|
КАТТАМА ЖЕГИҢ КЕЛСЕ ЧОЛОККО БАР№827 7-13-сентябрь, 2018-жыл Боом капчыгайына жете бербей трасса боюнда жайгашкан Чолок айылын (Кемин району) өлкөбүздүн айрым жарандары гана эмес, чет өлкөлүк туристтер да биле баштады. Анткени эс алууга Ысык-Көлгө бараткандар ал жерден каттама жеп, самоордун сүттөгөн чайын ичип анан сапарын улашат. Тамактануучу жайлар гана бардай көрүнгөн бул жерде Чолок айылы бар. Үйлөр чоң жолдун ары жак-бери жагында чачкын жайгашкан. Айылда 13 түтүн болсо, тамактануучу жайлардын саны 22. Ошондо айыл тургундарынын дээрлик бардыгы каттама, сүттөгөн чай сатып жанын багат десек туура болчудай.
Союз тарап, эл жумушсуз калганда, 1989-жылы Чолок айылынын тургуну Анара Ниязалиева дал ушул жерге майда-чүйдө сатып, жүргүнчүлөрдүн көңүлүн бурган.
Бул жерге атайын каттама жейм деп келген кардарларыбыз көбөйүүдө. Буга Бурулкан апанын салымы чоң. Мен ал ортодо жашоо шартка жараша башка жумушка кетип калдым. Бурулкан апанын көзү өтүп кеткени ишин уул-келини улантып кетти. Бурулкан апанын ишин улантып жаткан келини Гүлзат Койгелдиева өзү жаңыдан иштете баштаганда каттама 20 сом болгонун баяндап отурду.
Мурда кардарларга чайды самоордон чыныларга куюп берчүбүз. Бир учурда 5-6 столго чынылап чай ташуу кыйын болуп калат экен. Ошондуктан азыр сүт чайды чайнек менен берип калдык. Бирок апамдын мурунку кардарлары келгенде чынылап чай сунабыз. Алар ошого көнүп алышкан. Апам каттаманы көтөрүп кетүүгө уруксат берчү эмес. Кардарын маңдайына отургузуп алып кобурашып, столго каттама менен каймагын коюп, самоордун чайын берчү. Учурда каттама менен чай ичкен кардарларыбыз көп болгондуктан башка тамак жасабайбыз. Бир сезондо чыгымдардан сырткары 5000-6000 доллар табабыз. Былтыр улуу балама 5 миң долларга машина алып бердик. Эрмек Зарылбеков, тамактануучу жайлардын биринин кожоюну. Ал бул жайга төбөсү көрүнгөндөр да көп келерин айтат. – Каттама үчүн токтогондордун арасында көптөгөн аттуу-баштуулар бар. Менин ашканамдан Аида Салянова, Съездбек Искеналиев, Сыймык Бейшекеев, Күмөндөр Абылов тамактанып кетишет. Бул жайга эл атайын каттама жеш үчүн гана келсе дейм. Ошондуктан башка тамактарды кошпой, каттама, сүт чай менен кардарлардын эсинде калгыбыз келет. Башка тамактарды кафелерден деле жеп алышат да. Столдун үстүнө каттаманы, жумуртканы санабай эле коюп коёбуз. Каалашынча жешет да, ошончонун акчасын төлөп кетишет. Бишкектен Ысык-Көлгө товар ташып бара жатып, атайын токтогон жеке ишкер Кудурет Кенжеев бул жердин 10 жылдан берки дайымкы кардары. – Мен бул жердин он жылдан берки кардарымын. Бишкектен Ысык-Көлгө товар ташыйм. Жаңыдан тамак иче баштаганда бастырмасы да жок болчу. Жаңы жол салынса деле атайын каттама үчүн эски жол менен өтүп, токтоп чай ичип кетем. Бир жигит иштечү, биз машинадан түшөрүбүз менен чуркап чыгып тосуп алчу, акыркы жылдары көрүнбөй калды. Бул жерде каттамасынан мурун самоордун чайы жакшы. Ысык, сүттөп чай беришет. Ачыгын айтыш керек, каттамасы кээде начар болуп калат. Азыр сонун, ысыгын алып келишти. Тейлөө жагына токтолсом, жылдан жылга кардарды тейлөө жакшырып келе жатат. Бир гана дааратканасы адамдын маанайын түшүрөт. Киргениң 10 сом, ичинде кол жууган самыны, кол кургаткычы жок. Дагы бири 5 сом, ага кирип чыккан адам жарым саат даараткана жыттанып жүрөт.
Сүйүн Кулматова Татымы таңдайдан кетпеген "апамдын каттамасын" жедиңиз беле?
Автор: Бактыгүл Момбекова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(12)
Baiana2017
![]()
11.09.2018. 11:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Суттоп чай берет дегени кандай
Pandora
![]()
11.09.2018. 12:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Baiana2017,Кадимки эле чайга сут кошуп берет дегени
sabirdinovich
![]()
11.09.2018. 13:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жолдон жегенбиз, абдан даамдуу.
Urmat7055
![]()
11.09.2018. 22:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Колго барган сайын жейбиз сонун чайы да
aliya-leyla
![]()
12.09.2018. 10:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Туура, ушу даараткана маселелерин чечип коюшса. Жакшы эле пайда тушуп атыптыр. Ошодон кичине туалеттерин ондоп коюшса болот да. Ысык-Колго кетип атканда да, Ош-Бишкек жолунда да ушул акыбал. Анан ал дааратканасы бекер эмес.
Kroxa
![]()
12.09.2018. 18:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Самоордун суттогон чайы каймагы соонун каттамасына деле кайыл чайы учун токтосо болот..жумуртканы бышырып койуп койушат 1 даанасы 15 сом кымбатыраак сатышат..5сомдук чийки жумуртка бышырса 10сомдон деле сатышса болот го
zzari-83
![]()
13.09.2018. 00:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Жасалышы ,анан каттаманын калыңдыгы биздеги каттамалардан айырмаланып ,биздин "пөшкальдарга"окшойт экен.Пөшкальга ошентип арасына фарш кошсо болотго.
SMS Aroma
![]()
13.09.2018. 14:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колдон самап келатып жебей отуп кетиптирбиз, дагы да даамы ооздон кетпейт.
ursus
![]()
14.09.2018. 04:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх менин чон энем жасаган каттамага жетпейтко.
PROS
![]()
16.09.2018. 18:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашыруун реклама го бул жагы)))
muni.98-98
![]()
17.09.2018. 21:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
PROS, Ачык эле реклама болуп туратго. Каттама жегин келсе Чолокко бар.
ashuular_plus
![]()
16.09.2018. 22:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында ушул жер бизге абдаан жагат, жолдошум экөөбүз жыл сайын Көлгө баратканда же келатканда дайым токтойбуз, кийинчерээк балдарыбыз да эс тартып калганы "каттамага жеттикпи, ачка болуп кеттик" деп чыйпыйы чыгып эсти оодарышат. Андан чыгып жүгөрү жейбиз. Рахмат силерге, дасторконуңарга береке!!!
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|