Биз беттеше турган каршылаштар башка.
Ысык-Көлдү билем, анда кезинде СССРдин ар кыл спорт боюнча курама командалары машыгуу өткөрүп турушчу. Билбейм, балким, келечекте 1-2 жумалык машыгууларды Ысык-Көлдө өткөрүп калышым да мүмкүн.

«ЖЕҢИЛМЕЙИН ӨСҮҮ БОЛБОЙТ»
– Ооба, профессионалдык деңгээлдеги беттештерде жеңилип көрө элекмин, жеңилгим да келбейт. Бирок спорт сүйүүчүлөр арасында жеңилген күндөрүм болгон. Бир жолу атам бир жума аралыгында өспүрүмдөр арасында боло турган үч ар кайсы мелдешке катыштырып койгон. Анын ар бир мелдештеринде эки жолудан жеңилгем. Анан атама «Утулуп жатсам деле мелдештерге катыштыра бересиңби?» деп айткан элем. Ошондо спортчу жеңилүү ызасын тартып көрмөйүн күчтүү боло албай тургандыгын түшүнгөм. Жеңилип көрбөгөн алдыга өсө албайт. Буга чейин канча беттеш өткөрдүм, канчасын жеңдим деген суроо октагонго киргенде дароо унутулат. Беттеште жеңилгим келбейт. Ошол беттешке канча тер төгүп машыктың, канча деген даярдык көрдүң да. Ар бир эркек жеңилгиси келбейт болушу керек. Күйөрмандар алдында чоң жоопкерчиликти сезем. Алар менден жеңиш күтүшөт.

«КӨШӨГӨ АРТЫНДА КАНДАЙ КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР БОЛОРУН ЭЧ КИМ БИЛБЕЙТ»
– Эң маанилүү беттеш катары 2016-жылдын апрель айында өткөн Даррел Хорчер менен болгон беттешти айтам. Анткени дээрлик 2 жылдык тыныгуудан кийин беттешке чыккам. Спортко жеңиш менен кайтып келүү абдан маанилүү болчу. Эмоционалдык жактан дагы алып караганда ушул беттеш мен үчүн эсте каларлык болгон. Мен өзүмдүн карьерамда 5 чоң жаракат алдым. Ошондой учурларда токтоп калбоо маанилүү. Сырттан караганда муну эч ким байкабайт, бирок спортчулар үчүн катуу жаракаттан кийин спортко кайтуу татаал. Психологиялык жактан сынып калбай бардыгын көтөрө билүү зарыл. Өзгөчө сенин жаракатыңдан улам беттеш болбой калган учур абдан ыза кылат. Эки спортчу тең ошол беттешке канча убактысын коротту, канча машыкты, ачыгын айтканда, ушундай учурду көтөрүү мен үчүн абдан оор. Андай абалды силер түшүнбөйсүңөр, эч кимге ушундай сезимдерге туш болуп калууну каалабайм.

«АР БИР АДАМ СПОРТ МЕНЕН МАШЫКСА ДЕП ОЙЛОЙМ»
– Өз баламды спорт менен машыктырам. Дегеле ар бир адам спорт менен машыкса деп ойлойм. Мен кичинекей кезимде Майк Тайсондун беттештерин көрүп, мен дагы ушундай спортчу болсом деп кыялданчумун. Балким, силердин араңардан дагы бирөөнүн беттештерин чоң экрандан көрүп калабыз.

«МАКГРЕГОР МЕНЕН БЕТТЕШҮҮ МАКСАТЫМ ЭМЕС»
– Макгрегор менен беттешүү сунушуна Конор өзү макул болгон эмес. Ал беттештерден баш тарткандыгы үчүн чемпиондук курларынан ажыратылды."Коркосуңбу?" деген суроо ага көбүрөөк ылайыктуу. Билесиңерби, анда бир жолу жаза басууга мүмкүнчүлүгү бар, ал эми андай нерсе менде жок. Макгрегор менен беттешүү башкы максатым эмес. Максатым – UFC чемпиону болуу.

«СПОРТТОН КИЙИН ЭМНЕ КЫЛАМ, АНЫ АЗЫРТАДАН ОЙЛОНУУ КЕРЕК»
– Спорттук карьера жыйынтыкталгандан кийин эмне кылуу керектигин эмитеден ойлонуштуруу керек. Спортчулардын карьерасынын убактысы аз эле, андыктан ийгиликтин үстүндө болуп турганда ушуну унутпоо зарыл. Азыртадан эле кайсы бир майнаптуу ишке каражат жумшап, келечекке камданып койгон жакшы.



Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg



"UFC уюмунун жылдызы Хабиб Нурмагомедовдун келиши кызуу талкуу жаратты"

Автор: Айзада Тураркулова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(24)
SUPER.KG видео
27.01.2018. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Жармабектер элинерди ойлобойсунарбы биринчи
SUPER.KG видео
28.01.2018. 03:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Убагында Ленинди ата деген кыргыздар эми бул спортчуну апа деп алгыла.Тим эле тайсон келгендей тосуп алыпсынарго :))тобооо
SUPER.KG видео
28.01.2018. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Теманы карасанар " кызуу талкуу жаратты" деп
30.01.2018. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Видеосунан кордум. Кыздарда барыптыр, бир топ эле адашпасам. Барганга жараша оздорун бир аз болсода олуттуу кармабай, ото эле кайсарланып жургондорун коруп кыжыр гана келди. Ырчы, актер ж.б. бироо болсода бир жон беле.
30.01.2018. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
eldar96,айтпа шумдуктуулар оздорун кармаса болот
30.01.2018. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
eldar96, Хабиб менен биир тебишип койойун деген кыздар болсо керекта
02.02.2018. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
haydarkan,сенин карындашында журсо керек арасында
01.02.2018. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
eldar96,ырчы актерго Караганда спорсмендер бийик турат го дейм
31.01.2018. 05:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Айланайын Путин келгендей эле даярданышыптыр го тооба
31.01.2018. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Көрө албасты токтотсоңор,андан көрө
Хабибге окшогон Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан спортчулар чыксын десеңер.
01.02.2018. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Хабиб мыкты спортчу албетте мыктыларды коро албагандар коп айрыкча биз кыргыздар ошонуда коро албайбыз келсе келиптирда сага кандай оорчулугу келди
02.02.2018. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Хабиб молодец UFS 25жолу чемпион болуптцр бир да жолу женилбестен
03.02.2018. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер
03.02.2018. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хабиб чемпион
03.02.2018. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
силерге суроону кайда жазам
03.02.2018. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмил Балтагулов,
Саламатсызбы! Сизге купуя кат жиберилди.
03.02.2018. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин айтаарым эмне учун Кыргыз спортсмендерин ушинтип тосуп албайбыз мага ушунусу окундурот
05.02.2018. 05:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mahabat84 UFS нин 25жолу чемпиону эмес.ал 9жолу эле утту ufs де.баардык бойлору 25.мма да жургондогусун кошкон
05.02.2018. 05:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чем Хабиб Конор попульярдуу.
05.02.2018. 05:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
конордун бойлору кызыктуу.хабибтики скучный.партерделе жата берет
05.02.2018. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мышык сутко жетпей сасык дептир! Эмне болуп жатасынар колунардан келсе силерла ушунун даражасына жетип алгыла оз олкосунун желегин желбиретип журот. А биздикилер ким которулсо эле басып туруш керек озу пейилибиз бузулду.
05.02.2018. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хабиб чемпион
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: