Кылмышка шектүүнүн апасы: «УУЛУМ КОРГОНОМ ДЕП КИШИ ӨЛТҮРҮП АЛГАН. АЛ ШАРТТУУ ЖАЗА АЛСА ТУУРА БОЛМОК»

№804 30-март -5-апрель, 2018-ж.


Өткөн жылы Кара-Балта шаарында таксист жүргүнчүсүн өлтүрүп алган факт катталган. Таксисттин жактоочулары "ал өз өмүрүнө кол салган адамдан коргонду" деп далилдешүүдө. Ал эми экинчи тарап кылмышкердин адам өлтүрүү беренеси менен жоопко тартылышын талап кылышууда.

СОТ ЧЕЧИМИНЕ 2 ТАРАП ТЕҢ МАКУЛ ЭМЕС
2017-жылдын 31-январь күнү Чүй облусунун Кара-Балта шаарында Алмазбек Сапарбеков аттуу 24 жаштагы таксист 53 жаштагы кардарын бычактап өлтүрүп койгон. Алгач бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө учурунда ал 99-беренеге (аргасыз коргонуунун чегинен чыгып, же болбосо кылмыш жасаган адамды кармоо үчүн зарыл болгон чаралардын чегинен чыгып киши өлтүрүү) өзгөртүлгөн. Тергөө аяктаганда иш сотко жетип, Жайыл райондук соту кылмышка шектүүгө 99-берененин негизинде 3 жылга шарттуу түрдө жаза ыйгарган. Бирок маркум Алманбет Назаркуловдун жакындары Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз жазып, облустук сот ишти кайра тергөөгө жиберген.

«БЫЧАК УУЛУМДУН ЖААК СӨӨГҮНӨ КИРИП ТОКТОП КАЛГАН»
Кылмышка шектелип кармалган таксисттин апасы Гүлайым Мамытова абакта баласынын ден соолугу начарлап жатканын айтып, коргоном деп кардарын өлтүрүп алган уулунун шарттуу түрдө жаза алышын суранып жаткандыгын айтат:
– Балам таксист болуп иштеп жүрчү. Ал күнү болжол менен кечки саат 8-9дар чамасында бейтааныш киши аны Ден соолук деген дачага жеткирип коюусун суранат. Уулум кардар айткан жерине жеткирип, үйүнүн алдына токтотоюн десе, «кайрылып кел, анан түшөм» дейт. Кайрылып келип токтогондо эле кардары сол колу менен баламды кучактап, оң колу менен бычак шилтеп жибериптир. Бычак уулумдун жаагынын сөөгүнө кирип токтоп калган. Андан кийин экөө кармаша кетишет. Балам кардарынын колунан бычакты жулуп алып, өзүн унаасынан түшүрүп салмак болот. Балам коопсуздук курун тагып отурган экен, курду чечейин десе, ал киши кур таккычтын үстүнө отуруп алыптыр.
Уулум «кармашып жатып мага бычак саяйын деп жатканын көрдүм. Өзүмдү коргоп жатып кантип ал кишиге бычак сайылып калганын билбей калдым» дейт. Бычак кардарынын жүрөгүнө жакын жерге 2 жолу сайылыптыр. Анан ал киши кармаша албай отуруп калыптыр. Ал учурда уулум коопсуздук курун чечип, унаадан чуркап чыгып үйлөрдү каккылап жардам сураптыр. Эч ким чыкпаганынан кайра унаага келип сигнал басып жатса, кардары өзү эшикти ачып чыгып качып кетиптир. Анан балам да качыптыр. Чоң жолго чыгып, май куючу жайга барып ал жерде иштегендерге айтса, алар өздөрүнчө урушуп жатышкан экен, балама көңүл бурушпаптыр. Кайра жолго чыгып, МАИ кызматкерлеринен жардам сураса, алар “жардам бере албайбыз, Ички иштер бөлүмүнө кайрыл” дешиптир. Анан уулум аймактык тескөөчүгө телефон чалып айтыптыр. Ал экөө РИИБге барып, нөөмөтчүгө окуяны айтышкан. РИИБдин кызматкерлери баламдын абалын көрүп, “ооруканага барып, тамагыңды тиктирип келе бер. Анан арыз жазасың” дешкен. Кийин “сени менен кармашкан киши каза болуп калыптыр” деп милиция кызматкерлери баламды ооруканадан кармап кетиптир. Ошондо гана балам мага телефон чалып чакырыптыр. Барсам, өңү бопбоз, моюну таңылган, бүт жагы кан болуп отуруптур. Жаман болуп ыйладым.
Жайыл райондук соту уулума 3 жылга шарттуу түрдө жаза чегерген. Бирок жабырлануучу тарап сот чечимине макул болбой апелляциялык арыз менен облустук сотко кайрылды. Ошентип облустук сот, Жогорку соттун чечими менен иш кайра тергөөгө жөнөтүлдү.

«АКЧАБЫЗДЫ АЛЫП ТУРУП СӨГҮП КУУП ЧЫГЫШТЫ»
– Каза болгон адам Суусамырдын Тунук деген айылынан болот экен. Көз көрсөтүп Суусамырга барып, күйөө балам менен жолдошум топурак салып келишти. Маркумдун бир туугандары «Кара ашына карызга семиз байтал алып сойдук, аны бооз бээ кылып кайтарышыбыз керек. Ошону алып келгиле. Калган чыгашаны да бересиңер. Бүтпөгөн иш барбы, бүтүрөбүз. Тосмо арыз жазып беребиз» дешти. Кыркылыгында жылкыны жүктөп, бир кой союп бышырып алып, 50 миң сом көтөрүп, азык-түлүк, кийит алып бардык. Баарын алгандан кийин бизди тилдеп-сөгүп туруп тосмо арыз жазып бербей коюшту. Улуу агасы Абдысамат Назаркулов «Тосмо арыз күтпөгүлө. Мен силер менен аягына чейин соттошом» деди. Анда эмнеге бергенибизди алышты, билбейм.
Бычак каза болгон кишиники болуп чыкты. Өлгөн жеринен дагы бир бычагы табылды. Уулум жанына бычак алып жүрчү эмес.
Туугандары “Алманбет мурда унаасын саткан болчу. Ошол күнү унаасын алган кишиден 100 миң сом алмак. Сенин балаңакчаны көрүп өлтүрдү” деп жатышат. Бирок унааны алган адам ошондо эле акчасын берген экен. Муну унааны сатып алган киши айтты.
Каза болгон киши мурда 3 ирет соттолуп, түрмөдө отуруптур. Окуя болгон убакта да ал үй камагында жүргөн экен. Соттук-медициналык экспертизадан анын баңги экендиги да аныкталды.
Жайыл районундагы бир соттук процесстен кийин анын туугандары элдешүүгө кафеге чакырышып, «Үйүбүздү салып бүтүргөнгө 10 миң доллар керек. Ошону берсеңер, кечиребиз» дешти. Биз акча бербейбиз деп жатабыз.
Балам 1 жыл 2 айдан бери абакта жатат. Бөйрөгү ооруп, гайморити кармап калды. Бул илдет кулагын да сезгентип, кулагы ооруп ириң ага баштады. Абалын көрүп ыйлап жатам. Балама шарттуу түрдө жаза берсе ыраазы болмокпуз.

«АКЧА БЕРИШСЕ КЕЧИРЕБИЗБИ, БЕЛГИСИЗ»
Маркумдун агасы Абдысамат Назаркуловго байланышсак, ал буларды айтып берди:
– 31-январда иним мурда саткан унаасынын акчасын алуу үчүн Кара-Балтага келгенин уктум. Унааны алган адамдын үйүнүн документтери инимде болуп, документти берип 100 миң сом алмак экен. Бирок сатып алгандар шыр эле акчасын бергенбиз деп да жатышат.
Соттук процесстерде таксист айрым суроолорго «унутуп калдым» деп жооп берип жатты. «Бир жолу бычак сайгандан кийин эле эмнеге качып кеткен жоксуң?» деген суроого «Коопсуздук курумдан улам чыга албай калдым» дейт. Саат кечки тогузда патрулдук милиция кызматкерлери жок жерден кур тагышабы айдоочулар? Бычак жегенден кийин инимди чуркап кетти деп жатат. Врачтар «чуркай албайт болчу, шыр эле өлөт» дешти. Анткени бычак 2 жолу тең жүрөккө сайылган. Бычак инимдики экени далилденген жок.
Инимдин арак ичпегенине 10 жыл болду. Баңгизатын колдонсо, көрмөкпүз. Таксисттин жакындары тиешелүү жактар менен сүйлөшүп коюшкандыгы соттук процесстерде эле билинип жатты. Криминалисттер "инимди бир киши эмес, бир нече киши өлтүргөн" деп айтышты.
Таксисттин ата-энеси бизге бир нече ирет келгени чын. Дасторкон жасап, кой союп, жылкы, 50 миң сом бергени да чын.
12-майда болгон соттук процессте таксисттин чоң энеси апамдын бутуна жыгылып, тизесин кучактап ыйлап «эмне десеңер баарына макулбуз» дешкен экен. Атасы болсо карындашымды кучактап ыйлаптыр. Сот отуруму бүткөндө анын атасы 60 миң сом сунуп, кафеге чакырды. Акчасын албай, кафеге барбай «Биз апама үй салып жатканбыз. 10 миң доллар алып келгиле, үйдү бүтүрүп алалы. Акчаны алгандан кийин тосмо арыз жазып беребиз» дедик. Ошондо акчаны беришсе кечирмекпиз.
Иним мурун бир жолу жалган жалаа менен соттолгон. Бирөөнүн малын багып иштеп, ал акчасын төлөбөй койгондо атын минип кетип, "мал уурулук" менен соттолгон. Биз азыр инимди өлтүргөндү "киши өлтүрүү" беренеси менен соттолуп, жазасын алсын деп талап кылып жатабыз. Азыр биз айткан акчаны алып келсе, кечиребизби, белгисиз.

«ИШ КАЙРЫЛЫП КЕЛЕ ЭЛЕК»
Биз окуя тууралуу кенен маалымат алуу үчүн кайрылганыбызда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Назира Имангазиева төмөнкүлөрдү билдирди:
– Жогорку Сот ишти кайра тергөөгө кайтарды деп уктук. Бирок иш азырынча Чүй ОИИББине да, Жайыл РИИБине да келе элек. Иштин кайтарылышы айрым учурда 2 айдай убакытты талап кылат. Кылмыш иши колубузда жок болгондуктан азырынча ал иш боюнча маалымат бере албайбыз.


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg



Таксист кардарына бычак сайып өлтүрүп койгонбу?

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(38)
03.04.2018. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Баары мыйзам чегинде, кудайдын көзү менен болсун! Кызыл кулактык кылганыңар уят иш. Ушинтесиңер да коррупционерлерди көбөйтөсүңөр
03.04.2018. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Бир тыйын бербеш керек!! Акыйкаттык женет!
03.04.2018. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Өлгөн адамдын бейишин берсин бирок туугандары өтө нысапсыз адамдар экен өлгөн адамдын артынан акча жешип тем более анын күнөөсү болуп жатса кудай бар шордуу таксист акталып чыгат деп ишенем соттор адилеттүү чечим чыгарсын бирөөнүн чырактай баласын ак жерден камап салбай
03.04.2018. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Эхх беттен алган тиги зоокурдун туугандары
03.04.2018. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
уйубузду бутуруп алалы деп олгон адам учун акча сураганга кантип бети чыдады экен.Бир боорунду жоготкондо акча эмес башка нерсе мээне кирбей калат го бироо олтургон ченде да Аллахым бейишин бер иним ошол жакта бейиште журсун деп ойлогондун ордуна иним жакшы олуп калды эми уйубуз бутот деп суйунгондойго
03.04.2018. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Кудайдан коркпогон адамдар экен! Алып барган нерселерин алып, анан уялбай кантип дагы он мин доллар дейт.
03.04.2018. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Олгон адамдын туугандары ХХХХХХ ХХХХХХ билинип эле турат. Таксист кунун тологон турбайбы, тем более озун коргоптур. Олгон адамдын аркасы менен акча ондургусу келгени билинип турат. Коопсуздук курун МАИ жок жерде тагынган айдоочулар коп эле. Менин жолдошум МАИ учун эмес озум учун тагынам дейт . Эрежени туура сактагандар деле бар да
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-03 17:22:07
03.04.2018. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Оздорунун башына да ушундай кырсык келсе тушунот да
03.04.2018. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Мен түндө МАИ жок ээн талаада да коопсуздук курун тагынып жүрөм. Мага бул адат болуп калган.
03.04.2018. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Олгон адамдын туугандары жузу жок,акча учун олгон адамдар экени корунуп турат,жакшынакай жигитин убалы уктатпайт силерди,ушундайынарда токтотсонорчу!Жашоо бумеранг,озунордо деле уул-кыз бардыр
03.04.2018. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Таксисти коркутуп тушуп кетем деп ойлогон да . Коомго пайдасы жок кишини ырас эле калыптырсын . Эми озун акталып чыгып кет кудай деген бар . Туугандарынын бети жок экен акча ондуруп алалы деп . Жакшы киши 3 жолу соттолобу? Чын эле агасына куйсо бир тыйын албай туруп сототтуп жибермек эми 10 мин доллар сурап бетинер барбы кенедей 24 жаштагы баланы сототтуп ийгенде аган тирилип келеби ? Кудай деген бар .
03.04.2018. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эх балага жалка ден-соолугунан айрылып калды Эми?тиги зоокурдун туугандары куп бироого курук доомат кылып уйронушкон экен?келме кезек терме тезек деген бар?эртен эле оз башынарга тушуп калышы мумкун?ойлонгула олгон Адам олду тиги дуйносу учун тилават кылып олтурбайсынарбы?каяктагы бир шайтандын тилине кирип бироонун бешене тери менен тапкан акчасына Уй салбай оз эмгегинер менен Уй салып бербейсинерби?болгондода ата-энерге?бироону сыздатып салган уйунор ата-эненер менен кошо куйуп кулго айлан-н.
03.04.2018. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Озун коргобосо тиги зоокур (жер жамандап барбасын) мууздап эле салмак экен. Туугандары кечирип эле койбоптур...Инисинин куноосуно кечирим сурап
04.04.2018. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Карасан койгон доосун ээн жерде ким кур тагынат деп, мен дайым тагынам сен тагынбасан. Ал эми чуркап кеткени болевой шок болгон, эч нерсени сезбей калган. Ушуну врачтар айтпадыбы? Булар инисинин олумун соодалашып атыптыр, бересин болбосо дагы соттошом деп. Эгер абийири болсо акча сурабай эле соттотмок
04.04.2018. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ким туура ким калп бир Аллах билет жана оздору жооп берет Кудай алдында.Биз бир тарапты куноолоп чечим чыгара албайбыз.Бирок тигилер акчага малынган адамдар окшойт алкымы чон.Ким эле болбосун жаман ойлойт да акча сурап болбогон шылтоону айтып жатса.Акча жылкы элу мин бергендерин айтыптыр дагы алтымыш мин и чоголоп ыйлап жатса дагы эмне кылыш керек.Кудайдан коркпогон немелер го
04.04.2018. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Акыйкаттык учун курошкуло. а тиги олгондун жузу жок туугандары уялсанар боло,ак эмгегигер мн кургула ата эненерге уйду.Кандай жер которуп журот ушундай адамдарды
04.04.2018. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чындыгында маркум жактын туугандары ыйманынырды бекемдегиле.Кудайым силерге акча байлык эмес ыйман берсин.Бироону сыздатып ыйлатып алган акчасы эртенки куну бир жеринерден чыгат.Озунордун ырыскынар мн жашагыла.Бироодон доомат кылбай.Каргышына калбасанар экен!!!
Берки тарапка сабыр берсин Кудайым.Сабыр кылыныздар.
04.04.2018. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушу комменттарийлердин баарына кошулам. Ушуларды окуса экен өлгөн кишинин туугандары.
04.04.2018. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Таксист болуп иштегендер этият болгула. Жумушунар кооптуу таксисти олтургондор кобойду. Маркум зоокур экен. Туугандарыда уялышпай 10мин доллар дешкендерин бети таптакыр жок немелер экен. 10 колун оозуна салып еще буттарында кошо салып алышыптыр тообо.
04.04.2018. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
менин инимида бычакташты экөлөп
тааныбаган көрбөгөн бирө
түшүнөм мындай абалда кайра өлүм төшөгүндө жаткан иними күнөлү кылып туугандары бетен алат
ак ийилет бирок сынбайт сабыр тилейм айдоочунун жакындарына анткени биздин баштан өтүп атат
апам бир тыйын албай тосмо арыз жазып берди адамгерчиликтү кылып жаш балдар келечеги бар деп адамдын напсисине карайт экенда


05.04.2018. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандарында уят деген калбаптыр. Жошоо бумеранг экенин унутпагыла. Кайрылып келет баары. Ошол 10000 доллар деле жакшылык алып келбейт силерге.
05.04.2018. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ременди МАИ учун тагынат деп ойлойт окшойт.ХХХХХХХХХХ ушу болсо акча сурайт да
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-05 16:15:45
05.04.2018. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таксистерди Кудай сактасын. Алар дагы оокат кылалы деп журот да. Маркумдун туугандары кыжырды келтирди. Эх, ушундай адамдарды дагы жер эне которуп журот.
05.04.2018. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен дагы коопсуздук курун озум учун тагынам. Маи учун эмес.
SUPER.KG видео
06.04.2018. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
акча акча болуп калганго элдер ... тобо кылалы .
06.04.2018. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коопсуздук кур дайыма тагыныш керек,Маи дебей.Турмодон чыгып кетсе экен(эххх абайласак да абайлабасак да закон кучтуу экен,озун коргобосо олмок).
06.04.2018. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эгер чын эле соттоткулары келсе акча сурабай эле соттотмок. Бирок абайлап ачкыла алкымынарды.Аллах тендеп коет баарын
07.04.2018. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Билбей калса эмне кылмак ким өлтүргөнүн.өлтүрүп туруп билгениңди кыл деп койгондор бар.
07.04.2018. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таксистке ишенем...акталып чыксын.тиги жак бутпогон уйун инисинин олумунун аркасынан бутуруп алган атышабы уят...
07.04.2018. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ТАЗА мал экенго олгон адамдын артынан акча жешип айбандар. Кудай жазасын берип жаткандыр ининердин
09.04.2018. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай айааай таксист болуп иштоо деле кыйын, ушундай шумшуктордон кудай сактап,курундай дооматтан алыс бололу
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: