|
№828 14-20-cентябрь, 2018-жыл "ОШ БАЗАРЫНДА" ВЕТЕРИНАРЛАР ЭТТИ КӨЗ МЕНЕН ТЕКШЕРИШЕТ. ТАҢКЫ ЭТ БАЗАРДАН РЕПОРТАЖ
Түнкү саат 3тө борбор калаанын “Ош базарындагы” эт базарда жашоо кадимкидей башталып калган болот. Бул жерге унаа, прицептерге жүктөлгөн эттер алып келинип, көпчүлүк учурда ортомчуларга дүң баада сатылат. Соодагерлер менен кошо таң атпай ветеринарлар да жумушун башташат. Алар бул базарда сатылып жаткан эттердин сапатына жооптуу. Биздин бүгүнкү каармандарыбыз дал ушул ветеринарлар. Алар этти кантип текшере тургандыгына кызыгып көрдүк. ![]() ![]() «Эттер таза болсо гана сатканга уруксат беребиз»
![]() “КҮМӨН ЖАРАТКАН ЭТТЕРДИ ГАНА ЛАБОРАТОРИЯГА ЖИБЕРЕБИЗ”![]() Базар ачылган маалда биздин кызматтык топ ошол жакта болдук. Эттерге базарга келе электе эле текшерилгени тууралуу мөөр басылат экен. Аны мал союучу жайлардагы ветеринарлар эттин сапатын текшерип, басып беришет. Мөөрдөн тышкары эттин сапаттуулугун, оорунун жоктугун тастыктаган ветеринардык күбөлүк жазып беришет. Базарга киргенден кийин эттер кайрадан текшерүүдөн өтөт. Муну дал ушул базарда жайгашкан №19 ветеринардык-санитардык экспертиза лабораториясынын ветеринарлары аткарышат. Биз базарга киргенде эле колуна мөөр көтөрүп алып, кирген эттин баарына катары менен мөөр басып жаткан врачты көрдүк. Көрсө, эттерди ветеринардык врачтар визуалдык ыкма менен текшерип коюшат экен. Тагыраак айтканда, көз менен карап эле текшерүүдөн өткөрүп коюшат. Эттин көрүнүшү күмөн жаратса гана аларды биохимиялык изилдөөгө жөнөтүшөт экен. Лабораториянын ичине киргенибизде ветврач Үсөнбай Жумадылов малдын ички органдарын бычак менен кескилеп текшерип жатыптыр. ![]() – Эт мал союучу жайлардан текшерилип келет. Биз кайталап текшеребиз. Алгач ички органдарын карап чыгабыз. Эгер күмөн санасак, анда лабораторияга биохимиялык изилдөөгө жиберебиз. Ички органдарынан күмөн санасак этин да текшеребиз. Анткени малдын оорусу ички органдарынан эле билинет. Биз карап туруп эле этте оору барбы-жокпу билип коёбуз. Мисалы, өпкө, боордо бир-эки кичинекей бүртүкчөлөр болсо, эхинококкоз бар болот. Аны кесип, тазалап койсо болот. Ал эми жайылып кетсе, көк түстө болуп билинип калат. Эттер таза болсо гана сатканга уруксат беребиз. Бирок бул жакка сатыкка жаман эттер келбейт. Тааныш-билиш кылып өткөрүп коюшат деген сөздөр бар. Жаман этти кантип өткөрмөк элек? Кудайдын астында күнөөлүү болобуз го. “БИЗ ТЕКШЕРГЕНИБИЗ ҮЧҮН ЭЛДИН ДЕН СООЛУГУНА КОРКУНУЧ ЖАРАЛГАН ЖОК”
Базардагы текшерүү боюнча аталган лабораториянын жетекчиси Алмаз Жунушбаевге суроолор менен кайрылдык.
![]() – Сиздердин врачтар этти текшербей эле мөөр баса берет деген кептер айтылып жүрөт... – Эл деген айта берет экен. Биз текшербесек көп оорулар чыкмак да. Лабораториябызда текшерилгендиктен таза эт сатылып, элдин ден соолугуна коркунуч жаралган жок. Текшерилип, мөөр басылып, форма №2а деген ветеринардык күбөлүк менен келген эттер бизде катталып, ички органдары текшерилет. Анткени көп оорулар ички органдан билинет. Текшергенден кийин гана эт таза болсо сатканга уруксат деп мөөр басылат. Ооба, врачтардын куралы – көздөрү. Оорулуу эт көрүнүп эле турат. Лабораториядан текшергенден кийин да эт күмөндүү болсо, этти изолятордук муздаткычка салып, үлгүсүн алып, аны республикалык лабораторияга жиберебиз. – Эттер бизге катталып, текшерилгенден кийин гана мөөр басып жатышат. Азыр бизге көзөмөл күч. ЕАЭБге киргенден кийин бизди бат-бат текшеришет. Жөн эле мөөр басып койсо, оору чыгып калса, врач баш болуп бардык тиешелүү адамдар жооп берип калышыбыз, ал тургай соттолуп да кетишибиз мүмкүн. Ар бир ветеринардын өзүнүн текшере турган аймагы бар. Ар бири өз аймагына жооп берет. – Үйүнөн мал сойсо, күбөлүк ала алышпайт да. Үйдөн союлган эттер базардан өтпөй да калат. Анткени канга ооналып, кызарып калган болот. Мал союучу жайдан малды асып, канын чыгарып, туура союшат. – Базар ар кандай болот. Мисалы, кечээ 54 уй, 120 кой, 9 жылкы жана 9 чочконун эти түшкөн. “КАНТИП ТЕКШЕРЕТ, БИЛБЕЙМ”Эт сатып алып жаткандар эттин үстүндөгү мөөрлөр турганы үчүн ага ишенип сатып алышарын айтышты. 10 жылдан бери эт сатуу менен алектенген атын атагысы келбеген сатуучу буларды айтты: – 10 жылдан бери Ат-Башыдан эт алып келип сатам. Мал союучу жайлардан этибизди текшерип документ жазып, мөөр басып беришет. Базарга келгенде да текшерүүдөн өтөт. Ал кандайча жүрөт, билбейм. Этти жиберип коём, мен келгенче эле текшерип коюшат. Буга чейин менде текшерүүдөн маселе жаралган эмес. “ТЕКШЕРГЕНДЕЙ ТҮР КӨРСӨТҮШӨТ”Досу эт сатуу менен алектенген жаран эт базарына алып келинген эттер текшерилбей тургандыгын айтат. Белгилүү себептер менен аты-жөнү жашыруун калуусун каалаган каарманым төмөнкүлөрдү айтып берди: – Досум эт сатуу менен алектенет. Ал эттер текшерилбейт деп эле айтып жүрөт. Негизи базарга киргенде эле эт таразага коюлуп, текшерилиши керек. Бирок врачтар текшерген түр көрсөтүшүп, бирок текшербей эле сатууга уруксат берген талон жазып беришет экен. Текшерүү келип калганда ошол талонду көрсөтүшөт да. “Ал кызматы үчүн ветеринарлар акча алышпайт. Анткени көбүнчө базарда орундары бар, көптөн бери ушул тармакта иштеп жүргөн тааныш адамдар менен иштешет, сүйлөшүп алышат” деп айтып берген. Мындан тышкары үйүнөн малды таза, адал союп келип, эттерди түз эле дүкөндөргө тараткандарды да билем. Минтип абийири менен иш алып баргандар да бар. Перизат Музуратбекова "Ош базарында" сатылган эттер кандай жол менен текшерилет?
Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Руслан Алыбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(9)
monster_high_98
![]()
18.09.2018. 10:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ооба,таза иштегендери да бардыр, бирок мындай актана бергенинер менен ,3шек этин жеп жургондо каякта эленер,,
PROS
![]()
18.09.2018. 11:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Үйдөн союлса канга буланып таза болбой калат дейби??? Үйдөн союлган эмес, арам өлгөн малдын эти кызарып калат урматтуу "лабораториянын жетекчиси"! Кагаз жүзүндө эле иштейсиңер силер, практический балээни да билбейсиңер! Мен касапканалардын кандай экенин жана касапчылар малды кандай союшат жакшы билем. Ошон үчүн тирүү сатып алып өзүм үйдөн соём. Антпесе бизде эч бир мекемеге ИШЕНИЧ жок!!! Төрөлгөндөн (төрөт үйүнөн) баштап өлгөнгө (көрүстөнгө) чейин КОРРУПЦИОНЕРлерден кутулбайбыз!
aiposharysbekova
![]()
18.09.2018. 22:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
PROS, ой случайно - басып алдым
Beks0207
![]()
18.09.2018. 20:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
120кой дегени кызык болду мага
Jyrgal_msk
![]()
19.09.2018. 18:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Beks0207,эми сотко берет.54 уй,9 жылкы,9 чочко бар экен.Тынар кайда журот муну окубай.
Erjigit15.kg
![]()
19.09.2018. 03:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул жерде дагы 120 кой эми кандай болот бул жагы,Рахман Разыков агабыз айткандай кайсыл жерде болбосун 120 деген сан
lilya8
![]() SUPER.KG видео
19.09.2018. 11:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ички органдарды карап жаткан кичи кол кап кийбей эле кескилеп жатат го. Бул озуно зыян эмеспи
cfif03748
![]()
19.09.2018. 17:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Коз менен дебей. Чонток менен текшеришет.десенер куп жарашмакда
shergazy9
![]()
19.09.2018. 18:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куп жарашкан коздор лабораторияго
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|