|
Азамат Байматов, футболчу: «АЗИЯ КУБОГУНА КАТЫШПАСАМ ДА, УЛУТТУК КУРАМ МЕНЕН БОЛОМ»№832 12-18-октябрь, 2018-жыл
– Жакшы, рахмат. Индонезиянын чемпиондугунда ойноп жүрүп бутумду кокустан кайрып алдым. 13 жылдан бери футболдо жүрүп, биринчи жолу ушундай олуттуу жаракат алып отурам. Тизеде кайчылаш байламта деген болот, ошол байламта жабыркаптыр. Эки айдай убакыт операция кылдырбай, башка жол менен калыпка келүүгө аракет кылсам да ооруй бергенинен дарыгерлер менен кеңешип, операция жасатууну чечтик. Москва шаарындагы ЦСКА клубунун бейтапканасында жасалган операция ийгиликтүү өтүп, өзүңөр көргөндөй, басып, ал тургай рулга отура баштадым. Келишим боюнча медициналык чыгымдарды “Борнео” клубу көтөрүп, айлыгымды берип жатат. – Ооба, өлкөбүз бул биринчиликте ойноо мүмкүнчүлүгүн алганына абдан кубанычтамын. Азия Кубогу ушуну менен эле бүтүп калбайт, бул жолу болбосо, кийинки жолу өлкө намысын коргоого аракет кылам. Бул ирет жигиттер менен кошо БАЭге барып колдоп келем деп турам. Анан 2019-жылдын июнь айында Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндары башталат. Ошого даярдык көрөм. – Команданын бүгүнкү курамы 2015 же 2016-жылдардагы курамдан андагы 8 оюнчу жоктугу менен айырмаланат. Ошондогу коргоочулардан Валерий Кичин Орусияда, Талант Самсалиев карьерасын жыйынтыктады, Виктор Майер операция болду, мен жаракат алдым. Ага карабастан Даниэл Тего, Тамирлан Козубаев өңдүү мыкты коргоочулар бар. Бүгүнкү курам Сирияны утту, футбол күн сайын алмашып жатат, Азиянын деңгээлинде жакшы жыйынтык көрсөтүшөт деп ишенем. Аталган кубокто Түштүк Корея менен Иран мамлекеттеринин футбол боюнча курама командаларын фаворит деп эсептейм. – Мага “эмнеге клуб алмаштырасың?” деген суроону көп беришет. Көз карашың алмашкан сайын дагы өскүң келип, алга умтулат экенсиң. АФКнын жобосуна ылайык, клубдун курамында 3 адам дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн, 1 оюнчу Азиянын аймагынан болушу керек. Мен эки мамлекетте тең Азиянын аймагынан барган легионер катары ойнодум. Эки мамлекеттин ичинен мага Бахрейн көбүрөөк жагат. Бахрейн чакан болсо да, жашоосу жакшы мамлекет. Индонезияда жүргөндө ал жакты сагынчумун. Кийинки жылы Бахрейнге кайра барып калышым мүмкүн. – Мен азыр аябай иштегим келип жатат. Учурда кыргыз футболу өйдө эмес, же ылдый эмес болуп ортодо турат. Менин көз карашымда кыргыз футболунда көптөгөн чоң көйгөйлөр бар. Курама командабыз чет мамлекеттер менен ойноп, ийгилик багындырып жатса да, менин баамымда өлкөнүн ичиндеги чемпиондук алсыз. Топ-Лигада болгону 8 команда бар, атаандаштык аз, финансылык колдоо дээрлик жок, жадакалса күйөрмандар аз келет. Жергиликтүү клубдарыбыз коңшу өлкөлөрдүн клубдары менен ойногондо өз үйүндө утулуп калып жатышат. Ошондуктан клубдар аралык чемпиондуктун деңгээлин көтөрүү үчүн атайын бир ири долбоор керек деп ойлойм. Анан демөөрчүлөр, күйөрмандар, жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштешүүнү өнүктүрүү зарыл. Ал күндөр да алыс эместир. Канча жашка чыкпайын “Дордойдо” болобу, “Алайда” болобу футболду жакшы деңгээлде жыйынтыктагым келет. – Мен сыртка чыгам десем, ата-энем “биринчи кезекте жогорку билим ал” деген талап койгон. Аларды угуп туура кылыптырмын, жогорку билимдүү болдум. Чет жакка чыгуу тилеги бар балдарга туура жол көрсөтүп, “мен Азаматмын, кел сүрөткө түшөбүз” деген эмес, кантип чет өлкөлүк командаларда ойносо болорун түшүндүрүп, туура багыт, мотивация бериш керек. Легионер болуу үчүн ата-эненин туура тарбиясы, билим, тил жана, албетте, жөндөм керектелет. – “France Football’дун” “Алтын тобуна” Криштиану Роналдуну татыктуу деп ойлойм. Бул да, ФИФАнын мыктысы да командалык эмес, жеке сыйлык. Ошондуктан бул сезондо да жеке оюнчу катары Роналду кыйындыгын көрсөттү деп эсептейм. Ал Чемпиондор Лигасында 16 гол жаратып, чемпион аталды. Дүйнө чемпиондугунда да тайпалык оюндарда 4 гол киргизип, командасын плей-оффко алып чыкты жана символикалык курамага кирди. Сезон сайын мындай ийгилик жарата берген футболчу жок. Жеке оюнчу катары Лука Модричке салыштырмалуу жакшы жыйынтык көрсөттү. – Чет жерде да, Бишкекте да жалгыз жашап, жалгыздыкка көнө түшүптүрмүн. Бирок үй-бүлө куруп, балалуу болгум келип жатат. Убакыт келди, буюрса, быйыл үйлөнөм. Сүйүктүү адамым бар. Экөөбүз 1 жылдан ашык мамиле куруп, сүйлөштүк. Менин мүнөзүм да жеңил эмес, чет жерде жүрөм дегендей. Ошого чыдап, колдоп, түшүнүп келатканы үчүн ага, өзү айткандай, медаль тагыш керек. Жеке жашооңдо баары жакшы болсо, ишиң да ийгиликтүү болот. Бизде баары жакшы, ата-энелерибиз менен тааныштык. Бактылуумун. – Менимче, утуп 3-болгон жакшы. – Үчүнчү вариант: Роналду бар Португалия курама командасы (күлүп). – Англия Премьер-Лигасы. – Ооба. – Жок. – 2015-жылы Кыргыз өлкөсү менен Австралия курама командаларынын ортосундагы беттеште 92-мүнөттө киргизген гол эсимде калган. – Ар бир таңым даамдуу кофе ичүү менен башталат. Албетте, кофе. Алтынай Тынышова Азамат Байматов: "Менин мүнөзүмө чыдаган сүйүктүүмө медаль тагыш керек"
Автор: Айжан Нурманбетова
Оператор: Руслан Алыбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(6)
Suzak12
![]() SUPER.KG видео
16.10.2018. 11:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урдум сенин характерини сенден кыйындар деле журот нормально бир кызды эптей албай экинчи кызды жыргатмак белен апам акырын кой десе жиним келет дейт ападан айланып кетсен болот апанын барына шугур кыл апан бар экен сен журосун ушул дуйнодо апа бул эн кымбат эч нерсеге тенелгис зат.Катуу тийсе кечир бирок апана дайыма туз мамиле кыл бактылуу бол,ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-10-16 12:10:29
asdef
![]()
16.10.2018. 12:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мурда уйлонгон беле бул?
ainura220888
![]()
16.10.2018. 14:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Уйлонуп ажырашып кеткен. Аялы красавица болчу Айжан деген. Жаль
Zaina
![]()
17.10.2018. 04:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
2 жолу уйлонгон беле? Жылуулукту эми таптым деп.
Arlenchik
![]()
20.10.2018. 14:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурункусу жакшынакай сонун аял эле, корунушунон кулк мунозуда, бул озу ХХХ ХХХ окшойт.
Модератор admin_media түзөттү 2018-10-22 09:20:17
batma200294
![]()
22.10.2018. 15:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен ойлоп калдым да бул озумчул окшойт.озунун айтканы эле боло.берсе экен да
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|