|
ТИЛЕК ЖЭЭНБЕКОВ, мушкер: “КЫРГЫЗ МУШКЕРЛЕРИН ЗАМАНБАП ГЛАДИАТОРЛОР ДЕП КОЙСО БОЛОТ”№823 10 - 16-август, 2018-ж.
Бою – 197 сантиметр Салмагы – 115 килограмм Жетишкендиктери – Панкратион жана профессионалдык самбо боюнча Евразиянын чемпиону, WEF Global уюмунун оор салмактагылар арасындагы учурдагы чемпиону, Түштүк Кореянын Angel’s Fighting уюмунун оор салмактагылар арасындагы учурдагы чемпиону – Рахмат! Бул баарыбыздын жеңишибиз. Бул уюмдун алкагында мушташууну көптөн бери ниет кылып келгем. Тилегим орундалып, быйыл барып катыштым. Каршылашым кореялык Жун Су Лим Angel’s Fighting уюмунун учурдагы чемпиону болчу. Биз ММА’де эң оор деп саналган 93+ салмак категориясында беттештик. Оор салмакта мушташуу оңой эмес. Бир кичинекей ката кетирип алсаң эле утулуп калышың мүмкүн. Ошондуктан абдан катуу даярданып баргам. Насип экен, жеңишке жеттим. – Ооба, көпчүлүк беттешим 1-раундда эле бүтүп калат. Даярдыктан улам ушундай болот деп ойлойм. Мен 5 раунддук беттешке чыксам, күчүмдү 7-8 раундга жеткидей кылып даярданам. Каршылашымдын күчтүү жана алсыз жактарын алдын ала изилдеп, ага карата тактика, стратегия туура жүргүзүш керек деп ойлойм. Негизи ар тараптуу мушкер болгонго аракет кылам. Партерде, турган абалда, бут, кол, чыканак, тизе... Айтор, баарын иштетем. Менин салмагымда бир сокку жетиштүү. Аны менен жеңесиң же жеңилесиң. – 2015-жылы тааныштардын суранычы менен бир беттешке чыга коём деп бир көзүм көрбөй калган. Москвалык Алексей Гуреев деген мушкер экөөбүз чемпиондук кур талашып мушташтык. Сүрөөнчүлөрдүн арасында кыргыздар да бар болгон үчүн артка кайтуу уят эле, ошондуктан намыстанып, көк беттикке салып, аягына чейин туруп бергем. Көзүмдөн оор жаракат алып, катуу кыйналып калгам. Ошондон кийин бирөөнүн суранычына карап мушташка чыгуу профессионал спортчуларга туура келбесин түшүнүп калдым. Бул окуя мага чоң сабак болду. Беттештин жыйынтыгы биздин көз карашта адилетсиз чечилип калган, азыр ал ишти дүйнөлүк калыстар карап жатышат. Жок дегенде тең чыгуу деген жыйынтык чыгарып беришеттир деген үмүт бар. – Ооба, балбандык биздин каныбызда бар. Кыргыз мушкерлерин заманбап гладиаторлор деп койсо да болсо керек. Илгери эки балбан эки элдин мамилесин чечип койчу, мушташка кыргыздын желегинин алдында чыгып жаткандан кийин намыска бек туруу – милдет. – Кыйын эле (күлүп). Өсүү үчүн чет мамлекеттерге тажрыйба алмашууга барып турабыз. Эрежесиз эр уруштагы каршылаштардан тышкары бокс менен да машыгам. – Сиздей болуп мени сырттан көргөндөр каардуу, эч ким менен сүйлөшпөйт деп ойлошот. Эми Кудай келбетимди ушинтип жаратып коюптур да (күлүп). Сүрдүү көрүнгөнүм менен, жакындан сүйлөшө келгенде андай деле эмесмин. Сылык, оор басырыктуу болуш керек деген тарбия алгам. – Беттештеги сүр каршылашка психологиялык жактан чабуул болот. – Жумшак элемин. Эки уулум бар, балдар атанын айтканын угуп эмес, кылганын көрүп тарбия алат деп ойлойм. Ошондуктан үндү бийик көтөрүп же дененин чоңдугуна салып эмес, элге жасаган сылык мамилем менен аларга үлгү болсом дейм. Өзүм Талас районунун Чат-Базар деген айылында туулуп, өскөм. Мектепти бүтүп, Кыргыз мамлекеттик архитектура, курулуш жана техника университетине инженер-программист адистиги боюнча тапшырып, 2012-жылы бүткөм. 2006-жылы борборго келип там салып отурукташып, жайгашып калдым. Спорттук карьерам да ушул шаарда башталды. Учурда ата-энем жанымда, жубайым, эки уулум болуп чогуу турабыз. Бактылуу үй-бүлөм бар деп дайым сыймыктанып, кубанып келем. – Мен башында кикбокс менен машыкчумун. Ал убакта ММА Кыргызстанда эмес, Орто Азияда да өнүгө элек эле. “Fighter.kg” клубуна, Кенжебек Чекиров агайдын колуна келгениме 10 жылдан ашып калды. Профессионал спортчу катары учурда эки машыктыруучу менен иштешем. Акыркы 3-4 жылдан бери Акжол Ажибеков аттуу агайым да бокстон өз насаатын айтып, машыктырып келатышат. – Болот. Кандай ишке аралашпа, аны канчалык деңгээлде ийгиликтүү алып кетесиң, акылдан көз каранды деп ойлойм. Эл арасында спортчулардын акылы кемирээк деген стереотип калыптанып калгандай. Бирок күч менен билимди бирдей алып кетүү керек. Спортто көп жылдан бери жүрөм. Ал ортодо кубандым, ыйладым, ошентип такшалып келатам. Спорт көп адамдар менен тааныштырды, көп ишке жол ачты. Шүгүр кылам. – Учурда 2-3 уюмдан сунуш түшүп жатат. Жаңы эле Түштүк Кореядан келгендиктен калыпка келип алганча эч бирине жооп бере элекпиз. Мындай маселени машыктыруучулук курам менен биргеликте чечип, ким менен беттешерибизди жакында жарыялайбыз. – Адам болгондон кийин ойду жеткире билип, тилден жаңылбаш керек деп ойлойм. Бош убактымда китеп окуйм. Алтынай Тынышова Мушкер Тилек Жээнбеков: “Кыргыз желегин эч качан башка өлкөнүкүнө алмаштырбайм”
Автор: Аяна Байтемирова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(7)
salimbek87.kg
![]()
14.08.2018. 11:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Азаматсын Дайыма кыргызстандын желегин желбиретип жүрө бер иштериңе ийгилик.
Aibek8992
![]()
14.08.2018. 11:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Азаматсын кыргыздын кыраан жигити!
honestbek
![]()
14.08.2018. 18:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
krasavchik dosum iygilik kaalaym aman bo l ar dayım jelekti namıstı bek tutup juro ber.
Alia82
![]()
15.08.2018. 11:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы маек, азаматсын, ийгилик!!!
Jin1209
![]()
15.08.2018. 11:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба ото жонокой
Dembele84
![]()
16.08.2018. 01:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
89-жылкы дейби? Мен ойлогом бир 84-82-жылкы болсо керек деп .....
Meken28
![]()
16.08.2018. 10:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Wooow erkek degen ushundai bolso,ayaly oto baktyluu bolso kk,,.
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|