№804 30-март -5-апрель, 2018-ж.


АЗИЯ КУБОГУНА УЧКАН
«АК ШУМКАР»
Улуттук курама командага Азия кубогунун финалдык баскычына чыккандыгы үчүн Футбол федерациясы 120 миң АКШ доллар сыйлык тапшырды.

27-март күнү Бишкекте футбол боюнча Кыргыз өлкөсү Азия Кубогуна тандап алуу оюндар сериясын Индия менен болгон оюн менен жыйынтыктады. Тарыхый көрсөткүчкө жетүү жолу оңой-олтоң болгон жок.

ИЙГИЛИКСИЗ 20 ЖЫЛ

2019-жылы өтө турган Азия Кубогу 17-жолу өткөрүлөт. Эң алгач кыргыз футболчулары бул мелдешке катышуу үчүн 1996-жылы ат салышкан. Анда Сауд Арабия жана Йеменге утулуп калган. 2000-жылы тандап алуу оюндарында Кыргыз өлкөсү Тажикстан, Оман жана Иракка жеңилсе, 2008-жылдан тарта Азиянын чакырык кубогуна катышып баштаган. 2014-жылы аталган мелдештин тандап алуу оюндары Бишкекте орун алып, Дэвид Тэттенин 3 оюнда 3 голу менен Макао, Пакистан жана Тажикстанды жеңип алышкан. Азиянын чакырык кубогунун финалдык баскычында Палестина жана Мальдив аралдарына 3 упайдан тарттырып, Мьянманы утканы менен, тайпадан чыга алган эмес. 2019-жылы өтө турган Азия Кубогуна тандап алуу оюндарын АФК өзгөртүп, бардык командалар тайпага бөлүнгөн. Анда 1-2-орун алган командалар финалдык баскычка чыгышмак. Ошентип Кыргыз өлкөсү Мьянма, Макао жана Индия менен жолдомо талашты.

Александр Крестинин, башкы машыктыруучу:

– Биз үчүн Азия Кубогуна тандап алуу оюндары Австралия менен башталган. Бул башталгыч чекит болду. Анткени футболчулар өздөрү эмнеге татыктуу, деңгээли кандай экендигин көрдүк. Акыркы жылдары команда өсүп келе жатат, өз оюнун издеп келе жатат. Бардыгы жакшы дегенге болбойт, бирок өсүү бар.

КАРЬЕРАНЫ ӨЗГӨРТКӨН КАБЫРГА

2019-жылы өтө турган Азия Кубогу 17-жолу өткөрүлөт. Эң алгач кыргыз футболчулары бул мелдешке катышуу үчүн 1996-жылы ат салышкан. Анда Сауд Арабия жана Йеменге утулуп калган. 2000-жылы тандап алуу оюндарында Кыргыз өлкөсү Тажикстан, Оман жана Иракка жеңилсе, 2008-жылдан тарта Азиянын чакырык кубогуна катышып баштаган. 2014-жылы аталган мелдештин тандап алуу оюндары Бишкекте орун алып, Дэвид Тэттенин 3 оюнда 3 голу менен Макао, Пакистан жана Тажикстанды жеңип алышкан. Азиянын чакырык кубогунун финалдык баскычында Палестина жана Мальдив аралдарына 3 упайдан тарттырып, Мьянманы утканы менен, тайпадан чыга алган эмес. 2019-жылы өтө турган Азия Кубогуна тандап алуу оюндарын АФК өзгөртүп, бардык командалар тайпага бөлүнгөн. Анда 1-2-орун алган командалар финалдык баскычка чыгышмак. Ошентип Кыргыз өлкөсү Мьянма, Макао жана Индия менен жолдомо талашты.

Антон Землянухин, футболчу:

– Индия менен болгон оюндан кийин көп убакыт калыпка келүүгө короду. Мындай жаракаттардан кийин күрөштү аягына чейин улантууда коркунуч башында пайда болгон. Бирок азыр дарбазачы менен жекеме-жеке чыгуудан коркпойм. Кези келсе эми алыстан деле сокку узатып коём.

Гурприт Сингх, Индиянын дарбазачысы:

– Мен ал кагылышууну кокустук деп айтам. Улуттук курама команданын формасын кийген соң дарбазага топ өткөрбөө үчүн баарына даяр болом. Албетте, андай кагылышты атайын кылуу эч кимдин оюнда жок. Азыр артка кайтсак, жаракат алдырбаганга аракет кылмакмын.

БУДДИСТТЕР, КИЧИН ЖАНА «МЬЯНМАДАГЫ МАТЯШ»

Дүйнөдөгү окуялар өлкөбүзгө түзмө-түз таасир этери Мьянма менен боло турган оюнда даана сезилди. 2017-жылы сентябрь айында аталган өлкөдөгү буддисттер менен мусулмандар ортосундагы ызы-чуунун таасиринен улам Бишкекте оюн болбой калган. Ал эми Мьянма менен конокто өткөн беттештин акыркы мүнөттөрүнө чейин 2:1 эсебинде утуп жатканбыз. 3 упай бизде эле, бирок дарбазачы Матяш одоно катасы менен дал ошол 3 упайды өз колу менен бирге айлантып койгон. Бул окуя күйөрмандар арасында "Мьянмадагы Матяш" деп айтылып калган. Бул арада улуттук курама команданын негизги оюнчуларынын бири Валерий Кичин курамда ойноодон баш тарткан. Муну клубдук деңгээлде маанилүү беттештер орун алып жаткандыгы менен түшүндүргөн.

Александр Крестинин, башкы машыктыруучу:

– Кичинге эч ким эшикти жапкан эмес. Ал өзү жаап койду. Бул анын чечими, өзүнүн жолу. Эми бул Кичиндин көйгөйү, биздики эмес. Биз аны курамда көрүүгө кубанычта болобуз.

Валерий Кичин, футболчу:

– Азия Кубогуна чыкканыбызга абдан кубанычтамын. Бул татыктуу көрсөткүч болду. Биздин улуттук курама команда жаңы тарых барактарын жазып жатат жана бул башталышы гана!

ЖЕҢИШ МЕНЕН БАШТАЛЫП, ЖЕҢИШ МЕНЕН УЛАНДЫ

Тырышып отуруп көздөгөнүбүзгө акыры жеттик. Бишкекте боло турган оюн Кореяда өтүп, анда Мьянманы 5:1 эсебинде жеңип келдик. Айта кетчү жагдай, Инчхон шаарында болгон оюнду уюштуруу милдети жана каражаты толугу менен Кыргыз өлкөсүнүн моюнунда турган. Азия Кубогуна чыгуу сүйүнүчү андай нерселерди ойлонууну экинчи планга калтырды. Тайпалык оюн 27-мартта Бишкекте Индия менен болгон оюн менен жыйынтыкталды. Өз үйүндө Антон Землянухин менен Мирлан Мурзаев айырмалана алышса, индустар бир гол менен гана жооп бере алышты. Эсеп 2:1. Жеңиш менен башталган Азияга карай жол жеңиш менен уланды! Эми «Ак шумкар» 2019-жылдын январь айында Бириккен Араб Эмиратын көздөй учат. Алга, «Ак шумкар»!

Мирлан Мурзаев, Индия менен болгон беттештин мыкты оюнчусу:

– Азия Кубогуна чыкканыбызга абдан кубанычтамын. Бул татыктуу көрсөткүч болду. Биздин улуттук курама команда жаңы тарых барактарын жазып жатат жана бул башталышы гана!

Сандар сүйлөйт...

Тайпалык оюндарда Кыргыз футболчулары атаандаштарына 14 гол киргизе алышса, 8 гол өздөрүнө өткөрүшкөн.

Тандап алуу оюндарында Антон Землянухин 6 гол киргизип, улуттук курама команда үчүн киргизген голдорунун саны 12 болду .

Азия Кубогунун финалдык баскычында 24 команда ат салышат.

Азия Кубогу 2019-жылдын 5-январь-1-февраль аралыгында БАЭде өтөт.


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


Кыргыз-Индия беттеши: Футбол боюнча улуттук курам тарыхый жеңишти алып келди

Автор: Нурсултан Нурболот уулу
Оператор: Руслан Алыбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(9)
03.04.2018. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аб..баракелде!Алгалай бер Ак Шумкар!
03.04.2018. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Молодцы ийгиликттерди жарата бериниздер
04.04.2018. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Алга Кыргызстан алга силер менен сыймыктанабыз.
04.04.2018. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсынар дагы коптогон ийгиликтерди багынткыла
04.04.2018. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Толкунданып жазган окшойт эле Улуттук дегенди Уттук деп жазып ийиптир
06.04.2018. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен сыймыктанам .Буйруса баары алдыда . Аллах колдоп Саудияда ийгиликке жетели
07.04.2018. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Farhat25,Саудия эмес БАЭ деп жаткан.
08.04.2018. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар Ак Шумкарлар! Азия Кубогун женгиле биз силерге ишенебиз, андан сон Дуйнолук чемпионатта да озунорду сынап коргуло
10.04.2018. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Кыргызстан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: