Барчынай Узгенбаева, мушкер: «СПОРТ ҮЧҮН КЕСИБИМДИ КУРМАНДЫККА ЧАЛДЫМ»

№811 18-май -24-май, 2018-ж.


14-май күнү Бишкектеги Спорт ордосунда эрежесиз уруш боюнча»WEF Global 12» турниринде мекендешибиз Барчынай Узгенбаева өзбекстандык Шахзода Рахимованы экинчи раундда кулатып, жеңишке жетти. Спортчу, милициянын лейтенанты жана жөн эле сулуу кыз Барчынай.

Туулган жылы, күнү – 13-февраль, 1995-жыл
Туулган жери – Ош шаары
Бою – 178 сантиметр
Салмагы – 60 килограмм
Жетишкендиктери – Грэпплинг боюнча Азиянын эки жолку чемпиону, панкратион боюнча Кыргыз өлкөсүнүн чемпиону.

 

– Барчынай, чемпион болушуң менен куттуктайм! Каршылашыңдын кыр көрсөткөнүнө карабай, аз убакыттын ичинде жеңишти багындырып алдың.
– Рахмат, жеңиш оңой болгон жок. Беттештин алдында каршылашым жөнүндө эч нерсе билбей эле чыга бергем. Мени менен мушташкан кыз өзбекстандык Шахзода Рахимова деген мушкер Азиянын чемпиону. Ал аябай күчтүү анан чапчаң экен. Биринчи раундда муунтуу жолу менен жеңейин десем моюн берген жок, анан экинчи раундда колун кайрып уттум. Мушташып жатканда башымда бир эле ой болуп жатты. Беттеш биздин өлкөдө өтүп жаткандан кийин өзүбүздүн желек желбиресин дедим да, аябай аракет кылдым.

– Азаматсың. Канча убакыттан бери спорт менен машыгып келатасың? Кандайча эрежесиз урушка аралашып калдың эле?
– Мен Ошто мектепте окуп жүргөндө спорттун уруш түрлөрүнө кызыгып, бокс, самбо, дзюдо, таэквондо менен машыкчумун. Мектепти бүткөндөн кийин чоң окууга тапшырыш керек болуп, борборго келип Ички иштер министрлигинин академиясында тергөөчү адистигинде окуп калдым. Окуу менен спортту бирдей алып кетүү оор болгонуна карабай, академияны бүттүм. Биздин окуу жай өзүнүн бүтүрүүчүлөрүн жумуш менен камсыз кылгандыктан, мени атайын багыт менен Ошко жөнөтүштү. Бирок кызмат менен спортту чогуу алып кете албасымды билип, экөөнүн бирин тандоого туура келди. Жыйынтыгында Ошко барып иштебей тургандыгым жөнүндө рапорт жазып, кайра Бишкекке келе бердим. Ошентип спортту тандап, ал үчүн кесибимди курмандыкка чалдым. Балким, болочокто кесибим боюнча иштээрмин, убакыт көрсөтөт.

– Профессионалдык деңгээлде мушташуу үчүн олуттуу машыгууларды өткөрүү керек да...
– Ооба, студент кезимден эле UFC’нин мушкерлерин көрүп "мен да ушинтип мушташсам" деп кыялданчумун. Анан өзүмдү ушул багытта сынап көрөйүн деп жакшы машыктыруучу издей баштадым. Fighter.kg деген клуб бар экенин, анда Кенжебек Чекиров деген агай эрежесиз уруш боюнча мушкерлерди машыктырарын угуп, ушул залга келгим келчү. Анан клубда иштеген Бексултан деген байке аркылуу агайга жолуксам, мени карап туруп «Менин залымда кыз кишинин машыкканын каалабайм» деп койду. Көрсө, Кенжебек агайдын «кыздарды машыктырбайм» деген эрежеси бар экен. Бирок кыялыма жетүү үчүн агайдан өзүмдү көрсөткөнгө убакыт сурадым. Ошондо ал «Кызым, сындан өтө алсаң ушул залда каласың» деп бир жума убакыт берди. Бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайын деп күжүрмөн эмгек кылып, агайдын колунда калдым. Азыр залда машыккан жалгыз кызмын. Ушундан улам мени менен чогуу машыгып, ага-инидей болуп калган мушкерлердин эркесимин.

– Кайсы ыкмага көбүрөөк басым жасап машыгасың?
– Азыр бир күнү бокс менен, бир күнү грэпплинг менен машыгып, партерде жана туруп иштеп жатам. Аракет кыла берем, келечекте UFC’нин деңгээлине чыгып Кыргыз өлкөсүнүн желегин желбиретсем дейм.

– Октагондо сүрдүү көрүнөсүң, жашоодо кандайсың?
– Эми, кыз деген спортчу болсо эле эркек чалыш болуп калышы керек деп ойлобойм. Кыз өзүн кыздай алып жүргөнү туура го. Ал эми беттешке күлүп-жайнап же назиктигиңди көрсөтүп чыга албайсың да, мушкердин сүрү болушу керек деп эсептейм. Мен да башка кыздар сыяктуу эле көйнөк, юбка, туфли кием. Бейтааныш чөйрөдө спорт менен машыгарымды билгизбегеним менен, баса келсем эле спортчу экеним билинип калат. Канчалык өзүмдү кыздай алып жүрбөйүн, басыгымды деги өзгөртө албай койдум (күлүп).

– Спорттун өтө агрессивдүү түрү менен машыкканыңа жакындарың каршы болгон жокпу?
– Жок, менин эң биринчи күйөрманым – апам. Ал каршы болбой, тескерисинче, колдоп-коштоп турат. Бирок ага мушташарымды алдын ала айтпай, беттеш аяктаган соң гана кабарлайм. Кантсе да эне да, сарсанаа боло берет.

– Өзүн спортко арнап койгон Барчынайдын жүрөгү бош экенин билем. Болочок жубайың кандай сапаттарга ээ болушун каалайсың?
– Канчалык спортчу болбоюн, баары бир кыз кишимин да. Ошондуктан болочоктогу теңим камкор, мени коргоп, колдоп, тирөөч боло ала турган жигит болсо дейм. Анан жигиттердеги аракетчилдикти, ыйманды баалайм. Өзүмдүн боюм 178 сантиметр да (күлүп), ошондуктан бою узун, спорт менен машыккан адам болсо деп калам.

– Маегиң үчүн рахмат. Спортто ийгиликтерди жарата бер.


Алтынай Тынышова
sport@super.kg



Мушкер Барчынай Узгенбаева: "Ронда Роузи же Нуньес менен беттешким келет"

Автор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу, Руслан Алыбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(12)
22.05.2018. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
оооо бактылуу бол! Оз тенинди тап! Молодец!
22.05.2018. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-18
Жаздын жаздай, куздун куздой, кыздын кыздай болгону дурус... Урушуп эмне таптын, башына муйуз шактап чыктыбы, андан коро турмушка чыгып камкор эне болсон болбойбу бала тороп, татыктуу тарбия берип...

Жоругун курусун сенин.....
22.05.2018. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
fantomas, деги сага эч нерсе жакпайт ээ? Дайыма эле скафнить этип жаткан болосуң.
23.05.2018. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
fantomas,эмне спорт менен машыкпаган кыздардын баары Куего тийип эне болуп отурушабы? журушотко клубтан чыгышпай кольян тартышып, убагы келгенде Куего да чыгат, эне да болот буйруган болсо, Кыргызстандын желегин желбиреткенге не жетсин. Кана эми биздин балдарыбызда ушинтип жерибиздин наамысын коргоп желегин желбиретсе.
Holboeva92 түзөттү 2018-05-23 10:00:18
SUPER.KG видео
23.05.2018. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кочодогу тамеки которгон кыздарга караганда, желек которгону мин эсе жакшы!!! азаматсын алга
23.05.2018. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эми кыздын кыздай эле жашаганы жакшы
SUPER.KG видео
24.05.2018. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Зияшты жанчып койду го))
SUPER.KG видео
24.05.2018. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болуптур баары. Сонун...
24.05.2018. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Озунун бою 178 болсо,ошондо буга 180-190 куйоо керекпи ))) Эмнеси болсо да боюда да,акыл-ою да узун жигит туш келсин. Спорт менен машыккан жигит албаса жон жигиттер ооо алыстан айланып ототго,алганга эмнс жакындаганга да духу жетпейт.
25.05.2018. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кочодо без толк эле жалжактап жургондон коро, спорт менен машыгып олконун намысын коргогон ушундай кыздар коп болсун!!!
26.05.2018. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өмүрүң узун бактылуу болуп тилеген максатыңа жете бер
Медиа-портал
01.09.2018. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жекичан вандам бул жактале калыптырго))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: