|
№803 23-март -29-март, 2018-ж.
×
![]()
КӨК БӨРҮДӨ КАЙРАДАН "ЫНТЫМАК" ЖЕҢҮҮЧҮ БОЛДУ
Жаз алды менен көк бөрүнүн жаңы сезону ачылат. Өлкөнүн мыкты улакчылары Нооруз майрамына карата республикалык мелдеште күч сынашат. Акыркы жылдары калыптанып калгандай эле кызыгуу менен өткөн беттештердин жыйынтыгында финалды көздөй «Достук» менен «Ынтымак» чыкты. ![]()
САНЫ КӨП, САПАТЫ СУРОО ЖАРАТАТ
Жылдан жылга мелдешке катышкан командалардын саны өсүүдө. Быйыл жалпы 16 команда ат салышты. Көпчүлүк командалардын курамын жаш оюнчулар түзүп, ири эсеп менен жыйынтыкталган оюндар болбой койгон жок. Саны көбөйгөнү менен, командалардын көрсөткөн оюнунун сапаты анчейин эмес. Мелдеш олимпиадалык систем менен өтүп, жеңилген команда мелдештен четтей берди. Негизги фаворит катары саналган командалар «Ынтымак», «Достук» жана «Биримдик Аю» командалары жарым финалга эч кебелбей аттанышты. «Чүчү кулактын жыйынтыгында бизге жаңы командалар туш келип, аттарды жана өзүбүздү дагы көп кыйнабай жарым финалга чыктык. Күчтүү командалар менен чечүүчү беттештерде ойнойбуз»,- деп ою менен бөлүштү «Достуктун» улакчысы Манас Ниязов. Жарым финалдын акыркы жолдомосун Чүй облусунун эки командасы «Арашан» менен «Сары-Өзөн» талашты. Эки команда тең бирдей оюн көрсөткөнү менен, оюндун акыркы мүнөттөрүндө "Арашан" командасы жеңүүчү аталды. ![]() ![]() ![]() ![]()
«ЫНТЫМАКТЫН» ЫРГАГЫ, «ДОСТУКТУН» ДЫМАГЫ
Жарым финалда Таластын «Ынтымагы» менен Чүйдүн «Биримдик Аю» командалары көрүүчүлөр үчүн мыкты беттеш тартуулашты. Бирин Карыпбек Эшиев алдыга сүрөсө, экинчисин Рустам Тыналиев чабуулга үндөп жатты. Эсепти "Биримдик Аюнун" улакчысы Урмат Мусаев ачканы менен, жаракат алгандыгынан улам оюнду уланта алган жок. "Ынтымак" командасы чабуулдук ыргагын күчөтүп, эсепти тең кылганга үлгүрдү. Андан соң эсепти 2:1ге айлантты. Калган мүнөттөрдө "Биримдиктин" бирдиктүү чабуулдарынан майнап чыкпай, өлкөнүн мыкты улакчыларынын бири Рустам Тыналиев бул жолу дагы финалсыз калды. «Биздин коргонуубуз бир аз начар болуп калды окшойт. Атаандашыбыздын казанына көп улак түшпөй калды. Оюнду башында жакшы баштаганбыз, айрым балдарыбыз жаракат алып оюндун ыргагы бузулуп кетти»,- дейт Урмат Мусаев. «Абдан күчтүү командага туш келип калдык, жеңишке жетип финалга өтө алдык. Өткөн жылы бул мелдештин жеңүүчүсү аталганбыз»,- дейт оюндан кийин кубанычын жашырбай «Ынтымактын» улакчысы Азим Болот уулу. Ал эми экинчи оюнда "Достук" командасы "Арашан" командасына дымагын көрсөтүп, ири эсепте жеңип алды. Ошентип, «Нооруз-2018» мелдешинин финалында кайрадан «Ынтымак» менен «Достук» беттешмей болду. ![]() ![]() ![]() ![]()
МАНАСТАН МАЙНАП ЧЫКПАЙ...
Нооруз күнү чечүүчү оюндар орун алып, адаттагыдай ат майданда басканга эмес, турганга да орун табылбай жатты. «Достук» менен «Ынтымактын» тиреши көпчүлүктү кызыктырбай койгон жок. Талашсыз, эки дөө-шаа команда учурда мыкты оюн көргөзүп келишет. Бирок... Финалдык оюн муну тастыктады. Биринен өтүп бири эр, күчү, амалкөйлүгү жагынан да улакчылар бирдей деңгээлде. А бирок бул оюнда бир гана улакчылар эмес, аргымактар да бар. Таластын оюнчулары минген аттар атаандаштардыкынан бир кыйла мыкты болуп, оюнчуларга жардам беришти. Биринчи бөлүктө Манас Ниязов билген ыкмасына салып, улак менен кошо өзү тай казанга кирип, эсепти ачты. Мындан кийин ат майданда бир эле команда көрүнүп жатты. Ал – «Ынтымак». Экинчи бөлүк башталар замат чабуулдан башы чыкпаган Таластын командасы эсепти теңеди. Азим Болот уулу таамай болду. Андан соң Нуржан Мелисбек уулу ийгиликтүү болуп, жеңишти «Ынтымакка» алып келди. Калган мүнөттөрдө чаалыга түшкөн «Достук» чабуулга өтө албай койду. Манастан да майнап чыккан жок. Таластын тың чыкмалары татыктуу 1-орунду алышты. Жашоодо ынтымак менен достук эриш-аркак жүрөт. Бирок көк бөрүдө «Ынтымак» биринчи орунда. Бүгүнчө... ![]() ![]() ![]() ![]()
«СПОРТ МЕНЕН НАМЫСТЫ ТАЛАСТАН ЭЧ КИМ ТАЛАШПАЙ ЭЛЕ КОЙСУН»
![]() ![]() ![]()
Нооруз-2018: Көк бөрүдөн "Ынтымак" командасы былтыркы ийгилигин кайталады
Автор: Нурсултан Нурболот уулу
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|
Гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо gazeta@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Порталдын эрежелерин сактаңыз!
Ал эми Канат Бегалиев деген неме чыныгы жузун, "тушунугун" элге шардана кылып кадырын 1 тыйындык кылып алды. Эми туштон кийин кечирим сурагыча кылычын б...о чапсын... Таластыктар мактанбай жургуло, бугун утсанар эртен эле утуласынар...